Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мугалимдик кесиптин акыбети жана кубанычы

Мугалимдик кесиптин акыбети жана кубанычы

Мугалимдик кесиптин акыбети жана кубанычы

«Эмне үчүн ушул кесипте иштеп келатам? Мугалимдин жумушу оңой эмесичын: кыйналган, атүгүл ырп этерге алың келбей калган учурлар болот.Бирок мен, балдардын окуганды жакшы көрүшөрүн, сабактарданийгиликтерге жетип атышканын көргөндө, ушул эле кесипте иштегим келет»(Лимариз, нью-йорктук мугалим).

АР КАНДАЙ кыйынчылыктардын, кедерги-жолтоолордун айынан көңүл калган күндөр болсо да, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон мугалимдер өз кесибин аркалап келатышат. Эмгеги тийиштүү бааланбай калышы мүмкүн экенин билишсе да, мугалим болууну көздөп билим алгандардын саны эмне үчүн миңдеп саналат? Аларга ушул кесипте иштөөгө эмне жардам берет?

Орусиялык Инна аттуу мугалим мунун себебин мындай деп түшүндүрөт: «Окуткан балдарыңды кийин, чоңоюшканда, жолуктуруп, берген билимиңдин пайдасы тийгенин, сен окуткан жылдарды көп эстээрин укканда, абдан кубанасың».

Ал эми мындан мурунку макалада айтылган Жулиано мындай дейт: «Окуучуларды өтүп жаткан сабагыңа кызыктыра алганыңды көргөндө, ушундай бир канааттанасың. Мисалы, бир жолу кайсы бир тарыхый окуядан үзүндү айтып берип калдым. Угуп олтурган окуучуларым: „Айта берсеңиз? Дагы айтып бериңизчи?“ — деп чурулдап жиберишти. Балдардын минтип суранып атканын көргөндө, эртең мененки бүркөлгөн кабагың чайыттай ачыла түшөт. Анткени алардын кызыгуусун ойгото алганыңды түшүнөсүң. Алардын сабакты түшүнүшкөндөгү жаркыраган жүздөрүн, жоодураган көздөрүн көрүп кантип сүйүнбөй коёсуң».

Италиядагы мектептердин биринде сабак берген Элена мындай дейт: «Менимче, атагыңды алыска угузган кандайдыр бир чоң ийгиликтен көрө, мектептеги күнүмдүк жөнөкөй иштерден, окуучулардын жетишкен майда-барат ийгиликтеринен көп канааттануу аласың».

«Окуткан окуучуң убакыт таап, ырахматын айтып кат жазып койсо, кадимкидей ыраазы болосуң»,— дейт жашы отуздан ашкан австралиялык мугалим Конни.

Бул ойго Мендосанын (Аргентина) тургуну Оскар да кошулуп, мындай деген: «Мээнетим талаага кетпегенин көрөм: окуучуларым көчөдөн же дагы башка жерден жолугуп калышканда, берген билимим үчүн ыракмат айтып жүрүшөт». «Окуткан балдарымдын жакшы адамдардан болуп чоңойгонун көрүп, буга менин да салымым кошулганын түшүнгөнүмдө, өмүрүмдүн жарымдайын ушул эң сонун, бирок оор кесипке арнаганыма өкүнмөк турсун, абдан кубанам»,— дейт Мадридде (Испания) иштеген Анхель.

Макаланын башында сөздөрү келтирилген Лимариз оюн минтип улайт: «Мугалимдерди өзгөчө адамдар деп эсептейм. Биз мойнубузга өтө чоң жоопкерчилик алгандыгыбыз менен башкалардан айырмаланабыз. Эгерде окуучуларыңдын, мейли, бирин, мейли, онун бир нерсеге үйрөтө алсаң, мээнетиң талаага кетип атпаганын билесиң; бул — өзүнчө бир бакыт. Ушундай иш аткарып атканыңа абдан кубанасың».

Мугалимдериңерге ыраазычылык билдиресиңерби?

