Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Көз тиет деп коркуш керекпи?

Көз тиет деп коркуш керекпи?

Ыйык Китептин көз карашы

Көз тиет деп коркуш керекпи?

АМАЗОНКАДАГЫ айылдардын биринде жашаган аял баласын акырын асма бешикке жаткырып жатып, кызыл тасмадан анын бытыйган колуна, карыш белине аярлап байлайт. Ал ырымын иштеген соң, эне өзү: «Чүрпөм бирөө-жарымдын жаман-жуман көзүнөн, сугунан тышкары болсун» — деп, жеңилдене түшөт.

Көз тийүүдөн Түштүк Американын карапайым тургундары тургай, Түндүк Американын ишкер адамдары, италиялык укук адистери, индиялык дыйкандар да катуу коркушат.

Көз тийүү деген эмне? Айрымдар башкаларды кырсыкка, ал эмес, өлүмгө дуушар кыла тургудай кудуретке ээ кишилер бар, алар өз күчүн, маселен, бирөөгө көз артканда колдонушат деп ишенишет. Ал гана эмес, пейили жакшы адамдардын деле көзү тийип, зыян келтириши мүмкүн деп ойлогондор да аз эмес.

Сенде да ушул сыяктуу коркунуч барбы? Бар болсо, ал сага жардам береби же зыян келтиреби?

Чындыкпы же сокур ишенимби?

Көз тийүү боюнча жазылган эмгектердин көбүндө ал жөн гана элдик ишеним, ырым-жырым деп айтылат. Ырымчылдык «акылга да, далилдерге да негизделбеген» сокур ишеним деп аныкталгандыктан, айрымдар «көз тиетти» караңгы адамдар оюнан чыгарып алышкан деп эсептешет.

«Көз тийип...» деп айтылып жүргөндөрдүн далайы ойдон чыгарылган окуялар экени ырас. Көзүндө калы барлардын, чалырлардын, башында эки уюлу барлардын көзү тиет деген, чынында, ойдон чыгарылган нерселер. Өтө ырымчыл адам же баласы сыркоолоп калса, же ую өлсө, же тооктору туубай калса да, «көз тийди» дей берет.

Бирок жаңгактын данеги катуу кабык менен капталган өңдүү, көз тийүү жөнүндөгү жалган баяндардын «кабыгынын» астында орчундуу фактылар жашырылып жатат. Ошон үчүн айтылып жүргөн баяндардын «ичиндеги данегин», башкача айтканда, чыныгы фактыларды алып, карап көрөлү.

Көз тиет деген ишенимдин келип чыгышы

Бир энциклопедияда берилген маалымат боюнча, көз тийүүнүн кесепеттеринен тээ байыркы вавилондуктардын маалында эле коркушчу экен («Encyclopædia of Religion and Ethics»). Андай коркунучту кимдер таратышкан? Негизинен, Вавилондун мастан-бакшылары. Алар көз карашы менен дубалап, башкаларды азап-тозокторго дуушар кылышы менен белгилүү болушкан. Бирок алар муну өз күчү менен жасашкан эмес. Анда кимдин күчү менен? Жин-перилер деп аталышкан рухий тирүү жандардын. «Вавилониянын жана Ассириянын дини» деген китепте: «Мастандар каалашса жиндерди чакырып, каалаган адамын алардын бийлигине баш ийдире алышкан»,— деп түшүндүрүлөт.

Табияттан тыш күч жин-перилер атыгып калган периштелерден келери Ыйык Китепте да айтылган (1 Падышалык 15:23; 1 Тимофей 4:1; Иуда 6). Андан тышкары, Кудайдын Сөзүндө жиндер башкарып алган адамдар — медиумдар менен сыйкырчылар — жиндердин каардуу күчүнөн күч алары айтылат (Расул 16:16—18; Аян 22:15). Ошондуктан алар башкаларды, кээде көз карашы менен эле дубалап коё алышат (5 Муса 18:10—12). Демек, көз тийүүнүн артында айрым олуттуу фактылар бар экен да.

