Адамзат азык-түлүк корун кыйроого учуратып жаткан жокпу?
Адамзат азык-түлүк корун кыйроого учуратып жаткан жокпу?
«Бүгүнкү күндө биз биринчи кезекте карыз, каражаттардын жетишсиздиги же дүйнөдөгү атаандаштык тууралуу эмес, канткенде телегейи тегиз, канааттандырарлык жашоо өткөрүү менен бирге Жер үстүндөгү тиричиликти шарттаган биосфераны бузбай сактап калууга болорун ойлошубуз керек. Адамзат тиричиликке шарт түзүп турган элементтердин кыйроого учуроо коркунучуна мынчалык кескин дуушар болгон эмес» (генетик Дейвид Сузуки).
БИР караганда, алманын чоң талкууга аларлык өзгөчөлүгү деле жоктой сезилиши мүмкүн. Эгер силер жашаган жакта алма көп өссө, аны четинен тандап каалашыңча жесе болот дейттирсиңер. Бирок алманын түрлөрү азыр 100 жыл мурункуга караганда кыйла азайганын билесиңерби?
1804—1905-жылдарда Кошмо Штаттарда алманын 7 098 сорту өсчү. Ал эми учурда алардын 6 121 сорту — 86 пайызы — жок болуп кетти! Алмуруттун «тагдыры» да ошо. Анын бир кездерде өскөн 2683 сортунун 88 пайызы азыр жок. Дагы бир өкүнүчтүү нерсе, жашылчалар арасындагы көрүнүш мындан да начар. Биотүрдүүлүк — түрдүн түрчөлөргө бөлүнүшү — барган сайын жоюлуп баратат. Дээрлик 80 жылдын ичинде эле бир гана Кошмо Штаттарда өскөн жашылчалардын түрлөрүнүн 97 пайызы жок болуп кеткен! Бирок көп түрдүүлүк ошончолук эле маанилүүбү?
Көптөгөн окумуштуулардын ою боюнча, маанилүү. Көп түрдүүлүктүн маанилүүлүгү карама-каршы көз караштарды туудуруп жатса да, айлана-чөйрөнү изилдөө тармагында иштеген адистердин арасында анын Жер үстүндөгү тиричилик үчүн зор мааниси бар деп ырасташкандары аз эмес. Экологдор биотүрдүүлүктү айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн да, токой, жунгли жана шалбаалардагы жапайы өсүмдүктөр үчүн да зарыл дешет. Түрдүн көптөгөн түрчөлөргө бөлүнүшүнүн да мааниси аз эмес. Алсак, шалынын (күрүч) түрүнүн көптүгүнөн алардын айрымдарынын кеңири жайылган өсүмдүк илдеттерине туруктуу болуш ыктымалдыгы жогорулайт. Ошол себептүү «Уорлдуотч» институту тарабынан жарыяланган документтеги маалыматтар боюнча, биотүрдүүлүктүн жоюлушунун адамзаттын азык-түлүк коруна (запасына) тийгизген таасири мындай жагдайдын канчалык кесепеттүү болорун көрсөтөт.
Өсүмдүктөрдүн жоголуп баратышы айыл чарба өсүмдүктөрүнө, эң аз дегенде, эки түрдүүчө таасир этиши мүмкүн: биринчиден, өсүмдүктөрдүн жаңы түрлөрүн аргындаштырууга колдонулуучу гендер алына турган тектеш жапайы өсүмдүктөрдүн жок болуп кетиши жана экинчиден, өстүрүлүп жаткан өсүмдүкөрдүн түр ичиндеги түрчөлөрүнүн саны азайышы ыктымал. Мисалы, XX кылымдын башында Азиянын айрым аймактарында шалынын 100 000ден ашуун сорту өстүрүлө турган. Бир гана Индияда анын 30 000ге жакын сорту бар эле. Ал эми бүгүнкү күндө Индияда эгилген шалынын 75 пайызы анын 10 түрүнөн гана турат. Шри-Ланкада шалынын 2 000 түрүнөн 5 эле түрү калган. Ал эми жүгөрүнүн мекени Мексикада бул дан өсүмдүгүнүн 1930-жылы табылган түрлөрүнүн 20 гана пайызы өстүрүлүп калды.
Бирок биотүрдүүлүк азык-түлүк тармагынан башка тармактар үчүн да керектүү. Дары-дармектердин 25 пайызы өсүмдүктөрдөн жасалат; ал ортодо дары чөптөрдүн дагы да жаңылары табылууда. Тилекке каршы, өсүмдүктөрдүн нечен түрүнүн жоголушуна, негизи, адам баласы себепкер. Анда биз өзүбүз олтурган бутакты өзүбүз кыйып жаткан болбойлу?
Бүткүл
дүйнөлүк жаратылышты коргоо союзунун билдирүүсү боюнча, изилденген өсүмдүктөр менен жаныбарлардын 18 000 түрүнүн 11 000и жок болуп кетүү коркунучу алдында турат. Азыр окумуштуулар айыл чарба жерлерин кеңейтиш үчүн, токойлордун бир кыйла аянты кыйылып жаткан Индонезия, Малайзия жана Латын Америкасында канча түр жоголуп, канчасы жок болуп кетүүнүн алдында турганын үстүртөдөн гана божомолдой алышат. Ошентсе да, «ЮНЕСКОнун курьери» аттуу басылмада айрымдар жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрү «укмуштуудай бат» ылдамдык менен жок болуп баратат деп эсептешери айтылган.Албетте, Жер азыр деле эбегейсиз мол түшүм берип жатат. Бирок биотүрдүүлүк жоюлуп баратса, Жердин утур көбөйгөн тургундары дагы качанкыга чейин өзүлөрүн азык-түлүк менен камсыз кыла алышат болду экен? Бул суроо көптөгөн өлкөлөрдү тынчсыздандыргандыктан, баалуу өсүмдүктөрдү жоготууга учуратпоо максатында үрөн фонддору уюштурула баштады. Айрым ботаникалык бактар өсүмдүктөрдү сактап калуу боюнча чара көрүү милдетин ала башташты. Илим болсо ген инженериясын өрчүтүү үчүн, жаңы күчтүү куралдарды иштеп чыгууда. Анда үрөн фонддору менен илим бул татаал маселени чече алабы? Бул суроого эмки макала жооп берет.