Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тиленүүлөрүмдү Кудай угабы?

Тиленүүлөрүмдү Кудай угабы?

Жаштар сурайт:

Тиленүүлөрүмдү Кудай угабы?

«Иегова досум болгондуктан, мен бардык нерселер жөнүндө тиленем жана кыйынчылыктарга учурай турган болсом, Анын жардам берерин да билем» (Андреа).

ЖАШ Андреа тиленүүлөрүн Кудайдын угарына толук ишенет. Бирок улан-кыздардын баарында эле ушундай ишенүмдүүлүк боло бербейт. Айрымдар Кудайды өтө эле алыс деп ойлошкондуктан, ага кайрылуу мүмкүн эместей көрүнөт. Алар Кудайдын адамдарга жетишерлик түрдө кам көрөрүнө шектениши мүмкүн.

Канткенде Кудайга оңой тилене аласың? Жөнөкөй сөз менен айтканда, Кудай менен чыныгы достук мамиледе болгондо. Забурчу: «Ысымыңды билгендер Сага таянат»,— деп тиленген (Забур 9:11). Сен тууралуу да ушуну айтса болобу? Тиленүүлөрүңдү Кудайдын угарына толук ишенгидей болушуң үчүн, аны жетишерлик жакшы билесиңби? Төмөндө жазылгандарды окуурдан мурун «Кудайды канчалык жакшы билесиң?» деген кутучадагы суроолорго жооп бергенге аракет кылып көр. Суроолордун канчасына жооп бере аласың?

КУДАЙДЫ КАНЧАЛЫК ЖАКШЫ БИЛЕСИҢ?

1. Кудайдын ысымы ким жана ал эмнени билдирет?

2. Ыйык Китепте Кудайдын негизги кайсы төрт сапаты тууралуу айтылат?

3. Кудай адамзатка эң зор сүйүүсүн кандайча көрсөткөн?

4. Кудай менен канткенде дос боло алабыз?

5. Кудайга кайрылганда кандай маанайда болушубуз керек?

Бул макаланы аягына чейин окубай туруп, ошол суроолордун, жок дегенде, бир нечесине жооп бере аласыңбы? Эгерде жооп бере алсаң, анда сен башка көптөгөн адамдарга караганда Кудайды жакшы билесиң. А эгерде берген жоопторуң Кудай менен жакыныраак таанышыш үчүн, ал тууралуу көбүрөөк билишиң керек экенин билдирсечи? (Иоанн 17:3). Анда Ыйык Китептин «тиленүүлөрдү Угуучунун» өзү жөнүндө айтылган айрым жерлерине көңүл бурушуң керек (Забур 64:3, ЖД).

Кудай чынында эле бар

Баарынан мурда, Ыйык Китеп бизге Кудайдын касиет-сапаттарга ээ болгон күч экенин түшүнгөнгө жардам берет. Ал — ысымы Иегова болгон чыныгы Кудай (Забур 82:19, ПК). Байыркы еврей тилинде ал ысым «Болтурат» дегенди билдирет. Иегова өз ниетин аткаруу үчүн ким болушу зарыл болсо, ошол боло алат. Касиет-сапаттарга ээ болбогон энергия мындайга эч жөндөмсүз! Ошондуктан тиленгениңде абстрактуу күч менен сүйлөшүп жатпаганыңа же айткан сөздөрүң абага кетпегенине толук ишенгендей болушуң керек. Сен тиленүүлөрдү уккан жана аларды кабыл кылган чыныгы Кудай менен сүйлөшүп жатасың (Ефесалыктар 3:20).

Даяна аттуу бир кыз: «Мен кай жерде болбоюн, Иегованын мени угарын билем»,— дейт. Сенде да ушундай ишеним болуш үчүн, Иегованын чынында эле бар экенине толук ишенишиң зарыл! «Ким Кудайга келсе, Анын бар экенине ишениши керек» (Еврейлер 11:6).

Акылмандык менен күч-кубаттын булагы

Кудайдын кудурети күчтүү болгондуктан бизге жардам бере алат. Анын күчүнүн чексиз экендиги эбегейсиз зор жана татаал Ааламдан көрүнүп турат. Жылдыздар сансыз миллиард болуп саналса да, Иегованын алардын ар биринин атын билери Ыйык Китепте айтылат! Мындан сырткары, ошо жылдыздарда болгон бардык энергиянын булагы Кудайдын өзү болуп саналат (Исаия 40:25, 26). Булар сен үчүн таң калыштуу эмеспи? Биз ушул эле фактыларга таң калып атабыз, бирок Ыйык Китепте булар тууралуу «Анын иштеринин бөлүгү гана» деп айтылат! (Аюб 26:14, БМК).

