Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Эми акылына келер»

«Эми акылына келер»

«Эми акылына келер»

РОКСАНА * — шайыр, чырайлуу келин. Төрт баласы бар. Күйөөсү — түштүк америкалык абройлуу хирург. «Күйөөмдү аялдар десең, аялдар жактырышат, эркектер десең, эркектер сыйлашат»,— дейт ал. Бирок анын жолдошунун бир жаман мүнөзү бар. Анысын жакын достору да билишпейт. «Үйдө жүргөндө андан өткөн зөөкүр жок. Чөлкөмдө жок кызганчаак киши».

Кабагы салыңкы тарткан Роксана сөзүн улайт: «Үйлөнгөнүбүздөн бир нече жума өтүп-өтпөй эле башталды. Биздикине апам менен инилерим келген. Алар менен сүйлөшүп, күлүп, көңүлүм куунак олтурдум. Анан эле алар кеткенде, күйөөм жини менен келип, мени диванга жыга түрттү. Катуу ачууланып алыптыр. Бир паста эмне болуп кеткенин түшүнбөй да калдым».

Тилекке каршы, бул Роксананын бир канча жылдар бою тарткан азабынын чети гана эле. Бара-бара күйөөсү аны көп сабачу болду. Бардыгы бир нукка салып койгондой кайталана турган: күйөөсү сабайт, анан кайра жалынып-жалбарып кечирим сурайт, экинчи кол көтөрбөйм деп убада берет. Атүгүл кылган мамилеси да оңолуп калат. Бирок көп өтпөй эле алиги азап кайрадан башталат. «Үмүт үзгүң келбей, эми акылына келер деп ойлойт экенсиң,— дейт Роксана.— Андан кетип калган күндөрүм да болгон, бирок ичим түтпөй, кайра эле келгем».

Роксана күйөөсү бир күнү өзүн токтото албай калып, чектен чыгып кетеби деп коркот. «Кээде ал сени да, балдарды да, өзүмдү да өлтүрүп таштайм деп коркутат,— дейт Роксана.— Бир жолу кекиртегиме кайчы такады... Дагы бир күнү кулагыма мылтык такап туруп, машасын тартып жиберсе болобу. Дагы жакшы, октолгон эмес экен. Бирок коркконуман жүрөгүм оозума кептеле түштү».

Унчукпоонун себеби

Роксанага окшоп, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон аялдар кызыл камчы эркектердин зордук-зомбулугун көрүп келатышат *. Алардын көбү өзүлөрүнүн кордугун жан адамга билгизбей көтөрүп келишет. Буга бирөө-жарымга айтканда, иш оңолуп кетмек беле деген ой себеп болот. Ал эмес, кээде айрым чоң муштум күйөөлөр «аялым жеткен чын тийбес», «анча-мынча ошентип апыртып иймейи бар» деген сыяктуу ырастоолор менен күнөөнү аялына оодара салышат.

Көптөгөн аялдар өзүлөрүн коопсуз сезиши керек болгон жерден — өз үйлөрүнөн, зордук-зомбулук көрүшкөндүктөн, дайым коркунуч менен жашаары өтө өкүнүчтүү. Запкы чеккен аял эмес, күнөөлүү тарап акталган учурлар да арбын. Айрымдар адептүү эле көрүнгөн киши өз жубайына кол көтөрөрүнө ишенгиси келбейт. Мисалы, Анита аттуу аял абройлуу күйөөсүнүн кордоп жүргөнүн ачык айтканда эмне болгонун минтип айтып берет: «Тааныштарыбыздын бири мага: „Ушундай жакшы адамды каралаганга кантип оозуң барат?“ — деди. Дагы бири: „Өзүң кыжырына тийип алгансың да“,— деген. Ал эми күйөөмдүн бети ачылгандан кийин, досторумдун кээси менден кача башташты. Алардын ою боюнча, мен: „Эркек деген ушундай болот тура, айла канча“ — деп, чыдай беришим керек эле».

Анитанын башынан өткөндөр көрсөтүп тургандай, көптөргө үй-бүлө зордук-зомбулугун толук түшүнүү кыйын экени чын. Эркекти өзүнүн жакшы көрөм деген аялына зөөкүр мамиле жасоого эмне түртөт? Ал эми зордук-зомбулуктан жапа чегип жаткан аялдарга кантип жардам берүүгө болот?

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Бул катар макалалардагы ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 7-абз. Албетте, зордук-зомбулук көргөн эркектер да бар экенин белгилей кетүү керек. Бирок иликтөөлөрдөн көрүнгөндөй, көбүнчө аялдар урулуп-сабалып, олуттуу жаракат алышат. Ошондуктан бул макалаларда аялдар кордолгон учурлар каралды.

[4-беттеги кутуча]

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун түрлөрү

Бириккен Улуттар Уюмунун аялдарга жасалган зордук-зомбулукту жоюу боюнча Декларациясында айтылгандай, «аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүү» деген сөз айкашы «аялга жыныстык айырмачылыгына карап жасаган дене турпат, жыныс же акыл-эс жактан зыян алып келе турган, алып келиши мүмкүн болгон, аны кордогон зордук-зомбулуктардын баарын жана ошол иш-аракеттерди жасайм деп опузалоо, аялдарга коомдук же жеке жашоосунда көрсөтүлгөн эзүү же аларды атайылап эркинен ажыратууларды камтыйт». Тагыраак айтканда, андай зордук-зомбулукка «үй-бүлө ичиндеги жана коомдун башка да тармактарындагы уруп-согуу, кыз балдарды жыныстык жактан бузуу, калыңга байланыштуу кысымдар, жолдошунун зордуктоосу, кыз баланын жыныстык органын жабыркатуу жана аялдарга зыян алып келүүчү дагы башка салт-санаалар аркылуу көрсөтүлгөн денелик, жыныстык же психологиялык кордоолор» кирет.