Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тиленүү мага кандайча жардам бере алат?

Тиленүү мага кандайча жардам бере алат?

Жаштар сурайт:

Тиленүү мага кандайча жардам бере алат?

«Тиленүү жашоомдо бардыгын өз-өз жайына коюуга жардам берди» (Брэд) *.

КУДАЙГА көптөгөн жаштар тиленишет. Алардын саны сен ойлогондон да көп болушу мүмкүн. Гэллап институту тарабынан 13—17 жаштагы өспүрүмдөр арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо алардын 56 пайызы тамактанар алдында Кудайга кайрылышарын көрсөткөн. Ал эми 62 пайызы күн сайын тиленишерин айтышкан.

Анткен менен көптөгөн жаштар үчүн тиленүү жөнөкөй эле ырым-жырым же күнүмдүк иштердин бири гана. «Кудайды таанып-билген» жаштар аз (Колоссадагылар 1:9, 10). Ошол себептүү алардын жашоосунда Кудай олуттуу орун ээлебейт. Башка бир сурамжылоодо өспүрүмдөргө: «Маанилүү чечим кабыл алыш керек болгон кездерде Кудайга жардам сурап кайрылып көрдүңөр беле?» — деген суроо берилген. Буга бир кыз: «Мен Кудайдан жашоодо туура жол тандоого жардам бер деп дайыма тиленем»,— деп жооп берген. А бирок, ошол эле убакта, ал: «Эмнелерди айтып тиленгенимди азыр эстей албайм»,— деп мойнуна алган. Ошондуктан жаштардын көпчүлүгүнүн тиленүүнүн күчүнө, анын жардам бере аларына ишене бербеси таң калыштуу эмес.

Бирок миңдеген жаштар, жогоруда оюн билдирген Брэдге окшоп, тиленүүнүн күчүнө өз тажрыйбасынан улам ынанышкан. Сен да ошого ынана аласың! Ушул рубриканын мындан мурунку макалаларынын биринде Кудай биздин тиленүүлөрүбүздү угуп, кабыл кыларына эмне себептен ишене аларыбыз талкууланган *. Эми тиленүү кандайча жардам берерин талкуулайлы. Оболу, Кудайдын тиленүүлөрүбүзгө кандайча жооп берерин карап көрөлү.

Кудай тиленүүлөргө кантип жооп берет?

Байыркы убактарда Кудайга ишеним туткан кишилер тиленүүлөрүнө айкын жооп алышчу, кээде керемет жолу менен да. Мисалы, Езекия падыша оорусунан айыкпай өлөрүн билгенде, Кудайдан аман калтырууну жалынып-жалбарып сураган. Кудай ага мындай деп жооп берет: «Сенин көз жашыңды көрүп, сыйынганыңды уктум. Мына, сени Мен айыктырам» (4 Падышалык 20:1—6). Кудай өзүнөн корккон башка да эркектер менен аялдарга жардам берген (1 Падышалык 1:1—20; Даниил 10:2—12; Расул 4:24—31; 10:1—7).

А бирок Кудайдын кийлигишүүсү ал маалдарда деле дайымкы нерсе болгон деп ырастоого болбойт. Көбүнчө Кудай өзүнүн кызматчыларынын тиленүүлөрүнө кереметтер аркылуу эмес, «акылмандуулук жана рухий түшүнүк менен Анын каалоосун түшүнүүгө» жардам берип жооп берген (Колоссадагылар 1:9, 10). Кудай өзүнүн элин рухий жана адептик жактан чыңдап, аларга жардам көрсөткөн: туура чечим кабыл алыш үчүн, акылмандык жана билим берген. Ыйсанын жолдоочулары оор жагдайларга кабылышканда, Кудай аларды дайыма эле сыноодон куткара берген эмес. Андай учурда, алар туруштук бериш үчүн, ал «артык кудурет» берип турган (2 Коринфтиктер 4:7; 2 Тимофей 4:17).

Бүгүнкү күндө да тиленүүбүзгө керемет жолу менен жооп алабыз деп күтпөшүбүз керек. А бирок Кудай сага, кандай кыйынчылыктарга болбосун туруштук бере алышың үчүн, байыркы убактардагыдай эле, ыйык руху аркылуу күч-кубат берет (Галатиялыктар 5:22, 23). Маселен, тиленүүнүн кандай төрт жол менен жардам берерин талкуулайлы.

