Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Бөрсө ыкмасы» өмүр сактоого жардам берет

«Бөрсө ыкмасы» өмүр сактоого жардам берет

«Бөрсө ыкмасы» өмүр сактоого жардам берет

Богота (Колумбия) шаарынын ооруканасында 1979-жылы бир жаңы ыкма киргизилет. Ара төрөлгөн балдар чарчап калган учурлар көп болгондуктан, колумбиялык бир врач «бөрсө ыкмасын» сунуш кылган.

Ара төрөлгөн балдардын өмүрүн сактап калуу — медицина кызматкерлери үчүн татаал иш. Салмагы өтө аз төрөлгөн балдарды көп учурда жетиштүү эттенгиче жылуу кувездерге жайгаштырышат. Тилекке каршы, өнүгүп келаткан өлкөлөрдө ооруканаларда орун жоктугу, санитардык шарттын начарлыгы, медицина кызматкерлеринин жана жабдуулардын жетишсиздиги коркунучтуу инфекциялардын таралышына алып келүүдө.

Колумбиялык врачтын ойлоп тапкан ыкмасы ара балдардын аман калышына кыйла жардам берет көрүнөт. Ал эмне болгон ыкма? Ара төрөлгөн бала, ал-абалы бир калыпка келгиче, ошол маал үчүн керектүү жол менен багылат. Ошол эле учурда, энеси аны багууга үйрөтүлө берет. Ал эми бала кадыресе тыңып калганда, энеси ага тирүү «кувез» болуп берет. Кантип? Баланы энесинин көкүрөгүнө таңып коюшкандыктан, ал бөрсөнүн уя баштыгында жаткансып жылуу-жумшак жата берет. Энеси үчүн да аны эмизүү ыңгайлуу болот. Ошондуктан бул ыкманы көбүнчө «бөрсө ыкмасы» деп атап коюшат.

Айтылуу ыкмага эч кандай кымбат шайман талап кылынбайт. Эне ыңгайлуу кийим киет да, атайы ороо менен курчанып алат. Ымыркай жетишерлик эттенгенде, эне-баланы ооруканадан чыгарышат. Кийин алар маал-маалы менен гана келип, көрүнүп турушат.

Алгачкы тажрыйбалар «бөрсө ыкмасынын» натыйжалуулугун жана коопсуздугун көрсөттү. Анын үстүнө, ал эне менен баланын ортосунда тыгыз мамиле түзүлүшүнө да өбөлгө түзөт көрүнөт. Ошондуктан бул ыкманы көптөгөн өлкөлөрдө колдоно баштады. Мексикада баланын энеси керек маалда эс алып алышы үчүн, аталарын, чоң энелерин, ал түгүл эжелерин да «бөрсө» болууга үйрөтүшөт. «Биз бул ыкманы 1992-жылдан бери колдонуп келаткандыктан, анын натыйжалуулугуна ынандык. Кувездердин саны азайып, ооруканада жатуунун мөөнөтү кыскарды»,— дейт «бөрсө ыкмасынын» Мексикада колдонулушун көзөмөлдөгөн д-р Гуадалупе Сантос «Ойгонгула!» журналына берген интервьюсунда.