Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жашоо үчүн зарыл көп түрдүүлүк

Жашоо үчүн зарыл көп түрдүүлүк

Жашоо үчүн зарыл көп түрдүүлүк

ИРЛАНДИЯ 1840-жылдары, калкынын саны сегиз миллиондон ашып, Европадагы калкы эң жыш жайгашкан өлкөгө айланган. Өлкөнүн негизги азыгы картошка болчу. Болгондо да, бүтүндөй Ирландияда анын бир эле сорту айдала турган.

1845-жылы өлкөдө адаттагыдай эле картошка айдалат. Бирок картошка илдетине чалдыктырып, чиритип жиберүүчү фитофторанын кесепетинен дээрлик түшүмдүн баары зыянга учурайт. «Ирландиянын тургундарынын көбү ал оор жылдан аман чыга алышкан,— деп жазган Пол Рейберн өзүнүн китебинде.— Чыныгы алаамат кийинки жылы башталган. Дыйкандар, колдорунда картошканын башка түрү жок болгондуктан, баягы эле түрүн айдоого аргасыз болушат. Өсүмдүктү кайрадан фитофтороз бүлдүрө баштайт, бирок бул ирет илдет мурдагыдан да күчөгөн. Бу кырсыктын кесепети чоң болгон» («The Last Harvest—The Genetic Gamble That Threatens to Destroy American Agriculture»). Тарыхчылардын эсеби боюнча, ачарчылыктан 1 миллион адам өлүп, дагы 1,5 миллион адам жер которуп кетет (көбүнчө Кошмо Штаттарга). Ирландияда калгандары болсо кендирди кескен жакырчылыктан катуу запкы жешкен.

Түштүк Америкадагы Андда дыйкандар картошканын ар кандай сортун өстүрүшкөн, алардын ичинен фитофторага туруштук бере албаган түрлөрү саналуу гана болчу. Ошондуктан ал өлкөдө картошка илдети кеңири тарап кеткен эмес. Түрлөрдүн көп түрдүүлүгү жана түрлөрдүн көптөгөн түрчөлөргө бөлүнүшү ошол өңдүү кырсыктардан сактайт. Эгерде бардык жерде кандайдыр бир өсүмдүктүн бир сортун гана өстүрө берсе, тиричиликти сактоонун бул жолу жоюлуп, өсүмдүктөрдүн илдетке чалдыгуу коркунучу өсөт, натыйжада бүтүндөй бир регион түшүмсүз калышы ыктымал. Андайга кабылбаш үчүн, дыйкандардын көбү пестицид, гербицид жана фунгицид сыяктуу химиялык заттарды көп колдонууга аргасыз болушат. Бирок айлана-чөйрөгө андай заттар чоң зыян келтирет.

Эмне себептен дыйкандар жергиликтүү үрөндөрүн айдабай, кандайдыр бир стандарттуу түрүн өстүрүүгө өтө башташат? Демейде бул экономикалык кысым менен шартталат. Ошондой эле өсүмдүктүн ал түрүн жыйнаш оңой болот, сырткы көрүнүшү мыкты, көп илдетке кабылбайт, бузулбайт, түшүмдү мол берет деген убадалар менен коштолот. Мындай көрүнүш 1960-жылдары кеңири тарай баштайт, кийинчерээк ал маал түшүм төңкөрүшү маалы деп аталып калган.

Түшүм төңкөрүшү

Ачарчылыкка көп кабылган өлкөлөрдүн дыйкандарын бийлик башындагылар менен ири фирмалар ургаалдуу өнөктүктөрдүн жардамы менен ар түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрүүдөн жогорку түшүмдүү дан (өзгөчө, шалы менен буудай) өстүрүүгө үндөшкөн. Бул «кереметтүү» дан өсүмдүктөрү дүйнө жүзүндөгү ачарчылык көйгөйүн чечет дешкен. Бирок андай үрөн арзанга түшчү эмес: ал кадимки буудайдын баасынан үч эсе кымбат турган; мол түшүм алыш үчүн, ага химиялык заттар менен жер семирткичтер талап кылынган; ошону менен катар, кымбат баалуу техника (мисалы, тракторлор) керек болот. Бирок бийлик тараптан көрсөтүлгөн финансылык каржылоонун эсебинен түшүм төңкөрүшү ишке ашкан. «Ал миллиондогон адамдарды ачарчылыктан сактап калганы менен,— дейт Рейберн,— азыркы кезде дүйнөлүк азык-түлүк коруна коркунуч туудуруп жатат».