Чечим кабыл алууда жардам берет

Карен чоң рухий максаттары бардай көрүнгөн бир жигит менен сүйлөшүп жүрчү. «Ал дайыма жыйналыштын аксакалы болгусу келерин айтчу»,— дейт Карен. Жигитинин айткандары анын жакшы максаттарды көздөөрүн көрсөткөнсүгөнү менен, Карен мындай дейт: «Ал жакында эле баштаган бизнеси, мага сатып бере ала турган буюм-теримдер жөнүндө да көп сүйлөчү. Мен анын рухий максаттарына жетүүнү чындап каалаарына күмөн саначу болдум». Карен бул тууралуу тилене баштаган. «Иеговадан ал жигиттин мен билбеген жактарын көрө алышым үчүн көзүмдү ача көр деп сурачумун»,— дейт ал.

Кээде тиленгениңдин өзү эле пайдалуу, анткени тиленүү бардыгына Кудайдын көз карашы менен карап, ойлонуп көрүүгө жардам берет. Бирок Каренге иш жүзүндө да жардам керек болчу. Ал керемет жолу менен жооп алат беле? Ыйык Китептеги Дөөт падыша жөнүндө айтылгандарды эстеп көрөлүчү. Дөөт ишенимден чыккан уулу Авессаломго жандосум деп эсептеп жүргөн Ахитофелдин кеңеш берип жүргөнүн билгенде, минтип тиленген: «О, Теңирим! Ахитофелдин кеңешин бүлгүндөй көр» (2 Падышалык 15:31). Анан Дөөт өзүнүн тиленүүсүнө жараша иш-аракет кылган. Досу Хусийге ал: «Мен үчүн Ахитофелдин кеңешинин тымтыракайын чыгарасың»,— деген (2 Падышалык 15:34). Карен да ошенткен: ал жигитин жакшы билген жыйналыштын тажрыйбалуу аксакалы менен сүйлөшүп көрөт. Аксакал Карендин сүйлөшкөн жигитинин рухий ийгиликтерди жасап атканы көп деле байкалбаганын айтып, анын шек саноолору негиздүү экенин көрсөткөн.

«Ошондон кийин тиленүүнүн күчүнө ого бетер ишене баштадым»,— дейт Карен. Өкүнүчтүүсү, кийинчерээк ал жигит материалдык кызыкчылыктарга баш-оту менен берилип кетип, Кудайга кызмат кылбай калган. «Эгерде аны менен баш кошсом,— дейт Карен,— жыйналыштарга жалгыз келип жүрмөк экенмин». Тиленүү Каренге туура чечим кабыл алышка жардам берген.

Ой-сезимдерди башкарууга жардам берет

«Акмак өзүнүн бүт каарын чачат,— деп айтылат Аңгемелер 29:11де,— а акылман өз ачуусун кармап калат». Бүгүнкү күндөрдө көптөгөн адамдар эмоциялык жактан чоң кысымда жашашкандыктан, өзүлөрүнүн ой-сезимдерин башкара албай калышат. Айрым учурларда бул кайгылуу натыйжага алып келет. Брайан аттуу жаш жигит: «Иштеген жеримде бирөө менен ыркыбыз келишчү эмес. Бир жолу ал колуна бычак алды»,— дейт. Мындай жагдайда сен эмне кылмаксың? Брайан тилене баштаган. «Иегова мага ачууланбоого жардам берди. Анан мен аны бычагын таштоого көндүрө баштадым. Ал бир убакта бычагын таштады да, ары басып кетти»,— дейт Брайан. Ал ошол маалда өзүн колго алып, башкара алган. Балким, ал дал ошон үчүн аман калгандыр.

Албетте, сага кимдир бирөө бычак такаган учурлар кездешпеген чыгар. Бирок ой-сезимдерди башкара билүү талап кылынган учурлар жашоодо аз эмес. Тиленүү сага өзүңдү колго ала билүүгө жардам берет.

Тынчсыздануу менен күрөшүүгө жардам берет

Жашоосундагы оор мезгилди эстеп, Барбара: «Жумушумда да, үй-бүлөмдө да, досторум менен болгон мамилемде да ишим оңунан чыкпагансып туруп алды. Эмне кыларымды билбей бушайман болдум»,— дейт. Барбара көнгөн адаты боюнча эле тилене берген. Бирок анын бир кыйынчылыгы бар болчу. «Мен Иеговадан эмне деп сурарымды билчү эмесмин,— дейт ал.— Акыры, жан-дүйнөмдүн тынч болушун сурай баштадым. Кудайдан күндө кечинде тычсызданбоого жардам беришин сурап жаттым».

