Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мектептегилерден кимдир бирөөнү жолуктуруп калсамчы?

Мектептегилерден кимдир бирөөнү жолуктуруп калсамчы?

Жаштар сурайт:

Мектептегилерден кимдир бирөөнү жолуктуруп калсамчы?

Биринчи күнү сабакка баруу мен үчүн өзүнчө эле азап болчу. Кабарда жүрүп мектептеги досторумдун бирине жолугуп калган болсом, актануу үчүн эптеп бир нерсе ойлоп табууга туура келчү. Мисалы, лейбористтер партиясына акча чогултуп жүргөм деп айтып койчумун»(Джеймс, Англия).

«Кабарда жүргөнүмдү бир мектепте окугандар көрүп калышса шылдыңдашар эле. Буга абдан ызаланчумун» (Дебора, Бразилия).

БУЛ өспүрүмдөр тааныштарыбыз көрүп калат деп эмне мынча коркушчу? Алар мыйзамга каршы иш жасашты беле? Андай деле эмес. Алар азыр жер үстүндө аткарылып жаткан иштердин эң жакшысына жана маанилүүсүнө катышып жатышкан. Алар Ыйса Машайыктын: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла... силерге буюрганымдын баарын аткарууга үйрөткүлө»,— деген буйругун аткарып жүрүшкөн (Матфей 28:19, 20; ЖД).

АКШдагы Гэллап институту жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, өспүрүмдөрдүн 90 пайыздан ашууну Кудайга ишенишет жана болжол менен алардын жарымы жума сайын чиркөөгө барышат. Айрым өспүрүмдөр чиркөөнүн ар кандай иштерине катышат, мисалы, хордо ырдайт. Бирок классташтары менен Кудай жөнүндө сүйлөшкөндөр жокко эсе. Ал эми Иегованын Күбөлөрү дүйнө жүзү боюнча үйдөн үйгө кабар айтышканы менен белгилүү жана бул ишке миңдеген өспүрүм Күбөлөр катышууда.

Эгер сен Иегованын Күбөлөрүнүн жаштарынын катарында болсоң, албетте, сен да кабар айтуу кызматына катышып жатасың. Бирок сага бул ишти аркалаш дайым эле оңой боло бербеши белгилүү. Балким, сен да, жогоруда айтылган өспүрүмдөргө окшоп, үйдөн үйдү кыдырып кабар таратууда бир мектепте окугандарды жолуктуруп калбасам экен деп кооптоноттурсуң. Улуу британиялык Дженни аттуу кыз: «Мектепте жүргөнүмдөн айырмаланып, татынакай кийинип: юбка кийип, сумка көтөрүп жүргөнүмдү классташтарым көргөндө, өзүмдү аябай оңтойсуз сезчүмүн»,— дейт.

Кудай жолундагы айрым өспүрүмдөр мектептеги тааныштарын жолуктуруудан аябай корккондуктан, түрдүү айла-амалдарга барышат. Лион аттуу өспүрүм мындай дейт: «Кабарга чыгарда дайыма баш чүмбөттүү куртка кийген Күбөнү билем. Мектептеги досторунан кимдир-бирөөнү көрүп калса, ал шак баш чүмбөтүн кие калат». Жаштардын арасында белгилүү бир аймактарда кабар айтпаганга аракет кылгандар да бар. «Кабар айтканы баратканда баланча көчөгө барбасак экен деп тиленчүмүн,— дейт Саймон деген бир улан,— анткени ал жерде жашагандардын көбү биздин мектептен экенин билчүмүн».

Кабарда жүрүп тааныштарыңды кезиктирип калсаң оңтойсузданышың ыктымал. Бирок корко берүү зыяндан башка пайда алып келбейт. «Мен дайыма кызматка айла жоктон эле чыкчумун,— деп ачыгын айтат германиялык Алисия.— Бул менин рухийлигиме терс таасир тийгизчү».

