Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мугалимдик кесиптеги кыйынчылыктар

Мугалимдик кесиптеги кыйынчылыктар

Мугалимдик кесиптеги кыйынчылыктар

«Мугалимдик кесипке коюлган талап көп. А бирок ак эмгегин сиңирип жатышкан биздин мектептин мугалимдерине коом тарабынан чанда гана ыраазычылык билдирилет» (Кен Элтис, Сидней университети, Австралия).

ЫРАС, «мааниси зор кесиптердин бири» болуп эсептелген мугалимдик кесиптин кыйынчылыктары бир топ: маянанын аздыгы, класстардын начар абалда болушу, окуучулардын көптүгү, толгон-токой кагаз иштери; бейсый мамиле, зордук-зомбулук жана ата-энелердин кайдыгерлиги. Булардын баарына мугалимдер кантип чыдашат?

Бейсый мамиле

Биз нью-йорктук төрт мугалимден жумушунда көбүнчө кандай кыйынчылыктар кезигерин сураганыбызда, алар бир ооздон: «Урмат-сыйдын жетишсиздиги»,— деп жооп беришти.

Кениялык Уильям Африкада да мугалимдерге жасалган мамиленин мурункудан кыйла өзгөрүп калганын айтат. «Эмки балдар абдан бейбаш. Мен бала кезде (азыр орто жаштарга барып калган) африкалыктар мугалим дегенди коомдун даражалуу адамдары катары сыйлашчу эле. Жаш-кары дебей, мугалимди үлгү көрүшчү. Азыр болсо көзгө илип да коюшпайт. Африканын айылдарындагы жаштардан өйдө Батыш маданиятынын таасирине алдырганы алдырган. Кинодо, видеотасмаларда жана китептерде барктуу, улуу адамдарга „сен ким элең“ деп мамиле жасоо өзүнчө бир эрдик катары көрсөтүлөт эмеспи».

Италияда мугалим болуп иштеген Жулиано: «Баскан жеринин баарында тил албастык, баш ийбестик, тоотпостук болуп жатса, балдарга анын капшабы тийбей коёбу»,— деп өкүнүчүн билдирет.

Баңгизат жана зордук-зомбулук

Мектептерде баңгизаттын колдонулушу олуттуу көйгөйгө айлангандыктан, америкалык мугалим Луэнн Жонсон өзүнүн китебинде мындай деп жазган: «Балдар бакчасынан баштап дээрлик ар бир билим берүү мекемелеринде окуу программасына баңгизаттардын зыяндуулугу боюнча маалымат киргизилип калды (жантайыңкы ариптер биздики, ред.). Баңгизаттар жөнүндө кээ бир чоң адамдарга караганда... балдар көп билишет. Баңгизатты көбүнчө эмне кылар айласын таппаган, өзүн эч кимге керексиз, жалгыз сезген, зеригип жүргөн, үмүтсүз окуучулар колдонушат» («Two Parts Textbook, One Part Love»).

«Баңгизат колдонууну ата-энесинен үйрөнгөн тогуз жашар баланы мугалимдер кантип тарбиялай алышсын?!» — дейт Кен, австралиялык мугалим. Германияда жалпы билим берүүчү мектепте иштеген отуз жаштагы мугалим Михель мындай деп жазат: «Мектепте баңгизат саткандар көп экени белгилүү болсо да, кармалгандар чанда гана». Анын айтымында, мектепте тартип жагы начар, балдар «„эмнени бүлдүрүп жиберсем“ деп эле тургансыйт. Парталар менен дубалдардын тамтыгы кеткен, эмерек-буюмдар талкаланган». «Менин окуучуларымдын кээси дүкөндөн уурулук кылгандыгы жана башка тартипсиздиктери үчүн полицияга түшкөн. Анан кантип мектептин өзүндө уурулук болбой койсун?!» — дейт ал.

