Шумдуктуу маскарапоз балык
МАСКАРАПОЗ балыктай болуп, көпчүлүктүн көңүлүн байлап алган балык аз эле чыгар. Түркүн түстүү ал балыкты көргөндө кадимки маскарапоз эске түшөт. Таң калыштуусу, ал деңиз актиниясынын уулуу тинтүүрлөрүнүн арасына «үй салат».
Голливуд жылдыздарынан айырмаланып, маскарапоз балык сүрөткө тарткысы келгендерден качпайт. Суучулдар алардын, адатта, «үйүнөн» алыс кетпегендиктен жана «уялчаак» болбогондуктан сүрөткө «койкоюп» түшүп берерин билишет.
Бирок баарынан да анын «кооптуу аймакта» жашоону тандаганы кызык. Актиниянын уулуу тинтүүрлөрүнүн арасында жашаганын жыландын уюгунун үстүнө уя салып алганга салыштырса болот. Ошентсе да маскарапоз балык менен актиния ажырагыс шериктерден десек болот. Алар эмненин аркасында эриш-аркак оокат кылып келишет?
«МЕН СЕНСИЗ ЖАШАЙ АЛБАЙМ»
Ынтымактуу шериктерге окшоп, маскарапоз балык менен актиния алышып-беришип турушат. Мындай ынак мамиле маскарапоз балык үчүн ыңгайлуу эле эмес, өтө зарыл. Деңиз жандыктарын изилдеген биологдор маскарапоз балык актиниясыз
жашай албай турганын айтышкан. Алар жакшы сүзө албайт жана актиниянын коргоосусуз жырткыч балыктарга оңой жем болуп калмак. Андыктан коркунуч туулганда ал «баш калкалай турган коопсуз үйүнө», актиниянын тинтүүрлөрүнө, кире качат. Ошентип отуруп он жылдай өмүр сүрүп коёт.Актиния ага «үй» эле эмес, урук чача турган коопсуз жай да болуп берет. Маскарапоз балык уругун актиниянын тең ортосуна чачат жана эркеги да, ургаачысы да аларга көз салып турат. Ошентип, кийинчерээк ошол эле актинияны маскарапоз балыктын бүт «үй бүлөсү» айланчыктап жүргөнүн көрүүгө болот.
Анда мындай мамиледен актиния кандай пайда көрөт? Маскарапоз балык жан сакчынын кызматын аткарып, актиниянын тинтүүрлөрү менен азыктанган көпөлөк балыкты жолотпой кубалап турат. Актиниянын, жок эле дегенде, бир түрү маскарапоз балыксыз жашай албайт. Изилдөөчүлөр бир актинияда жашаган маскарапоз балыкты алып коюшканда, ошол актиния 24 сааттын ичинде жок болуп кеткен. Сыягы, аны көпөлөк балык жеп кеткен көрүнөт.
Маскарапоз балык «үйүнүн кожоюнун» энергия менен да камсыз кылат сыяктанат. Ал бөлүп чыгарган аммоний актиниянын өсүп-өрчүшүнө шарт түзөт. Ошондой эле анын актиниянын тинтүүрлөрүн аралап сүзгөнү кычкылтекке бай суунун тинтүүрлөрдүн арасына жетишине шарт түзөт.
КООПТУУ «АЙМАК»
Эми маскарапоз балыктын өзүн актиниядан кантип коргой турганынан кеп кылалы. Анын кабырчыгын каптап турган былжырак зат аны тинтүүрлөрдүн уусунан сактайт. Бул химиялык заттын аркасында актиния маскарапоз балыкты бөтөн деп эсептебейт. Деңиз жандыктарын изилдеген бир биолог айткандай, маскарапоз балык «актиниянын терисин жамынган балык» болуп алат.
Айрым изилдөөлөрдөн көрүнгөндөй, маскарапоз балык «жаңы кожоюнду» тандоодо алгач көнүү процессинен өтүшү керек. Байкоолорго ылайык, ал адегенде актинияга тийип-качып, бир нече саат убакыт өткөрөт. Кыязы, бул анын жаңы актиниянын уусунан коргой турган затка оронушуна өбөлгө түзөт. Бул учурда маскарапоз балыкты актиния чагып алышы да мүмкүн. Бирок ошондон кийин экөө көнүшүп, «ынтымактуу» жашап кетишет.
Ушу сыяктуу бири-бирине окшобогон жандыктардын кызматташканынан чогуу-чаран иш алпарууга байланыштуу көп нерсени үйрөнсөк болот. Маданияты, тек жайы ар кандай адамдар акча-каражатын ортого салып, биримдикте иш жүргүзгөнүнүн аркасында зор ийгиликке жетүүдө. Маскарапоз балыкка окшоп, башкалар менен иштешиш үчүн адегенде ылайыкташканга бир аз убакыт бөлсөк, натыйжасы жакшы болот.