Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай чынында эле барбы?

Кудай чынында эле барбы?

Кудай чынында эле барбы?

Таиландда жашаган бир жаш жигит: «О Кудай, бар экениң чын болсо, мага жолдоруң менен танышууга жардам бере көр»,— деп тиленгенин айткан. Кийинчерээк ал мындай деген:

«Үйүмдө жок кезимде Иегованын Күбөсү келип, түшүндүрмө баракча жана жыйналыш жолугушуулары өткөрүлчү жердин картасы менен чакыруу кагазын таштап кетиптир». Ошентип, ал жигит көрсөтүлгөн дарек боюнча барат. Барган жеринен кандай таасир алганын төмөндөгүдөй баяндап берген: «Зал абдан таза жана жөнөкөй экен, ал жердеги адамдар болсо жылуу мамиле жасагандары жана достук маанайлары менен айырмаланып турду.

Ар биринин колунда Ыйык Китеби бар экен жана аны сүйлөп жаткан баяндамачынын сөзүнө жараша ачып отурушту. Бул мени абдан таң калтырды. Чыныгы диний окуулардын негизин түшүнүү үчүн Ыйык Китепти так ушундай изилдөө керек деп элестетчүмүн. Мени кызыктырган дагы бир нерсе, балдардын жүрүм-туруму болду. Алар талкууланып жаткан материалга кунт кою менен көңүл буруп, жооп берип жатышты. Мындайды мурун эч жерден көргөн эмесмин».

Иегованын Күбөлөрү жолугушууларында колдонуп жаткан адабияттардын бири — 192 беттен турган «Камкор Жараткан барбы?» деген китеп. Бул жука мукабалуу китепти алуу үчүн купон толтуруп, ушул журналдын 5-бетиндеги даректердин бирине жиберсеңиз болот.

□ «Камкор Жараткан барбы?» деген китепти алууну каалайм.

□ Ыйык Китепти үйдөн акысыз изилдегим келет.

[32-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

Китептин мукабасындагы «Жаратуу мамылары»:J. Hester and P. Scowen (AZ State Univ.), NASA