Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Түштөр Кудайдан келген кабарларбы?

Түштөр Кудайдан келген кабарларбы?

Ыйык Китептин көз карашы

Түштөр Кудайдан келген кабарларбы?

ОЙЛОП табуучу Элиас Хаунуга кийим тигүүчү машинанын конструкциясын ойлоп табуу идеясы түшүндө келген деп айтышат. Моцарт көптөгөн музыкалык чыгармаларынын темалары түшүнө киргенин айткан. Ошондой эле химик Фридрих Август Кекуле да бензолдун молекуласынын түзүлүшүн түшүмдө көрдүм деп ырастаган. Ушу сыяктуу билдирүүлөр көп кездешет. Эзелтеден бери эле ар кайсы элдер түшкө табияттан тыш кубулуш катары карап келишкен. Айрымдар атүгүл эки реалдуу дүйнө — ойгоо болуунун жана уктоонун дүйнөсү — бар деп ойлошот.

Ыйык Китепте түштөр маалыматтардын маанилүү булагы катары көрсөтүлгөн бир нече окуялар жазылган. Ал түштөр аркылуу Кудай адамдар менен сүйлөшкөн (Бийлер 7:13, 14; 3 Падышалык 3:5). Мисалга алсак, Ибрайым, Жакып, Жусуптар менен Кудай түш аркылуу сүйлөшкөн (1 Муса 28:10—19; 31:10—13; 37:5—11). Вавилондун падышасы Навуходоносор да Кудайдан келген пайгамбарлык түштөрдү көргөн. (Даниил 2:1, 28—45). Ушулардан улам азыркы күндө да айрым түштөрдү Кудайдан келген кабарлар деп эсептөөгө болобу?

Кудайдан берилген түштөр

Ыйык Китепте жазылган убактарда Кудай түштөрдү адамдарга белгилүү бир максат менен бере турган. Кээде түш көргөн адам анын маанисин дароо эле түшүнө албагандыктан, «жашыруун сырды ачуучу» Кудай өзү ачып берчү. Ошондуктан түштүн туура жорулганына шектенүүгө негиз жок болчу (Даниил 2:28, 29; Амос 3:7). Кудайдан берилген түштөр, кадимки түштөрдөн айырмаланып, эч качан баш аламан болгон эмес.

Айрым учурларда Кудай өзүнүн эркин аткарууда маанилүү роль ойногон адамдарды коргош үчүн түш аркылуу билдирүүлөрдү берген. Түш көргөндөр сөзсүз түрдө эле Кудайдын кызматчысы болгон эмес. Мисалы, кичинекей Ыйсага келген астрологдор Ыйсаны өлтүрүүнү каалаган Иродго, анын талап кылганына карабастан, кайрылып барышкан эмес болчу. Эмнеге? Анткени аларга түш аркылуу эскертүү берилген (Матфей 2:7—12). Натыйжада Ыйсанын асырап алган атасы Жусупта үй-бүлөсү менен, түшүндө алган көрсөтмөгө ылайык, Египетке качып кетүүгө жетишерлик убакыт болгон. Ыйсанын өмүрү мына ушундайча сакталып калган эле (Матфей 2:13—15).

Жүздөгөн жылдар мурун Египеттин фараону түшүндө жети чүрүшкөн буудай менен жети арык уйга карама-каршы коюлган бадырайган дандуу жети буудай, жети семиз уйду көргөн. Жусуп жогортодон жардам алып, ал түштөрдү туура жоруп бере алган. Жети жылдык токчулуктан кийин Египет жерин жети жылга созулган ачарчылык басмак. Муну алдын ала билип алган египеттиктер азык-түлүктөрдү ашыгы менен камдап алышат. Мына ошонун аркасында Ибрайымдын тукумдарынын аман калуусуна жана аларды Египетке алып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн (1 Муса 41-бап; 1 Муса 45:5—8).

