Жарык дүйнөгө келе элек баламдан ажырадым
Жарык дүйнөгө келе элек баламдан ажырадым
ЭКИ миңинчи жылдын онунчу апрели аптанын дүйшөмбү күнү эле. Аба мемиреп, күн жаркырап тийип турган. Мен бир аз иштер менен үйдөн чыктым. Боюмдагы балама төрт ай болуп калган. Көңүлүм айныгансып турса да, эшикке чыккан соң, жарпым жазыла түштү. Бирок негедир, дүкөндө кезек күтүп турганымда, өзүмдү бир башкача сезип жаттым.
Үйгө келгенимде, бекеринен шектенбегеним айкын боло түштү. Кан кете баштаптыр. Мындан мурунку эки баламды көтөргөнүмдө бир да жолу минткен эмес. Эсим чыгып, көрүнүп жүргөн врачыма телефон чалгыча шаштым. Бирок ал көп тынчсыздана бербе, эртең эле кел деди: ансыз деле, күнмурун болжошконубуз боюнча, врачым эртеси мени кабыл алмак. Алтүндө эки балабызды жаткырып атып, күйөөм менен чогуу Иегова Кудайдан кандай жагдай болбосун, бизди колдой көр деп тилендик. Ошол бойдон жатып, көзүм араң илингенсиди.
Түнкү саат экилерде ичим катуу ооруганынан улам ойгонуп кеттим. Бир аздан кийин ооруганы басыла түшкөнсүдү, бирок жаңыдан уктап баратканымда, кайра күчөдү. Бул жолкусунда ооруганы кайра-кайра кайталанып жатты. Кан да көп келе баштады. Ошондо гана толготуп атканымды билдим. Жаным көзүмө көрүнүп, эмнеден улам ушундай болуп кеткенин эстөөгө аракеттенип аттым — бирок баарын эле туура жасагансыйм.
Саат таңкы беш дегенде бейтапканага кайрылбасам болбой калганын түшүндүм. Жолдошум экөөбүз тез жардам бөлүмүнө келгенибизде, ал жактын кызматкерлеринин бизге түшүнүү, камкордук менен мамиле жасап атканын көрүп, кадимкидей жеңилдене түштүк. Тилекке каршы, эки саат өткөндөн кийин, врач суук кабар угузду — ичимдеги балам өлүк экен.
Буга чейинки белгилерден улам, мен иштин ушундай болуп кетерине бир аз даяр болчумун. Ошондуктан бул кабарды укканда, катуу чочуган жокмун. Анын үстүнө, күйөөм да карыш жылбай, алдымда туруп, колунан келишинче жубатып жатты. Бирок эми үйдү көздөй экөөбүз гана, алып кетер балабыз жок, жөнөй турган болдук. Андагы күтүп аткан балдарыбызга — алтыдагы Кейтлин менен төрттөгү Дейвидге — эми эмне деп түшүндүрүп беребиз?
Балдарыбызга эмне дейбиз?
Балдарыбыз кечинде жатарда бир нерсеге тынчсызданып жатканыбызды билишкен. А бирок эми бөбөгүңөр чарчап калды деп аларга кантип билдиребиз? Айла канча, ойлонуп отуруп жашырбай эле, түз айталы деген чечимге келдик. Апам аларга биздин баланы алып келбей турганыбызды алдын ала эскертип коюптур — ошонусу кичине жардам берди. Үйгө кирип келгенибизде, балдарыбыз алдыбыздан чуркап чыгышты да, бизди кучактап, өпкүлөп киришти. Алардын биринчи эле берген суроосу: «Бөбөк жакшы болуп калдыбы?» — болду. Үн дей албай койдум. Күйөөм баарыбызды кучактады да: «Бөбөк өлүп калды»,— деп айтты. Кучакташкан бойдон баарыбыз ыйлап жаттык... Анан жүрөктүн жарааты акырындык менен айыга баштады.
