Карыз алуу чынында эле зарылбы?
Карыз алуу чынында эле зарылбы?
«КОЛУҢА тие элек акчаны коротпо». Бүгүнкү күндө карыз акча алуу көптөр үчүн көнүмүш ишке айланды. Анда Американын мурунку президенти Томас Жефферсондун жогорудагы кеңеши эскирип калганбы?
Көптөгөн өлкөлөрдө тиричилик керектөөлөрүнө сарпталуучу каражат элдин алган айлыгынан жогору келет, ал эми үнөмдөлгөн каражатты инфляция «соруп» алат. Анын үстүнө, экономикалык жагдай адамдын асыл наркына да таасир тийгизбей койбойт. Ошого карабастан, чынчыл болуу абдан зарыл. Албетте, абийирди таза сактоо үчүн, чынында эрдик керек, себеби учурда салык төлөөдөгү алдоолор жана карыздарды кайтарып бербөөгө окшогон көрүнүштөр кеңири таралган. Ошондуктан экономиканын айланасында көп сөз курулары, гезит-журналдарда, телекөрсөтүүлөрдө акча табуу же үнөмдөө боюнча толгон токой кеңеш берилери таңыркатпайт: адамдар экономикалык кыйынчылыктар менен күрөшүүгө далбас уруп жатышпайбы. Ошону менен катар, сенин өзүңдү да, үй-бүлөңдү да камсыз кылууга кам санашың орундуу (1 Тимофей 5:8).
Өзүнүн экономикалык абалын туруктуу деп ырастай алгандар салыштырмалуу аз болгондуктан, үй-бүлөбүздү кыйынчылыктардан кантип коргосок болот? Адегенде маанилүү бир кеңешти билип алалы.
Карызга өтө көп акча албоо
Эмне үчүн айрымдар карыз алышат? Буга дайыма эле оор жагдайлар, башка айла табылбай калган учурлар (мисалы, кимдир бирөөнүн ооруп калышы) себеп боло бербейт. Адам көбүнчө кандайдыр бир буюм-терим сатып алууну абдан каалагандыктан карыз алат. Бир жагынан караганда, карыз алууну каалоонун өзү натуура эмес. Чынында, үйдү ижарага алып акча төлөй бергенден көрө, сатып алыш үчүн күрөө төлөгөн оңураак болоттур же, балким, машине сатып алыш үчүн карыз акча алган туура көрүнөттүр. Албетте, үй-бүлөсүн баккан адам үйүндөгүлөрүнүн жыргалчылыгын ойлойт. Ал өзүнүн күйөөлүк, аталык милдетин түзүктөп аткаргысы келет. Өз үй-бүлөсүн деле башкалар кийгенди кийип, башкалар ичкенди ичип, башкалар колдонгонду колдонуп жашасын дейттир.
Карызга акча алып, жактырган, бирок анчейин зарылдыгы деле жок буюм сатып алгың келген учурлар болору жалпыга белгилүү. Жаңы бирдеме сатып алганына адам сүйүнбөй коёбу? Келишкен бир көйнөк, сындуу бут кийим, андан да жапжаңы машинеге кимдин көзү түшпөйт? Ким эле заңгыраган үйлүү болууну каалабайт? Анткен менен сак болгула! Адетте, бизнесчилер кардарга зарылдыгы жок же сатып алууга капчыгынын жукалыгы мүмкүнчүлүк бербеген нерселерди сатып алууга көндүрүүгө маш болушкандыктан көп акча табышат.
Ошондой эле эсиңен чыгарба, качан болбосун карыз төлөө милдети мойнуңда турса, үй-бүлөңөрдөгү өз ара мамилеңер бузулуп, чыр-чатак чыгышы, көңүл калышы мүмкүн. Драматург Хенрик Ибсен: «Үй-бүлөлүк жашоо насыя менен карызга негизделе баштады дегиче өзүнүн эркиндигин,
кызыктыгын жогото баштайт»,— деп таамай айткан. Карызды өз убагында кайрып бербесе, адам жаман атка конушу мүмкүн. Карызга алган акчаны үстөгү менен кайра төлөп берүүгө караганда жок кылып коюш оңой болгондуктан, көптөр сатып алган нерсесинен өзүлөрү күткөндөй ыракат алышпаганын түшүнүшөт.Айрым мамлекеттердин бийликтеринин, төлөм үстөгүн утур көбөйтүп, чоң карыз ала бериши боло жүргөн көрүнүш. Бирок карыздан кабыргасы кайышкан өлкөлөрдөн үлгү алуунун кереги барбы? Чоң карыздар өлкөнү байытмак турсун, жакырчылыктын өсүшүнө, жашоо шартынын туруксуздугуна алып келиши ыктымал. Дания элинин макалында айтылмакчы, «жеп алган наныңа пул төлөш кыйын».