Тагыраак айтканда, түшүм төңкөрүшү кыска мөөнөттүү максатка жетүүгө мүмкүнчүлүк бергени менен, узак мөөнөттүү коркунуч туудурду. Арадан көп өтпөй бардык континенттердеги чарбалар бир түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрүүгө өтүшөт, ошону менен бирге, жер семирткичтердин колдонулушу отоо чөптөрдүн өсүшүн күчөтөт, ал эми пестициддер болсо өсүмдүк зыянкечтери менен кошо пайдалуу курт-кумурскаларды да кыра баштайт. Шалы чарбаларында химиялык уу заттар колдонулганда балыктар, креветкалар, крабдар, бакалар өлүп, кошумча азык катары бааланган өсүмдүктөрдүн желе турган да, жапайы да түрлөрү жок болуп кетет. Химиялык заттардын колдонулушу айрым учурларда дыйкандардын ууланышына да алып келген.

Улуу Британиядагы Ачык университеттин биология факультетинин мугалими д-р Мей-Ван Хо мындай деп жазган: «Түшүм төңкөрүшү маалында бир түрдүү өсүмдүктөрдүн жайылтылышы бүткүл дүйнөдөгү биотүрдүүлүккө жана азык-түлүк менен камсыздоо жагдайына терс таасир тийгизгенин биз, мына, эми айкын түшүнө баштадык». БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун билдирүүсү боюнча, өстүрүлүп жаткан өсүмдүктөрдүн мындан жүз жыл мурун белгилүү болгон генетикалык түрдүүлүгүнүн 75 пайызы, негизи, айыл чарбаны индустриялаштыруудан улам жок болгон.

«Уорлдуотч» университети тарабынан чыгарылган иш кагазда «генетикалык бир түрдүүлүккө өтүүнүн натыйжасы чоң коркунуч туудурары» эскертилет. Ал коркунучту кантип жоюуга болот? Ан үчүн илимий адистер, күчтүү химиялык заттар керек жана дыйкандарга каражат жактан жардам берүү талап. Бирок бул чаралар көрүлгөн күндө да коркунучтун толук жоюларына кепилдик жок. Генетикалык бир түрдүүлүк Кошмо Штаттардагы жүгөрүнүн көп айдоолорунун фитофтороздон илдетке чалдыгышына, ал эми Индонезиядагы 200 миңдей гектар шалынын бузулушуна алып келген. Жакында эле тиричиликке фундаменталдык — гендик — деңгээлде кийлигишүүгө жол ачкан дагы башка айыл чарба төңкөрүшү башталды.

Гендик төңкөрүш

Генетика тармагындагы жүргүзүлгөн изилдөөлөрдөн улам биотехнология деп аталган жаңы кирешелүү тармак жаралды. Ал тармактын аталышынын өзү эле биологиянын ген инженериясы аркылуу азыркы технологиялар менен бириккендигин түшүндүрүп турат. Жаңы биотехнологиялык бирикмелердин айрымдары айыл чарба тармагы боюнча адистешип, илдеттерге, кургакчылыкка, суукка туруктуу, зыяндуу химиялык заттардын колдонулушун талап кылбай, мол түшүм берүүчү өсүмдүктөрдүн уруктарын чыгарууга аракеттенишүүдө. Эгерде андай максаттардын ишке ашары бышык болсо, пайда алып келерине да толук ишене алмакпыз. Бирок айрымдар генетикалык жактан модификацияланган өсүмдүктөр тууралуу тынчсыздануусун билдиришет.

