Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаныбарлар «тили». Пикир алышуу сырлары

Жаныбарлар «тили». Пикир алышуу сырлары

Жаныбарлар «тили». Пикир алышуу сырлары

КЕНИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

ПИКИР алышуу жөндөмү адам баласына берилген эң сонун белектердин бири экени шексиз. Бул жөндөмүбүз бизге бири-бирибиз менен оозеки же башка жолдор менен — мисалы, жаңсоо менен — зарыл маалыматтарды жеткирүүгө жардам берет. Учурда дүйнөнүн дээрлик бардык булуң-бурчунда сөз эркиндигин коргоо үчүн көп иш-аракеттер жасалууда. Айрымдар адамдар гана пикирлеше алышат деп эсептешет.

Анткен менен изилдөөлөр жаныбарлардын да адамдарга түшүнүксүз бир катар ыкмалар менен маалымат алмашып турушарын көрсөтөт. Ооба, жаныбарлар да пикир алышат. Бирок сөздөрдүн эмес, белгилердин жардамы менен. Мисалы, куйругун, кулагын кыймылдатып, канатын каккылап. Ошондой эле үрүп, ырылдап, арылдап же чымчыктарга окшоп сайрап «сүйлөшүшөт». Ал «тилдердин» айрымдарын адам угат, көрөт. Башкаларын аныкташ үчүн, бир катар илимий изилдөөлөр талап кылынат.

Абайлагыла: жырткычтар!

Июлдун орто чени. Бир канчалаган чакырымдарга суналып жаткан Серенгети (Танзания) улуттук багынан миңдеген гну антилопалары Мара-Масаи (Кения) коругун көздөй шибер чөптүү жайыт издеп жөнөшөт. Жыл сайын бул кезде жер сабаган туяктардын дүбүртү саваналарды титиретип өтөт. Гнулар үчүн бул байсалдуу сапар эмес: жолдо арстан, кара кулак шер, көк жал жана кабылан өңдүү жырткычтар көп. Крокодилдерге толгон Мара дарыясынан өтүп жатканда да алардын өмүрүнө коркунуч туулат. Мындай жырткычтардан гнулар кантип сактанышат?

Душманын деңдароо кылыш үчүн, гну алдыга атырыла качат, анан эле шак токтой калып, жырткычты көздөй бурула салат да, башын ары бир, бери бир чулгуй баштайт. Улам мөңкүп, буту менен бир укмуш кыймылдарды жасап, түшүнүксүз «бий» аткарат. Мунусун көргөндө жырткычтын жырткычы да дал болуп карап туруп калат. Эгер жырткыч кайрадан ага жологусу келсе, гну баягысын дагы көрсөтөт. Ошентип, эси ооп туруп калган жырткыч «олжо аңдап» чыкканын унутуп калары да ажеп эмес. Ошол бир укмуш «бийи» үчүн гну «савананын куудулу» атыгып калган.

Гну антилопасынын «кичүү бир тууганы» импаланын абдан бийик, алыс секириши көптөрдү кызыктырат. Кооркунуч туулган маалда импала ошентип секирип, азуулууга аягын тиштетпей качат. Ал бир секиргенде 9 метр алыстыкка секире алгандыктан, жырткычты: «Кана, эр болсоң жетип көрчү!» — деп шылдыңдагансыйт. Анын чакырыгын кабыл алган «эр жүрөктөр» чанда гана чыгат.

«Өзөк жалгаар» маал

Мыкты «аңчы» болуш үчүн, жырткыч дайыма машыгып турушу керек. Ата-энеси аңчылык чеберчилигин үйрөтүп жатканда, өсүп келаткан муун өтө дит коюп үйрөнүүгө тийиш. Маселен, Африканын коруктарынын биринде Саба аттуу ургаачы кабыландын балдарына жан багуу үчүн өтө маанилүү сабак берип атканын байкашкан. Саба бир сааттан ашуун маңкайган Томсон жейренин аңдып жатты. Бир убакта күүлөнө секирип барып, байкуш жейренди басып жыгылды, бирок өлтүргөн жок. Ал селейип ордунан козголо албай калган жаныбарды күчүктөрүнүн алдына жеткирип бергенде, балдары да аны баса калышкан жок. Алар энесинин жейренди эмне себептен тирүүлөй алып келгенин түшүнүп турушкан эле: ал аларды «аңчылыкка» үйрөтүп жаткан. Жейрен качууга аракеттенген сайын, кичинекей «аңчылар» улам асылып, аны тургузбай жатышты. Акыры алдан-күчтөн тайыган жаныбардын багынардан башка айласы калган жок. Саба болсо зирек күчүктөрүнүн аракеттерине ыраазы болуп карап турду.

