Мектеп жашында сүйлөшүүнүн эмнеси жаман?
Жаштар сурайт:
Мектеп жашында сүйлөшүүнүн эмнеси жаман?
«Акыркы маалда мектептеги балдар мени бир жактарга көп чакырып же сүйлөшүүнү сунуш кылышчу болду» (Бекки, 11 жаш) *.
«Биздин мектептеги балдар менен кыздардын көбүнүн сүйлөшкөндөрү бар. Алардын коридордо туруп алып, өбүшүп жатканын көп көрөсүң» (Лиана, 10-класс).
ӨТӨ эле жаш кезинде сүйлөшө баштагандар, чынында эле, көп. Маалымат каражаттарында бул эч жамандыгы жок иш, тек гана убакыт өткөрүү мүмкүнчүлүгү катары көрсөтүлөт. «Биздин мектептегилердин баарынын эле сүйлөшкөн жигиттери же кыздары бар»,— дейт 12 жашар Онейда. Ал эми Женифер аттуу кыз мындай дейт: «Мен билгени, кыздар үчүнчү класста эле балдар менен достошуп жүрүшчү. 11 жашымда алар мага да жигит „чаап ал“ деп кеңеш бере башташты».
Ошондуктан эгер сен учурда эч ким менен сүйлөшө элек болсоң, жүрөгүңдү жалгыздык сезими өйүйттүр. Курдаштарың да шылдыңдашы мүмкүн. Женифер жигиттер жөнүндө ойлоо али эрте экенин түшүнгөндүктөн, андай достук мамилелердин өрчүп кетишине жол берчү эмес. Буга балдар кандай карашчу? «Шылдыңдашчу, тамашалашса да мени кыпчып кетишчү»,— дейт Женифер. Шылдыңдалганды ким эле жакшы көрсүн? А бирок башкалар ушинтип атышат деп эле бирөө менен сүйлөшө баштоо туурабы? Сүйлөшүү деген эмне жана адамдар эмне максат менен сүйлөшө башташат?
Сүйлөшүү деген эмне?
Көптөгөн өспүрүмдөр: «Сүйлөшкөн-эткен жокпуз, экөөбүз жөн эле доспуз»,— дешет. Алар башка жыныстагы бир эле адам менен чогуу көп убакыт өткөрүшсө да ошентип ырасташат. Бирок мындай мамилелерди мейли, достук, мейли, сүйлөшүү, мейли, жөн эле жолугушуу же убакытты чогуу өткөрүү деп атабайлы, эгерде кыз менен жигит башкаларга караганда бири-бирине көп убакыт бөлүп, чогуу жүрүшсө, адатта, алардын ортосундагы мамиле жөн гана достук катары каралбайт. Бетме-бет пикир алышуудан тышкары, ага телефон, Интернеттеги «пикир алмашуу бөлмөлөрү» жана электрондук байланыштар аркылуу сүйлөшүүлөр кирет.
Бирок кеп жигит менен кыздын ортосундагы мындай жакын пикир алышуу эмнеге алып келеринде.
Терс
натыйжаларыЫйык Китепте Аңгемелер 30:19да «кызга бараткан жигиттин жолу» жөнүндө айтылган. Бул эркек менен аялдын ортосундагы мамиле, негизинен, бирдей багыт менен өрчүүрүн түшүндүрөт: эгерде Кудайдын адеп-ахлак нормаларына карманган, жетилген адамдар сүйлөшүп жатышса, алардын ортосунда сүйүү пайда болуп, экөө баш кошушу мүмкүн. Себеби Кудай аялзаты менен эркекти бири-бирине тартылуу сезими менен жараткан. А бирок турмуш курууга жашың жете элек болсочу? Анда бирөө менен сүйлөшө баштоо жагымсыз натыйжаларды алып келиши ыктымал.
Эмне үчүн? Анткени эгерде сен бөлөк жыныстагы адам менен көп убакыт өткөрсөң, бара-бара ага көнө баштайсың. Сен ар качан экөөңөрдүн кайра жолугар убактыңарды күтүп, жаныңда ал жок болсо, аны ойлой берериңди байкайсың. Көп учурда махабат сезимин экөөнүн бири эле көрсөткөндүктөн, сүйүүсү жоопсуз калган тарап кыйналат. Эки тараптын тең сезимдери бар болгон күндө да, бири үй-бүлө курууга али жаш болсо, ортодо кыйналуу, көңүл калуу өңдүү сезимдер болбой койбойт. Бул эмнеге алып келиши ыктымал? «Көйнөгүн күйгүзбөй, ким отту өз койнуна алып жүрө алат?» — деп айтылган Ыйык Китептеги накыл сөздө (Аңгемелер 6:27).
