Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Оор жоготуу менен күрөшүү

Оор жоготуу менен күрөшүү

Оор жоготуу менен күрөшүү

АЙТЫП БЕРГЕН ЖЕЙМС ЖАРРАНО

Небере көрүү деген кандай бакыт! Биз Вики экөөбүз биринчи неберебизди ана төрөлөт, мына төрөлөт деп күтүп жаттык. Кызыбыз Тереза менен күйөө балабыз Жонатан 2000-жылдын октябрында балалуу болушмак. Кубанычыбыз койнубузга батпай күтүп аткан маалыбызда орду толгус жоготууга учурап каларыбыз оюбузда жок эле.

АЯЛЫМ экөөбүз уул-келинибиз менен 23-сентябрда, ишемби күнү, эс алганы сапар тарттык. Түндүк Каролинадагы Аутер-Бенкс деген жерде бир жума эс алып, туугандарыбызды көрө келели дедик. Тереза менен Жонатан биз менен барбай эле коёлу деп чечишти, анткени Терезанын ичиндеги балага тогуз ай болуп калган эле. Анын үстүнө, биз турган жер, Огайо, менен Аутер-Бенкстин ортосундагы аралык өтө эле узак — машине менен 11 сааттык жол.

Биз деле барбай эле коё туралы десек, Тереза менден кабатыр болбой бара бергиле деп көндүрүп койду. Анын үстүнө, врачтын айтымы боюнча, Тереза ай-күнүнө жетип төрөмөк, ал эми ага али эки жумача бар болчу.

2000-жылдын 27-сентябры, шаршемби күн, ушундай бир купулума толуп турду. Ошон үчүн акыркы жылдары үй-бүлөбүз эс алганы эмнеге так ушу жерди тандап жүргөнү эсиме келип жатты. Ошол күнү жашообуздун мынчалык чукул өзгөрөрү үч уктасак да түшүбүзгө кирген эмес.

«Тереза жок!»

Ошол кечте Огайодон иним чалды. Ал кекечтенип, кыйналып атып, акыры, араң: «Тереза жок!» — деди. Алар бул тууралуу полицияга да билдиришиптир, себеби анын жок болуп кетишинин жагдайы өтө шектүү экен. Бешимде Жонатан үйгө келсе — кире бериш эшик ачык. Терезанын эртең мененки тамагы али үстөлдө турат, сумкасы болсо ордунда. Дагы бир шектенткен нерсе — көтөргөнү тогуз ай болгондуктан, бут кийимдеринин ичинен бирөө эле чак келип калган болчу, анысы да эшиктин жанында туруптур.

Акыркы жолу Жонатан Тереза менен эртең мененки саат 9.30дарда сүйлөшкөндө, ал алардын сатып аткан машинеси жөнүндө сурап чалган бир аялды күтүп атканын айткан экен. Анан аны-муну алганы дүкөнгө барып келем дептир. Жонатан түштө дагы чалса — телефонду эч ким албаптыр. Түштөн кийин да кайра-кайра чалыптыр — баягыдай эле эч ким жооп бербейт. 16.15те үйгө келгенде, машиненин өз ордунда жок экенин байкайт. Терезанын толгоосу келип калып, ошол жакка кетип жүрбөсүн деп, төрөтканага чалса — ал жакка барбаптыр. Жонатан туугандарыбыздын айрымдарына чалат — алардын бири да Терезанын дайынын билбейт. Чындап тынчсыздана баштаган күйөө балабыз анан полицияга чалыптыр. Полиция кызматкерлери саат бир кечки алтыларда машинени алардын үйүнөн алыс эмес жерден табышыптыр. Бирок Терезаны дагы деле таба алышпаптыр.

Бул суук кабар бизге Түндүк Каролинада жүргөн кезибизде жетти. Аялым экөөбүз, уул-келиним менен ошол жерден эле кийим-кечебизди жыйыштырып, жолго чыктык. Үйдү көздөй келатканда же санаа, же жол бир түгөнсөчү. Түн ката жол жүрүп, эртеси күнү таңында Огайого кирип келдик.

Изи табылды

Ал ортодо Жонатан менен туугандарыбыз, жакын жолдоштору жана да башкалар полицияга жардам берип, түнү бою Терезаны издешиптир. Беш күн бою жан далбаска түшүп издедик. Дүйшөмбү, 2-октябрь дегенде барып араң изи табылды. Ал арада полиция шаршемби күнү эртең менен Терезанын үйүнө каяктан телефон чалынганын аныктай алышты. Жонатан менен Терезанын үйүнөн бир нече маала (квартал) арыраак жашаган бир аял чөнтөк телефонунан чалыптыр.