Бул окуяны балдарыбызга мынчалык таасир калтырат деп күткөн эмеспиз. Боюман түшүп калгандан эки жумача өткөндөн кийин, Иегованын Күбөлөрүнүн
жергиликтүү жыйналышында биз менен достошуп жүргөн улгайган ишенимдешибиздин каза болгону айтылды. Күтүлбөгөн жерден төрт жашар Дейвидибиз ыйлап жиберди. Күйөөм аны эшикке алып чыгып кетти. Кичине сооронгондон кийин Дейвид досубуздун эмне үчүн каза болгонун сурап, анан бөбөгүнүн эмнеге чарчап калганын такып сураган экен. Бир убакта атасынан: «Ата, сен дагы өлөсүңбү?» — деп сураптыр. Ал Иегова Кудайдын эмне үчүн Шайтанды жок кылып, «баарын оңдоп салбаганын» да билгиси келиптир. Кичинекей эле баланын чоң кишидей ой жүгүртөрүнө аябай таң калдык.Кейтлин да суроонун артынан суроо берип жүрдү. Куурчак ойносо да, бирин оорулуу кылып, калгандарын медайымдар же анын туугандары деп ойночу болду. Кагаз кутуну оорукана кылат. Анан ооруган куурчагы кээде өлүп калат. Балдарыбыздын берген суроолору менен ойногон оюндары алар менен көптөгөн маанилүү нерселер тууралуу сүйлөшүп, кыйынчылыктарга кездешкен маалда Ыйык Китептен кандай жардам алууга болорун түшүндүрүп берүүгө мүмкүнчүлүк берди. Ошондой эле Кудай жерди азап, кайгы-капа, атүгүл өлүм болбой турган эң сонун бейишке айлантууну кааларын кайра-кайра эстерине салып жаттык (Аян 21:3, 4).
Күйүтүмдү көтөрүүгө жардам
Ооруканадан жаңы келгенимде кандайдыр бир деңдароо болуп, эмне кылып, эмне койгонумду баамдай албай жүрдүм. Жасачу иштеримдин кайсы биринин башын баштаарымды билбейм. Меникиндей жагдайда болуп көргөн бирин-экин тааныштарыма телефон чалып, алар менен сүйлөшкөнүмдө, кадимкидей соороно түштүм. Досторумдун бири мага гүл берип жибериптир. Ал түштөн кийин келип балдарыңды алып кетейин деп сунуш кылды. Мен анын баарын айттырбай түшүнгөнүнө, керектүү маалда жардам бергенине ушунчалык ыраазы болдум!
Анан олтуруп үй-бүлөбүздүн сүрөттөрүн альбомдорго салыштырдым. Жапжаңы бойдон калган кичинекей кийим-кечектерди — жарык дүйнөнү көрө элегинде көз жумган баламдан калган бирден-бир эстеликтерди — алып, карап чыктым. Ошентип, бир нече жума бою өзүмө келалбай жүрдүм. Эртеден-кечке токтоно албай ыйлаган күндөрүм болду. Андайда мени жакындарым да, досторум да соорото алчу эмес. Атүгүл кээде туруп, өзүмдү акылдан адашып бараткандай сезчүмүн. Өзгөчө, боюнда бар курбуларымды көргөндө, жаман болуп кетчүмүн. Мурун бойдон түшүү аялдын тарткан майда-барат азаптарынын бири гана болсо керек деп ойлочумун. Көрсө, билбей жүргөн экенмин да!
Эң жакшы даба — сүйүү
«Убакыт айыктырары» маалым, бирок андай учурда өмүрлүк жарыңдын жана жыйналыштагылардын сүйүүсү да абдан жардам берет экен. Ишенимдештерибиздин бири тамак жасап, алып келип берди. Кечинде жыйналыш аксакалы аялы экөө көңүл айтып гүл, открытка алып үйгө келишиптир. Алардын бөлөк иштери көп болсо да, бизди ойлоп, атайы келип кетишкенине абдан ыраазы болдук. Башка жоро-жолдошторубуздан да көп гүл, открытка алдык. Биз үчүн: «Биз силерди ойлоп жатабыз!» — деген жөнөкөй эле сөздөр кандай маанилүү болду. Жыйналыштагы бир ишенимдешибиз: «Өмүр Иегованын көз алдында кандай баалуу болсо, биз үчүн да ошондой баалуу. Кенедей таранчынын жерге кулап түшүшүн байкабай калбаган Иегова наристенин төрөлбөй калганын билбей коймок беле»,— деп жазыптыр. Бөлөмдүн аялы болсо: «Биз төрөлүү жана өмүр сүрүү кереметине ушунчалык таңыркайбыз, а бирок ал кереметке бир нерсе бөгөт болсо, андан бетер нез болобуз» — деп жазган экен.