Мексиканын Гуанахуато штатында иштеген мугалим Амира мындай дейт: «Балдардын үйлөрүндө зордук-зомбулук, баңгизатка байланыштуу көйгөйлөр көп кезигет, мындай жагдай аларга түздөн-түз таасир тийгизүүдө. Тилденип-сөгүнүү тыйылбаган жана башка терс иш-аракеттер жасалган чөйрөдө жашашкандыктан, ошонун баарын үйрөнүшөт. Бир жагынан, жакырчылык кендирди кесет. Бизде билимди бекер алса болот, бирок дептер, калемсап жана башка окуу куралдарын эне-аталар өзүлөрү сатып берүүгө тийиш. Бирок алардын болгон акчасы тамак-ашка эле жетет».

Курал-жарактардын мектепке алып келиниши

Жакында эле Кошмо Штаттардагы болуп өткөн окуялар мектепке курал көтөрүп келүү бул өлкөдөгү олуттуу көйгөйлөрдүн бири экенин көрсөтөт. Бир билдирүү боюнча, «күн сайын 87 125 мамлекеттик мектепке 135 000 курал алып кирилет деп божомолдонот. Бул санды төмөндөтүш үчүн, коомдук тартипти коргоо органдары темир аныктагыч шаймандар (металлодетектор), видеокамера, үйрөтүлгөн иттерди колдонушат, окуучулардын чечинүүчү жайдагы шкафтарын тинтишет, өткөрмө тартибин киргизишет, балдарга мектепке портфель көтөрүп келүүгө тыюу салышат» («Teaching in America»). Мындай коопсуздук чаралары колдонуларын укканда, сөз, деги, мектеп тууралуу жүрүп атабы же түрмө жөнүндөбү деп ойлойсуң. Билдирүүдө белгиленип кеткендей, курал алып келишкендиги үчүн 6 000ден ашуун окуучу мектептен чыгарылган.

«Окуучулар жашыруун ар кандай курал алып келишет. Темир аныктагыч шаймандар деле жардам бербей калды. Дагы бир кыйынчылык — окуучулардын мектеп мүлкүн бүлдүрүшү»,— дейт нью-йорктук мугалим Айрис.

Мектептерде ушундай башаламандык өкүм сүрсө да, ак ниет мугалимдер балдарга билим берип, адеп-ахлактык дөөлөттөрдү үйрөтүүгө аракеттенишүүдө. Ошондуктан мугалимдердин көбүнүн депрессияга кабылып же өтө чарчап жатышы жөн жерден эмес. «Германиядагы мугалимдердин миллиондон үч бөлүгү стресстен улам оорушат. Алардын болгон дарман-күчтөрүн жумуш алат»,— дейт Тюрингия (Германия) Мугалимдер бирикмесинин президенти Рольф Буш.

Балалуу балдар

Өспүрүмдөр арасындагы жыныстык байланыштар да көкөй кести көйгөй. «Teaching in America» китебинин автору Жорж Моррисондун айтымында, АКШда «жыл сайын 1 миллионго жакын кыздын (15—19 жаштагы кыздардын 11 пайызынын) боюна бүтөт». Өнүккөн өлкөлөрдүн ичинен Кошмо Штаттар өспүрүмдөр арасындагы бойго бүтүү көйгөйү боюнча биринчи орунда турат.

Муну Айристин айткандары да ырастайт. «Секс менен олтурушту сөз кылбаган өспүрүм жокко эсе. Эси-дартынын баары ошо. Анын үстүнө, азыр мектептин компьютерлери Интернетке туташтырылган! Демек, алар үчүн пикирлешүү топторуна, порнографияга жол ачык»,— дейт ал. «Окуучулар арасында да жыныстык жактан бузулуу жок эмес, бар. Бизде эң эле жаш кыздардын боюна бүтүп калган учурлар болгон»,— дейт Мадридде (Испания) жашаган Анхель.

«Бала багууга жалданышкан эмес»

Мугалимдер кээ бир ата-энелердин балдарына үйдөн окуусуна жардам берүүнү парыз көрүшпөгөнүнө нааразы. Алар баланын биринчи мугалими өзүнүн эне-атасы болууга тийиш деп эсептешет. Бала «уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат». Ошондуктан Америка мугалимдер бирикмесинин президенти Сандра Фельдмандын: «Мугалимдерди... атайы бала багууга жалдап алгансыбай, башка адистердей көрүүгө тийишпиз»,— деген көз карашы, чынында, орундуу көрүнөт.