Акчаны акыл менен коротууга үйрөнсө, карыз алуудан улам келип чыгуучу мүшкүлдүн жүгү жеңилдейт. Ошондуктан, карыз алууга мажбур кылган абалга дуушар болбош үчүн, атайы убакыт таап, эмнелерди сатып алыш керектигин алдын ала тактап ал. Жадесе ашынган инфляция өкүм сүргөн өлкөлөрдө да акчаны үнөмдөөгө болот. Мисалы, эң керектүү нерселерди гана, арзаныраак турган жерлерден сатып алуу менен. Ан үчүн каражатка жараша жашоо, кандайдыр бир нерсени сатып алуунун ыңгайлуу убагын күтүүгө же кандайдыр бир нерселерден кечүүгө даяр болуу талап.
Өзүңө төмөнкүдөй суроолорду берип көр. Карыздын айынан үй-бүлөмдө кыйынчылыктар пайда болгон жокпу? Карызды кайтарып бере албай калсам, кандай атка коном? Анткени кайрадан ишенимге татыш үчүн көп убак талап кылынышы мүмкүн! Буга байланыштуу Ыйык Китепте жакшы кеңештер берилет. Аны изилдеп, ошол кеңештердин сага жана сенин үй-бүлөңө, карыз ала турган болсоңор, кандай жардам бере аларын карап көрсөң болот.
Ыйык Китеп жардам бере алабы?
Эң маанилүүсү, Ыйык Китептин жардамы менен ар бирибиз Иегова Кудайга болгон ишенимибизди бекемдей алабыз. Азыркы «оор мезгилдерде» биз, албетте, жардамга муктажбыз (2 Тимофей 3:1). Ыйык Китепте: «Мүнөзүңөр акчага ышкылуу болбосун, бар болуучуга [барына] ыраазы болгула. Себеби Кудай Өзү айткан: „Сени эч убакта калтырбайм жана таштабайм“,— деп. Ошентип биз чечкиндүүлүк менен айтабыз: „Теңир менин жардамчым, мен эч нерседен коркпойм: адам мага эмне кыла алат?“» — деген кеңеш берилет (Еврейлер 13:5, 6). Ооба, камкор Кудайыбызга бекем ишеним өрчүтүү, чынында эле, абдан зарыл!
Ыйык Китеп ар бир адамга өзүнчө «жашооңду тигиндей же мындай кылып өткөр» деп айтпаганы менен, туура жетекчилик берет. Ыйса Матфей 5:3, ЖД). Биз да төмөнкүдөй максат коюуга чакырылабыз: «Биз силерге буюргандай, тынч жашап, өз ишин жасап, өз колуңар менен иштөө үчүн, ынтаалуу аракет кылгыла; ошону менен силер сырткылардын алдында адептүү болуп, эч нерсеге муктаж болбогула» (1 Фессалоникалыктар 4:11, 12). Ал эми каражатына жараша жашабагандардын жашоосу тынч жана кандайдыр бир денгээлде тең салмактуу болобу?
Машайык насаатын угуп жаткандарга: «Рухий муктаждыктарын сезгендер бактылуу» — деп, эң оболу адам өз рухий абалына кам көрүшү керектигин баса көрсөткөн (Кудайдын Сөзү туура ой жүгүртүүгө жардам берет. Аңгемелер китебиндеги накыл сөздөрдүн жазуучусунун: «Мага байлык да, жакырдык да бербе, күндө зарыл нан менен мени азыктандыр, тоюп алып, мен Сенден баш тартпайын жана: „Теңир ким?“ — деп айтпайын. Ошондой эле жарды болуп, уурулук кылбайын жана Кудайымдын ысымын жаманатты кылбайын»,— деп Кудайга айткан суранычында анын тең салмактуу көз карашы көрүнүп турат (Аңгемелер 30:8, 9). Эгерде кээде каражатың аз болуп, ошого жараша жашоого туура келсе, эч уялба. Өзүлөрүн башка бирөөлөр менен салыштыргандарга же материалдык жыргалчылыгына өтө кам санай бергендерге окшоп, бактыңдын дүнүйөңдүн бар-жогунан көз каранды болушуна эч качан жол бербе (Матфей 6:31—33).
