Төөлөр менен жылкылар ээн-эркин жүргөн өлкө
Төөлөр менен жылкылар ээн-эркин жүргөн өлкө
АВСТРАЛИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН
АВСТРАЛИЯНЫН ээн талаа, эрме чөлдүү аймактарын элестеткенде, көз алдыңарга эмнелер тартылат? Балким, жабыла секирип чуркап бараткан бөрсөлөр, учпас чоң эму куштары, кызыл кумдуу айдың талаа менен мээ кайнаткан ысык күндөр элестейттир. Анда жаңылышпайсыңар. А бирок Австралияда күтүлбөгөн көрүнүштөр да болот.
Азыркы кезде жапайы төөлөрдүн калың тобу Австралияда гана бары, дүйнө жүзү боюнча ушул континентти гана жапайы жылкылардын сабалаган эң көп үйүрлөрү мекендээри, алардан да эшектердин саны арбын экени силерге белгилүүбү? Бул чыдамкай жаныбарлардын Австралияда кантип пайда болуп, кантип тараганын — алардын өткөн убактагы окуялар менен тыгыз байланышкан жашоо үчүн болгон күрөшүн — билгендер аз.
Төөлөрдүн жардамы менен өзгөргөн өлкө
Акыркы кырк жыл ичинде Австралиянын эл сейрек отурукташкан аймактарында жашаган малчылар нааразычылык билдиришчү болду. Мунун себебин бир малчынын «Австралиядагы төө» аттуу китептеги айткандарынан билүүгө болот: «Мен 5 төө 10 километрлик бөгөөлдү дээрлик бүт бойдон бүлдүрүп кеткенин өз көзүм менен көрдүм... Бир жердин зым бөгөөлүн үзмөк түгүл, устундарын да жыгып кетишти»,— дейт ал («The Camel in Australia»).
Кымбат баалуу тосмолор узун шыйрак, чымыр тулкулуу алп төөнүн күчүнө туруштук бере албайт. Бирок ошол эле төөнүн буттарынын кубаты болбосо, Австралиянын алыскы каксоо аймактарына маанилүү байланыш түйүндөрүн өткөзүү өтө
татаал болор эле.Изилдөөчү Бёрк менен Уилс Австралияны түштүктөн түндүктү көздөй кесип өтүшкөндө Индиядан 1860-жылы алып келинген төөлөрдү колдонушкан. Бу жаныбарлар күч-кубаттуу, чыдамдуу келгендиктен, байыркы маалдарда алыс сапар жүргөндөр үчүн мыкты унаа болчу. Төөлөр — унаанын сарамжалдуу да түрү, «майды» аз «жейт»: 300 килограммдык жүк көтөрүп 800 километр жүрүш үчүн, 15 литр гана сууга муктаж.
Алтын кени чыгарылуучу жерлерге азык-түлүк жана техника жеткирүүгө, Аделаидадан Дарвинди байланыштырып турган телефон линияларын тартууга, Сиднейден Пертке чейин созулган Трансавстралия темир жолу салына турган жерлерди изилдөөгө, жүк ташууга ылайыктуу каражат болгондуктан, төөлөр колдонулган. Алардын жардамы менен төрт миллион квадрат километрге созулган аймакка жол салынган. Андай аралыкты азыркы унаалар менен да басып өтүү оңой эмес.
1922-жылы колдо багылган төөлөрдүн жалпы саны 22 000ге жеткен. Бирок бара-бара адамдар төө менен эмес, автомобиль менен көп жүрө баштагандыктан, төөлөрдүн көбүн бош коё беришет. Австралия боюнча ээн-эркин кезип калган төөлөр көбөйүп, чөлдүү жерлерге байыр алышат. Азыркы кезде алардын саны 200 000ден ашты. Билдирүүлөр боюнча, дагы бир алты жылдын ичинде алардын саны эки эсе көбөймөкчү.
