Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дүйнөгө тынчтыктын орношу куру кыял эмес!

Дүйнөгө тынчтыктын орношу куру кыял эмес!

Дүйнөгө тынчтыктын орношу куру кыял эмес!

ЭГЕР Альфред Нобель өткөн кылымды өз көзү менен көрсө, дүйнө жүзүнө тынчтык орнойт деп дагы деле үмүттөнө берет беле? Ал көптөрдүн тынчтык орнотууга чын ыкластан умтулушканына ыраазы болмок дечи. А бирок турмуштун катаал чындыгын да көрбөй коймок эмес. Ошондуктан профессор Хью Томас: «XX кылымда кыйла коомдук жетишкендиктер жасалды, бийлик тарабынан жардыларга жардам көрсөтүлдү, бирок кылымдын өзгөчө айырмачылыгы автомат, танк, бомба таштоочу учак Б-52, ядролук бомба жана реактивдүү ок-дарылар болду. Тарыхта биздин кылымдагыдай айыгышкан, канды суудай агызган согуштар болуп көргөн эмес»,— деген тыянакка келген. Томас оюн мындай деп улайт: «Ошол себептүү ал кылымды „жетишкендиктер доору“ деп атоого болобу деген чоң суроо туулат».

Ал эми азыр, XXI кылымдын башында, байсалдуу келечекке үмүттөнүүгө болобу? Кайдан. 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорк менен Вашингтондо болуп өткөн окуялар тууралуу «Ньюсуик» журналында: «„Боинг-767“ учагы башкарылма реактивдүү снарядга айлантылып коюла турган азыркы дүйнөдө эч качан болбойт делген окуялар да, акылга сыйгыс нерселер да, андан да жаманы, оңдой алгыс кесепеттүү кырсыктар да болуп кетиши ажеп эмес»,— деп жазылган.

Айрымдардын ою боюнча, эки шарт аткарылса бүткүл дүйнө жүзүнө тынчтык орнойт. Биринчиси — адамдар ой жүгүртүүсүн жана жүрүм-турумун түп-тамырынан бери өзгөртүшсө. Экинчиси — бардык элдер бир өкмөттүн башкаруусу алдында жашашса. Ыйык Китепте бүт жер жүзүндө тынчтык өкүм сүргөн убак келери айтылган, бирок ал тынчтык адамдардын иш-аракетисиз орнойт. Забур 45:10до Жаратканыбыз, Жахаба Кудай, тууралуу: «Ал жердин учу-кыйырына чейин согуштарды токтотту»,— деп айтылган. Кандайча? Көптөгөн ак ниет адамдар сурап-тилеген Падышалыгын колдонуу менен. Ал Падышалык жүрөктөгү нерсе эмес, чыныгы бийлик, аны менен Жахаба дүнүйө жүзүнө тынчтык орнотот. Кудайдын пайгамбары Ышайа ошол бийликтин жарандарынын «согушууга үйрөнбөсүн» алдын ала айткан (Ышайа 2:4). Дүйнөлүк агартуу программасы аркылуу адамдар бири-бири менен тынчтыкта жашоого үйрөнүшүп, «кылычтарын соко кылып, найзаларын орокко» айлантышат.

Жахабанын Күбөлөрү муну азыртан аткарышууда. Алар 200дөн ашуун өлкөдө жашаган ар улуттагы адамдардан болушса да, согушуу үчүн колуна курал алуудан баш тартышат. Алардын согуш тыйылбаган азыркы дүйнөдө бейтараптуулукту сакташы бекем тынчтыктын орноору кыял гана эмес, чынында эле ишке ашар үмүт экенин далилдейт.

Ыйык Китепте айтылган чыныгы тынчтык тууралуу көбүрөөк билгиңер келеби? Анда ушул журналды чыгаргандарга 5-беттеги даректердин силерге жакыныраагы боюнча кат жазып жиберсеңер же жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар болот.