Аялын сабоого эркекти эмне түртөт?
Аялын сабоого эркекти эмне түртөт?
АЙРЫМ адистердин айтымында, деги эле кылмышкерлердин колунан өлгөн аялдардан да өзүлөрүнүн өмүрлүк жарларынын колунан өлгөн аялдар көп. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту басуу аракетинде канчалаган изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Кандай эркек аялын сабайт? Бала кезинде ал кандай тарбия көргөн? Сүйлөшүп жүргөндө кол көтөрчү беле? Андайларга берилген жардамдан майнап чыгышы мүмкүнбү?
Баарынан мурда, адистер аялын сабаган эркектер бирдей боло бербесин байкашкан. Алардын бир түрү — аялдарына кээде гана кол көтөрүшкөндөр. Алар эч кандай курал колдонушпайт жана негизинен, жарына катаал мамиле жасашпайт. Жарына кол тийгизүүгө аларды мерездүүлүгү эмес, сырткы жагдайлар түртөт көрүнөт. Ал эми экинчи түрү — кызыл камчылык өнөкөт мүнөзү болуп калгандар. Алар уруп-сабаганды өөн көрүшпөйт, ал эми кылганына кээде гана өкүнүп-уялышы мүмкүн, бирок антпей да коюшу ажеп эмес.
Анткен менен аялына кол көтөргөндөрдүн ар кандай түрү болору уруп-сабоонун айрым түрлөрүнө жол берүүгө болорун билдирбейт. Денелик зордук-зомбулук көрсөтүүнүн кандай түрү болбосун жаракат калтырышы, ал түгүл өлүмгө алып келиши ыктымал. Ошондуктан кимдир бирөө башкаларга салыштырмалуу аялына көп кол көтөрбөгөн же аны анча деле катаалдык менен уруп-сокпогон болсо эле, аны актоого болбойт. Кыскасын айтканда, уруп-сабоонун «керектүү» же «негиздүү» түрү жок. Анда аялын өмүр бою сүйүп, кам көрөм деп ант берген күйөөсү аны эмнеге сабайт?
Өскөн үй-бүлөсүнүн ич ара мамилеси
Аялын урган эркектердин бир далайы чыр-чатак басылбаган үй-бүлөдө чоңойгондор экени таңгалыштуу эмес. Үй-бүлө зордук-зомбулуктарын жыйырма жылдан ашуун изилдеген Майкл Гротч: «Аялына кол көтөргөндөрдүн көбү „салгылаш“ тыйылбаган үй-бүлөдө өсүшкөн. Алар кичинесинен эмоциялык жана денелик жактан зордук-зомбулук көрсөтүү „кадимки“ эле нерсе катары эсептелген ырксыз чөйрөдө чоңоюшкан»,— дейт. Бир адистин айтымында, мындай мамилелер үстөмдүк кылган чөйрөдө өскөн бала «атасынын аялзатына жасаган бейсый мамилесин жашоосунун алгачкы жылдарында эле өздөштүрүп алат. Балада эркек деген аялды башкарыш керек, ан үчүн аны коркутуп, сабап, басмырлап туруш керек деген көз караш өрчүйт. Ошондой
эле ал атасына жагуунун ишенимдүү жолу анын кылганын кылуу экенин түшүнөт».Ыйык Китеп балдарга ата-энесинин жүрүм-турумунун оң жактары да, терс жактары да олуттуу таасир этиши мүмкүн экенин таасын белгилейт (Аңгемелер 22:6; Колоссадагылар 3:21). Албетте, жарын сабаган эркектин кылык-жоругун акташ үчүн анын кандай чөйрөдө тарбияланганын бетке кармоо туура эмес. Бул анын зордук-зомбулукка болгон жакындыгынын «үрөнү» кайдан «себилгенин» түшүнүүгө гана жардам берет.
Жергиликтүү маданияттын таасири
Айрым өлкөлөрдө аялды сабоону кадимки эле нерседей карашат, ал эмес «анда-санда жонунан сылап коюп туруш керек» деп ырасташат. «Күйөөсү аялын уруп-согууга же опузалоого толук укуктуу деген көз караш сиңип калган өлкөлөр көп»,— деп айтылат Бириккен Улуттар Уюмунун билдирүүсүндө.
Жадесе уруп-сабоо наадандык деп эсептелген өлкөлөрдө да, көптөр үчүн жарына кол көтөрүү жат иштерден эмес. Айрым эркектердин ал жөнүндөгү акылга сыйбас көз карашы таң калтырат. Түштүк Африкада чыгарылган гезитте маалымдалгандай, Кейптаундун түштүгүндө жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы жубайларына зөөкүр мамиле кылбайбыз деп ырастаган эркектердин көбү аялды сабаса болот, ал ага зордук-зомбулук көрсөткөнгө жатпайт деп эсептешерин көрсөткөн («Weekly Mail and Guardian»).
Мындай бурмаланган көз караш адамдарда кичине кезинен тартып өрчүй баштайт шекилдүү. Маселен, Британияда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн бири 11—12 жаштагы эркек балдардын 75 пайызы, эгер аялы ачуусуна тийсе, эркек аны сабаса болот деп ойлошорун көрсөтөт.
