Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кандуу кылым

Кандуу кылым

Кандуу кылым

АЛЬФРЕД НОБЕЛЬ дүйнөдөгү элдер кыйраткыч күчү зор курал-жаракка ээ болушса, тынчтык орнооруна жана биргелешип, бир кол менен кандай душманды болбосун жок кыла алышарына ишенген. Нобель: «Ал согуштун тутанып кетишин бөгөттөп турар күч болот»,— деп жазган. Ал аң-сезимдүү элдердин бири да, кайра өзүлөрүнө катуу сокку уруларын билишсе, согуш башташпайт деп ойлогон. А бирок өткөн кылым эмнени көрсөттү?

Нобелдин кайтыш болгонунан 20 жыл өтүп-өтпөй эле Биринчи дүйнөлүк согуш тутанат. Анда пулемёт, ууландыргыч газ, огнемёт, танк, учак, суу астында сүзүүчү кеме өңдүү курал-жарактардын, техниканын жаңы коркунучтуу түрлөрү колдонулган. Ал согушта он миллионго жакын жоокер кырылып, андан эки эсе көбү жарадар болгон. Биринчи дүйнөлүк согуштун катаалдыгын көрүшкөндөн кийин, дүйнө жүзүндөгү адамдар тынчтыкты абдан көксөй башташкан. Ошол себептүү Улуттар Лигасы негизделген эле. Ал уюмдун негизделишине өзгөчө АКШнын президенти Вудро Вильсон демилге көрсөткөндүктөн, 1919-жылы Нобель сыйлыгын алган.

Тилекке каршы, элдердин согуш экинчи эч качан кайталанбайт деген үмүтүн 1939-жылы тутанган Экинчи дүйнөлүк согуш ойрон кылат. Бул жолку согуш Биринчи дүйнөлүк согуштан алда канча ашып түшкөн. Ошол маалда Адольф Гитлер Нобелдин Крюммель (Германия) шаарындагы ишканасын кеңейтип, Германиянын ок-дары чыгаруучу ири ишканаларынын бирине айлантат. Анда 9 000ден ашуун жумушчу иштечү. Согуштун аяк ченинде болсо Союздук державалардын учактары ал ишканага миңден ашуун бомба таштап, жер менен жексен кылып таштайт. Болгондо да, ал бомбалар Нобелдин өзүнүн ойлоп тапкан жардыргыч заттарын өндүрүү жолу менен чыгарылган эле.

Нобелдин кайтыш болгонунан кийинки кылым эки дүйнөлүк согушка гана эмес, нечендеген майда жаңжалдарга күбө болду. Курал чыгаруу иши болсо ого бетер күч алып, эмки куралдардын айрымы ары кубаттуу, ары бүлдүргүч. Мисалы, Нобелден кийинки он жылдыктарда кеңири колдонула баштаган аскер жабдууларынын кээсин алалы.

Атылма чакан курал. Куралдын бул түрүнө тапанча, мылтык, граната, автомат, пулемёт, миномёт жана башка колго көтөрүп жүрмө курал-жарак кирет. Атылма чакан куралдар салыштырмалуу арзан, оңдоп-тейлөөгө жеңил жана колдонууга оңой деп эсептелинет.

Мындай куралдардын бары жана алардын карапайым элге туудурган коркунучу согушка бөгөт боло алдыбы? Кайдан! Бир басылмада Майкл Клэйр «кансыз согуштан кийинки маалдарда чыккан жаңжалдардын басымдуу бөлүгүндө» көбүнесе атылма куралдар колдонулганын жазган («Bulletin of the Atomic Scientists»). Чынында эле, акыркы жылдардагы согуштарда жабыр тарткандардын 90дон ашуун пайызы — ок жаңылгандар. Айталы, 1990-жылдары эле төрт миллиондон ашуун адам ок жеп курман болду. Куралдын бул түрү аскерлик билими жок, согушту алып баруу тартибин бузушса да, абийири айыптабаган өспүрүмдөрдүн колуна түшкөн учурлар көп.

Миналар. XX кылымдын акырында күнүгө орто эсеп менен 70 адам минанын кесепетинен же майып, же курман болуп турган! Алардын көбү аскерлер эмес, жөн адамдар. Миналарды көбүнчө адамды өлтүрүш үчүн эмес, мунжу-майып кылып, коркутуш үчүн колдонушат.