Мисалы, Нина менен болгон окуяны алып көрөлү. «Интернет аркылуу бир бала менен таанышкам. Биз күнүгө бир нече саат бою „пикир алмашуу бөлмөсүндө“ сүйлөшүп жүрчүбүз. Ага мен ушунчалык көнүп алгандыктан, аны менен сүйлөшүү мага жашоомдогу эң негизги нерсе болуп калган. Бирок экөөбүздүн мамилебиз көпкө созулган жок. Биз сүйлөшпөй калгандан кийин, эч нерсеге көңүлүм келбей, өзүмдү жаман сезип жүрдүм. Бир жолу ал мага телефон чалып, мамилебизди токтоткондугубуз үчүн өзүн-өзү өлтүрөм деди. Анын бул айткандары мени ого бетер кыйнады»,— деп айтып берет Нина. Азыр болсо ал, мурункуларын эстеп, мындай дейт: «Ошондогу кылгандарымдын туура эмесин эми түшүнүп атам. Андан бери эки жыл өттү, бирок мен алигиче кыйналып жүрөм». Чынында, ал кезде бирөө менен жакын мамиле түзүүгө Нина али жаш болчу.
Кыязы, «кызга бараткан жигиттин жолу» деп Ыйык Китепте жыныстык катнаш да айтылса керек. Азыркы дүйнөдөгү жигиттер менен кыздардын таанышып, жолугуша башташы көп учурда жыныстык жакындашууга алып барат. Балким, алгач алар жөн гана кол кармашып жүрүшөттүр. Анан кучакташып, бири-бирин бетинен өөп коюуга өтүшөттүр. Албетте, антип сезимдерин бири-бирине карата олуттуу ниеттери бар кыз-жигит билдиришсе, жөн башка. Ал эми баш кошууга али жаш кыз менен жигиттин ошондой жакын мамилелерде болушу таптакыр башка: алар жыныстык каалоолорун эрте ойготушкандыктан, сезимдерин билдирүү үчүн, өтө эле жакын мамилелерге өтүп, ыпылас иш-аракеттерди жасап жибериши мүмкүн. Ал эмес бузуктукка да алып барышы ыктымал *.
Жыныстык бузуктукка алдыргандар кайгылуу натыйжаларга кабылышат. Кай бирлери жыныстык жол менен таралуучу ооруларга чалдыгышса, башкалары өзүн-өзү сыйлоо сезимин жоготуп, абийири айыптайт. Кыздардын боюна бүтүп калган учурлар да көп болот. 1 Коринфтиктер 6:13, 18; 1 Фессалоникалыктар 4:3). Эгерде өтө эрте сүйлөшө баштабасаң, сен үчүн бул көрсөтмөнү аткаруу кыйынга турбайт.
Ошондуктан Ыйык Китеп: «Бузуктуктан качкыла»,— деп жөн жерден айтпаган (Качан сүйлөшө баштаса болот?
Албетте, айтылгандар сен эч качан эч ким менен сүйлөшпөшүң керек дегенди билдирбейт. Бирок эгер али мектеп жашында болсоң, сенин Ыйык Китепте айтылган «бойго жетүү» маалынан өтө элегиң турган иш (1 Коринфтиктер 7:36). Сен азыр толук ачыла элек гүл сыяктуу, жаңыдан гана эркек же аял катары калыптанып келатасың. Бул маалда денелик, эмоциялык жана жыныстык жактан али толук жетиле элек болосуң. Сезимдериң жана жыныстык каалоолоруң өзгөчө күчтүү болушу ыктымал. Бирок ал сезимдер абдан бат өзгөрүп кетиши да мүмкүн. Андыктан бул курактагы махабат сезимдери убактылуу эле болот. «Дегинкиси мен бир-эки жумадан көп сүйлөшчү эмесмин»,— деп эстейт бир өспүрүм кыз.
