Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын күч колдонушу адилеттүүлүккө жатабы?

Кудайдын күч колдонушу адилеттүүлүккө жатабы?

Ыйык Китептин көз карашы

Кудайдын күч колдонушу адилеттүүлүккө жатабы?

АЛМУСТАКТАН бери адамдар күчтү жакшылык кылыш үчүн да, жамандык кылыш үчүн да колдонуп келишкен. Айрым эсептөөлөр боюнча, XX кылымда саясый режимдердин кесепетинен улам 170 000 000го жакын адам өлгөн. Ыйык Китепте адамдын үстүнөн адам үстөмдүк кылса, зыян алып келери калетсиз белгиленген (Үгүтчү 8:9).

Адамдар көп учурда күчүн кыянаттык менен пайдаланышкандыктан, Кудайдын да өз күчүн душмандарын жылас кылууга адилеттүү колдоноруна күмөн санагандар болушу мүмкүн. Еврейлер Убадаланган жерде жашаган ханаандыктарга Кудайдын буйругу менен кол салып, аларды кырышкан эле го? (5 Муса 20:16, 17). Кудай өзүнө каршылык көрсөткөн бийликтерди кыйратып-талкалаарын да айтпады беле? (Даниил 2:44). Ошондуктан Кудайдын күч колдонушу ар дайым негиздүүбү деп билгиси келген ак ниет адамдар бар.

Күчтүн кыянат колдонулушу

Биринчиден, бийлик бар жерде күч бар экенин түшүнүү зарыл. Эгерде бийлик өз чечимдерин ишке ашыра албаса, демек, ал — алсыз бийлик. Мисалы, биз кээде милиция кызматкерлеринин коомдук тартипти бузган иш-аракеттери тууралуу угуп калабыз, ошентсе да алардын жардамынан канча адам баш тартмак? Акыл-эстүү адам коомго жоон билек укук органдарынын кереги жок деп ырастайбы?

Зордук-зомбулукту жактабастыгы менен белгилүү болгон Мохандас Гандинин: «Акылынан адашкан бир киши жолунан чыккандардын баарын жинденип кылыч менен кыя чаап келатат дейли. Аны кармап, байлай турган адам чыкпайт. А эгер ошол кемакылды бирөө-жарым өлтүрүп таштаса, ал адамдын кылганын коомчулук изги иш деп билип, ыраазы болот»,— деп айтканы бар. Ганди да кээде күч колдонуудан башка арга калбаган учурлар болорун билген.

Зарыл болгон учурда күч колдонуу ар бир туруктуу коомдун ажыратылгыс бөлүгү көрүнөт. Адатта күч колдонууга каршы болушкандар, чынында, анын кыянаттык менен колдонулушуна каршы (Үгүтчү 4:1—3).

«Анын жолу... адилет»

Тарыхта Кудай өз күч-кубатын кыянаттык менен пайдаланганын көрсөткөн бир да мисал жок. Анын башкаруусу эзүүчүлүк, күчкө салуучулук менен жүргүзүлбөйт. Ал биздин ага сүйүүбүздөн улам сыйынышыбызды каалайт (1 Иоанн 4:18, 19). Эгерде көйгөйдү чечүүнүн башка жолдору бар болсо, Кудай эч качан күч колдонбойт (Иеремия 18:7, 8; 26:3, 13; Иезекиил 18:32; 33:11). А эгер күчүн колдонууну чечсе, ал тууралуу ар дайым, каалагандарга оңолууга мүмкүнчүлүк берип, күн мурун, көп ирет эскертет (Амос 3:7; Матфей 24:14). Анда Кудайды катаал, таш боор деп айтууга болобу?

Кудайдын өз күчүн колдонушун адамдардын бийлик абалын кыянат колдонушу менен салыштырып болбойт. Муса Иегова жөнүндө: «Анын жолу... адилет. Кудай чындык, Анда калп жок»,— деген (5 Муса 32:4). Тирандардын бийлигинен айырмаланып, Кудайдын бийлиги «күч атасын тааныбайт» деген саясатка негизделбейт. Кудай күчүн ар дайым сүйүүсүнө, акылмандыгына жана адилеттүүлүгүнө шайкеш колдонгон (Забур 110:2, 3, 7; Матфей 23:37).

Алсак, Топон суу каптатып, бузукулукту жок кыларын Кудай адамдарга алдын ала көп жылдар бою эскерткен. Кемеге кирип, аман калуу мүмкүнчүлүгү ар бир адамга сунуш кылынган. Бирок ошол мүмкүнчүлүктү сегиз гана адам колдонгон болчу (1 Пётр 3:19, 20; 2 Пётр 2:5). Иса Навиндин күндөрүндө израиль эли бузуку ханаандыктардын үстүнөн орундаткан Кудайдын өкүмү андан 400 жыл мурун эле жарыяланган! (1 Муса 15:13—21). Ал убакыт ичинде ханаандыктар израиль элинин Кудайдын тандап алган эли экенин көрсөткөн көптөгөн далилдерге күбө болушкан (Иса Навин 2:9—21; 9:24—27). Бирок Ханаандын ошончо тургундарынын ичинен гаваондуктар гана израиль элинин ырайым этишин сурап, тынчтык келишимин түзүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланып калышкан. Ханаандын калган тургундары Кудайга карата жүрөктөрүн таш кылып коюшкан (Иса Навин 11:19, 20).

Кудайдын бийлик кылуугаукугу бар

Кудай колундагы бийлигин кандайча пайдаланарын түшүнгүбүз келсе, алгач Анын алдындагы өзүбүздүн ээлеген абалыбыздан башташыбыз керек. Исаия пайгамбар момундук менен: «Биз — топуракпыз, а Сен — бизди жараттың»,— деген (Исаия 64:8). Ааламдын Жаратканы болгондуктан, Кудай күчүн өзү туура көргөндөй колдонууга укуктуу. Биз да, анын бийлигин урматтап, Сулайман айтканды айта алабыз: «Падышанын сөзү бар жерде бийлик бар; жана ага: „Эмне кылып жатасың?“ — деп ким айта алат?» (Үгүтчү 8:4; Римдиктер 9:20, 21).

Кудай кудурети күчтүү Жараткан болгондуктан, жашоо берүүгө да, аны кайра алып коюуга да акылуу. Кудайдын күч-кубатын кандай колдонорун талкууга алууга адамдардын укугу да, жетиштүү билими да жок. Адам Кудайдын ой жүгүртүүсүн үйрөнүүгө тийиш. «Балким, силердин жолуңар туура эместир?» — деп сураган Иегова (Иезекиил 18:29; Исаия 45:9).

Жерди бийлигин кыянаттык менен колдонуп, башкалардын укугун аёосуз тебелеп-тепсеп жаткандардан тазалоого Иеговага адилеттүүлүгү менен сүйүүсү түрткү берет. Өзүнүн күч-кубатын колдонуу менен Кудай жер үстүнө тынчтыкты сүйгөн адамдар жашаш үчүн, эң сонун шарттарды орнотот (Забур 36:10, 11; Наум 1:9). Ошону менен өзүнүн бийлик жүргүзүүгө укуктуу экенин түбөлүккө далилдейт (Аян 22:12—15).