Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жердин жети түбүндөгү дельфиндерди издеп...

Жердин жети түбүндөгү дельфиндерди издеп...

Жердин жети түбүндөгү дельфиндерди издеп...

ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

«УШУЛ жандык гана адамды чындап жакшы көрөт»,— деп жазган байыркы грек жазуучусу Плутарх. Ал эмнени кеп кылган эле? Киттер түркүмүндөгү сүт эмүүчү жаныбар дельфинди.

«Уорлд бук» энциклопедиясында айтылгандай, «көптөгөн окумуштуулар дельфиндерди шимпанзе жана ит сыяктуу эле акылдуу жаныбарлардын катарына киришет деп эсептешет». Бирок Плутарх дельфиндердин адамга жакындаганынын себеби кекиртектин айласын издегендикте эмес экенин байкаган. Кыязы, алардын көптөрүнө адамдардын жанында болуу жагат көрүнөт. «Дельфин адамдарга муктаж болбосо да,— деп айтылат «Океан тереңинин сырлары» аттуу китепте,— бир нерселерди билүүнү жакшы көргөндүктөн, ага байкоо жүргүзүүдөн биз кандай ырахат алсак, ал да бизге байкоо жүргүзүүдөн ошондой эле ырахат алат шекилдүү» («Mysteries of the Deep»). Деңиз дельфиндеринин 32 түрүнүн 4 түрү Жаңы Зеландияда жашайт. Алар: кадимки дельфин, афалина, боз дельфин жана дүйнө жүзүндөгү дельфиндердин эң кичинеси болгон Гектор дельфини *.

Жаңы Зеландиянын кооз жээктеринин аймагындагы Аралдар бухтасында дельфиндер абдан көп. Аякка Руссел шаарынан катер менен жөнөдүк. Адис-экскурсоводубуз, жолубуз болуп, балким, афалина менен кадимки дельфиндерден тышкары, дельфиндердин тукумуна кирүүчү колоң (косатка) жана гринданы да көрө аларбыз деген үмүт менен келатты. Аларды дем алгычынан оргуштап атырылып чыккан фонтандан же жонундагы сүзгүч канатынан билсе болорун түшүндүрдү. «Бирок бизди өзүлөрү таап келген учурлар да болот»,— деп кошумчалады ал.

Дельфиндер менен чогуу сүзүү

Арадан көп өтпөй жаныбызда жонундагы сүзгүчү менен толкундарды оңой эле жара сүзүп бараткан чоң афалиналар (алардын узундугу 4 метрге чейин жетет) пайда болуп, катерибиздин тумшугу жиреген суунун толкундарын кесе сүзүп ойноп баратышты. Катерибизди токтотуп, акырын көк тереңге түштүк. Ал жерден жапайы дельфиндер менен чогуу сүзүүгө мүмкүндүк болду.

Жонунда сүзгүч канаты барлардын ортосунда калганымда, адегенде алаңдап каякты караарымды билбей, анан тереңирээк дем алып, астымда кыймылдап жүргөн бозомук караандарга көз токтоттум. Бир дельфин суунун үстүнө чыгып, мени кадала тиктеди да, мага аппак ичин көргөзө жай оодарылды. Дельфиндер жакын сүзүп келбесе да, алардын чыйылдаган үндөрү угулуп жатты. Аларды туурап үн чыгарганым дельфиндерди таңыркаткан деле жок, алар нары барып, кайра бери келип, биздин тегерегибизде сүзүп жүрүштү.

Балык уулоо жана ойноо

Кайра катерге түшүп, дельфиндердин аркасынан туюк булуңга сүзүп жөнөдүк. Аякта дельфиндер жык-жыйма экен. Алар суудан секирип чыгып, суу чачыратып жатышты. Азыр балык уулоо маалы. Дельфиндер негизинен кальмар, балык жана рак сыяктуулар менен азыктанат. Балык уулоо сабагына катышууга да мүмкүндүгүбүз болду. Эне дельфин кичинекей балыкты ультраүн менен чала жан кылып койгондон кийин, баласы куйругу менен аны чалпылдата чапкылап, кармаганга аракеттенип жатты. Балакай дельфин үйрөнгүчө, кыязы, дагы бир нече сабакка катышышы керек окшойт.