Айрым жаныбарлар азык издеп жортуулга чыгышканда алынын барынча ызы-чуу салып ийүүгө аракеттенишет. «Жеминин» артынан үйүрү менен кууп баратышканда темгилдүү көк жалдар коркулдап, ырылдап, ачуу «каткырык» салышат. Жаныбарды жара тарткан соң, алар башка көк жалдарды ачуу «каткарыгы» менен «тойго» чакыра башташат. Бирок көк жалдар дайыма эле өзүлөрү «аңчылык» кылышпайт. Аларды, болгон айла-амалдарын колдонуп башка жырткычтардын жемин тартып алышкандыктан, саваннанын сугалак каракчылары деп атап коюшка болот. Керек болсо, булардын арстанды да коркутуп, жеп аткан азыгын таштай качырган учурлары бар! Кантип? Алар ушундай бир катуу ызы-чуу салып жиберишет. Арстан аны тоготпосо, көк жалдар андан бетер тажаал, тайманбас болуп кетишет. Анан анын жегени аш болобу? Айласы түгөнгөн арстан жемин көк жалдарга таштап кете берет.

Аарылардын азык издеши — өзүнчө татаал каада. Көп сандаган илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, жумушчу аары башка аарыларга тапкан азыгынын жайгашкан ордун, түрүн, ал түгүл, сапатын бий менен билдирет. Ал өзүнүн денесине өсүмдүк ширесин же чаңчасын илээштире келип, уюгундагыларга «ооз тийгизет». Аары денеси менен сегиз деген санды «жазгансып» бийлей баштайт. Бул бийинен башка аарылар азыктын кай жакта, канча аралыкта экенин билишет. Бирок, сак болгула! Жаныңарда учуп жүргөн аары уюгундагыларга маалымат чогултуп жүрүшү мүмкүн. Ал силердин атырыңардын жытын кезектеги даамдуу азык деп түшүнүп алышы ыктымал!

Пикир алышуу

Жети түндө теребелдин тынчтыгын бузуп аркырап-күркүрөгөн арстандын үнүндөй тула бойду дүркүрөткөн үн чанда гана кезигер. Алардын мындайча пикир алышуусунун бир канча себептери бар. Тээ алыстан жаңырган күндүн күркүрөшү сымал үн салып арстан өзүнүн белгилүү бир аймакта жүргөнүн, ал жакка башкалардын кирбегени оң экенин эскертет. Арстандар топ-топ болуп жашагандыктан, алардын аркырап үн салышы өз тобундагылар менен пикир алышып жатканын да билдирет. Андайда, адатта, пасыраак үн чыгарышат. Бир жолу түн ичинде арстандын аркыраган үнү 15 мүнөт сайын кайталана берген, качан гана кайдандыр жооп келгенде барып басылган. Арстандар ошентип 15 мүнөтчө «сүйлөшүп» турушту да, акыры жолугушту. Анан үндөрү угулбай калды.

Мындай пикир алышуу өз ара мамилелерди бекемдегенден тышкары, аба-ырайы бузулган маалдарда коргойт. Мисалы, тоок өзүнүн какылдашы менен жөжөлөрүнө көп маалымат берет. Баарынан да, анын тоокканага чогулуш керектигин билдирген кечки узак, басыңкы какылдашы айырмаланат. Энесинин бул чакырыгын уккан жөжөлөр бүжүрөшүп анын канатынын астына кирип, таттуу уйкуга кетишет (Матай 23:37).

Түгөй издөө

Кайсы бир чымчыктын сайраганын атайы токтоп, тыңшап көрдүңөр беле? Алардын небир толукшуган күүлөрдү нота менен аткаргансып безеленип сайрашы делебеңерди козгобой коёбу? Бирок алардын биздин моокумубузду кандырыш үчүн сайрабасын билесиңерби? Анысы менен алар кандайдыр бир маалыматты билдиришет. Кээде кайсы бир аймактын өзүлөрүнө таандык экенин жарыялашат. Бирок, негизинен, чымчыктар болочок түгөйүнүн көңүлүн буруу үчүн сайрашат. Бир китепте айтылгандай, «эки жаш» табышканда, алардын «ыры» 90 пайызга азаят («The New Book of Knowledge»).

Бирок кээде «бийкечине» жагыш үчүн, «сайрап» берүү аздык кылат. Айрымдары «жигитке» жүрөгүн тартуулаардан мурун, өзүнчө «калың» талап кылышы мүмкүн. Ошондуктан болочок «күйөө» «сүйлөшө» баштаганга чейин эле өзүнүн тиричиликке тың болорун көрсөтүшү керек. Мисалы, уя салып. Башкасы болочок «келинчегин» курсагы тойгуча тамактандырып, үй-бүлөсүн бага аларын далилдеп берүүгө тийиш.

Жаныбарлардын мындай ар түркүн пикир алышуусу денелик муктаждыктарын гана камсыз кылбастан, алардын ортосунда тынчтык өкүм сүрүшүнө шарт түзөт. Канчалаган изилдөөлөр жүргүзүлүп жатса да, жаныбарлардын «тилинин» көп жактарын али биле элекпиз. Ошентсе да биз жетиштүү түрдө билбеген бул «тил» Жараткан Жахаба Кудайды даңктайт.