Кээде эне-аталар балдарына мектептен эскертүү берилсе, туура түшүнүшпөйт. Мындан мурунку макалада сөзү келтирилген Лимариз: «Балдарынын тартипсиздигин директорго билдирдиң эле дегиче, ата-энелери беттен алышат»,— дейт. Тартиби начар балдар менен иштөөнүн татаалдыгын айтып, жогоруда айтылып кеткен Буш да мындай деген: «Балдар чеке жылытарлык тарбия көрүшпөйт. Эгер мурун үйлөрүнөн жакшы тарбия алып келишсе, азыр анын бири да жок». «Биз, мугалимдер, окуучулардан кадимкидей коркобуз. Жаман баа койсоң, таш менен уруп же сабап кетишет. Машинең болсо, аны да бүлдүрүп салышат»,— дейт Мендоса (Аргентина) шаарында иштеген Эстела.

Ошон үчүн көптөгөн өлкөлөрдө мугалимдердин жетишсиз болуп атышы жөн жерден эмес. Нью-Йорктогу Карнеги корпорациясынын президенти Вартан Григорян деп эскертет: «Биздин [Американын] мектептерге келерки он жылдыкта 2,5 миллион жаңы мугалим керек болот». Ири шаарлардагы мектептер «Индиядан, Вест-Индия аралдарынан, Түштүк Африкадан, Европадан жана башка жактардан мыкты мугалимдерди издеп жатышат». Албетте, бул ошол өлкөлөрдөгү мугалимдердин жетишсиздигине алып келет.

Эмне үчүн мугалимдер жетишсиз?

Мугалимдик иште 32 жыл эмгек сиңирген Йошинори «мугалимдик ары улук, ары изги кесип болгондуктан, япондор аны абдан баалашарын» айтат. Бирок, өкүнүчкө карай, айрым өлкөлөрдө бул кесип анчейин баркталбайт. Жогоруда айтылган Григорян билдиргендей, мугалимдерге «урмат көрсөтүлбөйт, көңүл бурулбайт жана мээнети тийиштүү бааланбайт... Штаттардын [АКШ] көбүндө мугалимдердин маянасы бакалавр же магистр даражасындагы билими бар башка адистердин маянасынан төмөн».

«Салыштырмалуу төмөн квалификация талап кылынган жумуштар үчүн төлөнүүчү эмгек акы мугалимдердин алган маянасынан жогору экенин билген мугалим кандай абалда болот? Же былтыр эле мектепти бүтүп кеткен окуучусунун... азыр алып аткан же беш жылдан кийин ала турган акчасынан аз алып атканын түшүнгөн мугалим өзүн кандай сезет? Мындай көрүнүш аларды басынтпай коймок беле»,— дейт макаланын башында ою келтирилген Кен Элтис.

«Мугалимдердин алган акчасы аз... Биз адвокаттардан төрт эсе, бухгалтерлерден эки эсе, жүк ташуучу унаа айдагандардан жана кеме куруучу заводдун жумушчуларынан төмөн акча алабыз... Мынчалык көптү талап кылган, бирок мынчалык аз маяна төлөнгөн кесип жок»,— деп жазат Уильям Эрз («To Teach—The Journey of a Teacher»). АКШнын мурдакы генералдык прокурору Жанет Рено да 2000-жылдын ноябрында ушул ойду айткан: «Биз адамды Айга учурууга акча табабыз... Спортсмендерге канчалаган акча төлөйбүз. Ал эми мугалимдерибизден эмне үчүн аянабыз?»