Сага оңойго турбаса да, эмне үчүн кабар айтуу абдан маанилүү? Бул суроого жооп берүү үчүн, алгач Кудайдын бизге эмне себептен бул ишти тапшырганын карап көрөлү. Андан соң коркоктукту чечкиндүү маанай менен күч-аракет жумшоонун аркасында кантип жеңсе болору жөнүндө сүйлөшөлү.

Кабар айтуу милдети

Адегенде адамдын өзүнүн ишеними тууралуу айтышы жаңы жана таңкаларлык деле иш эмес экенин түшүнүп алсаң, сага жардам болот. Кудайдан корккон эркектер менен аялдар илгертен эле өз ишеними жөнүндө башкаларга айтып келишүүдө. Мисалга Нухту алалы. Ал баарынан мурда кеме кургандыгы менен таанымал (1 Муса 6:14—16). Бирок ал, 2 Пётр 2:5те айтылгандай, «адилеттиктин жарчысы» да болгон. Нух жакындап келе жаткан кыйратылуу жөнүндө элдерге эскертүүнү өзүнүн парзы катары эсептеген (Матфей 24:37—39).

Кийинчерээк көптөгөн еврейлер, аларга еврей эместерге кабар айтуу милдети жүктөлбөсө да, башкаларга өзүлөрүнүн ишеними жөнүндө айтышкан. Ушундан улам Кудайдын элинен болбогон Руф Иегова жөнүндө биле алган. Кайненесине болгон ыраазылыгы ашып-ташыган Руф, ага кайрылып: «Сенин элиң — менин элим, сенин Кудайың — менин Кудайым болот»,— деген (Руф 1:16). Кийинчерээк Сулайман падыша израилдерден бөлөк элдер да Кудайдын «улуу ысмы» тууралуу угуп, Иеговага табынуу үчүн анын ийбадатканасына келерин айткан (3 Падышалык 8:41, 42).

Кудайдын байыркы убактагы кызматчылары кабар айтууга милдеттүү болушпаса да, өздөрүнүн ишеними тууралуу башкалар менен бөлүшүшкөн. Ал эми Ыйсанын жолдоочуларына «Падышалык жөнүндө Жакшы кабарды» таратуу буйругу берилгендиктен, милдетибиздин маанилүүлүгүн сезишибиз керек (Матфей 24:14). Биз, расул Павелге окшоп, жакшы кабардын таралышынын зарылдыгын түшүнүшүбүз керек (1 Коринфтиктер 9:16). Биздин куткарылуубуз ушундан көз каранды. Римдиктер 10:9, 10до «Эгерде сен оозуң менен Ыйсаны Теңир деп ачык таанысаң... анда куткарыласың; анткени жүрөк менен ишенип, адилеттикке жетишет, ал эми ооз менен ачык айтып, куткарылууга жетишет»,— деп жазылган.

«Ачык айтуу» дегенди сен кандай түшүнөсүң? Расмий эмес түрдө кабар айтканың жакшы дечи, бирок күбөлөндүрүүнүн эң жакшы ыкмаларынын бири болуп үйдөн үйдү кыдырып айтуу эсептелет (Расул 5:42; 20:20). А балким, али жашың жете элек болгондуктан, кабардын бул түрүнө катышпай деле койсоң болоттур? Бирок бул жерде курак эч кандай роль ойнобойт. Бул жөнүндө Ыйык Китепте, Забур 148:12, 13тө, мындай деп айтылат: «Жигиттер жана кыздар, карылар жана жаштар — Теңирдин ысмын макташсын».

Курбу-курдаштарга кабар айтуу жеңилби?