Ал аялды суракка алышкандан кийин, полиция кызматкерлери шекший башташты. Ошол эле күнү кечинде полиция аялдыкына кайра барды. Бирок анын эшигине жетишкенде, мылтыктын үнү угулат. Үйүнө кирип барышса — аял өлүп жатат. Атынып өлүптүр. Үйдүн экинчи кабатында жаңы төрөлгөн баланын уктап жатканын көрүп алар таң калышыптыр. Кызык, бала ылдый жактагы тарса-турстан ойгонуп да койбой, уктай берген экен!

Бирок Терезаны баягыдай эле таба алышпады. Анын бул үйдө болгонунун кичине да болсо белгисин табуу максатында полиция бир нече саат бою үйдү тинтти. Тинтүү иши шейшемби күнү эртең менен гараждын ичинен барып бүттү. Ошол жактагы анча терең эмес чуңкурдан кызыбыздын денеси чыкты. Кийинчерээк тергөөчү Терезанын адегенде эсинен тангыдай кылып бир урулганын, анан ийинге атылганын айтты. Мүрт кеткен экен. Анан гана ичинен баласы алынып чыгарылыптыр. Эми ошолорду ойлоп жатып, жок дегенде, кыйналбаптыр деп соороносуң.

Баланы ооруканага алпарышканда, врачтар карап көрүп, бардыгы жайында экенин билдиришти — эч бир жери эчтеке болбоптур! Генетикалык текшерүү менен анын биздин неберебиз экени далилденди. Жонатан анын атын Оскар Гевин деп койду. Бул атты уулуна Тереза экөө тандаптыр. Салмагы дээрлик 4 килограмм болгон неберебизди ооруканада көпкө кармашкан жок: аны бейшемби күнү, 5-октябрда атасынын колуна беришти. Абдан сүйүндүк, анткен менен жаныбызда Терезанын жоктугуна каңырыгыбыз кандай түтөгөнүн сөз менен жеткире албаспыз. Баласын колуна ошондо Тереза кармап турушу керек эмес беле.

Шаар тургундарынын жардамы

Жан-жакадагыларыбыздын (алардын көпчүлүгүн тааныбайбыз) жардамын көрүп, биз жашыбай коё албадык. Тереза табылбай жаткан күндөрү жүздөгөн адамдар өз ыктыяры менен кошо издешип, дагы көптөрү акча-тыйын алып келип атышты. Канцелярия буюмдарын саткан бир канча жергиликтүү дүкөндөр миңдеген баракчаларды бекер чыгарып беришти. Өз ыктыяры менен жардам берип жаткандар болсо ал баракчаларды Терезанын үйүнөн алда канча чакырым алыс жаткан жерлерге чейин таратышыптыр.

Бир ишенимдешибиз менен чогуу иштеген жергиликтүү адвокат башыбызга кандай кырсык түшкөнүн угуп, жардамын сунуш кылыптыр. Биз макул болдук. Абдан туура кылган экенбиз: адвокат из суутпай келип жаткан журналисттерге туура жооп берүүгө, күтүүсүздөн пайда болгон юридикалык маселелерди чечүүгө жардам берип жатты. Ошондой эле анын сунушу боюнча эки жеке детективди жалдадык. Алардын бул иштин ачылышына көп салым кошкону, бизге чын ниеттен мамиле жасаганы таасирлентпей койгон жок.

Ал эми неберебиз табылгандан кийин, андан да көп жардам көрсөтүлө баштады. Бир канча азык-түлүк дүкөндөрү тамак-аш, үй тиричилигинде керектелүүчү аны-мунуларды салып жиберишкен экен. Оскарга деп көптөр кийим-кечек, бир ирет колдонулуучу жалаяк, балдар үчүн жасалма тамак жана оюнчук-союнчуктарды алып келе башташты. Алып келингендердин көптүгүнөн жарымын жергиликтүү оорукананын төрөт бөлүмүнө берүүгө туура келди. Иштин жүрүшүн маалымат каражаттары жарыялап тургандыктан, жергиликтүү элден гана эмес, дүйнө жүзүнүн булуң-бурчундагылардан миңдеген открытка, кат алып жаттык.