«Жалпы жонунан, мугалимдердин эмгек акысы аз,— дейт Лимариз.— Билим алууга бир канча жыл кетирсем да, бул жакта, Нью-Йоркто, жыл бою алымсынарлык акча алганым жок, чоң шаарда жашоонун кыйынчылыгы да түк эсепке алынбайт». Санкт-Петербургда иштеген Валентина: «Мугалимдин эмгеги — баркталбас эмгек, себеби мугалимдин маянасы ар дайым тирилик минимумунан төмөн»,— дейт. Чубуттагы (Аргентина) Марлин да ошондой ой айтат: «Алган акчаңдын аздыгы бир эмес, эки-үч жерге чуркап иштөөгө аргасыз кылат. Бул болсо сабак берүүңдүн сапатын төмөндөтөт». «Экономикалык абалдын оордугунан, мага, мугалимге, жашоо оңой эмес. Мугалимдин маянасынын төмөндүгү көптөргө биздин кесипти тандап алууга жолтоо болуп келген десем, кесиптештерим төгүн дешпес»,— дейт Найробидеги (Кения) мугалим Артур.

Нью-йорктук мугалим Дайэна жазуу түрүндөгү көнүгүүлөрдү текшерүү менен журналдарды толтуруу да мугалимдин көп убактысын аларын айтат. «Күндүн далайы мектептин майда-барат жумуштары, кайталоо жана баягы эле бүтпөгөн иштер менен өтөт»,— дейт дагы бир мугалим. «План жазып атып эле эсиң оойт»,— дегендерин да көп угасың.

Мугалимдер аз, окуучулар көп

Дюрендин (Германия) тургуну Бертольд көп кездешкен нааразычылыктардын дагы бирин деп билдирет: «Класстарда балдар өтө эле көп. Айрымдарында 34 бала бар. Демек, сабактардан жетишпей жаткан окуучуларга биз тийиштүү көңүл бура албагандыктан, алар көзжаздымда кала беришет. Ар бир балага жекече көңүл бурууга мүмкүнчүлүк жок».

Жогоруда оюн айткан Лимариз мындай дейт: «Былтыр мен үчүн, бир жагынан, ата-энелердин көңүл коштугу, бир жагынан, алган классымда 35 баланын окушу кыйын болду. Элестетсеңер, баары алты жашта, болгондо да отуз беш бала!»

«Нью-Йоркто мугалимдер жетишсиз, өзгөчө, математика менен табият таануудан берген мугалимдер,— дейт Айрис.— Мугалимдер башка жумуш таап кетишет. Ошондуктан шаар бийликтери чет элдик мугалимдерди жумушка көп алышат».

Ооба, мугалимдик — оор кесип. А бирок мугалимдер жумушунун кайсы жактарын жактырышат? Эмне үчүн алар кесибин таштагысы келбейт? Бул суроолор ушу катар макалалардын соңкусунда талкууланат.

[9-беттеги кыстырма]

Американын мектептерине күнүгө 135 000 курал алып кирилет деп божомолдонот.

[10-беттеги кутуча/сүрөт]

Кандай мугалим иштин көзүн билген мугалим?

Кандай мугалим мыкты мугалим? Балдардын эс-тутумун өтүлүп аткан теманы беш колундай билип, текшерүү ишин кыйналбай-кысталбай аткаргыдай кылып өрчүтө алган мугалимби? Аларды тартынбай суроо берүүгө, өз алдынча ой жүгүртүүгө, изденүүгө көнүктүргөнүбү? Же балдарга коомдун пайдасына салым кошо алган инсандардан болуп өсүп-жетилүүгө жардам бергениби?

«Жашоонун татаал жолунда өз окуучуларыбыз менен сапар карытып баратканыбызды түшүнүп, тек гана аларды адам болгону үчүн сыйлап, кадырын билип мамиле кылганыбызда гана чыныгы мугалим экенибиз көрүнөт. Бул ушунчалык оңой, ошол эле учурда, кыйын» («To Teach—The Journey of a Teacher»).