Бир нече жумадан кийин Падышалык залынан жыйналыш башталар алдында, ыйлап жибереримди сезип, эшикке чыгып кеттим. Абалымды байкай койгон эки досум артыман чыгышып, машинеге мени менен олтурушту да, колуман кармап, тамаша айтып, мени күлдүрө башташты. Бир аздан кийин баарыбыз чогуу кайра келдик. «Бир тууганыңан да жакын» досторуңдун бары кандай сонун! (Аңгемелер 18:24, «Ыйык Китеп»).
Боюман түшүп калганы акырындык менен көптөргө угулду. Ишенимдештерибиздин арасында меникине окшоп боюнан түшүп калгандар мынчалык көп экенин билбептирмин. Атүгүл мурун жакын мамилелеш болбогондор да мени сооротуп, жардам берип жатышты. Алардын кыйналып жаткан маалымда чын ниеттен жардам берип жатканын көрүп, Ыйык Китептин: «Жан жолдош ар убакта сүйөт, кырсык тийген убакта ал бир туугандай жардамга келет»,— деген накыл сөздөрү эсиме түшүп жатты (Аңгемелер 17:17).
Кудайдын Сөзүндөгү жубатуу
Боюман түшүп калгандан бир жума өткөндөн кийин Ыйсанын өлүмүн Эскерүү кечеси болмок. Бир күнү кечинде, Ыйык Китептен Ыйсанын жердеги жашоосунун акыркы күндөрү тууралуу окуп жатканда: «Оор жоготуунун күйүтүн Иегова деле билет турбайбы. Ал да өз уулунун өлүмүнө күбө болбоду беле»,— деген ой келди. Иегова асмандагы Атабыз болгондуктан, өзүнүн кызматчыларына, эркек-аял дебей, кандай түшүнүктүүлүк, боорукердик менен мамиле кылары кээде эсимен чыгып кетет. Бирок алиги ойдон улам кадимкидей жеңилдене түштүм. Ошондо Иегова мага мурдагыдан да жакын сезилди.
Ыйык Китепке негизделген адабияттар да — «Күзөт мунарасы», «Ойгонгула!» журналдары — абдан кайраттандырды. Мисалы, «Ойгонгула!» журналынын 1987-жылы 8-августта (англ.) чыккан санындагы «Баладан ажыроонун күйүтү» деген макала жана «Жакын адамың өлгөндө» (ор.) деген китепче чоң жардам болду *.
Күйүттүн басылышы
Арадан убакыт өтө берди. Бара-бара жүрөгүмдүн жарааты айыгып келатканын байкадым: тартынбай күлүп, эл менен сүйлөшкөндө муңумду көп айтпай калдым. Ошентсе да кээде, боюман түшүп калганын биле элек тааныштарыбыз менен жолукканда же Падышалык залына эмчектеги баласы бар үй-бүлө келсе, бардыгы кайрадан эсиме түшүп жүрдү.
Акыры бир күнү эртең менен ойгонгонумда, жүрөгүмдү өйүгөн алиги сезимдердин бири да калбаптыр — көзүмдү ача электе эле көптөн бери кыйнап келген ой-санааларым жок, жан-дүйнөмдү бейкуттук уялап калганын сездим. Ал эми ортодон бир жылча өткөндө, дагы боюмда болуп калганын билгенимде, бул жолкум да боюман түшүп калбасын деп, кайрадан корко баштадым. Бирок 2001-жылдын октябрында, кубанычыбызга карай, аман-эсен эркек бала төрөп алдым!