Зөөкүрдүк
акталбайтЖогоруда каралып кеткен маалымат үй-бүлө ичиндеги зордук-зомбулуктардын себептерин түшүнүүгө жардам берет, бирок андай иш-аракеттерди актабайт. Жубайына зөөкүр мамиле жасоо — Кудайдын алдында чоң күнөө. Анын Сөзүндө, Ыйык Китепте, мындай деп жазылган: «Эрлер өз денесиндей өз аялдарын сүйүшү керек. Ким өз аялын сүйсө, ал өзүн сүйөт. Анткени эч ким эч качан өзүнүн денесин жек көргөн эмес, бирок Теңир Диний Коомду кылгандай [«баккандай», «Инжил»] ал өз денесин тамактандырып багат» (Ефесалыктар 5:28, 29).
Ыйык Китепте азыркы дүйнөнүн «акыркы күндөрүндө» көптөр табигый ынактыгы жетишсиз, ырайымсыз болушары эчак эле айтылган (2 Тимофей 3:1—3). Жубайлардын ортосундагы араздашуулардын таралышы биздин дал ошол пайгамбарлыкта айтылган убакта жашап атканыбызды дагы бир жолу далилдейт. Бирок урулуп-сабалган аялдарга кантип жардам берүүгө болот? Ал эми аялын сабаган эркектер оңолушу мүмкүнбү?
[5-беттеги кыстырма]
Эркектердин аялдарга бейсый, зөөкүр мамиле жасашы дүйнөлүк көйгөйлөрдүн бирине айланды. Буга төмөндө келтирилген маалыматтар далил.
[6-беттеги кутуча]
Эркектердин зөөкүр мамилеси — дүйнөлүк көйгөй
Египет. Үч ай бою Александрияда жүргүзүлгөн изилдөө аялдардын денелик жактан жараат алышынын башкы себеби үй-бүлө ичиндеги зордук-зомбулук экенин көрсөттү. Жергиликтүү эмканага кайрылган аялдардын 27,9 пайызы — ошол себеп менен кайрылышкандар (Аялдардын абалы боюнча эл аралык төртүнчү конференция, №5 резюме).
Тайланд. Бангкоктун ири чет-жакаларында жашаган аялдардын 50 пайызын күйөөлөрү дайыма сабайт (Аялдардын ден соолугу боюнча Тынч океан институту).
Гонконг. «Жолдошунун сабаарын айткан аялдардын саны акыркы жылы 40 пайызга өстү» («Саут Чайна Морнинг Пост», 21-июль, 2000).
Япония. Үйүнөн кетип калган аялдардын саны 1995-жылы 4 843 болсо, 1998-жылы 6 340ка жетти. «Алардын дээрлик үчтөн бир бөлүгү күйөөсүнүн уруп-сабашынан качып жүрүшкөнүн айтышкан» («Жапан Таймс», 10-сентябрь, 2000).
Улуу Британия. «Улуу Британияда ар бир 6 секунд сайын кайсы бир үй-бүлөдө зордуктоо, сабоо же бычак менен сайып жиберүү өңдүү зордук-зомбулук көрсөтүлөт». Скотланд-Ярддын билдирүүсү боюнча, «полицияга үй-бүлө зордук-зомбулугунан жапа чеккендер тарабынан күнүнө 1300, демек, жылына, кеминде, 570 000 жолу телефон чалынат. Телефон чалгандардын 81 пайызы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан залал тарткан аялдар» («Таймс», 25-октябрь, 2000-жыл).
Перу. Полицияга билдирилген бардык кылмыштардын 70 пайызы — күйөөсү аялын сабаган учурлар (Аялдардын ден соолугу боюнча Тынч океан институту).
Орусия. «Орусияда бир жылдын ичинде 14 500 аял күйөөсүнүн колунан набыт болгон, ал эми дагы 56 400 аял үйүндөгү чыр-чатактын негизинде майып болушкан же олуттуу травма алышкан» («Гардиан»).
Кытай. «Бул жаңы чыккан көйгөй күндөн күнгө күчөп келатат, асыресе шаарларда,— дейт Чен Юин, Цзиньлун үй-бүлө борборунун директору.— Азыр айлана-чөйрөдөгүлөрдүн ой-пикири үй-бүлө ичиндеги зордук-зомбулукту ооздуктоочу себеп болбой калды» («Гардиан»).
Никарагуа. «Аялдарды кордоо барган сайын кулач жаюуда. Жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгынан көрүнүп тургандай, өткөн жылдын ичинде эле Никарагуадагы аялдардын 52 пайызы күйөөлөрү себепкер болгон зордук-зомбулуктан жапа тартышкан» (Би-би-си кабарлары).
[7-беттеги кутуча]
Сабоого түртүшү мүмкүн болгон себептер
Род-Айленд (АКШ штаты) университетинин кызматкери Ричард Желлестин жетектөөсү менен жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, эркектин үй-бүлөдө зордук-зомбулук көрсөтүшүн төмөнкү себептер шартташы ыктымал:
1. Эркек мурунтан кандайдыр бир жол менен үй-бүлөсүндөгүлөрүнө каршы күч колдонууга аракеттенген.
2. Жумушсуз.
3. Кеминде, жылына бир жолу баңгизаттарды колдонот.
4. Ата-энеси менен жашап жүргөндө ал апасын атасы сабап атканын көрчү.
5. Жашап жаткан аялы менен мыйзамдуу түрдө никеге катталбаган.
6. Эгерде иштеген иши бар болсо, маянасы аз.
7. Толук орто билимге ээ болгон эмес.
8. Анын жашы 18 менен 30дун ортосунда.
9. Ал өзү же аялы балдарын сабайт.
10. Үй-бүлөлүк кирешеси жакырчылыктын төмөнкү чегинде.
11. Аялы менен күйөөсү ар башка маданияттарда тарбияланышкан.
[7-беттеги сүрөт]
Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук балдарга катуу таасир тийгизет.