Албетте, кабарда жүргөндө бир мектепте окугандардын бирөө-жарымын жолуктуруп калсаң, өзүңдү оңтойсуз сезип, кирерге жер таппай, карбаласташың мүмкүн. Анткени айланаңдагыларга жагууга аракеттенүү табигый нерсе да. Бирөөнүн кыжырга тийип, шылдыңдап, тилдей бергенин ким эле жактырсын. Таня аттуу кыз айткандай, «мектептеги балдар кээде абдан катаал болушат». Ошондуктан тыкан кийинип, колуңа Ыйык Китеп алып жүргөнүңдү чогуу окугандар көрсө кандай ойдо калышат деп тынчсызданганың деле жөндүү. Бирок сени алар баары бир шылдыңдашы мүмкүн. «Бир классташым менен кошуна жашачумун,— дейт бразилиялык өспүрүм Филипи.— Мени көргөн сайын эле: „А, дагы эле Ыйык Китебиң менен жүрөсүңбү? Алдыгы сумкаңда эмне бар?“ — дей берчү».

Ар дайым шылдыңдоо менен келекелөөгө алынуу оңой нерсе эмес. Ыйык Китептен Ибрайымдын баласы Исакты аталаш агасы Измайил аябай кемсинткенин билебиз (1 Муса 21:9). Расул Павел мындай мамилени тамаша катары караган эмес. Ал аны Галатиялыктар 4:29да «куугунтуктоо» деп атаган.

Ыйса Машайык өзүнүн жолдоочуларына айрым адамдар жаман мамиле кыларын эскерткен. Ал: «Эгерде дүйнө силерди жек көрсө билип койгула, силерден мурда Мени жек көргөнү. Эгерде силер дүйнөнүкү болсоңор, анда дүйнө өзүнүкүн жакшы көрөт эле: силер дүйнөнүкү эмессиңер, бирок дүйнөдөн Мен силерди тандап алгам, ошол үчүн дүйнө силерди жек көрөт»,— деп айткан (Иоанн 15:18, 19).

Демек, сен Ыйсанын жолдоочусу катары түрдүү куугунтуктоолорго чыдоого даяр болушуң керек (2 Тимофей 3:12). Ыйык Китеп жөнүндө кеп кылбасаң да, курбу-курдаштарыңдан кимдир бирөө сени алардын жаман иштерине катышпай, адеп-ахлактыктын жогорку нормаларын сактап жүргөнүң үчүн деле бучкактап бура бастырбашы ыктымал (1 Пётр 4:4). Бирок Ыйса: «Силерди кордогондо, кубалаганда жана Мен үчүн ар кандай жалган айтып жамандаганда, силер бактылуусуңар»,— деп сооротот (Матфей 5:11). Чын эле адамдардын шылдыңдаганына карабай бактылуу болууга мүмкүнбү? Ооба, эгерде сен Иегованын жүрөгүн сүйүнтүп жатканыңды эсиңден чыгарбасаң (Аңгемелер 27:11). А Кудайга жаккан иштерди кылып жаткандар түбөлүк өмүр белегин алышат (Лука 10:25—28).

Бирок кабарда жүргөндө жолуктурган тааныштарыңдын баары эле сен жөнүндө жаман ойдо боло бербейт. Улуу британиялык Анжела аттуу кыз: «Кабарда жүрүп бир мектепте окуган курбу-курдаштарыңды эшигинин алдынан жолуктуруп калсаң, көпчүлүк учурда алар сенден да жаман оңтойсузданышат»,— деп айткан. Айрымдарын сенин айткандарың кызыктырышы да ыктымал. Кандай болбосун, Ыйсаны жолдогон көптөгөн өспүрүмдөр өзүлөрү менен бир мектепте окугандарга кабар айтууда ийгиликтерге жетишүүдө. Ушул рубриканын кийинки макаласында мунун айрым жолдорун талкуулайбыз.

[28-беттеги сүрөт]

Кудай жолундагы көп өспүрүмдөр кабарда бир мектепте окугандарды жолуктуруудан коркушат.

[29-беттеги сүрөт]

Кимдир бирөө шылдыңдаса да, Кудайга ишенгениң үчүн эч качан уялба.