Бирөө менен жаңыдан «бойго жеткен» маалда сүйлөшө баштоонун акылмандыкка жатпасы түшүнүктүү. Өзүңдү жакшыраак билип, сезимдериңди жана максаттарыңды аныктап-тактап алмайынча, күтө турганың дурус. Анын үстүнө, үй-бүлөлүк милдеттерди аткара билүү үчүн, адам жетилген адам болушу керек. Айталы, Иегова күйөөлөрдөн үй-бүлөсүнүн денелик, материалдык жана рухий муктаждыктарына кам көрүүнү талап кылат. Эгерде сен али өспүрүм куракта болсоң, жумуш таап, аялыңды, а балким, балдарыңды бага аласыңбы? Алардын рухий сак-саламаттыгы үчүн кам көрүүгө даярсыңбы? А эгер сен жаш кыз болсоңчу? Аялдардан күйөөсүн сүйүү, сыйлоо жана анын чечимдерин колдоо талап кылынат. Сен ал талаптарды дайым аткара аласыңбы? Андан тышкары, күн сайын үй иштерин аткарууга, тамак жасоого жана балдарыңды тарбиялоого даярсыңбы? (Ефесалыктар 5:22—25, 28—31; 1 Тимофей 5:8).
Мындай мисал алып көрөлү. Батыш өлкөлөрүндөгү жаштардын көбү ата-энелеринин аларга машине айдоого уруксат беришин абдан каалашат. Бирок машине айдаш үчүн өспүрүмдөргө кандай талап коюлат? Көпчүлүк өлкөлөрдө атайы курстан окуп, экзамен тапшырып, айдоого укук берүүчү күбөлүк алуу талап кылынат. Эмнеге? Себеби машине айдоо — чоң жоопкерчилик. Адамдын машинени туура айдашынан өзүнүн да, башкалардын да өмүрү көз каранды. Ошол сыяктуу эле үй-бүлө күтүү да өтө жооптуу кадам. Ал эми өспүрүм куракта адам андай жоопкерчиликтерди моюнга алууга даяр болбошу мүмкүн. Демек, сенин сүйлөшпөй коё турганың туура. Эмне үчүн дегенде, адамдар өмүрлүк жар тандоо үчүн сүйлөшүшөт да. Кыскасы, үй-бүлө курууга азырынча даяр эмес болсоң, бирөө менен жолугуша баштоонун да кереги жок.
Ыйык Китепте айтылгандай, адамга «билим жана акыл-эстүүлүк» туура чечим чыгарууга жардам берет (Аңгемелер 1:4). Ошондуктан улуулардын билими менен тажрыйбасынан жардам алсаң болот. Эгерде ата-энең чындыкта болсо, балким, алар сага эң жакшы кеңеш берип, үй-бүлө күтүүгө азыр даяр же даяр эместигиңди түшүнүүгө жардам беришеттир. А балким, жыйналыштагы жетилген туугандардын бири менен да кеңешеттирсиң. Эгерде эне-атаң сага бирөө жарым менен жакын мамиле түзө баштоо эрте деп эсептешсе, алардын берген кеңешин четке какпа. Алар сага жакшылык гана каалашкандыктан, ар кыл «жамандыктан» коргоп калгысы келет (Үгүтчү 11:10).
Эгер алардын оюнча сага бирөө менен сүйлөшүү азырынча эрте болсо, балким, бир эле адам менен достошуу менен чектелбей, курбуларыңдын, башка курактагы адамдардын, бойдоктордун, үй-бүлөлүүлөрдүн арасынан да көп дос күтүүнү кеңеш кылышаттыр. Бул өз ойөрүшүңдү кеңейтип, никеге, деги эле жашоонун өзүнө акылдуулук менен кароого өбөлгө түзөт.
Ырас, мамиле күтүүгө даяр болор убакты күтүү оңой эмес. А бирок күткөнүң үчүн эч качан өкүнбөйсүң. Эгерде «бойго жетүү» маалыңды мүнөзүңдүн үстүнөн иштеп, жетилген, жоопкерчиликти көтөрө билген адам болууга умтулуу менен өткөрсөң, өзүңдү көптөгөн кыйынчылыктардан сактайсың. Ошондой эле келечекте ар кандай көйгөйлөрдү көтөрүүгө жана үй-бүлөлүк милдеттериңди аткарууга керектүү сапаттарды өрчүтүп алууга үлгүрөсүң. Рухий жактан жетилүүгө да убактың болот. Ал эми сен жакын мамиле күтүүгө даяр болгон маалда, башкалар да сен тууралуу жакшы ойдо болгондуктан, сени менен таанышкысы келген адам чыгары да шексиз.
[Шилтемелер]
^ 3-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.
^ 14-абз. «Бузуктук» дегенди билдирүүчү грек сөзү — порни́а — никеде турбагандар үчүн тыюу салынган, жыныс мүчөлөрү колдонулган мамилелерди билдирет. Буга оралдык секс (ооз аркылуу жыныстык катнашуу) жана жыныстык органдарды атайылап дүүлүктүрүү да кирет.
[14-беттеги сүрөт]
Өтө жакын мамилеге өтүп кетүү көбүнчө кесепеттүү аяктайт.