Мыкты мугалим ар бир окуучунун жөндөмдүүлүктөрүн көрө билет жана аларды өнүктүрүүгө жардамдашат. Уильям Эрз мындай деп жазган: «Биз окуучунун эмнеге жөндөмдүү экенин, билиминин деңгээлин, шыктуулугун эске алган окутуунун ылайыктуу усулун изденип табышыбыз керек... Бир индейдин, беш жашар уулун „зээнсиз окуучу“ дешкенде, ызаланып мындай дегени эсимде: „Күлүк Бөрү кырктан ашуун канаттуунун атын, алардын кай жакка жер которушарын билет. Асманда каалгып учкан бүркүттүн куйругу он үч тал канаттан турарын билет. Балама, болгону, анын жөндөмдүүлүктөрүн байкаган мугалим жетишпейт“».

Ар бир баланын жөндөмдүүлүктөрүн толук ачыш үчүн, мугалим анын эмнеге кызыгып, эмнени жактырарын туюп, ошого болгон шыгын дагы да өрчүтүүгө түрткү бериши абзел. Ошону менен бирге, өз ишин белсемдүү аткарган мугалим балдарды жакшы көрүшү керек.

[Булак]

United Nations/Photo by Saw Lwin

[11-беттеги кутуча]

Сабак дайым эле оюн-күлкү менен өтүшү талаппы?

Мугалим Уильям Эрз мугалимдер тууралуу жаңылыш көз караштардын тизмесин түзгөн. Тизмедеги он жаңылыш көз караштын бири бул: «Мыкты мугалимдин сабагы — ар качан көңүл ачуу». «Көңүл ачканда алаксыйсың, күлөсүң. Көңүлүңдү маскарапоздор да көтөрөт. Тамаша сөздөр да көңүлдү ачат. Окуу жагымдуу, кызыктуу, таасирлүү, баш катырма, терең ойлонторлук жана кээде кадимкидей канааттандырарлык болот. Анын үстүнө, сабакта оюнду пайдалануунун жаман жери жок. Ошол эле учурда, сабактын баштан-аяк көңүл ачууга айланып кетиши натуура болор эле». «Бирөөнү окутуш үчүн, ар тараптуу билим, жөндөмдүүлүк, чеберчилик, көрөгөчтүк жана зээндүүлүк керек. Бирок, баарынан мурда, адам сезимтал болуп, башкаларга ыкластуу мамиле кылышы зарыл»,— деп кошумчалайт ал («To Teach—The Journey of a Teacher»).

Нагоядагы (Япония) Сумио «жогорку класстардын окуучулары „куурай башын сындырбай“, жыргап-куунап эле жүрүүнү кызык көрүшөрүн» байкаган.

«Негизи, окуучуларга баары: окуу деле, мугалим деле кызыксыз көрүнөт. Аларга бардыгы жыргал менен эле өтүүгө тийиш. Окууга канчалык дит салышса, ошончолук пайда алышарын түшүнүшпөйт»,— дейт Бруклиндин (Нью-Йорк) мектептеринин биринде иштеген психолог Роса.

Эгер жаштардын көөнү көңүл ачууда гана болсо, анда алар үчүн окууга бүт дитин коюу, кандайдыр бир кызыкчылыктардан кечүү кыйынга турат. Жогоруда айтылып өткөн Сумио: «Баарынан мурда, алардын келечекти карап ой жүгүртө алышпагандыгы өкүнүчтүү. Орто мектепте окугандардын көбү азыр маңдай тер агыза окушса, кийин ошонун үзүрүн көрөрүн ойлошпойт»,— деп ой бөлүшөт.

[7-беттеги сүрөт]

Дайэна, АКШ

[8-беттеги сүрөт]

МИХЕЛЬ (ГЕРМАНИЯ): «Мектепте баңгизат саткандар көп экени белгилүү болсо да, кармалгандар чанда гана».

АМИРА (МЕКСИКА): «Балдардын үйлөрүндө зордук-зомбулук, баңгизатка байланыштуу көйгөйлөр көп кезигет».

[9-беттеги сүрөт]

АМЕРИКА МУГАЛИМДЕР БИРИКМЕСИНИН ПРЕЗИДЕНТИ САНДРА ФЕЛЬДМАН: «Мугалимдерди... атайы бала багууга жалдап алгансыбай, башка адистердей көрүүгө тийишпиз».