Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Колуңарды жууп, аарчып жүргүлө!

Колуңарды жууп, аарчып жүргүлө!

Колуңарды жууп, аарчып жүргүлө!

СЫРКООЛОП же жугуштуу оору менен ооруп калышыбызга эмне себеп болот? Жугуштуу ооруларды контролдоп, эпидемиялогиялык текшерүү жүргүзгөн Америка адистеринин ассоциациясынын билдирүүсү боюнча, ал оорулардын, эң аз дегенде, 80 пайызы аба аркылуу эмес, кол аркылуу жугат. Колду жууп жүрүү оорулардын таралышына жол бербөөнүн өтө маанилүү жолдорунун бири болуп эсептелет. А бирок айрымдар ажатканага кирип чыккандан, чимкиргенден кийин же тамак ичердин, тамак жасаардын алдында колун дайыма эле жууй беришпейт. Көптөр андай учурларда колун сөзсүз жууйт. Бирок адам колун шаша-буша, чала-була жууса, анын оору жугузуп алары ажеп эмес.

Колду аарчуунун да мааниси чоң. Англиядагы Вестминстер университетинин изилдөөчүлөрүнүн билдирүүсү боюнча, көп адамдар колдорун жакшы аарчыбайт, айрыкча, кол кургаткыч колдонушканда, чалагайым кургатышат. Ал эми башкалары, колун жуугандан кийин, кийимдерине эле аарчып коюшат. Бул ар кыл зыяндуу микроорганизмдердин таралышына алып келет. Изилдөөчүлөрдүн айтымы боюнча, колду кургаганча аарчыш керек, ошондо да таза сүлгү менен же бир жолу колдонулуучу кагаз сүлгү менен аарчыган жакшы.

АКШнын Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору тарабынан төмөнкүдөй кеңештер берилет:

• Колуңарды дайыма жылуу, агып турган сууга жумшак самын менен жуугула. Эгер колуңарды агып турган сууга эмес, чарадагы сууга жуушка туура келсе, колдонгондон кийин чараны дезинфекциялап тургула. Ным сүлгү менен аарчыганда, кол тийиштүү түрдө кургабайт.

• Самынды көбүртүп алгыла да, колуңарды, эң болбоду дегенде, 15 секунд жышып жуугула. Алаканды, колдун сыртын, манжалардын арасын, тырмактардын астын таза жуугула.

• Колуңарды жылуу, агып турган суу менен чайкагыла.

• Колуңарды пайдаланыла элек сүлгү менен же бир жолу колдонулуучу таза кагаз сүлгү менен аарчыган соң, таза колуңар менен кранды, илгичтерди кармабагыла.

• Кранды сүлгү менен кармап жапкыла.

• Балдар колун жууп жатканда агып жаткан сууга жеткидей бийиктикте турушу керек. Балага жогоруда айтылгандардын баарын туура аткарууга жардам бергенден кийин, өзүңөрдүн да колуңарды жууганды унутпагыла.