Тиленүү ага жардам бергенби? «Бир нече күндөн кийин, кыйынчылыктарым чечилип калбаса да, алар тууралуу мурдагыдай көп ойлонбой калганымды байкадым»,— дейт ал. Ыйык Китеп мындай убада берет: «Дайыма сыйынганда жана жалынганда Кудай алдында өзүңөрдүн каалоолоруңарды ыраазылык менен ачкыла... Бардык акылдан жогору турган Кудайдын тынчтыгы, Ыйса Христосто силердин жүрөгүңөрдү жана силердин ойлонууңарды сактайт» (Филиппиялыктар 4:6, 7).

Кудай менен жакындашууга жардам берет

Пол аттуу өспүрүм менен мындай окуя болгон. «Туугандарымдыкына жаңы эле көчүп келгем,— деп айтып берет ал.— Бир жолу түнүчүндө ушунчалык жалгызсырадым. Мектепти аяктаганыман аз эле убак өткөндүктөн, мурунку досторумду сагынып жүргөм. Биз чогуу жүргөн сонун күндөрдү эстеп, мен ыйлап жибере жаздадым». Анан Пол эмне кылган? Ал өмүрүндө биринчи жолу жан-жүрөгү менен Кудайга тиленет. «Жүрөгүмдөгү сезимдин баарын ачып, Иеговадан мага күч, жан-дүйнөмө тынчтык беришин сурандым»,— дейт Пол.

Кийин эмне болгон? Пол: «Эртеси ойгонсом — ушунчалык жеңилдеп калыптырмын, өзүмдү өмүрүмдө андай жеңил сезген эмесмин. Баш аламан ойлордун ордуна „бардык акылдан жогору турган Кудайдын тынчтыгы“ пайда болгонун сездим»,— деп эскерет. Эми, жүрөгү тынч алгандан кийин, Пол тунугураак ойлоно алган. Көп өтпөй ал өткөн «сонун күндөрүнүн» андай деле сонун болбогонун түшүнгөн (Үгүтчү 7:10). Чын-чынына келгенде, анын катуу сагынган «достору» ага жакшы таасир тийгизген эмес.

Бирок, баарынан маанилүүсү, Иегованын камкордугун Пол өзү сезип көргөн. Ал Жакып 4:8деги: «Кудайга жакындагыла, Ал силерге жакындайт»,— деген сөздөрдүн калетсиздигин түшүнгөн. Ошол окуя Пол үчүн жашоосунда чоң бурулуш жасоого себеп болгон: ал Иегова менен болгон мамилесин жашоосундагы эң маанилүү нерсе деп эсептей баштагандыктан, өзүн Кудайга арнаган.

Кудай менен сүйлөш!

Айтылып кеткен окуялар тиленүү аркылуу жардам алууга болорун далилдейт. Бирок жардамды Кудайды таанып-билүүнү жана аны менен достук мамиле өрчүтүүнү чындап кааласаң гана аласың. Тилекке каршы, андай достук мамиле өрчүтүүгө шашылбаган жаштар көп. Мисалы, Ыйсанын жолун жолдогон үй-бүлөдө чоңоюп-өскөн Карисса: «Иегова менен эч нерсеге салыштырылгыс өз ара мамиленин канчалык маанилүү экенин толук түшүнгөнүмө бир нече эле жыл болду деп эсептейм»,— дейт. Жанараак сөз кылынган Брэд да чындык жолунда тарбияланган болсо да, чыныгы сыйынуудан бир канча жылга четтеп кеткен. «Мен эмнеден кол жууганымды түшүнгөндөн кийин гана Иеговага кайрылдым,— дейт ал.— Кудай менен жакын мамиледе болбосоң, жашоонун кандай кубанычсыз, маңызсыз болорун мен азыр билип калдым».

Кудайга жакындаш үчүн, башыңа кыйынчылык түшкүчө күтүп олтурба. Аны менен азыр, дайыма сүйлөш! (Лука 11:9—13). «Көңүлүңдөгү сырды Ага айт» (Забур 61:9). Ошондо көп өтпөй тиленүүнүн чынында эле сага жардам берерин байкайсың.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 6-абз. «Ойгонгула!» журналынын 2001-жыл, июль— сентябрь айларындагы санынын «Жаштар сурайт» рубрикасындагы «Кудай тиленүүлөрүмдү угабы?» аттуу макаласын кара.

[18-беттеги сүрөт/кутуча]

Тиленүүнүн жардамы менен

● туура чечим кабыл аласың,

● татаал жагдайларда өзүңдү башкара аласың,

● ашыкча тынчсызданбай каласың,

● Кудай менен жакын мамиледе болосуң.