Өзгөчө, 8-октябрда Терезаны эскерүүгө арналган аза сөзгө көп киши келди. Келгендер аз болбосун билсек да, ошончолук көп эл келет деп күткөн эмеспиз. Аза сөз жакын арадагы мектептин атайы залында айтылды. 1 400дөн ашуун адам катышкандыктан, залдын ичи элге жык толду. Алардын арасында туугандарыбыз, жолдошторубуз, полиция кызматкерлери, шаардын мэри жана башка тургундары, ошондой эле маалымат каражаттарынын өкүлдөрү болду. Сөздү жергиликтүү телекөрсөтүү жаздырып жатты, ошол эле учурда Интернет аркылуу түз трансляцияланып атты. Жүздөгөн кишилер мектептин далисинде, күндүн жааганына карабай, эшикте туруп, үн күчөткүчтөр аркылуу угуп жатышты. Бул сөз аркылуу Ыйык Китепке негизделген ишенимдер тууралуу чоң күбөлүк берилди.

Аза сөз айтылып бүткөндөн кийин, жүздөгөн адамдар, кайгыбызга ортоктош экенин айтыш үчүн, чыдамкайлык менен кезек күтүп турушту. Биз келгендердин баарына, кайгыбызды тең бөлүшүүнү каалашканы үчүн, кучактап ыраазычылыгыбызды билдирип, үч саатча турдук. Анан жакын жердеги мейманкана 300 кишиге — туугандарыбызга, жакын досторубузга жана неберебизди табууга жардам бергендердин баарына — тамак даярдап берүүгө даярдуулук менен макул болду.

Бизге көмөктөшкөндөрдүн баарына (алардын көбү биз тааныбагандар) абдан ыраазыбыз. Бу кырсык дити таза, боорукер адамдардын али да көп экенин көрсөтүп, аларга Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жеткирүүгө болгон чечкиндүүлүгүбүздү ого бетер бекемдеди (Матфей 24:14).

Жыйналыштагылардын жардамы

Бул оор сыноо башка түшкөндөн тартып эле биз камкор ишенимдештерибиздин курчоосунда болдук. Иегованын Күбөлөрүнүн жергиликтүү жана кошуна жыйналышындагылар чоң жөлөк болушту.

Биз Түндүк Каролинадан жете электе, жыйналыштын аксакалдары Терезаны издөөгө чара көрүүгө жардамдашыптыр. Ишенимдештерибиздин көбү Терезаны издешкени жумушунан суранып келишиптир. Кээ бирлери жумуш жетекчилеринен өз эсебинен бош күн алууну сурашса, айрым жетекчилер айлыктан кармабай эле бош күн беришкен экен. Терезаны издеп жатышканда, Жонатан жалгыз калбасын деп, бир нече ишенимдештерибиз жанында болушуптур. Көптөгөн бир туугандырыбыз келип, үйдөгү тазалыкка каралашып атышты. Башкалары өз ыктыяры менен жардам берип аткандарга тамак-аш даярдап, телефон чалгандарга жооп берип турушту.

Кызыбыздын кайтыш болгонунан бир жарым ай өткөндө, аялым менен күйөө балабызга дагы бир өтө кыйын иш аткарууга туура келди — Терезанын кийим-кече, буюм-теримдерин чогултуп, үйдөн чыгарыш керек болду. Жонатан кайра ал үйдө жашагысы келген жок, ошондуктан аны сатууну чечти. Терезанын буюм-теримдерин жыйноо алар үчүн абдан кыйын иш болду: жүрөктү ого бетер кансыратып, бардыгы Терезаны эстетип туруп алды да. Анда да ишенимдештерибиз жардам беришти. Алар эмерек-буюмдарды коробкаларга салыштырып, ал түгүл үйдү сатыш үчүн, зарыл болгон ремонтту да жасап беришти.

Эң негизгиси, ишенимдештерибиз бизге рухий жана эмоциялык жактан жөлөк-таяк болушту. Ахыбалыбызды билиш үчүн, телефон чалып, келип-кетип атышты. Көптөрдөн жүрөк козгогон открытка, каттар келип жатты. Бул бир нече күн же жума түгүл, көптөгөн айларга созулду.

