Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне себептен мугалимдердин жардамына муктажбыз?

Эмне себептен мугалимдердин жардамына муктажбыз?

Эмне себептен мугалимдердин жардамына муктажбыз?

«Миң күн баш көтөрбөй окугандан көрө, бир күн билги маалимден сабак алганың артык» (япон макалы).

МЕКТЕПТЕ окуп жүргөн кезиңерде силерден жардамын аябаган мугалимиңерди эстейсиңерби? Же, балким, мектепте окуп жаткан болсоңор, баарынан кайсы мугалимиңерди жакшы көрөсүңөр? Эмне үчүн?

Жакшы мугалим окуучуларына өзүн ишенимдүү сезүүгө жардам берип, өтүп жаткан сабагына кызыктыра алат. Англиялык жетимиштеги бир киши Бирмингем шаарындагы мектепте англис тилинен сабак берген мугалимин ыраазы болуп эстейт. «Куили агай менин өзүм байкабаган жөндөмдүүлүгүмдү байкаптыр. Уялчаак, тартынчаак болсом да, ошол агайым мени мектептин драма коюу сынагына катыштырыш үчүн даярдай баштады. Мектепти бүтөр жылы мен ал сынактын жеңүүчүсү болуп чыктым. Мындай ийгиликке мугалимимдин жардамысыз жетер белем. Бир өкүнгөн жерим, мектепти бүтүп кеткенден кийин, мугалимиме окуучуларына бүт жан-дүйнөсүн арнагандыгы үчүн рахмат айтып жолуга албадым».

Маргит, Мюнхен (Германия) шаарында жашаган 50лөрдөгү сүйкүмдүү аял, мындай деп айтып берет: «Өзгөчө, бир эжей жакчу. Ал эң татаал деген темаларды да жөнөкөй, түшүнүктүү кылып өтүп коё турган. Түшүнбөгөн жерлериңер болсо, сурагыла деп турчу. Маанайы жарык адам эле. Ошондуктан анын сабактарына коркпой-этпей барчубуз».

Австралиялык Питер математикадан берген мугалимин: «Окуган нерселерибиздин бизге кандайча керек болорун мисал менен түшүндүрүп берчү,— деп эстейт.— Тригонометрияны өтүп жатканыбызда, ал үйдүн же имараттын бийиктигин ченебей туруп эле кантип эсептеп койсо болорун үйрөткөн. Ошондо ичимен: „Укмуш турбайбы!“ — деп ойлогонумду билем».

Бир жолу мугалимиме: «Мен саноо жагынан начармын»,— деп ачык эле айттым дейт Англиянын түндүгүндө жашаган Полин. «„Эгер кааласаң, жардам берейин?“ — деп сунуш кылды ал. Анан бир нече ай бою мага көбүрөөк көңүл буруп, ал гана эмес, сабактан кийин калып жардам берип жүрдү. Мугалимимдин мени сабактан жетишип кетсин деп кам көрүп атканын түшүнүп, абдан тырыштым. Анан акырындык менен математиканы өздөштүрө баштадым».

Шотландиялык жашы 30дардагы Энжи тарых сабагынан берген Грейм агайын: «Тарыхты ушунчалык кызыктуу өтчү,— деп эстейт.— Ал тарыхый окуяларды жандуу, элестүү кылып, берилип айтып бере турган. Бизге анын баары көз алдыбызда болуп жаткандай сезилер эле». Энжи өзүнүн жакшы көргөн улгайган биринчи мугалими Хюитт эжейин да минтип эстейт: «Абдан боорукер, камкор эжей болчу. Бир күнү класстан суроо берип жанына бардым. Эжейимдин мени ошондо мээримдүү кучактап койгону анын мага кайдыгер карабасына ынандырды».

Грециялык Тимоти мындай дейт: «Табият таануудан сабак берген мугалимим эсимен кетпейт. Ал менин айлана-чөйрөгө, деги эле жашоого болгон көз карашымды өзгөрткөн. Анын сабактарында сонун маанай өкүм сүрөр эле. Ал бизди билим алууга умтулууга үйрөттү».

Калифорниядагы (АКШ) Рамона да мугалими тууралуу эстегендерин: «Менин жогорку класстарда англис тилинен берген эжейим өзүнүн сабагын жакшы көрчү. Анын дилгирлиги бизге да таасир этчү! Сабактын татаал жерлери да, ал түшүндүрүп бергенде, оңой сезиле турган»,— деп жазат.

Ал эми канадалык Жейн дене тарбиядан берген мугалими жөнүндө көңүлдөнө айтып берет: «Ал ары күлкүлүү, ары пайдалуу нерселерди көп ойлоп тапчу. Бизди жаратылышка алып чыгып, лыжа тепкенди, муз көзөп, балык кармаганды үйрөткөн; өзүбүз меш жасап, калама бышырып жечүбүз. Ушулардын баары мага, китептен баш көтөрбөй үйдө эле олтурган кызга, унутулгус чоң таасир калтырды!»

Шанхайда төрөлгөн Хелен аттуу уяң кытай айым Гонконгдон мектеп бүтүргөн. Ал мындай деп эскерет: «Бешинчи класста дене тарбиядан жана сүрөттөн сабак берген Чан деген агайыбыз бар эле. Мен абдан арык, араңжан кыз болчумун, ошондуктан волейбол жана баскетбол ойноого жарачу эмесмин. Агай мага, уялбасын дегендей, бадминтон өңдүү жакшыраак ойногон оюндарымды ойноого уруксат берип койчу. Ал абдан сылык, боорукер мугалим болчу.

Сүрөт сабагынан болсо буюм-тайымдарды, кишилерди анча тарта алчу эмесмин. Ал мага оймо-чиймелерди тарттырып койчу: ошондойлорду түзүгүрөөк тартчумун. Мен классташтарымдын эң кичүүсү да болчумун, ошондуктан агай мени экинчи жылга калып оку деп көндүрдү. Ошондон тартып менин жашоом чукул өзгөрдү десем жаңылышпайм: тартынчаактыгым калып, сабактардан жетише баштадым. Мен ал агайымды эстеген сайын, ушундай ыраазы болом».

Көбүнчө кандай мугалимдер эсте калат? Бул суроого Уильям Эрз өзүнүн китебинде мындай деп жооп берген: «Жакшы билим алыш үчүн, эң алды, ыкластуу, камкор, окуучуларына кайдыгер карабаган мугалим керек... Билим берүүдө негизги нерсе усул же ыкма, программа же иш-чаралар эмес... негизгиси — сүйүү». Демек, кандай мугалимди мыкты мугалим десе болот? «Сенин жүрөгүңөн орун алган, сени түшүнгөн, инсан катары баалаган жана анын музыкага, математикага, латын тилине, батпирекке же дагы башка ушул өңдүү нерселерге болгон кызыгуусу жугуштуу, таасирлүү мугалимди»,— дейт ал («To Teach—The Journey of a Teacher»).

Албетте, көптөгөн мугалимдерге окуткан балдары, алардын ата-энелери ыраазычылыгын билдирип турушат. Ошондуктан алар ар кыл кыйынчылыктарга чыдап, эмгектенип келатышат. Көбүнчө аларга окуучуларына чын ыкластан кам көрүп, жылуу-жумшак мамиле кылышкандыгы үчүн ыракмат айтышат.

Ооба, бардык эле мугалимдер андай мамиле жасай бербейт. Бирок алардын да колун байлаган көп кыйынчылыктар барын унутпайлы. Анда эмне үчүн айрымдар мындай татаал кесипти тандап алышат?

[4-беттеги сүрөт]

«Билим берүүдө... негизгиси — сүйүү».