Өлгөндөрдү жоктоп ыйлоо туурабы?
Ыйык Китептин көз карашы
Өлгөндөрдү жоктоп ыйлоо туурабы?
«СИЛЕРДИ, БООРДОШТОР, ҮМҮТҮ ҮЗҮЛГӨН БАШКАЛАР СЫЯКТУУ КАЙГЫ-КАПА ТАРТПООҢОР ҮЧҮН, ӨЛГӨНДӨР ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНБӨСТҮКТӨ КАЛТЫРУУНУ КААЛАБАЙМ» (1 ФЕССАЛОНИКАЛЫКТАР 4:13).
ЫЙЫК КИТЕП өлгөндөр үчүн келечек бар экенин ачык-даана көрсөтөт. Ыйсанын окутуулары жана анын өлгөндөрдү тирилткени өлгөн адамдардын кайрадан жашоого тирилер убагы келерине үмүт берет (Матфей 22:23—33, СК; Марк 5:35, 36, 41, 42; Лука 7:12—16). Бул үмүт бизге кандай таасир этүүгө тийиш? Расул Павелдин жогоруда келтирилген сөзү, эгерде жакындарыбыздын бири кайтыш болсо, тирилүүгө болгон үмүт жубатарын көрсөтүп турат.
Кымбат адамынан ажырагандардын күйүтү тоодой болору айтпаса да түшүнүктүү. Күйөөсү 42 жашында жүрөгүнө операция жасалгандан көп өтпөй каза болуп калганын айтып, Тереза мындай дейт: «Аябай катуу чочудум. Адегенде үрөйүм учту. Анан жүрөгүм ушундай бир сыздап кирди, барган сайын басылмак түгүл, күчөй берди. Канчалаган көз жашым төгүлдү». Жакынынан айрылганда адамдын мындай сезимдерге кабылышы Иегованын өлгөндөрдү тирилтем деген убадасына ишеними аз экенин көрсөтөбү? Павелдин жогорудагы айткандары өлгөн жакынын жоктоп ыйлоо туура эмес экенин билдиреби?
Ыйык Китептеги мисалдар
Эгерде биз ошондой жоготууга кабылган ыйык китептик каармандар тууралуу ойлонуп көрсөк, жогорудагы суроолорго жооп ала алабыз. Ыйык Китепте жакын туугандарынан ажыраганда айрымдар бир канча убакыт бою ыйлап, аза күтүшкөнү айтылып кеткен (1 Муса 27:41; 50:7—10; Забур 34:14). Адатта мындай бактысыздыкка кабылгандар катуу кайгырып-капаланышкан.
Жакындарынан айрылган ишеними күчтүү адамдардын кээ бирлеринин кандайча кайгырып-капаланышканын карап көрөлү. Мисалы, Ибрайым Кудайдын өлгөндөрдү тирилте аларына бекем ишенген (Еврейлер 11:19). Ошентсе да өлгөн аялы «Сарра үчүн аза күтүп, өкүрүп келген» (1 Муса 23:1, 2). Ал эми Жакып, балдары сүймөнчүк уулун өлдү деп айтып келишкенде, «кийимин айрып... уулун көпкө жоктоп ыйлаган» (1 Муса 37:34, 35). Атүгүл арадан бир топ жыл өтсө да, анын өлгөн уулун эстегенде каңырыгы түтөбөй койчу эмес (1 Муса 42:36—38). Дөөт падыша да эки уулу — Амнон менен Авессалом — өлгөндө, күйүт-кайгысын жаап-жашырбастан ачык көрсөткөн. Ал эки уулу Дөөттү, анын үй-бүлөсүн далай азапка салса да, ал өз балдарына болгон аталык мээримин жоготкон эмес. Ошондуктан алар өлгөндө, Дөөт катуу күйүттөнгөн (2 Падышалык 13:28—39; 18:33).
Бүтүндөй израиль элинин аза туткан маалдары да болгон. Мисалы, Муса өлгөндө. 5 Муса 34:8де израль элинин Мусаны жоктоп 30 күн ыйлаганы айтылат.
Ыйсанын жакын досу Лазар өлгөндө да эмне болгонун эстейли. Лазардын бир туугандары Марфа менен Мариамдын жана алардын курбу-курдаштарынын ыйлаганын көрүп, Ыйса «жаны кайгыга батып, тынчсызданат [«зээни кейиген», СК]». Өзү досун бир нече мүнөттөн кийин тирилтерин билсе да, ал жашып кеткен. Ыйса Марфа менен Мариамды жакшы көрчү, ошондуктан алардын бир тууганынын өлгөнүнө кандай кейип атышканын көргөндө, зээни кейиген (Иоанн 11:33—36).