Туура, акыркы жылдарда жерди миналардан тазалаш үчүн көп иш-чаралар көрүлүп жатат. Анткен менен, билгендердин айтымында, бир мина алынып ташталса, ордуна жыйырмасы коюлат, ал эми дүйнө жүзү боюнча 60 миллиондон кем эмес мина жер алдында жатат. Бул «ырайымсыз» курал аскер буту бастыбы же ойноп жүргөн баланын буту бастыбы айырмалабайт, ошентсе да ал мурункудай эле чыгарылып, колдонулуп келатат.

Ядролук курал. Ядролук куралдын жаралышы менен кошо аткылашкан аскерлерсиз эле бир заматта бир шаардын күлүн көккө сапырып таштоо мүмкүнчүлүгү пайда болду. Маселен, 1945-жылы Хиросима менен Нагасаки шаарларына атомдук бомбалар ташталгандагы үрөй учурган бүлгүндү эстеп көрөлүчү. Ошондо айрымдар жарыктын өтө күчтүүлүгүнөн сокур болуп, башкалары радиациядан ууланып, көптөрү чоң нурлануу алып же тирүүлөй күйүп кетишкен. Жалпы жонунан, бул эки шаарда 300 000ге жакын адам курман болгон!

Албетте, аларга бомба ташталбаса, согуш кадимки куралдар менен жүргүзүлө бермек да, курман болгондордун саны ого бетер көп болмок деп ырастагандар бар. Бирок ошончо көп адамдардын кырылганын көргөндөр дүйнө жүзүндөгү курал-жарактардын санын, колдонулушун көзөмөлгө алууга чакыра башташкан. Адамдар бири-бирин өзүлөрү чыгарган курал менен кырып жок кылып коюшса эмне болот деген ойдон корккондор да аз эмес эле.

Ошентип, ядролук куралдын чыгарылышы менен тынчтыкты бекем орнотууга шарт түзүлдүбү? Айрымдар: «Ооба, түзүлдү» — деп, кубаттуу куралдын согуштук максатта колдонулбаганына жарым кылымдан ашканын далил келтиришеттир. Анткен менен Нобелдин массалык кыргын салуучу куралдар согуштун жолун бөгөттөйт деген ишеними ордунан чыккан эмес: курал-жарактардын кадимки түрлөрү колдонулган согуштар тыйылган жок. Андан тышкары, Ядролук саясат комитетинин билдирүүсү боюнча, миңдеген ядролук куралдар колдонулууга даяр турат. Терроризм коркунучу курчуган азыркы доордо ядролук куралдын террорчулардын колуна түшүп калышынан сестенгендер көп. Ал түгүл «туура» колдо турган күндө да, кичине эле техникалык бузуктук же жаңылыштык термо-ядролук алааматка алып келиши ыктымал. Демек, кыргын-бүлгүн салуучу курал-жарактар барда, Нобель үмүттөнгөн тынчтыктын орношу мүмкүн эмес.

Биологиялык жана химиялык куралдар. Бактериялык согушта күйдүргү же чечек сыяктуу ооруларды пайда кылуучу бактериялар, вирустар колдонулат. Өзгөчө, чечек өтө жугуштуу болгондуктан, чоң коркунуч туудурат. Ууландыргыч газдар өңдүү химиялык куралдар да коркунучтуу. Андай уу заттардын көп түрү бар. Аларды колдонууга бир канча он жылдыктардан бери тыюу салынса да, колдонгондор жок эмес.

Мындай эбегейсиз күчтүү куралдарга жеткен мамлекеттер, анын кандай коркунуч туудурарын билип, Нобель айткандай, «аскерлерин артка чегинтип, таратып» жибериштиби? Кайдан, тескерисинче, дүйнөдө андай курал бир күнү, мисалы, акылы кыска адамдын колуна түшүп калса эмне болот деген коркунуч өсүүдө. Мындан он жылча мурун АКШнын Куралдануу жана куралсыздануу агентствосунун директору: «Химия боюнча билими тайкы адам деле өз сарайынан химиялык курал жасап ала алат»,— деген.