Өзүңөрдү окуткан эжей-агайларыңарга же балдарыңардын мугалимине бөлгөн убактысы, жумшаган күчү, бурган көңүлү үчүн ыраазычылыгыңарды билдирдиңер беле? Балким, ага открытка же кат жазып жиберсеңер болоттур? Кениянын борбору Найробиде жашаган Артур: «Мугалим деле мактоого муктаж. Мамлекет бийликтери, ата-энелер менен окуучулар мугалимдерди, алардын күжүрмөн эмгегин жогору баалоого тийиш» — деп, маанилүү ой айткан.

Мугалим Луэнн Жонсон: «Мугалимдерге нааразы болуп жазылган бир кат алсам, аларга ыраазычылык билдирип жазылган жүз кат алам. Бул начар мугалимдерден жакшы мугалимдер алда канча көп деген оюмду ырастайт»,— деп жазган. Атүгүл айрымдар «окуткан мугалимдерин табуу үчүн» издөө салышат. «Алар өзүлөрүнүн мугалимдерин таап, ыраазычылыгын билдиргиси келет».

Адамга билим дүйнөсүнүн эшигин мугалим ачат. Алдыңкы университеттердин профессорлору да алардын билим алууга, окууга болгон дилгирлигин ойготуу үчүн өз убактысын, күчүн аябаган мугалимдеринин алдында милдеттүү. Найробилик Артур: «Бийликте турган кызматкерлер менен чоң ишкерлер деле бир кезде мугалимдерден окушкан»,— дейт.

Бизди билим алууга шыктанткан, дилибиз менен акылыбыздын калыптанышына катышкан, билимибизди тереңдетүүгө үйрөткөн агай-эжейлерибизге биз кандай гана ыраазы болууга тийишпиз!

Ал эми Аңгемелер 2:1—6-аяттардагы («Ыйык Китеп»): «Уулум! Эгерде менин сөздөрүмдү кабыл алсаң, менин акыл-насааттарымды өзүңдө сактай турган болсоң, анда кулагыңды акылмандыкка төшөйсүң, жүрөгүңдү ой жүгүрткөнгө бурасың. Эгерде сен билимди издесең, аны кенчтей издеп тапсаң, анда Теңирден коркуу деген эмне экенин түшүнөсүң, Кудай жөнүндө билесиң. Анткени акылмандыкты Теңир берет. Анын оозунан билим менен акыл чыгат»,— деген сөздөрдү жаздырган Улуу Насаатчыбыз Иегова Кудайга андан бетер ыраазы болууга тийишпиз.

Бул аяттардагы эки ирет кезиккен «эгерде» деген шарттуулук маанисиндеги сөзгө көңүл бургулачы. Ойлосоңор, эгер биз күч-аракет жумшоого даяр болсок, Кудай жөнүндө билим ала алабыз! Ошондо биз эң маанилүү билимге ээ болобуз.

[13-беттеги кутуча]

Бактылуу эне

Нью-йорктук бир мугалим мындай кат алган:

«Балдарыма жасаган камкордугуңуз үчүн сизге чын ниетимен көптөн-көп ыракмат айткым келет. Сиз көңүл буруп, мээримиңизди төгүп, чеберчилигиңизди аянбай иштегендиктен, бүгүнкү күндө балдарым көп ийгиликке жетишти. Мен алар менен абдан сыймыктанам. Өзүңүздүн жардамыңыз болбосо, буга жетмек кайда? Мен сиздин мээнетиңизди эч качан унутпайм деп — С. Б.».

Кайсы мугалимиңерге ыраазычылык билдиргиңер келет?

[12-беттеги сүрөт]

Жулиано (Италия): «Алардын сабакты түшүнүшкөндөгү жаркыраган жүздөрүн, жоодураган көздөрүн көрүп кантип сүйүнбөй коёсуң».

[13-беттеги сүрөт]

Конни (Австралия):

«Окуткан окуучуң убакыт таап, ыракматын айтып кат жазып койсо, кадимкидей ыраазы болосуң».