Бирок төө аттуулардын баары эле эркиндикке коё берилген эмес. «Ойгонгула!» журналынын кабарчысына: «Ылаңсыз төөлөрдү Австралиядан гана табууга болот. Ошондуктан жыл сайын бу жаныбарлардын бир канчасын Кошмо Штаттар менен Азиянын зоопарктарына жана коруктарына алып кетишет»,— деп билдирет Австралия бирикмесинин (Central Australian Camel Association) өкүлү. Жергиликтүү жолчулар саякатчыларга төө минип, Австралиянын алыскы аймактарынын жапайы жаратылышы менен таанышып чыгууну сунуш кылышат.
Ал жактан мурдатан күч унаа катары колдонулуп жүрүп, кийин бошотулуп жиберилген дагы башка жаныбарлар кезигет.Брамбилер тууралуу билесиңерби?
1788-жылы биринчи англис кемелери Австралиянын жээктерине сүргүнгө айдалгандарды, аскерлерди жана жылкыларды алып келет. Бул жакта жылкылардын пайда болуш тарыхы, алар менен чогуу алып келинген адамдардын тарыхындай эле, ары кызыктуу, ары кайгылуу.
Австралияга биринчилерден болуп отурукташкандар аны узунунан туурасына чейин кыдырып жүрүшкөндө, жылкылар баа жеткис жардам болгон. Анан үйүрдөн калып калган же качып кеткендеринен кийин брамбилер деп аталган жапайы жылкылар пайда болгон. Алардын аталышы Квинсленддин жергиликтүү калкынын тилинде «жапайы» дегенди билдирген «baroomby» деген сөздөн келип чыккан көрүнөт.
Эркин жашап көнүп калган жапайы брамбилер Э. Б. Патерсонго (Банжо деген тергеме аты менен да белгилүү) окшогон ырчыларга чыгармачылык шык берип келген. Анын «Сноуи-риверлик жигит» деген балладасында брамбинин мүнөзүнүн чагылдырылышы көптөгөн австралиялыктарды суктандырган («The Man From Snowy River»). Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин атайы австралиялык жеңил кавалерия үчүн аргындаштырылган жана индия
армиясында да колдонулган уэльс тукумундагы жылкыга болгон сурам азаят. Ошондуктан колдо багылган жылкылар эркиндикке коё берилип, брамбилердин саны көбөйөт. Эми өлкөдөгү жапайы жылкылардын саны 300 000ге жетти.Жылкылар туяктары менен жердин жука кыртышын устанын балкасы менен таптагансып таптап, көлмөлөрдүн жээктерин бузуп кетишет. Кургакчылык маалында болсо алар ачкадан же суунун жетишсиздигинен өлүшөт. Бул ансыз деле малдын көптүгүнөн жүдөп жаткан өлкөгө ого бетер кыйынчылык туудурат. Ошондуктан жыл сайын миңдеген жылкыларды кармашып, этинин бир канчасын — азык-түлүккө, калганын үй айбанаттарын азыктандырууга жумшашат.
Жылкылар тукумуна кирүүчү эшек брамбилерге жана төөлөргө салыштырмалуу көбүрөөк эркиндикке ээ. Алар брамбилерге караганда бат көбөйгөндүктөн жана төөлөргө караганда жердин көбүрөөк аянтын ээлегендиктен өзүлөрүнө өзүлөрү «душман» болду.
«Чыккынчылык» чарасы
Эшектер, жылкылар сыяктуу эле Австралияга XVIII кылымдын акырында алып келинген. Алар жаңы жерге бат эле көнүп кетишет. Эшектерди жүк ташуу үчүн жана талаа иштеринде колдонушчу. XX кылымдын 20-жылдарында көп эшек эркиндикке коё берилген да, алардын саны жапайы эшектердин жалпы санынан 30 эсе ашып кеткен.
