Тукум курут болуп бараткан жаныбарлар
Тукум курут болуп бараткан жаныбарлар
СЭМДИН, мына бул сүрөттөгү үч жашар горилланын, кабагы салыңкы тартып турганын байкаган чыгарсыңар. Себебин билген адам ага таңыркабайт. Энесин мергенчилер өлтүрүп коюшкандыктан, Сэм жетим калган. Аз келгенсип, эми ал өзүнүн табигый чөйрөсүнө кайра кайрылып бара албайт. Андан да өкүнүчтүүсү, ушул сүрөтүн тартып алгандан бир нече ай өтүп-өтпөй ал дем алуу системасынын оорусунан өлүп калган. Сэм — мындай тагдырга кабылган гориллалардын бири гана.
Жашаган табигый чөйрөсү аёосуз кыйратылып жаткандыктан, гориллалар тукум курут болуп кетүү коркунучу алдында турган жаныбарлардын тизмесине киргизилди. Алардын саны кээ бир жерлерде тамак-аш үчүн өлтүрүлгөндүктөн азайса, кээ бир жерлерде мылтыктын жаңы түрлөрү менен аңчылык кылган мергенчилердин айынан азаюуда. Албетте, гориллалардын мындай абалы өкүнүчтүү, бирок дагы бир катар биологиялык түрлөрдүн келечеги алардыкынан да кайгылуу.
Табиятты, табият ресурстарын коргоо боюнча эл аралык союз (ТКЭС) тарабынан даярдалган отчёт дүйнө жүзү боюнча жапайы табияттын кыйла бөлүгүнүн кейиштүү абалда экенин көрсөтөт. Жок болуп кетүү алдында турган жаныбарлардын түрлөрүнүн саны акыркы бир нече жыл ичинде кыйла жогорулады. Алардын мындай ылдамдык менен азайып бараткандыгы чындап тынчсыздануу туудурат. Жакында эле ТКЭС, миңдеген биологиялык түрлөрдүн жашоосуна байкоо жүргүзүүчү уюм, тукум курут болуп кетүү алдында турган жаныбарлардын Кызыл тизмесин жарыялаган. Анын максаты — бүткүл дүйнөлүк жаратылыштын кандай коркунуч алдында турганын жалпыга маалымдоо.
Планетабыздагы сүт эмүүчүлөрдүн болжол менен төрттөн бир бөлүгү жана канаттуулардын сегизден бир бөлүгү тукум курут болуп кетүү коркунучунда турат. Булар — каттоого алынган түрлөрдүн гана саны.
Калган биологиялык түрлөрдүн басымдуу бөлүгүнүн абалы али белгисиз.Мындай көрүнүш бизди ушунчалык капалантып жатса, Жаратканыбызды көңүл кош калтырабы? Өзүнүн Сөзү Ыйык Китепте ал: «Токойдогу айбандардын баары Меники»,— деген (Забур 49:10). Ошондуктан Аны жараткан жаныбарларынын себепсиз кырылышына кайдыгер карайт деп айтууга болбойт. Иоанндын аяны китебинде Кудай «жерди кыйраткандарды жок кылууну» убада кылган (Аян 11:18).
Ар бирибиздин жашообузга зарыл болгон жаратылышты жана биосфераны коргоо маселеси — Кудай бардыгын жаңыча жарата баштаганда анын Падышылыгы аркылуу чечиле турган маселелердин экөөсү гана (Аян 21:5; Матфей 6:10).
[15-беттеги сүрөт/кутуча]
Жолборс (Panthera tigris)
▪ Жаратылыштагы болжол саны: 5 000—7 500ге жакын (бир нече жүз жылдар мурун алардын саны 100 000ге жетчү).
▪ зайышынын негизги себеби: мыйзамсыз аңчылык, жашаган чөйрөсүнүн ууланышы же кыйратылышы жана бири-биринен бөлүнүп калышы.
[17-беттеги сүрөт/кутуча]
Ири панда (Ailuropoda melanoleuca)
▪ Жаратылыштагы болжол саны: 1 000. Эң сейрек кездешүүчү сүт эмүүчүлөрдүн бири.
▪ Азайышынын негизги себеби: өтө жай тукумдашы; анын негизги азыгы болуп саналган тоолордогу бамбук токойлорунун жок кылынышы.
[Булак]
Foto: Zoo de la Casa de Campo, Madrid
[17-беттеги сүрөт/кутуча]
Орангутан (Pongo pygmaeus)
▪ Жаратылыштагы болжол саны: 20 000ге жакын.
▪ Азайышынын негизги себеби: токой өртү, токойлордун кыйылышы, мыйзамсыз аңчылык жана контрабанда максатында кармоо.
[16-беттеги сүрөт]
Каллимико маймылы (Callimico goeldii)
▪ Жаратылыштагы болжол саны: белгисиз (приматтардын бул түрү 1904-жылы гана байкалган).
▪ Азайышынын негизги себеби: Амазонкадагы тропиктик токойлордун кыйылышы, түрүнүн аздыгы жана бири-биринен бөлүнүп калышы.
[18-беттеги сүрөт/кутуча]
Япон турнасы (Grus japonensis)
▪ Жаратылыштагы болжол саны: 2 000ге жакын.
▪ Азайышынын негизги себеби: электр зымдарынан жабыркашы, уя салган жерлеринин бүлдүрүлүшү, айлана-чөйрөнүн булганышы.
[Булак]
Foto: Zoo, Santillana del Mar, Cantabria, España
[18-беттеги сүрөт/кутуча]
Кидик (кызыл) панда (Ailurus fulgens)
▪ Жаратылыштагы болжол саны: белгисиз, бирок алардын саны жашаган жерлеринин адам тарабынан кыйратылышынан жана өтө жай тукумдашынан азайып баратат деп божомолдонот.
▪ Азайышынын негизги себеби: тоолуу бамбук токойлорунун жок кылынышы, мыйзамсыз аңчылык, пандалардын жашаган жерлеринин үй айбанаттарынын жайытына айлантылышы.