Иегованын чексиз акылмандыгына да көңүл буруп көрөлү. Ыйык Китеп анын ойлору канчалык «терең» экенин ачып берет (Забур 91:6). Адамзатты Кудай жараткандыктан, ал бизди өзүбүздөн да жакшы түшүнөрү төгүндөлгүс (Забур 99:3). Ошондой эле «кылымдан кылымдарга» бар болуп келаткандыктан, Кудайдын тажрыйбасы өтө зор (Забур 89:2, 3). Анын акылмандыгы да теңдешсиз! (Исаия 40:13, 14).

Иегова ошол күчүнүн жана акылмандыгынын баарын кандайча колдонот? 2 Тарых 16:9да мындай деп айтылат: «Теңирге жүрөгү толук берилгенди колдош үчүн, Теңирдин көзү жер жүзүн көрүп турат». Кудайдын жардамы менен чечилбей кала турган көйгөй болбойт. Кейла аттуу өспүрүм кыз мындай деп эскерет: «Жакында үй-бүлөбүз менен кыйынчылыктарга дуушар болгондо, мен Иеговага кайрылып тилендим. Анын биз үчүн көтөрүүгө кыйын болгон жагдайларды, кыйынчылыктарды жана сезимдерди жеңгенге жардам бергенин азыр баамдап отурам». Кудайга кайрылганыңда, акылмандыктын булагына кайрылып жатканыңды унутпа. Андан башка эч нерсе сага пайда алып келе албайт!

Адилеттүүлүктүн жана сүйүүнүн Кудайы

Бирок Кудайдын сага жардам бергиси келип жатканын кайдан биле аласың? Иегова өзү жөнүндө билдирип жатып, эбегейсиз күчүнө же терең акылмандыгына, атүгүл адилеттүүлүгүнө көңүл бурдурбайт. Ал баарынан мурда, өзүнүн сүйүүсү менен белгилүү. «Кудай Өзү сүйүү экен» деп айтылат 1 Иоанн 4:8де. Мына ошол зор сүйүүсү андан тиленүүлөрүбүзгө жооп күткөнгө негиз болуп саналат. Түбөлүк өмүргө үмүттөнө алышыбыз үчүн, ал өзүнүн Уулун курмандыкка берип, эң зор сүйүүсүн көрсөткөн (Иоанн 3:16; 1 Иоанн 4:9, 10).

Кудай сүйүү болгондуктан, ал сенин сезимдериңди эске албайт же сага адилетсиз мамиле жасайт деп коркуунун кереги жок. «Анын жолдорунун баары адилет»,— деп айтылат 5 Муса 32:4тө (СК). Кудайдын сүйүүсү анын сенин тиленүүлөрүңдү угарына кепилдик десек жаңылбайбыз. Дал ошо сүйүүнүн аркасында биз жүрөгүбүздөгү терең ойлорду жана сезимдерибизди Кудай менен бөлүшө алабыз (Филиппиялыктар 4:6, 7).

Кудай менен болгон достук

Иегова бизди өзү менен сүйлөшүүгө чакырат жана биз үчүн ал чоочун бирөө болуп саналууну каалабайт. Ал эзелтеден бери эле адамдарды өзү менен дос болууга чакырып келген. Кудайдын досторунун арасында анын жүрөгүнө жаккан эркектер менен аялдар жана карылар менен жаштар да болгон. Мисалы, Ибрайым, Дөөт падыша, Ыйсанын энеси Мариамдар ошол адамдардын катарына кирген (Исаия 41:8; Лука 1:26—38; Расул 13:22).

Сен да Иегованын досторунун бири боло аласың. Албетте, мындай достук Кудайга кандайдыр бир каалоолоруңдун аткарылышы үчүн же кыйынчылыктарыңдын чечилиши керек болгондо гана касиеттүү күчү барга кайрылган сыяктуу кайрылып турууну билдирбейт. Тиленүүлөрүбүздө өзүбүздүн гана муктаждыктарга көңүл бурбашыбыз керек. Эгер Кудай менен дос болууну кааласак, жеке кызыкчылыктарыбызды эле эмес, анын эрки жөнүндө да ойлошубуз керек жана аны аткарышыбыз талап (Матфей 7:21). Ошондуктан Ыйса жолдоочуларын тиленгенге үйрөткөндө, алардын көңүлдөрүн Кудайдын алдында маанилүү болуп эсептелген нерселерге бурган. Ал: «Мына, мындай деп сыйынгыла: „Асмандагы Атабыз! Сенин ысмың ыйык болсун; Сенин падышалыгың келсин; Сенин эркиң асманда болгон сыяктуу, жерде да болсун“»,— деп айткан (Матфей 6:9, 10). Демек, тиленгенибизде Кудайды даңктап, ага ыраазычылыгыбызды да билдирип турганыбыз абзел (Забур 55:13; 150:6).