Эгерде жашаган жергеңде көзү ачыктарга дубалатуу кеңири таралган болсо, көз тийүүдөн сенин да коркоруң турган иш. Бирок андай дубалар канчалык коркунучтуу угулбасын, сен алардан кошуна-колоңдоруңа окшоп коркпошуң керек. Эмне үчүн? Биринчиден, көз тийүүдөн коркуу сени жиндерге кул болууга алып келиши ыктымал, ал эми буга Ыйык Китеп тыюу салат. (Кара: 1 Коринфтиктер 10:20, 21.) Экинчиден, көз тийүүдөн сактап, коркуунун бардык себептеринен арылта турган коргоо табууга болот. Кантип? Тумар же көз мончок тагынуу мененби?

Чыныгы коргоо

Мисалы, бир бакыйган бак үйүңдү көздөй кулаганы турса, кандай чара көрмөксүң? Кулаган бактын салмагына туруштук берер деп, үйүңдүн чатырын бекемдей баштайсыңбы? Же бакты чебердеп кыйып сала алган бирөөгө кайрылып, жардам сурайт белең? Бакты кыйып таштаса, коркпой да каласың.

Эгерде жиндер менен байланышы бар бирөө көзүм тиет деп сени коркутуп атса, андан коркпош үчүн кандай чара көрөсүң? Тумар же көз мончок тагына баштайсыңбы? Же жиндердин күчүн майтара аларын далилдеген бирөөдөн жардам сурайт белең? Чынында, ушул экинчи аракет эң туура болот, анткени эгер коркунуч туудурган себеп жок кылынса, коркпой да каласың.

Сен да, забурчудай болуп (ЖД): «Мен жардамды кайдан алам?» — деп сурайттырсың. Кудайдын рухунун жетекчилиги менен ал: «Асман менен жерди жараткан Теңирден [«Иеговадан», ЖД]»,— деп жооп берген. Жараткандын жардамына көз тийүүдөн коргоо да киреби? Албетте! Забурчу: «Теңир сени ар жамандыктан сактап турат»,— деген (Забур 120). Иегованын чынында эле коргооруна бек ишениш үчүн, анын жин-перилерге карата мурун кандай чара колдонгону, келечекте кандай чара колдонору жөнүндөгү билдирүүлөрдү карап чык.

Эмне себептен «жиндер... титиреп турушат»?

Нуктун күндөрүндө Иегова тил албаган периштелерди артыкчылыктуу орундарынан түшүрүп, рухий караңгылыктын «зынданына» салып таштаган (1 Пётр 3:19; 1 Муса 6:1—4). Биринчи кылымда Ыйса Кудайдын өкүлү катары иш жүргүзүп, адамдардан күчтүү жиндерди кууп чыгарган (Матфей 8:31, 32; Марк 1:39). Ал эми XX кылымда болсо Ыйса Кудайдын берген күчүн дагы бир ирет колдонуп, Шайтан менен анын жиндерин асмандан кууп түшүргөн (Аян 12:7—9). Ошентип, жиндер Кудайдын күчүнүн алдында алардын күчү жокко эсе экенин түшүнүүгө аргасыз болушкан. Ал гана эмес, Иегова келечекте дагы бир иш жасаганы турат. Жакында Шайтан менен асмандан куулган козголоңчу жин-перилер миң жылга туңгуюкка салынышат (Аян 20:1—3).

Буларды билүү аларга кандай таасир тийгизет? «Жиндер... ишенип титиреп турушат»,— дейт Ыйык Китеп (Жакып 2:19). Сагачы? «Титиреп» коркуп турган жиндерден жана алар колдонгон адамдардан эми коркосуңбу? Же Иегованын көз тийүүдөн коргооруна бекем ишеним артып, бир гана Иегова Кудайдан коркосуңбу? (1 Падышалык 12:24).

Эгерде сенин ишенимиң тумар, көз мончокторуңан арылып, Иегованын Күбөлөрү менен болгон байланышыңды бекемдөөгө түрткү берсе, анда байыркы маалда жашаган Корейдин уулдарынын: «Кудай биздин сыйынтыбыз жана кубатыбыз, алааматта тез жардамчыбыз; ошондуктан... биз коркпойбуз»,— деп айткандарына кошуларың шексиз (Забур 45:2, 3; салыштыр: Римдиктер 8:31).