Дельфиндер ойноп, бири-бири менен пикир алышып, көп убактысын чогуу өткөрүшөт. Мына, жаныбызда жонундагы сүзгүч канатына илинген бир нече балырларды сыймыктануу менен көрсөтүп бир дельфин сүзүп баратат. Адис-экскурсоводубуз деңиз түбүндөгү балырлар дельфиндердин жакшы көргөн оюнчуктары экенин түшүндүрдү. Дельфин оюнчугу менен моокуму канганча ойногондон кийин аны башкасына берет.

«Үндүк сүрөттөлүш»

Суу астында жакшы «көрүү» үчүн, дельфиндер эхолокацияны колдонушат, башкача айтканда, ультраүндүкүнө жакын жыштыктагы шакылыктаган үндөрдү чыгарышат. Ал үндөр бир нерсеге тийгенде жаңырат да, жооп катары келген «сүрөт» аркылуу бул жаныбарлар тамак жана аларды кызыктырган нерселердин, ошондой эле адамдардын каякта экенин билишет. Дельфиндер бири-бири менен адам үнүнүн ылдамдыгынан он эсе жогору жана төрт жарым эсе тез тараган ичке ышкырык аркылуу сүйлөшүшөт. Алар пикирлешкенде биз үчүн көндүм болгон тилди эмес, «үндүк сүрөттөлүштү» колдонушат.

Дельфиндер жөнүндө билгенибизден биле элегибиз көп. Балким, кайсы бир убакта алардын кантип ойлонушарын жана биз жөнүндө эмне деп ойлошорун толугу менен билүүгө мүмкүн болоттур. Делебебиз козголуп, ашып-ташыган сезимдер менен биз аскаларын туман чулгаган, жээктери ак кумдуу тынч булуңду дельфиндерге калтырып артка кайтып бараттык. Бул саякатыбыздан кийин, ал жандыктарды мурдагыдан да терең баалап калдык, ал эми алардын Жаратканына болгон кастарлоо сезимибиз андан да тереңдеди (Аян 4:11).

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Жаңы Зеландиядан кайчылаш түстүү дельфинди жана түштүк кит сымал дельфинин да жолуктурууга болот. Акыркысынын жонунда сүзгүч канаты жок.

[18, 19-беттеги кутуча]

Баласына кам көрүү

Дельфиндер балык тукумуна эмес, а сүт эмүүчүлөр түркүмүнө кирет. Демек, дельфиндердин балдары сүт менен тамактанат. Үч жыл бою энеси баласын багып, өз алдынча жашоого керектүү болгон нерселердин баарына үйрөтөт. Мисалы, баласына эхолокацияны колдонууну, ал гана эмес, ар бир «сөзүнүн» аягына «кол» коюуну да үйрөтөт. Ошондой эле ага балык уулоону, түгөй издеп табууну жана башка дельфиндердин арасында өзүн кандай алып жүрүү керек экенин да үйрөтөт.

Дельфиндин баласы жарык дүйнөгө куйругу менен чыгат. Энесинин ичинде эки бүктөлүп жатарын жаңы туулганда денесиндеги узатасынан кеткен сызыктар күбөлөндүрүп турат. Баласы энесин кошо сүзүп баратып эле эмип кете берет. Энесинин сүзүп бараткандагы кыймылынан пайда болуучу гидродинамикалык эффект баласына жанында оңой эле сүзүп кете берүүгө шарт түзөт.

[Булак]

© Jeffrey L. Rotman/CORBIS

[19-беттеги карта]

ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ

[19-беттеги сүрөт]

Афалин дельфини

[Булак]

© Jeff Rotman

[17-беттеги сүрөт]

Гектор дельфини

[Булак]

Photo by Zoe Battersby

[18-беттеги сүрөт]

Боз дельфин

[Булак]

Mark Jones

[18-беттеги сүрөт]

Кадимки дельфин

[Булак]

© R.E. Barber/Visuals Unlimited