Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кубаныч жана ден соолук тартуулаган эки дөңгөлөктүү «дос»

Кубаныч жана ден соолук тартуулаган эки дөңгөлөктүү «дос»

Кубаныч жана ден соолук тартуулаган эки дөңгөлөктүү «дос»

УЛУУ БРИТАНИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

КАЙСЫ транспорт каражаты башкаларына караганда арзан, шаардын тар көчөлөрүндө машиналарга салыштырмалуу тез жүрөт да, ден соолукка пайдалуу жана кубаныч тартуулайт? Велосипед. Аны тебүүдөн пайда жана ырахат алууга болот. Көптөр саламаттыгын сактоого аракет кылып жаткан азыркы заманда эки дөңгөлөктүү «дос» менен саякаттоо жөнүндө ойлонуп көрүү арзырлык.

Велосипедди немис барону Карл фон-Дреза ойлоп тапкан деп эсептешет. 1817-жылы ал самокат жасаган. Анын түзүлүшү жөнөкөй эле болчу. «Дрезин» аттуу бул унаанын эки дөңгөлөгү, ээри менен рулу бар эле, бирок педалдары жок болчу. Ал эми 1839-жылы шотландиялык темир уста Киркпатрик Макмиллан арткы дөңгөлөктүн огун чынжыр аркылуу педал менен байланыштырганда, ал өзү жүрүүчү транспортко айланган. Андан соң бул эки дөңгөлөктүү унааны бардыгына белгилүү кылган бурулуш мезгили келди. Эки француз, атасы менен баласы Пьер жана Эрнест Мишо, алдыңкы дөңгөлөккө педаль кадап, велосипед (лат. velox — ылдам ж-а pedis — бут), алгачкы моделдерге караганда тезирээк жүрүүчү жана оңой башкарылуучу унаа, жасашты.

Велосипеддин ылдамдыгы алдыңкы дөңгөлөктүн көлөмүнүн чоңойгонуна жараша көбөйгөн. Англияда жасалган «пенни-фартинг» деп да аталган кадимки велосипеддин алдыңкы дөңгөлөгү (диаметри 1,5 метр) арткы дөңгөлөгүнөн абдан айырмаланып турар эле. «Пенни-фартинг» деп аталышынын себеби, анын дөңгөлөктөрүнүн чоңу пени деп аталган чоң тыйынга, экинчиси фартинг деген кичинекей тыйынга окшош болгон.

Андан соң, дөңгөлөктөрүнүн көлөмү бирдей же бири-биринен анча айырмаланбаган ыңгайлуу «коопсуз велосипед» ойлоп табышты. Ал кадимки велосипедке сылыштырмалуу жеңил келген жана оордук борбору төмөн болгон. 1879-жылы англиялык Генри Лаус арткы дөңгөлөгү чынжыр аркылуу кыймылга келүүчү моделди Парижде өткөрүлгөн көргөзмөгө алып чыгат. Акыры, бул модель бициклет деген ат менен таанымал болуп калат.

Учурдагы велосипеддердин эки дөңгөлөгү тең бирдей, демек, андан бери велосипеддин конструкциясы өзгөргөн деле жок. Азыркы жеңил резина дөңгөлөктүү кадимки, туристтик, спорттук жана тоо велосипеддери ыңгайлуу жана тез жүрүүчү транспорттун бир түрү болуп саналат.

Кубаныч жана ден соолук

Велосипед — үнсүз, абаны булгабаган, кыска аралыкка башка транспортко караганда тез жүрүүчү унаа. Көптөгөн өлкөлөрдө велосипед ат катары эле колдонулат. Алар Африкада, Азияда жана башка жерлерде буюмдарды арта салып, сатууга алып барууга ыңгайлуу, «бардык учурда» керектүү транспортко айланды. Велосипед аны тээп бараткан адамды эле эмес, анын алдына же артына отурган тууганын же досун ташыган учурлар да аз эмес.