Боюман түшүп калган баламды эстеп капаланган күндөрүм азыр да болот. Ошол окуядан улам өмүрдүн жана жакындарыбыз, ишенимдештерибиз жана бизди соороткон Кудайыбыз менен болгон мамилебиздин баалуулугун дагы да терең түшүндүм. Булардан тышкары, балдардын өлүмүнө Кудай күнөөлүү эмес экенине дагы бир ирет ынандык — «мезгил менен кокустуктун капшабына» баарыбыз эле кабылышыбыз мүмкүн (Үгүтчү 9:11, ЖД).
Кудайдын азап-тозокторду, кайгы-капаларды, ооруну жана дүйнөгө келе элек жатып көз жумган балдарды жоктоп күйүт тартуу дегенди жок кылар убактысын чыдамсыздык менен күтүп жатам (Исаия 65:17—23). Ошондо Жаратканга тил алган адамдардын баары: «Өлүм! Сенин найзаң кайда? Тозок! Сенин жеңишиң кайда?» — деп айта алышат (1 Коринфтиктер 15:55; Исаия 25:8). (Кат менен келген.)
[Шилтемелер]
^ 20-абз. Изилдөөлөр боюнча, бойдон түшүүнү ар аял ар башкача кабыл алат. Айрымдары деңдароо болушса, башкалары кайра дагы бала көтөрүүдөн жалкып калышат, ал эми үчүнчүлөрү катуу күйүт тартышат. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, кайгырып-капалануу — мындай маалда пайда болуучу кадимки сезим. Көкүрөк жарааттын айыгышы ошондон башталат.
Иегованын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.
[15-беттеги кутуча]
Көбүнчө эмнеден улам бойдон түшөт?
«Изилдөөлөргө караганда, боюнда бар экендиги аныкталган аялдардын 15—20 пайызынын боюнан түшүп калат,— деп айтылат „Уорлд бук“ энциклопедиясында.— Бойго бүткөндөн (уруктануудан) кийинки алгачкы эки жума аралыгында, аялдардын көбү боюнда барын али биле элегинде, өзүнөн өзү бойдон түшүп калуу коркунучу бар». Дагы бир билдирүү боюнча, «бойдон түшүүнүн 80 пайызы биринчи 12 жума ичинде болот», мындай учурлардын, кеминде, жарымы түйүлдүктүн хромосамаларынын өзгөрүлүшүнөн улам болот деп божомолдонот. Ал өзгөрүүлөр атанын же эненин хромосомаларындагы ошондой өзгөрүүлөр менен шартталбайт.
Кээде эненин ден-соолугунан улам бойдон түшөт. Медицина адистеринин ою боюнча, буга гормондук же иммундук системалардын ишинин бузулушу, инфекциялар, жатындын же жатындын моюнчасынын кемчиликтери себеп болушу ыктымал. Булардан тышкары, диабет (эгер тийиштүү дарылоо жүргүзүлбөсө) жана артериялык басымдын жогорулашы менен мүнөздөлгөн гипертония өңдүү өнөкөт оорулардан улам да бойдон түшүшү толук ыктымал.
Медицина адистеринин болжоосунда, бойдон түшүүгө сөзсүз эле аялдын дене тарбия көнүгүүлөрүн жасашы, оор нерсе көтөрүшү же жыныстык байланышта болушу алып келбейт. Анын жыгылып кетишин, бир нерсеге кичине урунуп алышын, чочуп же коркуп калышын да себеп көрүү негизсиз өңдөнөт. «Денеңерди өз өмүрүңөргө коркунуч туудурганчалык кокустатып албасаңар, түйүлдүккө зыян келери арсар»,— деп айтылган бир эмгекте. Чынында эле, эненин жатынынын ушунчалык кереметтүү жаратылганы Жаратканыбыздын акылмандыгы менен сүйүүсүн далилдеп турат! (Забур 138:13, 14).
[17-беттеги кутуча]
Туугандары менен жоро-жолдошторунун жардамы
Тууганыбыздын же таанышыбыздын боюнан түшүп калса, эмне деп айтарды, кандай жардам көрсөтөрдү билбей калган учурларыбыз болот. Боюнан түшүп калганын ар аял ар кандайча кабыл алары маалым. Ошондуктан андай аялдарды сооротуп, кайраттандырыштын бардык учурларда ылайык келе берчү ыкмасы жок. Ошентсе да, бу боюнча төмөндө бир нече сунуш берилди *.
