Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Келечекке жаркын үмүтү бар кыз

Келечекке жаркын үмүтү бар кыз

Келечекке жаркын үмүтү бар кыз

«ОЙГОНГУЛА!» журналынын редакциясына 12 жашар Стефани аттуу кыздан мындай кат келди. «Мага бул басылмалардын мектептен канчалык чоң пайдасы тийгенин айтып бергим келди,— деп жазат ал.— Жакында мектептен „Маданияттагы айырмачылыктар“ деп аталган үй тапшырма берилген. Биз үйдөгүлөр менен журналдарды барактап чыктык да, ошол темага туура келе турган макалалар менен сүрөттөрдү тандап, кыркып алдык. Анан табылган маалыматтарды стендге чаптадым». Сабактан Стефанинин мугалими класстагыларга тапшырмалардын ичинен эң мыкты аткарылган беш тапшырманы тандоону сунуш кылган. «Эртеси күнү карасам,— деп жазат Стефани,— мыкты деп тандалган беш тапшырманын бири меники экен».

Мисалы, Стефани колдонгон «Ойгонгула!» журналынын 1998-жыл, 22-октябрдагы саны «Качандыр бир убакта адамдардын баары бири-бирин сүйүшөбү?» деп аталган. Иегованын Күбөсү болгондуктан, Стефани ар түрдүү маданияттагы адамдар бири-бири менен тынчтыкта жашай алышарына толук ишенет. Ал — мурунтан душман болуп жүргөн тутсилер менен хутулар, немистер менен орустар, армяндар менен түрктөр, япондор менен америкалыктар Ыйык Китептеги чындыктын негизинде бириккен эл аралык бир туугандыктын мүчөсү. Ал бир туугандыктын мүчөлөрүнүн баары Жараткандын үлгүсү боюнча жүрүүгө умтулушат. Кантип? Буга Стефанинин тапшырмасында келтирилген: «Кудайда бет карамалык жок, бирок ар бир элден Кудайдан корккон жана туура иш кылгандары Ага жагымдуу»,— деген ыйык китептик аяттардан жооп алууга болот (Расул 10:34, 35). Иегованын Күбөлөрү башкаларга кылган мамилелеринде дал ошондой калыстык көрсөтүүгө чындап аракеттенишет.

Стефани жакында Кудайдын Падышалыгынын, Ыйык Китепте убада берилгендей, бүтүндөй жер жүзүнө эң сонун шарттарды орноторун күтөт (Аян 21:3, 4). Ал — азыркы жаштардын көбү келечекке коркунуч, үмүтсүздүк менен караган дүйнөдө жаркын келечекке үмүттөнүп жашагандардын бири.