Ибрайым, Жакып, Дөөт жана Ыйса Иеговага жана анын убадаларынын аткарыларына бек ишенишкен, анткен менен жакын адамдарынан айрылышканда кайгырып-капаланышкан. Бул алардын рухий жактан алсыз же тирилүүгө болгон ишенимдери тайкы экенин көрсөттү беле? Жок, андай эмес. Жакшы көргөн адамың өлгөндө күйүт тартуу — табигый нерсе.
Эмне себептен өлгөндөрдү жоктоп ыйлайбыз?
Кудай эч качан адамдардын өлүшүн каалаган эмес. Анын баштапкы ой-ниети боюнча, Адам менен Ового берген тапшырмасынан көрүнүп тургандай, Жер татынакай бейишке айланып, үстүндө адамдар бактылуу бир үй-бүлөдөй болуп жашашы керек эле. Биринчи түгөй Иегованын тилин алышпаса гана өлүмгө дуушар болушмак (1 Муса 1:28; 2:17). Тилекке каршы, Адам менен Ово дал ошентишкен, ошондуктан алардын тил албастыгы үчүн «өлүм бардык адамдарга өткөн» (Римдиктер 5:12; 6:23). Ооба, өлүм — катаал душман — Кудайдын алгачкы ой-ниетине кирген эмес (1 Коринфтиктер 15:26).
Ошо себептүү өлүмдүн табигый эмес нерседей кабыл алынары, ал эми жакынынан айрылгандарды чоң кайгыга салып, алардын көкүрөгүнө орду толгус жараат калтырары толук түшүнүктүү. Жакынынан ажыраган адам өзүн жан-дүйнөсү коңулдап, ээн калгандай сезет. Күйөөсү каза болгон Тереза: «Ал тирилгенде кайра көрүшөрүбүзгө эч күмөн санабайм. Бирок азыр аябай куса болуп жүрөм. Жүрөгүмдү сагыныч өйүйт»,— дейт. Ата-энебиздин биринен айрылсак, аргасыздан өзүбүздүн да ажалдуу экенибизди ойлойбуз. Ал эми жашоодон ондон бир гүлү ачыла элек жаш бирөө кетсе, күйбөгөн жериң күл болот (Исаия 38:10).
Ооба, өлүм эч качан кадимки нерсе деп эсептелинип калбайт. Ошон үчүн анын кесепетин көргөндөр күйүт тартышса, Иегова муну тирилүүгө ишенбегендиктин белгисиндей көрбөйт. Ибрайымдын, Жакыптын, Дөөттүн, жалпы израиль элинин жана Ыйсанын мисалынан кайгырып-капалануунун орундуу экени көрүнүп турат. Аны рухий алсыздык деп кароо түк да туура эмес *.
Жакындарын жоготкон Ыйсанын жолдоочулары да кайгырып-капаланышканы менен, «үмүтү үзүлгөн башкалар сыяктуу» чексиз күйүткө алдырышпайт (1 Фессалоникалыктар 4:13). Анткени биз өлгөндөрдүн чынында кандай абалда болушарын билебиз. Алардын кыйналып же зарлап жатпаганын, башкача айтканда, катуу уктап аткан сыяктуу абалда экенин билебиз (Үгүтчү 9:5; Марк 5:39; Иоанн 11:11—14). Анын үстүнө, биз Ыйса Машайыктын «тирилүү жана өмүр» экенине жана өзүнүн убадасын сөзсүз аткарып, «мүрзөлөрдүн ичинде жаткандардын баарын» кайрадан жашоого кайтарарына толук ишенебиз (Иоанн 5:28, 29; 11:24, 25, СК).
Эгерде азыр күйүт тартып жүргөн болсоңор, абалыңарды Иегованын түшүнөрү силерге жубатуу алып келсин. Кудайдын сезимдерибизди түшүнө билиши жана тирилүүгө болгон үмүт күйүтүңөрдү жеңилдетип, жоготуунун кайгысын көтөрүүгө жардам берсин.
[Шилтеме]
^ 15-абз. Күйүттү көтөрүүгө Иегованын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жакын адамың өлгөндө» (ор.) аттуу китепченин 14—19-беттериндеги маалыматтар жардам берет.