«Жаратылышта генетикалык көп түрдүүлүктүн белгилүү бир чеги бар,— деп айтылат бир китепте.— Мисалы, розаны розанын башка түрлөрү менен гана кайчылаштырса болот, бирок роза картошка менен эч качан кайчылаштырылбайт... Ал эми ген инженериясынын жардамы менен белгилүү бир биологиялык түрдүн генин, анын каалаган касиеттерин жана өзгөчөлүктөрүн, таптакыр башка түргө көчүрүп койсо болот. Ан үчүн, мисалы, арктика балыгынын, мисалы, майда камбаланын антифриздик касиеттерине жооп берген генин алып, картошкага же кулпунайга (алардын суукка болгон чыдамдуулугун жогорулатыш үчүн) көчүрсө болот. Учурда өсүмдүктөрдү бактериялардан, вирустардан, курт-кумурскалардан, жаныбарлардан, жадесе адамдардан алынган гендердин жардамы менен өзгөртүп курууга мүмкүн болуп калды» * («Genetic Engineering, Food, and Our Environment»). Бир сөз менен айтканда, биотехнология адамдарга бир түрдөн экинчи түрдү айырмалап турган чекти бузууга мүмкүндүк берет.

Түшүм төңкөрүшү сыяктуу эле генетикалык төңкөрүш генетикалык бир түрдүүлүк көйгөйүн күчөтөт. Айрымдар генетика адистери клондоштуруп, жасалма жол менен бипбирдей көчүрмө же клон чыгара алышкандыктан, бул көйгөй ого бетер курчуйт деп эсептешет. Демек, биотүрдүүлүк жоюлуп кетиши мүмкүн деген тынчсыздануулар ошол бойдон кала бермекчи. Генетикалык жактан өзгөртүлгөн өсүмдүктөрдүн пайда болушу көптөгөн суроолорду — мисалы, ал өсүмдүктөрдүн өзүбүзгө жана айлана-чөйрөгө кандай таасир тийгизерине байланыштуу суроолорду — туудурат. «Биз албан-албан үмүттөр, болор-болбос тоскоолдуктар менен айыл чарба биотехнологиясынын жаңы дооруна, анын кандай натыйжаларды алып келерин жөндөп билбесек да, көздү жуумп кирип баратабыз»,— дейт окумуштуу Жереми Рифкин *.

Ошол эле учурда, жаратылышка гендик деңгээлде кийлигишүү мүмкүнчүлүгү чоң киреше алып келиши ыктымал болгондуктан, азыртадан эле көптөр жаңы үрөндөргө жана башка генетикалык жактан модификацияланган организмдерге патент алууга умтулушууда. Ал ортодо биотүрдүүлүктүн жоюлушу ого бетер күч алып барат. Өйдөдө белгиленип кеткендей, кырсыктын жолун бөгөш үчүн, айрым өкмөттөр менен жеке уюмдар үрөн фонддорун түзө башташты. Ал фонддор келерки муундарды үрөндүк, аргындаштырууга колдонорлук түрдүү үрөн менен камсыздай алабы?

Үрөн фонддору түрлөрдүн жоюлуусун токтото алабы?

Улуу Британиядагы Королдук ботаникалык бак (Кью-Гарденс) тарабынан «жаратылышты коргоо боюнча уюштурулган эл аралык долбоорлордун эң чоңу» деп аталган Миң жылдыктын үрөн фондун түзүүгө чара көрүлө баштады. Бул долбоордун башкы максаттарынын биринчиси — 2010-жылга чейин жер жүзүндөгү өсүмдүк дүйнөсүнүн 24 000ден ашуун түрлөрүнүн 10 пайызын жыйнап, сактап коюу. Экинчиси — жакын арада бүткүл Улуу Британиянын флорасынын, башкача айтканда, жергиликтүү өсүмдүктөрүнүн үрөнүн жыйнап, сактап коюу. Үрөн фонддору (аларды генетикалык банк деп да атап коюшат) башка өлкөлөрдө да ачылууда.