[18, 19-беттеги кутуча]

Пилдердин пикир алышуусу

Чоң аянт ээлеген Амбосели (Кения) улуттук багы. Чак түш. Төбөдө күн куйкалап турат. Калдайган пилдердин калың тобу капарсыз каалгый жайылып жүргөнсүйт. Бирок айлана «күжүлдөшүп сүйлөшүп» жаткан пилдердин үндөрүнө — төмөнкү жыштыктагы кырылдаган, жогорку жыштыктагы дарылдаган добуштарга жана уңулдаган, күркүрөгөн, кошкурунуу сымал үндөргө — толгон. Ал дабыштардын айрымдары өтө төмөн жыштыкта чыккандыктан, адамдын кулагына угулбайт. Бирок, ошол эле маалда, алар ушунчалык кубаттуу болгондуктан, бир нече чакырым алыстыкта жүргөн пилдерге жетет.

Жаныбарлардын жүрүм-турумун изилдеген окумуштуулар пилдердин маалымат бөлүшүү жолдоруна абдан таңыркашат. Жойс Пул 20 жылдан ашуун африка пилдеринин пикир алышуусун изилдеп, байкоо жүргүзгөн. Ал бу аркайган азуу тиштүү алп жаныбарлар айбанаттарда сейрек кездешүүчү сезимдерге ээ экенин түшүнгөн. «Пилдердин туугандары менен жана тобундагы башка пилдер менен учурашканда же жаңы туулган кичинекей пилди көрүшкөндө... кандай кабыл алышарын байкап... алардын кубаныч, бакыт, сүйүү, ыраазы болуу, сүйүнүү, канааттануу, боор ооруу, тынчтануу жана сыйлоо деп атап коюуга болор абдан терең сезимдерге ээ экенин дароо түшүнөсүң»,— дейт Пул.

Көптөн бери көрүшпөй жүргөн пилдер кезигишкенде, кубанычтары коюндарына батпай, баштарын өйдө көтөрүп алып, калдыркандай калдайган кулактарын каккылашып, бири-биринин артынан майпаңдап ары чуркап, бери чуркашат. Андайда пил өз тумшугун жанындагысынын оозуна салып да жиберет. Алардын минтип көрүшкөнүн карап турсаң: «Ой, бул чын эле сенсиңби?! Көргөн көзүмө ишенбей турам ай!» — «деп» кубанып жатышкансыйт. Мына ушулардын баары ортосундагы мамилелерин бекемдеп, жашоо күрөшүндө зарыл жардам берип турат.

Пилдердин «куудулдук жайы» да бар көрүнөт. Пул алардын эриндеринин кычыктарын чоюп жылмайышкансып, баштарын чайкап таңгалышкансып калышканын байкаган. Бир жолу Пул пилдер менен 15 мүнөттөй жөн эле бир мааниси жок оюн ойноп коюптур. Анан ошол оюнга катышкан пилдердин айрымдары, арадан эки жыл өтсө да, Пулду көргөндө «жылмайып» калышчу экен. Ким билет, алар баягы чогуу ойногон оюнун эстешсе керек. Пилдер ойногонду гана эмес, ар кандай үндөрдү туураганды да жактырышат. Байкоо жүргүзүп жүргөн маалында Пул пилдердин өзүлөрүнүкүнөн бир башкача үн чыгарып жатышканын уккан. Жакшылап кулак салып көрүп, ал дабыштын күрүлдөп жүрүп бараткан жүк ташуучу машиненин дабышына окшош экенин байкаган. Пилдер ошентип ойноп жатышкандай. Деги, көңүл ачуу мүмкүнчүлүгү бар жерде аларда тим турмак жок көрүнөт.

Тобунда кырсык же бактысыздык болгондо, пилдердин терең кайгырышары да байкалган. Пул бир жолу бир пилдин өлүү туулган баласынын жанында үч күн кечке турганын көргөн. «Анын катуу кайгырып атканы „жүзүнөн“ көрүнүп турду: башы шылкыйып, жансыз кулактары шөлпөйгөн, ууртунда баягы „жылмаюунун“ изи да жок».

Пилдерге мыйзамсыз аңчылык кылып, аларды сөөгүнө кызыгып өлтүргөндөр кылгандары жетим калган балдарына, өзгөчө, эне-атасынын өлтүрүлгөнүн көргөндөргө кандай оор тиерин ойлошпойт. Андай оор жоготууга учураган жетимдерге алгачкы күндөрүндө жардам бериш үчүн, «жетимдер үйүнө» жайгаштырып коюшат. Ал жакта иштегендердин бири жетим пилдердин уктап жатканда «чочуп кыйкырышарын» уккан. Жоготуунун таасири бир нече жыл өтсө да байкалышы ыктымал. Пул пилдер өзүлөрүнүн азап тартышына кимдер күнөлүү экенин жакшы билишерин айтат. Биз адамдар менен жаныбарлардын ортосунда ынтымак өкүм сүргөн маалдын келишин чыдамсыздык менен күтүп жатабыз (Ышайа 11:6—9).

[16-беттеги сүрөт]

Кара каздар тукумундагы каздардын учурашуусу.

[17-беттеги сүрөт]

Душманын деңдароо кылыш үчүн, гну бир укмуш «бийин» аткарууда.

[17-беттеги сүрөт]

Көк жалдын ачуу «каткырыгы».

[Булак]

© Joe McDonald

[18-беттеги сүрөт]

Жумушчу аарынын бийи.