Вавилондун падышасы Навуходоносор да өзгөчө түш көргөн. Анын түшүндө Кудайдын элине тикеден-тике таасир тийгизе турган жети дүйнөлүк дөөлөттүн пайда болушу жана кулашы айтылган (Даниил 2:31—43). Кийинчерээк ал падыша өзүнүн акыл-эстен ажырай турганын жана кайра айыгарын билдирген түш көрөт. Бул пайгамбарлык түштүн кеңири аткарылышы да бар болчу: ал түш Кудайдын өз эркин орундатууга колдоно турган Мессиялык Падышалыгы тургузуларын көрсөткөн (Даниил 4:7—34).

Азыркы убактагы түштөр

Ооба, өткөн убактарда Кудай айрым адамдар менен түш аркылуу сүйлөшчү. Бирок Ыйык Китептен көрүнүп тургандай, мындай учурлар өтө сейрек болгон. Түш эч убакта Кудайдын адамдар менен сүйлөшүүсүнүн негизги жолу болгон эмес. Атүгүл Кудайдын көптөгөн берилген кызматчыларына да эч качан түш берилбеген. Бул Кудайдын Кызыл деңизди экиге бөлгөндөгү окуядан байкалып турат. Кудай ал кереметти бир эле жолу жасаганын билебиз жана өзүнүн элине карата ошондой иш-аракетти дайыма эле жасап жүргөн деп айтууга болбойт (2 Муса 14:21).

Расул Павел өзүнүн күндөрүндө Кудайдын руху анын кызматчыларында көптөгөн кереметтүү жолдор менен иш-аракет кылгандыгын ырастаган. Ал: «Рух аркылуу бирөөгө даанышмандык сөз берилет, ошол эле Рух аркылуу башка бирөөгө билимдүүлүк сөз берилет; Ошол эле Рух аркылуу башка бирөөгө ишеним; дагы бирөөгө дарыгерлик жөндөм берилет; Башка бирөөгө керемет көрсөтүү, башка бирөөгө пайгамбарлык, башка бирөөгө рухтарды таанып билүү, дагы бирөөнө ар түрдүү тилдерде сүйлөөнү, дагы бирөөнө бул тилдерди түшүндүрүүнү берилет»,— деп айткан (1 Коринфтиктер 12:8—10). Бул жерде түштөр жөнүндө айтылбаганы менен, Иоил 2:28де айтылган пайгамбарлыктын аткарылышына ылайык, сыягы, Ыйсанын айрым жолдоочуларына рухтун белеги катары Кудайдан түштөр берилген көрүнөт (Расул 16:9, 10).

Расул Павел бул өзгөчө белектер тууралуу сөзүн улап минтип айткан: «Пайгамбарлыктар токтойт, тилдер токтойт, билим жок болот» (1 Коринфтиктер 13:8). Калыбы, ушул «токтой турган» белектердин арасына Кудайдын адамдар менен сүйлөшүүсүнүн ар кандай ыкмалары да кирген шекилдүү. Расулдар өлгөндөн кийин, Кудай өзүнүн кызматчыларына ушул өзгөчө белектерди бергенин токтоткон.

Азыркы күндө окумуштуулар адам уктап жатканда эмне болорун жана мунун жашоого кандайдыр бир байланышы бары-жогун билүүгө аракет кылып жатышат. Ыйык Китепте бул тууралуу эчтеке айтылбайт. Бирок көргөн түштөрүнөн жогортодон келген кандайдыр бир кабарларды табууга болбой эле аракет кыла бергендер үчүн Ыйык Китепте эскертүү бар. Захария 10:2де: «Алдын ала айтуучулар... жалган түштөрдү сандырыктап жатышат»,— деп айтылат. Ошону менен бирге Кудай ырым-жырымдарга ишенүүдөн да алыс болууга эскертүү берет (5 Муса 18:10—12). Ушул эскертүүлөрдүн баарын эске алуу менен Ыйсанын азыркы жолдоочулары Кудайдан түш аркылуу жетектөөлөрдү күтүшпөйт. Түштөр алар үчүн уктап жатканда пайда болуучу образдар менен сүрөттөрдөн башка эчтекени билдирбейт.