Негизги транспорт автомобиль болуп эсептелген Батыш өлкөлөрүндө ден соолук үчүн шаардын кымгууттугунан арылуу максатында велосипед тепкендер кайрадан көбөйүп баратат. Көп жерлерде чоң жолдор менен бирге велосипедчилер үчүн атайы жолдор жана тротуарлар жасалууда. Мисалы, Улуу Британиянын бийлик башчылары велосипедчилер үчүн бир канча километрге созулган сан-сандаган жолдорду куруп беришкендери менен сыймыктанышат.

Машинелерден чыккан газдар менен дем алууну эсепке албаганда, велосипед тебүү ден соолукка пайдалуу. Мунун «Улуу Британияда кеңири таралган мезгилсиз өлүмгө алып келчү жүрөк-кан тамыр ооруларынан сактаарын» айткан транспорт маселеси боюнча консультант Эйдриен Дейвис. Адам жөө басканда толук күчүнүн 45—50 пайызын сарптаса, велосипед тепкенде 60—85 пайызын жумшайт. Бирок велосипед тепкенде жөө басканга караганда бутка көп күч келбейт да, сөөккө доо кетүү коркунучу азаят.

Велосипед тебүүнүн ден соолукка тийгизген дагы бир пайдасы — аны тээп бараткан адамдын өзүн жеңил сезүүсү. Велосипед тепкенде, мээде көңүлдүн көтөрүлүшүн шарттаган эндорфиндер делген химиялык заттар бөлүнөрүн изилдөөлөр көрсөтүүдө. Велосипед тебүү көңүлдү эле көтөрбөстөн, адамдын келбетине да оң таасир этет. Кандайча? «Орто ылдамдыкта велосипед тепкен адам мүнөтүнө жети же саатына 200 калория сарптайт»,— деп айтылат «Гардиан» гезитинде. Бул кандай натыйжа берет? Велосипед тебүү сан булчуңдарынын өрчүшүнө жана кымча белдүү болууга шарт түзөт.

Коопсуздукка кам көргүлө

Негизги транспорт автомобиль болуп эсептелген өлкөлөрдө велосипедчилердин коопсуздугуна көбүрөөк көңүл бурулууда. Мисалы, алар туулга (атайы баш кийим) кийиши керекпи? Албетте, коопсуздук чараларын көрүү зарыл. Бирок тек гана туулга кийүү велосипедчинин жаракат албашын кепил кылбайт. Баяндоочу Селия Холл туулга кийген ар кайсы курактагы 1 700 велосипедчилер менен өткөрүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгын карап чыккан. Таң калтырарлык нерсе, туулга кийген велосипедчилер өзүлөрүн тоо жүрөк сезишет. Анысы аз келгенсип, алардын 6 пайызы туулганы туура кийишкен эмес. Туулганы туура эмес кийгенде жол кырсыгында майыптыкка учуроо коркунучу 50 пайызга өсөт. Велосипед туулгасын кийүүдө туура кийгениңерге ынангандай болгула. Балдарыңар туулгасын кандай кийгенин дайыма текшергиле. Абдан кенен туулга да өмүрдүн кыйылышына себеп болушу ыктымал.

Машине айдоочулар, велосипедди толук укуктуу транспорт деп эсептешпегендиктен, велосипедчилерге көңүл деле бурушпайт. Андыктан көздөрүнө шак урунгандай болгула. Түнкүсүн машиналардын жарыгынан чагыла турган, күндүз чагылышып көзгө тез урунган атайын кийим кийгиле. Велосипедиңер да караңгыда көрүнгөндөй болуш керек. Коопсуздук үчүн велосипеддин педалдарына жарык чагылдыргычтарды жана алды-артына фонарларды тагуу талап кылынат, албетте, бул — жөндүү коопсуздук чаралары. Велосипедиңер коопсуздук үчүн өлкөңөр талап кылган бүт жабдуулар менен жабдылганына ынангандай болгула.