Мындай жардам берсеңер болот
◆ Балдарын карап турууну сунуш кылгыла.
◆ Тамак даярдап, үйүнө алып келип бергиле.
◆ Күйөөсүнө да көңүл бурууну унутпагыла. Себеби, бир киши айткандай, «андай маалда жазылган каттарда атанын сезимдери эске алынбай калат».
Эмне деп айтуу орундуу?
◆ «Угуп алып, аябай капа болдум».
Ушул жөнөкөй эле сөздүн мааниси абдан чоң; мунун артынан жубатууга дагы башка ылайыктуу сөз табылары шексиз.
◆ «Ыйлагандан уялбай эле кой».
Боюнан түшкөн аял бир нече жума же айлар бою ыйлашы мүмкүн. Аларды, көз жашын көрсөтсө, туура түшүнөрүңөргө ишендиргиле.
◆ «Бир жумадан кийин да ал-ахыбалыңарды сурап телефон чалып же келип кетейинби?»
Мындай бактысыздыкка кабылган үй-бүлөгө адегенде көп көңүл бурулат. Бирок жоготуунун күйүтүн али тартып аткан ата-энеге убакыттын өтүшү менен башкалар аларды эстеп да койбогондой сезилиши мүмкүн. Ошондуктан алар айланадагылардын камкордугун сезип турушу зарыл. Көкүрөктөгү жараат айыккыча бир нече жума, ай өтөт, бирок ал кээде кийин — аялдын боюна дагы бүтүп, аман-эсен көз жарып алган күндө да — кайра козголушу ыктымал.
◆ «Чынын айтсам, эмне дешти билбей турам».
Кээде унчукпай жүрө бергенден көрө, ушинтип айткан оң. Чын ниеттен айтылган сөздөр жана мындай учурда ал үй-бүлөнүн жанында болушуңар алардын кайгысын тең бөлүшкүңөр келерин көрсөтөт.
Эмне деп айтуу орунсуз?
◆ «Дагы балалуу болорсуңар».
Ошондой болгон күндө да, минтип айтуу мерездик катары кабыл алынышы мүмкүн. Ата-эне жөн эле балалуу бололу дешкен эмес: алар дал ушул баласынын төрөлүшүн күтүшкөн. Дагы балалуу болушту ойлоордон мурун, алардын күйүтү басылышы керек.
◆ «Түйүлдүк туура эмес өрчүп калган окшойт да».
Балким. Бирок минтип айтканда, адамдын сооронуп калары күмөн. Адатта, эне оорулуу бала төрөйм деп ойлобойт.
◆ «Бала төрөлгөндөн кийин чарчап калса, ошондо чындап кыйын болмок: бул баланы билбей деле калдыңар да».
Энелердин көбү баласын эң алгачкы күндөрүнөн баштап эле, ичи ысып, жакшы көрө баштайт. Ошондуктан баласынын боюнан түшүп калышы эне үчүн өтө оор. Төрөлөр баласын жалгыз энеси гана жакшы «таанып-билгендиктен», ал өзгөчө кайгырышы мүмкүн.
◆ «Дагы жакшы, башка балдарыңар бар»
Жаны кейиген ата-энеге мындай сөздөр бир бутунан же колунан ажыраган адамга: «Дагы жакшы, экинчи бутуң (же колуң) соо турат» — дегендей эле катуу тийиши ыктымал.
Эң эле боорукер, ак ниет адамдар деле кээде орунсуз сүйлөп алышат (Жакып 3:2). Ошол себептүү боюнан түшкөн аялга тигил же бул айтылган сөздөрдүн түпкү маанисин көрө билүүгө, оң ниет менен айтылган олдоксон сөздөргө таарынбай, Ыйсадай сүйүү көрсөтүүгө аракеттенүү зарыл (Колоссадагылар 3:13).
[Шилтеме]
^ 36-абз. Булагы: «A Guide to Coping With Miscarriage». Боюнан түшкөн аялдарга жардам берүү тобу тарабынан чыгарылган, Уэллингтон, Жаңы Зеландия.