Бирок муктаждыктарыбыз же бизди тынчсыздандырып турган нерселер тууралуу тиленгидей алар анча деле маанилүү эмес деп эч качан ойлобошубуз керек. «Кудай менен ачык сүйлөшүүгө аракет кылсам да,— дейт Стив,— кээде анча маанилүү эмес суроолор менен ага кайрыла берүүнүн зарылдыгы жок деп ойлоп кетем». Сенде да ушундай сезимдер пайда болсо, Ыйса окуучуларын эмнеге үйрөткөнүн эстегенге аракет кылып көр. Ал: «Беш таранчы эки тыйынга сатылат эмеспи? Алардын бирин да Кудай унутпайт. [...] Ошентип, коркпогула, силер көп таранчылардан кымбатсыңар»,— деген (Лука 12:6, 7). Кубаттандырарлык сөздөр, чынбы?!

Иегова тууралуу канчалык көп билсең, ага тиленүү аркылуу кайрылууга каалооң ошончолук көбөйөрүн жана анын жардам берерине ишенимиң ошончолук бекемделгенин оңой эле байкайсың. Ал эми Кудайга тиленүү аркылуу кайрылганыңда кандай маанайда болушуң керек? Ызаттуу, момун жана өзүмчүл эмес болушуң кажет. Эгерде жогорку кызматтагы адамга менменсинүү жана текеберленүү менен кайрылсаң, ал сенин өтүнүчүңдү аткарат беле? Ошондуктан Иегованын да сенден сый мамиле көрсөтүшүңдү жана нормаларын бийик тутушуңду күтөрү таң калтырбашы керек. Ошондо гана ал сенин тиленүүлөрүңө жооп берет (Аңгемелер 15:29).

Миңдеген жаштар жүрөктөрүндө болгон сырларын Иеговага ачканды үйрөнүштү (Забур 61:9). «Иегова тиленүүлөрүмө жооп бергенде,— дейт Бретт,— мен мурункудай эле анын досу экенимди сезем». Сен дагы ушунтип айта аласыңбы? Кудай менен ушу сыяктуу достукту канткенде өрчүтө аласың? Ушул суроолор боюнча Ыйсанын жаш жолдоочуларынын экөө өз ойлорун ортого салды.

Рейчл: «Иеговага жакын болуш үчүн Ыйык Китепти тереңирээк изилдөө керек экенин сеземин жана ошондой изилдөө жүргүзүүгө күчтүү каалоону өстүрүүгө умтуламын» (1 Пётр 2:2).

Женни: «Иеговага кызмат кылууга канчалык көп катышсам, ага ошончолук жакындаганымды сезем» (Жакып 4:8).

Тиленүүнүн пайдасы канчалык көп экени жөнүндө ойлондуңар беле? Ыйсанын жолдоочусу болгон бир өспүрүм кыз: «Кудай мени менен сүйлөшсө же мага кат жазса, өзүмдү ага жакын сезмекмин»,— деп айткан. Эгерде Иеговага багытталган тиленүүлөрүбүз жоопсуз калып жатса, анда тиленүү бизге кандайча жардам бере алат? Бул суроо ушу журналдын кийинки сандарынын биринде талкууланмакчы.

[15-беттеги кутуча]

15-беттеги суроолордун жооптору:

1. Иегова. Ал «Болтурат» дегенди билдирет.

2. Сүйүү, күч, адилеттүүлүк жана акылмандык.

3. Ал жалгыз өзү жараткан Уулун, Ыйса Машайыкты, биз үчүн өлүмгө берген.

4. Өз кызыкчылыктарыбызды эле издебей, Кудайдын эркин да эске алып, аны аткаруу менен.

5. Ызаттуу, момун жана өзүмчүл эмес болушубуз керек.

[16-беттеги сүрөт]

Кудайды жаратууларынын үстүнөн ой жүгүртүүнүн жана Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында көбүрөөк биле алабыз.