Биолог Жон Таксиллдин ырастоосунда, ошол фонддордо сакталып жаткан миллиондогон үрөндөрдүн, эң жок дегенде, 90 пайызын баалуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана башка пайдалуу өсүмдүктөрдүн үрөндөрү түзөт. Алардын ичинде буудай, шалы, жүгөрү, сорго, картошка, пияз, сарымсак, бал камыш, пахта, соя жана башка чанактуулар тукумундагы өсүмдүктөр бар. Бирок үрөн деген бул өнүмдүүлүгүн жоготпогондо гана өсүүгө жөндөмдүү. Ошондуктан үрөн фонддорун канчалык ишенимдүү дей алабыз?

Фонддордун кыйынчылыктары

Үрөн фонддорун камсыздандыруу үчүн, каражат талап кылынат. Таксиллдин айтымында, ан үчүн жылына 300 миллион АКШ доллары керек. Бирок ошол каражат да аздык кылышы мүмкүн, себеби «фонддордо жаткан үрөндөрдүн 13 пайызы гана аларды узак мөөнөткө сактап калууга мүмкүнчүлүк берген жакшы шарттарда сакталат». Үрөндү начар шарттарда көпкө сактоого болбогондуктан, аны жаңыртыш үчүн, болжонгон мөөнөттөн эрте себүүгө туура келет, болбосо фонддор үрөндүн «табытканасына» айланып калат. Албетте, ан үчүн алда канча машакаттуу иш-аракеттер талап кылынат. Бу болсо ансыз деле тийиштүү каржыланбаган фонддор үчүн кошумча кыйынчылыктарды туудурат.

Бир китепте Колорадодогу (АКШ) Үрөн сактоо улуттук лабороториясы «айрым учурларда электр энергиясынын берилбей калышы, муздаткыч жабдууларынын сынып калышы, жумушчулардын жетишсиздиги сыяктуу көптөгөн кыйынчылыктарга кабылгандыктан, уруктардын көбү каттоо тизмесине киргизилбей калганы» белгиленет («Seeds of Change—The Living Treausre»). Үрөн фонддорунун ишине саясий төңкөрүштөр, экономикалык абал жана табигый кырсыктар да таасир тийгизбей койбойт.

Уруктарды узак убакытка сактоонун башка да кыйынчылыктары толтура. Табигый шарттарда өсүмдүктөр мүмкүнчүлүгү чектелүү, бирок өтө маанилүү ыңгайлашуу касиетине ээ. Дал ошо касиет аларга илдеттерге туруктуу болуу жана башка шарттарга ыңгайланышуу жөндөмдүүлүгүн берет. Бирок үрөн фонддорунун сактоо шарттарында бир канча муундан кийин үрөндөрдүн ал касиети кайсы бир деңгээлде начарлай түшүшү мүмкүн. А бирок жакшы шарттарда сакталган үрөндөрдү жаңыртыш үчүн, бир нече кылымдан кийин гана эгүү талап кылынышы ыктымал. Колду байлап турган, толук белгисиз шарттарга карабастан, үрөн фонддорунун уюштурулуп жатышы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн келечеги үчүн тынчсыздануунун өсүп бараткандыгын аныктайт.

Албетте, өсүмдүктөрдүн жоголуп кетишин токтотуунун эң жакшы жолу — алардын жаратылыштагы өскөн жерлерин коргоо жана түрдүүлүгүн калыбына келтирүү. Бирок ан үчүн, Таксилл айткандай, «адамдын жана табияттын таламдарын жаңыча тең салмакташ» керек. Бирок индустриялык жана экономикалык жетишкендиктерге диний фанатизм менен умтулган адамдар жаратылышка кылган мамилесин «жаңыча тең салмактай» алышат деп күтүүгө болобу? Жогоруда сөз кылынып кеткендей, айыл чарбачылык да базар экономикасына жетеленген жогорку технологиялык бизнес дүйнөсүнө окшошуп бараткандыктан, бул башкача жол менен чечилүүгө тийиш.