Канчалаган ишенимдештерибиз ичибиздеги букту чыгарып, сүйлөшүп алууну кайсы убакта кааласак, ошол замат кайрылып турушубузду суранышты. Алардын бул мээримдүү сунушун биз көп ирет колдондук. Жүрөгүңдү өйүп жаткан ойлоруңду өзүңдүн жакшы көргөн, ишенген досторуң менен бөлүшсөң, кандай жеңилдей түшөсүң! Андай достор тууралуу Ыйык Китептеги накыл сөздө: «Жан жолдош ар убакта сүйөт, кырсык тийген убакта ал бир туугандай жардамга келет»,— деп айтылган эмеспи (Аңгемелер 17:17; 18:24).

Кырсыктын үй-бүлөбүзгө тийгизген таасири

Жашырганда эмне, Терезанын киши колдуу болуп өлүшүнөн кийин, кайрадан жашоонун кадимки нугуна түшүү биз үчүн оңой-олтоң нерселерден эмес. Бул окуя жашообузду бүт бойдон астын-үстүн кылды. Кээде кызымдын жанымда жок экенин ойлоп, жанымды коёрго жер таппаган маалдарым болот. Анын кучактап, өпкөнүн сагынам.

Жубайым менен Тереза бири-бирине өтө ынак болушчу. Экөө сүйлөшпөй калган бир да күн болчу эмес. Терезанын кош бойлуулугу тууралуу, канча саат болбосун, сүйлөшө беришер эле. Бала жатар бөлмөнү да чогуу камдашкан.

Вики да өзүнүн сезимдери менен бөлүшөт: «Менин сагынган нерселерим да көп. Экөөбүздүн Падышалык кабарын айтканыбызды, чогуу дүкөн кыдырганыбызды сагынам. Баарынан да, баланын жанында болбогонун көрүп, жүрөгүм туз куйгандай ачышат. Оскарды төрөлө элегинде эле ал кандай жакшы көрөрүн мен билчү элем да. Өзү уулдуу болорун билчү. Балага деп жууркан тигип бергенимде, Тереза мага минтип открытка жазыптыр:

«„Алтыным, апа.

Балага тигип берген сонун жуурканың үчүн чоң рахмат. Буга сенин көп күч жумшаганыңды мен билем. Мага эң оор учурларда жардам берип, жөлөп-таяп келгениңе ушунчалык ыраазы экенимди дагы бир жолу айткым келди. Мен аныңды эч качан унутпайм, дайыма баалаймын. Бир күнү чоңойгондо, эң жакын досуң өз энең экенин түшүнөсүң дегениңди уккан элем. Ошол сөздүн чынын түшүнүүгө мага көп убакыт керектелбегени үчүн Иеговага күн сайын ырахмат айтам. Мен сени дайыма жакшы көрөм“».

Күйөө балабыздын кыйналганын көрүп да абдан жаныбыз кейиди. Оскар али ооруканада экенинде, Жонатанга өтө оор иш жасоого туура келди. Ал биз менен жашап турууну чечкендиктен, үйүндөгү Тереза экөө жасалгалап балага деп даярдашкан бөлмөдөгү буюмдарды жыйнаштырып, алып келиш керек болду. Ал баланын терметме атын, керебетин, оюнчуктарын чогултуп, биздин үйгө көчүрүп келди.

Күйүттү көтөрүүгө жардам

Жакын адамыңан ушинтип күтүлбөгөн жерден ажыраганыңда, көптөгөн каршы-терши ой-суроолор, сезимдер пайда болот. Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышында аксакал болгондуктан, менин ошондой суроолору, сезимдери бар ишенимдештеримди соороткон учурларым болгон. Бирок керт башыңа күн түшсө, тең салмактуу ойлонууга күйүт тоскоолдук кылат экен.

Мисалы, эс алганы кетип баратканыбызда, Терезанын ахыбалын билип, Иеговадан кызымды коргоп-колдошун сурагам. Ал эми анын өлүк денеси табылганда, чынын айтсам, тиленүүлөрүмдүн эмне үчүн жоопсуз калганын адегенде түшүнө албай жаттым. Албетте, мен билем, Иегова өзүнүн кызматчыларынын ар бирин коргош үчүн керемет көрсөтүп турууну убада кылган эмес. Бирок Иеговадан бардыгын туура түшүнүүгө жардам беришин сурап тиленип жаттым. Кудайдын өз элин рухий жактан коргоорун — биздин аны менен болгон мамилебизди сакташ үчүн керектүү чараларды көрөрүн — түшүнгөндүктөн соороно баштадым. Коргоонун ошол түрү баарынан маанилүү, анткени Кудай менен болгон мамилебизден келечегибиз көз каранды. Иегова Терезаны ушул жактан коргогон. Ал мезгилсиз кайтыш болгон маалында Иегованын ишенимдүү кызматчысы болчу. Терезанын келечеги Иегованын мээримдүү колунда экенин билгендиктен да соороном.