Эшектер, төөлөргө окшоп, чөлдөрдө жашай алышат. Суу жетишсиз болгондо, алардын тер бөлүп чыгаруусу токтойт, андыктан өзүлөрүнүн салмагынын 30 пайызына барабар суюктук жоготсо да көтөрүшөт, ал эми айрым сүт эмүүчүлөр суюктугунун 12—15 пайызын эле жоготушса өлүп калышат. Эшектер жашыл тулаңдуу жайыттарда оттошот, бирок башка мал жей албаган катуу чөп-чарды да жешет. 1970-жылдары эшектердин саны 750 000ге жетип, материктин дээрлик жарымына тарашкан. Алардын мынчалык тез көбөйүшү айлана-чөйрөгө жана мал чарбачылыкка бир кыйла зыян келтиргендиктен, чара көрүүгө туура келип жатат.
Жапайы болуп кеткен үй эшектерин 1978-жылдан 1993-жылга чейин кез-кези менен кармап, бир гана Австралиянын түндүк-батышында 500 000ден көбүн кырышкан. Азыркы маалда радио бергич тагылган 300 эшек «чыккынчылык» чарасына катышып жатат. Аларды коё беришкенден кийин, вертолёт менен аңдып турушат да, эшек өз үйүрүнө барганда, ал үйүрдү кармап алышат. Анан «чыккынчы» башка үйүргө кошулганда, андагы эшектерди да жок кылышат.
Батыш Австралиядагы айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо кызматынын кызматчысы «Ойгонгула!» журналынын кабарчысына мындай деп билдирет: «Бул аз мөөнөттүн ичинде чечиле калчу маселе эмес: кичине эле үйүр калды деген күндө да эшектер кайрадан тукумдап, аз эле убакыттын ичинде жалпы саны 1970-жылдары канча болсо, ошончого жете чыгат. Кээде жаныбарларды кырып, эмне себептен өлүгүн ошо бойдон таштап салышарын айрымдар түшүнүшпөйт. Анткени андай аймактарга жетүү абдан кыйын экенин билишпейт: аякта жол жок, адатта, вертолёт менен эле жетүүгө болот. Бул кыйынчылык адамдын кийлигишүүсүнөн улам келип чыккан, биз болсо анын кесепеттүү натыйжаларын, мүмкүн болушунча, гумандуу жол менен четтетүүгө аракеттенип атабыз».
Чыдамкай жана тез көбөйөт
Австралиянын ички аймактарында сан-сандаган күч унаалар бекер жүргөнсүп сезилиши толук мүмкүн. Чындыгында, ал аймактар абдан кенен. Жапайы мал көлөмү боюнча Европага барабар, чөлдүүлүгү боюнча Айга окшош, ал эми ланшафты, бир туруп, Европаныкындай, бир туруп, Айдыкындай болгон аймакта жашайт. Алардын көбөйүшүн контролдоо гана эмес, үйүрлөрүн табуунун өзү эле татаал иш.
Жок болуп бараткан жергиликтүү түрлөрдүн көбүнөн айырмаланып, жаратылыш шарттарына чыдамдуу, тез көбөйгөн бул жаныбарлар Австралияга турук алышты. Алар Австралиянын эл отурукташпаган, жырткычтар да, оорулар да коркунуч туудурбаган жерлеринде ээн-эркин жайылып жүрүшөт.
[20-беттеги сүрөт]
Австралиянын чөлдөрүндө 200 000ге жакын жапайы төө жашайт.
[Булак]
Agriculture Western Australia
[16, 17-беттердеги сүрөттөр]
Брамбилер Симпсон чөлүнүн жанында эркин жашайт.
[17-беттеги сүрөт]
Жүн ташып бараткан төө кербени, 1929-жыл.
[Булак]
Image Library, State Library of New South Wales
[18-беттеги сүрөт]
Австралиянын ички аймактарында кабыл алынган ыкма менен брамбилерди кармоо.
[Булак]
© Esther Beaton
[18-беттеги сүрөт]
«Чыккынчы» эшекке радио бергич тагылууда.
[Булак]
Agriculture Western Australia