Ыйык Китептин жардамы менен жакшы сапаттарды өрчүтсө да болот. Сарамжал болууга үйрөн, бирок битир болбо жана колуңда барга ыраазы боло бил. Эгер жаш болсоң, жашап калган адамдар канчалаган жылдар бою иштеп жатып тапкан буюм-теримдерге бат эле жетем деп ойлобо. Дүнүйөкорлукка кул болбо. «Ал эми баюуну каалагандар азгырылып, торго чалынып, акылсыз жана зыяндуу кумарларга батышат, алар адамдарды кырсыкка жана жок болууга алып келет. Анткени, бардык жаман нерселердин тамыры — байлык (дүнүйөкордук); ошого берилип, кээ бирөөлөр ишенимден четтеп, өздөрүн көп кайгыга дуушар кылышты» — деп, Ыйык Китеп акчадан эмес, дүнүйөкорлуктан сактантат (1 Тимофей 6:9, 10). Бизге чынында эле керектүү болгон нерселер менен жөн гана сатып алгыбыз келген нерселердин айырмасын түшүнүү абдан маанилүү!
Тапкан акчаң өтө эле аз көрүнүп жатса, анда эмне кылса болот? Албетте, сатып алгың келген нерселерден баш тартканыңда, кайгырбай коюу оңой боло бербейт. Ошентсе да карызга батып, мойнуңа оор жүк алгыча, атүгүл бар акчаңдын баарын күбүп бергиче, зарылдыгы аз нерселерден баш тартууга даяр бол. Бардыгын күн мурун кылдат пландаштырып, сарамжал бол. Бу боюнча тажрыйбасы бар досуң менен сүйлөшүп-сурап көрсөң да жакшы кеңештерди алаттырсың. Балким, ишке жаңыча мамиле жасоого үйрөнүш керектир? Кандай жагдайда болбосун, ыйык китептик принциптерди колдонуу, биринчи кезекте рухий нерселерге көңүл бөлүү жана Иеговага толугу менен үмүт артуу өтө маанилүү экенин эсиңен чыгарба (Филиппиялыктар 4:11—13).
Ооба, карыз алуунун түбү жарытары күмөн. Анткени: «Карыз алганың — тузакка кабылганың»,— деп бекеринен айтылбастыр. Карыздын жүгү адамдын үй-бүлөсүнө, ден соолугуна жана рухийлигине зыян келтириши мүмкүн. Карыз ала берип адам ого бетер жакырланышы ыктымал. Аңгемелер 22:7де айтылгандай, «бай кедейге үстөмдүк кылат жана карыз болгон киши карыз бергенге кул болот». Ошондуктан жөнү жок карыз ала берүүдөн сактан. «Өз ара сүйүүдөн бөлөк эч кимге эч нерсе карыз болбогула; анткени башканы сүйгөн киши мыйзамды аткарган»,— деген расул Павелдин ишенимдештерине берген кеңеши азыр да биз үчүн пайдалуу (Римдиктер 13:8).
Сен жашаган өлкөдө кандай экономикалык жагдай өкүм сүрбөсүн, туруктуу ишеним менен Кудайдын жаңы дүйнөсүн күт. Жакында адамзат коому насыя берүүчүлөр менен карыз алуучуларга бөлүнбөй калат. Кудайдын Падышалыгынын башкаруусу тушунда бир да жакыр адам болбойт. Иегованын: «Анткени ал жардамчысы жок кыйкырып жаткан, эзилген, куураган бей-бечараларды куткарат; жакырга жана байкушка ырайым кылат жана байкуштардын жанын сактайт»,— деген убадасы аткарылат (Забур 71:12, 13). Ошондо жердин тургундары эптеп күн көрүштүн азабын тартпай, «тынч турмушка ыракаттанып» жашашат (Забур 36:11).
[12-беттеги сүрөт]
Томас Жефферсон
[Булак]
Гильберт Стюарддын сүрөтү. Courtesy Bowdoin College Museum of Art/Dictionary of American Portraits/Dover
[13-беттеги сүрөт]
Чоң карыздар үй-бүлөнүн ыркын бузушу ыктымал.