Бал — таттуу «дарыгер»
Бал — таттуу «дарыгер»
БАЛДЫН антисептикалык жана сезгенүүгө каршы касиеттери медицина тармагындагы айрым адистерди таң калтырат. Канаданын «Глоб энд мейл» гезитинде: «Туруктуу микробдорго каршылык көрсөтө албаган эң эле күчтүү антибиотиктерден айырмаланып, бал инфекцияланган жарадагы микробдордун, жок эле дегенде, айрымдарын жок кылат»,— деп айтылган.
Балдын дарылык касиети эмнеде? Бул суроого жооп алуу үчүн, гүлдөрдөн нектар жыйнаган жумушчу аарыны карап көрөлү. Аарынын шилекейиндеги глюкозооксидаза нектардагы глюкозанын бөлүнүп чыгуу процессинде негизги ролду ойнойт. Ошол процессте бөлүнгөн кошумча продукт, суутектин кычкылы, адатта, жараатты дезинфекциялоо жана тазалоо үчүн колдонулат. Бирок суутектин кычкылынын таасири узакка созулбайт, ал эми бал менен аралашканда ал башкачараак таасир этет. «Жарааттан бөлүнгөн суюктук менен аралашканда балдын табигый кислоталуулугу төмөндөйт»,— деп билдирет «Глоб» гезити. Так ошол кислоталуулугу төмөн чөйрөдө фермент таасирин тийгизе баштайт. Балдын составындагы кант акырындык менен бир калыпта эрийт. Натыйжада, жарааттагы бактерияларды жок кыла алган, ошол эле учурда жарааттын тегерегиндеги соо ткандарга эч кандай зыян келтирбеген өлчөмдө суутектин кычкылы бөлүнүп чыгат.
«Глоб» гезитинде балдын жараатты айыктыруучу бир нече касиеттери да бар экени белгиленген. «Балдын жука катмары нымдуу чөйрөнү пайда кылып, терини карт басып кетүүдөн сактайт. Ошондой эле бал жаңы кан капиллярларынын жаралышын жана өсүшүн шарттаган жаңы клеткаларды пайда кылып, жаңы теринин пайда болушуна өбөлгө түзөт. Андан сырткары, балдагы сезгенүүгө каршы таасир этүүчү антиоксиданттар жаранын шишип кетишине жол бербей, кан айланууну жөнгө салып, ириңдешин токтотот».
Ошентсе да «Глоб» гезитинде бал адамдардын баарына эле дары боло бербей турганы эскертилген. Балда беш пайызга жакын ботулис таякчалары болот. Ботулизм оорусу боюнча иш жүргүзгөн канадалык уюм жана педиатрлар ассоциациясы бир жашка чейинки балдарга бал бербөөнү кеңеш кылышкан, анткени «ымыркайлардын ичегисиндеги микрофлора организмди бактериялардан коргой аларлык деңгээлде өрчүй элек».