Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эл аралык биримдик куру кыял эмес

Эл аралык биримдик куру кыял эмес

Эл аралык биримдик куру кыял эмес

Керала штатынан (Индия) бир киши «Ойгонгула!» журналынын редакциясына мындай кат жиберген: «Силердин журналыңар башка бардык журналдардан бир топ айырмаланып турары айкын. Менимче, анын ичинде сөз кылынбаган тема деги жокко эсе. Мен, айрыкча, жаратылыш жөнүндөгү макалаларын кызыгып окуйм».

Ал кишинин «Ойгонгула!» журналын кызыктуу деп эсептешинин дагы бир өзгөчө себеби бар. «Мынчалык ар кайсы улуттагы адамдарга бири-бирине бир туугандарча мамиле кылууга жардам берген журналдын табылары күмөн. Бул журналдай болуп, эл аралык биримдик идеясын жигердүүлүк менен жактаган басылма жок. Мен аны окуган көп журналдарым менен салыштырып көрдүм, андыктан «Ойгонгула!» журналын абдан баалуу басылма деп эч шектенүүсүз айта алам».

Анын айткандары журналдын ар бир санынын төртүнчү бетиндеги: «„Ойгонгула!“... саясатка карата дайыма бейтараптуулукту сактайт жана бир элди экинчисинен жогору койбойт»,— деп түшүндүрүлгөн максатына толугу менен төп келет. Ошондой эле, эң негизгиси, журнал окурмандарын жашоого байланыштуу маанилүү суроолорго жооп алуу үчүн Жаратканга кайрылууга чакырат.

«Кудай бизден эмнени талап кылып жатат?» аттуу китепче да ошол максатта чыгарылган. Ал ар түрдүү темадагы 16 сабактан турат. Алардын кээ бирлери «Кудай — ал ким?», «Кудай жер үчүн эмнелерди ойлонуштуруп койгон?», «Кудайдын Падышалыгы деген эмне?» деп аталган. Ал китепчени силер да алууну кааласаңар, купон толтуруп, журналдын 5-бетиндеги даректердин бири боюнча салып жиберсеңер болот.

□ «Кудай бизден эмнени талап кылып жатат?» аттуу китепчени алууну каалайм.

□ Ыйык Китепти үйдөн акысыз изилдегим келет.