Велосипед тебүүдө кырсыкка кабылбаш үчүн, аны жакшы абалда кармоо да абдан маанилүү. «Досуңарды» ар дайым текшерип, тазалап, оңдоп тургула. Бул сунуштардын баарын сактаган күндө да, балким, силер жашаган жерде велосипедди чоң жолдо теппөө акылдуулук болор. Анда силерге велосипеддин ылайыктуу түрүн тандоого туура келет. («Туура тандоо» деген кутучаны карагыла.)

Велосипед спорту

Айрымдар үчүн велосипед тебүү — спорт. Жакында жалпыга белгилүү «Тур де Франс» аттуу велосипедчилердин жарышына катышкандардын көптөрү оюндун шартын бузуп допинг ичип алышканы билинип калгандыктан жаңжал чыккан. «Тайм» журналындагы «Допингдер. Мыктысы жеңсин!» деп аталган макала мелдешти «баш аламандык» деп атаган. Организмдин иштешин тездетип, убактылуу күчөтүүчү заттарды жана допингди колдонуу жөнүндөгү талкуулар көптөрдүн көз алдында спорттун баркын кетирди.

Акылдуу велосипедчилер бул спортко канча убакыт, күч сарптоону эске алышат. Ден соолукту чыңдоо көптөрдү кызыктырса да, тең салмактуу адамдар көнүгүү чың ден соолукта болуп, узак өмүр сүрүүгө шарт түзгөн факторлордун бири эле экенин түшүнүшөт. Ошондой болсо да, эмки жолу велосипед тепкениңерде силерге эки дөңгөлөктүү «досуңар» ден соолук жана кубаныч тартууласын!

[21-беттеги кутуча]

Туура тандоо

Тоо велосипеди бардык жерге ылайыктуу келет. Ал кичинекей, рамасы бышык, рулу түз, кадимки моделден айырмаланып, педалы бийик, дөңгөлөгү жоон жана протектору өзгөчө быдырлуу болот. Бул велосипедде ылдамдыкты ар кандай кылып өзгөртүүгө мүмкүндүк берген тетик болгондуктан, аны өрдө да кыйналбай эле тебүүгө болот.

Эгерде силерге түз жана өңгүл-дөңгүл жол менен жүрүүгө туура келсе, анда тоо велосипеди менен жөнөкөй велосипеддин ортосундагы модели керек. Тоо велосипеддерине караганда алардын дөңгөлөктөрү ичкерээк келет да, педалдары жапызыраак жайгашат. А жөнөкөй велосипеддер ылдамдыкты өзгөрткүч механизминин аздыгы жана велосипедчиге эңкейбей тебүүгө шарт түзгөн отургучу менен айырмаланат.

Велосипеддин кандай моделин албагыла, өзүңөрдүн боюңарга чак келерине ынангандай болгула. Алгач ага отуруп көргүлө. Рулун, ээрин, педалын боюңарга ылайыкташтырып алгыла. Рамага мингенде, эки бутуңар жерге тийип турушу керек (жогору жактагы сүрөттү карагыла).

Тээп баратканда эки таманыңар тең педалга жеткидей кылып ээрин тууралап алсаңар (сол жакты сүрөттү карагыла), тепкенде ыңгайлуу жана коркунучсуз болот. Негизинен, руль менен ээрдин бийиктиги бирдей болгону жакшы («Which?» журналынан).

[19-беттеги сүрөт]

«Пенни-фартинг».

[Булак]

Police Gazette, 1889

[19-беттеги сүрөт]

Велосипед.

[Булак]

Киши: A Pictorial Archive from Nineteenth-Century Sources/Dover Publications, Inc.

[20-беттеги сүрөт]

Айрым өлкөлөрдө велосипед тепкенде мыйзам боюнча туулга кийүү талап кылынат.

[20-беттеги сүрөт]

Көптөгөн өлкөлөрдө велосипед ат катары эле колдонулат.