Мени айрыкча Ыйык Китептеги бир нече аяттар жубатты. Күйүттү көтөрүүгө жардам берген ошол аяттардын кээ бирлери булар:

«Адилеттүүлөрдүн да, адилетсиздердин да тирилүүсү болот» (Расул 24:15). Ыйык Китептин адамдардын жердеги бейиште тирилтилери жөнүндөгү убадасына мен көптөн бери ишенем. Азыр болсо ошол үмүтүм ого бетер курчуду. Терезаны кайрадан кучактаарымды билүү мага күн сайын жашоого күч берет.

«Кудай... өлгөндөрдүн эмес, бирок тирүүлөрдүн Кудайы, анткени Ал үчүн бардыгы тирүү» (Лука 20:37, 38). Бир күнү кайра тириле турган маркумдар Иегова үчүн азыр да «тирүү» экенин билүү тынчтандырат. Анын көз алдында Терезабыз тирүү.

Вики да өзүн Ыйык Китептин кайсы аяттары өзгөчө жубатарын айтып бергиси келет.

«Кудай калп айтышы мүмкүн эмес» (Еврейлер 6:18, СК; Тит 1:2). Иегова калп айтышы мүмкүн эмес, ошон үчүн мен анын өлгөндөрдү тирилтем деген убадасын аткарарын билем.

«Буга таң калбагыла, анткени мүрзөлөр [«эстелүүчү мүрзөлөр», ЖД] ичинде жаткандардын баары Кудай Уулунун үнүн уга турган учур келет жана... тирилишет» (Иоанн 5:28, 29). «Эстелүүчү мүрзөлөр» деген сөздөр Иегованын Терезаны, Уулу Ыйса тирилткенче, эсинен чыгарбасына ишенүүгө негиз берет. Тереза үчүн Иегованын жеткилең эс-тутумунан өтөр коопсуз жер жок экени мага белгилүү.

«„Сыйынганда жана жалынганда Кудай алдында өзүңөрдүн каалооңорду ыраазылык менен ачкыла жана бардык акылдан жогору турган Кудайдын тынчтыгы, Ыйса Христосто силердин жүрөгүңөрдү жана силердин ойлонууңарды сактайт“ (Филиппиялыктар 4:6, 7). Асыресе, Иеговадан ыйык руху аркылуу күч-кубат беришин сурайм. Чындап жаным кейип турганда, Иеговага кайрылып, мага руху менен андан да көп кайрат беришин сурайм, ошондуктан Кудай дагы бир күн чымырканып жашоого жардам берет. Кээде сүйлөөгө да дарманым келбей калат, бирок Кудай мага таптакыр көңүл чөгөт болуп кетпөөгө күч берет».

Иегова чынында эле бул оор жоготууну көтөрүүгө жардам берип атат. Терезадан ажыраганы күйүтүбүз дале басыла элек, андыктан аны Иегованын жаңы дүйнөсүнөн кучагыбызга кысмайынча, кайгыбыз толугу менен басылбасын түшүнөбүз. Ал эми ошол маалга чейин биз Кудайга дагы да бекем берилгендик менен кызмат кылгыбыз келет. Жонатан Оскарды Иегованы сүйгөн, ага кызмат кылган адам кылып тарбиялоого аракеттенип жатат. Вики экөөбүз болсо ага колубуздан келишинче жардам беребиз. Биздин көптөн-көп каалаганыбыз — Кудайдын жаңы дүйнөсүндө Терезаны тосуп алып, колуна алып көтөрбөй калган уулу менен тааныштыруу.

[23-беттеги сүрөт]

Кызыбыз Тереза баласынын жүрөк кагышын угуп жатат.

[24-беттеги сүрөт]

Аза сөздү укканы келгендер бизге чоң кубат берди.

[26-беттеги сүрөт]

Аялым Вики экөөбүз Терезанын үйлөнүү тоюнда.

Неберебиз Оскар.