Тиричилик эмнеден кабар берет?
Бизди курчап турган тирүү организмдер дайыма өсүп, кыймылдап, көбөйүп турат. Так ошонусу менен планетабызды көркүнө чыгарат. Учурда адамдар тирүү организмдер жөнүндө алда канча көп билет. Тиричиликтен анын башаты жөнүндө биле алабызбы? Төмөнкүлөргө көңүл бурсаңар.
Тиричиликтен аны аң-сезимдүү бирөө жаратканы көрүнүп турат. Клеткаларды тиричиликти курган кыштарга салыштырып коюшат. Алардын ар бири кенедей заводго окшош. Алар тиричиликтин жүрүшүн жана көбөйүшүн шарттаган миңдеген татаал функцияларды аткарышат. Андай татаал процесстер атүгүл тиричиликтин жөнөкөй эле түрлөрүндө да кездешет. Мисалга камыр жууруганда колдонулган ачыткыны алалы. Ал бир клеткалуу организм болуп саналат. Адамдын клеткасына салыштырмалуу ачыткынын клеткасы өтө эле жөнөкөй көрүнөт. Бирок, чынында, аябай эле татаал. Ар бир клетканын борборунда аны башкарган ДНК коду бар. Алар молекулаларды сорттогон, ташыган жана жаңыртып турган кыпкымындай «машинелер» менен жабдылган. Ушундай процесстердин аркасында клеткалар «өмүр сүрүшөт». Эгер «азыгы» же молекулалар түгөнсө, ачыткынын клеткасынын иши жайлап, жансыз болуп калат, мындайча айтканда, уйкуга кетет. Ошон үчүн ал эч нерсе болбой, көпкө чейин ашканада сакталып тура берет. Анан кайра камырга кошулганда ишин баштайт.
Окумуштуулар адамдын клеткасын жакшыраак түшүнүш үчүн ачыткынын клеткасын ондогон жылдардан бери изилдеп келатышат. Бирок билгенинен билбегени көп. «Ачыткынын клеткасы сыяктуу жөнөкөй клеткалардын кантип иштээрин түшүнүш үчүн тажрыйба жүргүзгөнгө дүйнөдөгү бардык биологдорду чогултсаң да, аздык кылат»,— деп кейийт профессор Росс Кинг (Уилям Чалмерс атындагы техникалык университет, Швеция).
Кандай деп ойлойсуңар, ачыткынын клеткасы сыяктуу ушунчалык жөнөкөй клетканын таңдандырган татаалдыгы анын долбоорчусу бар экенинен кабар берип турган жокпу? Долбоорчусу жок болсо, ал өзүнөн өзү пайда боло алат беле?
Өмүр ага чейин бар болгон өмүрдөн башат алат. ДНК нуклеотиддер деген молекулалардан турат. Адамдын ар бир клеткасында 3 миллиард 200 миллион нуклеотид бар. Алар ушунчалык дыкаттык менен таңгакталгандыктан клетка энзимдер менен белокторду жасай алат.
ДНКнын нуклеотиддерден турган эң жөнөкөй шатысынын кокусунан ушунчалык дыккаттык менен эң туура түзүлүштө болуп калуу ыктымалдуулугу 1ден кийин 150 нөлү бар сандын бирине эле барабар. Атүгүл ушундай болушу да такыр мүмкүн эмес.
Изилдөөчүлөр жүргүзгөн бир да тажрыйба тиричилик жансыз материядан пайда болгонун далилдей алган жок. Бул талашсыз чындык.
Адамдын өзгөчө табияты. Жан-жаныбарлардан айырмаланып, биз жашоодон толук ыракат ала алабыз. Мисалы, чыгармачылык кылабыз, башкалар менен мамиле түзгөндү билебиз, ар кандай сезимдерди туябыз. Ошондой эле бизде даам татуу, жыт сезүү, өң-түстөрдү ажыратуу жана көрүү жөндөмү бар. Келечекке максат да коёбуз, жашоонун маңызын да издейбиз.
Кандай деп ойлойсуңар, адамдын табиятындагы өзгөчөлүктөр жан сакташ үчүн жана тукум улаш үчүн эле өзүнөн өзү пайда болгонбу? Же өмүр камкор Жаратканыбыздын белеги экенин көрсөтүп турабы?