ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?
Согуш
Байыркы учурда ысрайылдыктар Кудайы Жахабанын атынан согуш жүргүзүшкөн. Бул Кудайдын бүгүнкү күндөгү согуштарды колдоорун билдиреби?
Байыркы учурда ысрайылдыктар эмне үчүн согушушкан?
АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Ысрайылдыктар согушту жакшы көргөн канкор Кудайына сыйынышкан.
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?
Ысрайыл эли басып алган элдер жаныбар менен жанашуу, жакын туугандардын жыныстык мамиледе болушу, балдарды курмандыкка чалуу сыяктуу барып турган ыпылас иштерге баткан ушунчалык бузулган, зөөкүр элдер болгон. Кудай алардын оңолушун кылымдар бою күткөн. Ошондон кийин гана ал: «Мен силердин алдыңардан кууп чыгарып жаткан элдердин баары ушундай иштерди кылып, таза эмес болуп калышкан»,— деп айткан (Лебилер 18:21—25; Жеремия 7:31).
«Жахаба Кудайың ал элдерди ыймансыз болгону үчүн кууп чыгып жатат» (Мыйзам 9:5).
Бүгүнкү күндө Кудай согушта кайсы бир тарапты ээлейби?
МУНУ БАЙКАДЫҢАР БЕЛЕ?
Көптөгөн кагылышууларда эки тарап тең Кудай бизди колдойт деп айтышат. Бир китепте: «Тарых бою диндин катышуусуз дээрлик бир да согуш болгон эмес»,— деп айтылган («The Causes of War»).
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?
Кудайдын кызматчыларына душмандарына каршы согушууга бийлик берилген эмес. Элчи Пабыл ишенимдештерине: «Мүмкүн болушунча, бардык адамдар менен тынчтыкта болгула... Эч кимден өч албагыла»,— деп жазган (Римдиктер 12:18, 19).
Иса Машаяк шакирттерин согушка жөнөткөндүн ордуна, аларга: «Душмандарыңарды сүйгөнүңөрдү жана силерди куугунтуктагандар үчүн тиленгениңерди токтотпогула. Ошондо асмандагы Атаңардын уулдары болосуңар»,— деп айткан (Матай 5:44, 45). Кудайдын кызматчылары, атүгүл мекендештери согушка барган күндө да, «бул дүйнөгө таандык болбой», бейтараптуулук сакташат (Жакан 15:19). Кудай дүйнө жүзүндөгү кызматчыларын душмандарын сүйүүгө жана бул дүйнөгө таандык болбоого үндөп жатса, анда ал кандуу кагылышуулардагы эки тараптын бирин кантип колдосун?!
«Менин Падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес. Эгер бул дүйнөгө таандык болсо, жолдоочуларым жүйүттөрдүн колуна өткөрүлүп берилбешим үчүн күрөшүшмөк. Менин Падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес» (Жакан 18:36).
Согуш болбогон учур келеби?
АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Согуштан эч качан кутулбайбыз. Бир китепте: «Согуштун келечеги кең. Андыктан биз жашап жаткан кылымды дүйнөлүк тынчтык бузуп коёт деп коркуунун зарылдыгы жок»,— деп жазылган («War and Power in the 21st Century»).
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?
Согуш эч ким согушкусу келбей калганда токтойт. Ошондуктан Кудайдын Падышалыгы, тактап айтканда, учурда асмандан бийлик кылып жаткан өкмөт жакында Жер планетасын согуш курал-жарактарынын баарынан тазалап, адамдарды тынчтыкта жашоого үйрөтөт. Ыйык Китепте: «[Кудай] алыстагы күчтүү элдерге байланышкан иштерди оңдойт. Алар кылычтарынан соконун тишин, найзаларынан багбандын бычагын жасашат. Эл элге каршы кылыч көтөрбөйт, согушууга үйрөнбөйт»,— деп жазылган (Микей 4:3).
Ыйык Китепке ылайык, Кудайдын Падышалыгынын тушунда өз көмөчүнө күл тарткан, атаандашкан өкмөттөр, жарандарды козголоң чыгарууга үндөгөн адилетсиз саясатчылар, улут аралык кастыкка себеп болгон бейкалыстык болбойт. Натыйжада согуш түп-орду менен жок болот. Кудай: «Бүт ыйык тоомдо алар эч кандай зыян келтиришпейт, залака тийгизишпейт»,— деп убада кылган. «Анткени, деңиз сууга толгондой, жер Жахаба жөнүндөгү билимге толот» (Ышая 11:9).
«Ал жердин учу-кыйырына чейин согуштарды токтотот, жааны сындырып, найзаны талкалайт, согуш арабаларын отко жагат» (Забур 46:9).