[Шилтемелер]

^ 13-абз. Генетикалы жактан модификацияланган өсүмдүктөрдүн айбанаттардын да, адамдардын да ден соолугуна жана экологияга кандай таасир тийгизери жөнүндө каршылаш божомолдоолор бар? Бири-бири менен эч байланышы жок организимдердин гендерин аралаштыруу этикага байланыштуу суроолорду пайда кылды («Ойгонгула!» журналынын 2002 жыл, 22—апрелдеги орус тилиндеги санынын 25—27 беттерин карагыла).

^ 14-абз. «Нью сайентист» журналынын билдирүүсү боюнча, Европада «гербициддердин бир түрүнө туруштук берүүчү генетикалык жактан модификацияланган [кант кызылчасы] күтүлбөгөн жерден гербициддердин башка да түрлөрүнө каршылык көрсөтүүчү бөлөк генди кабыл алып алган». Ал жолбун ген кант кызылчасына гербициддердин башка бир түрүнө туруштук берүүчү касиет менен чыгарылган кант кызылчасынын дагы бир түрү менен кокустан болгон чаңдашуунун натыйжасында келип түшкөн. Айрым окумуштуулар гербициддерге туруштук бере алган өсүмдүктөрдүн таралышы ошол эле гербициддерге туруштук бере алган отоо чөптөрдүн пайда болушуна алып келишинен коркушат.

[7–беттеги кутуча]

Дыйкандар жок болуп кетеби?

Өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдүн баарында 1950-жылдан баштап айыл чарба эмгекчилеринин саны азайгандан азайып баратат, кээ бир региондордо алардын саны 80 пайыздан ашуун азайды»,— деп айтылат «Уорлд уотч» журналында. Мисалы, учурда Кошмо Штаттарда фермер-дыйкандардын саны түрмөдө олтургандардын санынан да аз. Жер иштеткен дыйкандардын азайышынын себеби эмнеде?

Негизги себептери — кирешенин азайышы, дыйкандардын карызынын көбөйүшү, жакырчылыктын өсүшү жана механизациянын барган сайын көбүрөөк колдонулушу. Мисалы, 1910-жылы Кошмо Штаттарда кардарлардын сатып алган азык-түлүгүнө төлөгөн ар бир долларынын 40 центи дыйкандын колуна тийчү. Ал эми 1997-жылы алар ал сумманын болжол менен 7 центин гана алып калышкан. «Уорлд уотчтун» билдирүүсү боюнча, буудай өстүргөн дыйкан «кардардын бир нанга төлөгөн долларынан 6 цент гана алат». Мындайча айтканда, кардар кызылды өстүргөн дыйкан менен аны каптап берген жумушчуга бирдей акча төлөйт. Өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү айыл чарбанын жагдайы андан да начар. Австралиядагы же Европадагы дыйкан оор жылдан чыгыш үчүн, банктан кредит ала алат. Ал эми батыш африкалык дыйкандардын андай мүмкүнчүлүгү жок. Деги эле алар ишин улантып кетери күмөн.

[7-беттеги сүрөттөр]

«Түшүм төңкөрүшү маалында бир түрдүү өсүмдүктөрдүн жайылтылышы бүткүл дүйнөдөгү биотүрдүүлүккө жана азык-түлүк менен камсыздоо жагдайына терс таасир тийгизди» (д-р Мей-Ван Хо).

[Булактар]

Background: U.S. Department of Agriculture

Centro Internacional de Mejoramiento de Maíz y Trigo (CIMMYT)

[8-беттеги сүрөттөр]

Англиядагы Миң жылдыктын үрөн фондунда баалуу өсүмдүктөрдүн үрөнү сакталат.

[Булак]

© Trustees of Royal Botanic Gardens, Kew