Ооба, XX кылым мурунку бир да доордо болуп көрбөгөн өзгөчө бүлгүндүү согуштарга күбө болду. Ал эми азыр, XXI кылымдын башында, тынчтыктын орношу ого бетер куру кыял өңдүү. Айрыкча, 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорк жана Вашингтон шаарларына жасалган террордук чабуулдан кийин. «Чын-чынында, эч ким технологиялар зулумдук жагына өрчүп-өнүгүп бараткан жокпу деп даап сурай албайт»,— деп жазган Стивен Ливи «Ньюсуик» журналында. «Ал маселени чечүүнүн жолун ким көрсөтөт? Адам деген кандайдыр бир „жетишкендиктерге“ жетет да, анын натыйжалары тууралуу кийин ойлонот. Дал ошол терс натыйжаларын ойлогубуз келбегенибиз менен алардын келип чыгышына өзүбүз шарт түзөбүз»,— деп кошумчалайт ал.

Кыргын салуучу жарылма заттардын жана куралдардын чыгарылышы менен тынчтыкка болгон үмүт ишке ашпасына тарых күбө. Андай болсо, бекем тынчтыктын орношу кыял бойдон кала береби?

[8-беттеги сүрөт/кутуча]

Нитроглицеринди багындыруу

Италиялык химик Асканио Собреро 1846-жылы нитроглицеринди — кичине эле урунуудан, сүрүлүүдөн жарылуучу майлуу суюктукту — ачкан. Ал өтө коркунучтуу суюктук болуп чыгат. Нитроглицерин куюлган идиш жарылып, айнектин сыныктары менен бетин катуу жабыркатып алгандан кийин Собреро ал зат менен тажрыйба жүргүзүүдөн баш тарткан. Анын үстүнө, Собреро чече албаган бир кыйынчылык чыккан эле — төгүлүп жаткан нитроглицеринди балка менен чапканда, суюктуктун башка жерлери жөн калып, балка тийген жери гана жарыла турган.

Ошол кыйынчылыкты Нобель ыңгайлуу детонатор чыгаруу менен чечет. Ал белгилүү бир жарылма заттын аз гана бөлүгү башка бир көп көлөмдөгү жарылма заттын жарылуусуна алып келерин байкаган. Ошонун аркасында 1865-жылы ал капсюль-детонатор чыгарат. Ан үчүн нитроглицерин куюлган идиштин ичине күркүрөк сымап күкүмү ныктала толтурулган темир капсюль жайгаштырат да, от алдыруучу шамдын жардамы менен тутандырып көрөт.

Бирок нитроглицеринди колдонуу мурункусундай эле коркунучтуу болчу. Айталы, 1864-жылы Стокгольмдун чет-жакасында жайгашкан Нобелдин ишканасындагы жарылуудан беш адам жантаслим болгон, алардын бири Нобелдин кенже иниси Эмиль эле. Ал эми анын Крюммелдеги ишканасы эки ирет жарылган. Нитроглицеринди чырак май катары же бут кийимдерин, арабаларынын дөңгөлөктөрүн майлоого колдонгондор да болгон — албетте, аны минтип колдонуу кесепеттүү натыйжаларды алып келген. Ошондой эле анын тоо тектерди жардырганда калган калдыктары жаракаларга агып түшүп, ар кыл кырсыктарга себеп болгон.

Ал эми 1867-жылы Нобель аны диатомит аттуу жарылма касиети жок борпоң, чөкмө тоо теги менен аралаштырып, катуу затка айланткан. Жаңы чыгарган затын Нобель динамис («күч») деген грек сөзүнөн улам динамит деп атайт. Кийин ал башка да кубаттуу жарылгыч заттарды ойлоп чыгарганы менен, анын эң маанилүү ачылышы динамит болуп саналат.

Албетте, Нобелдин ойлоп чыгарган жарылгыч заттары аскердик иштерден тышкары да колдонулган. Мисалы, Сен-Готардогу темир жол тунелин салганда (1872—1882), Нью-Йорктогу Ист-Ривер каналын курганда (1876, 1885) жана Грециядагы Коринф каналынын нугун салганда (1881—1893) жардыруу иштеринде колдонулган. Анткен менен, динамит ойлоп чыгарылганынан тартып эле кыргын-бүлгүн жана өлүм алып келүүчү курал атыгып калган.

[Сүрөт]

Колумбиядагы динамит колдонулуп жардырылган полиция участогу.

[Булак]

© Reuters NewMedia Inc./CORBIS

[4-беттеги сүрөт]

Нобелдин дүйнөдөн кайтканынан 20 жыл өтүп-өтпөй эле Биринчи дүйнөлүк согушта жаңы курал-жарактар колдонулган.

[Булак]

U.S. National Archives photo

[Булактар]

UN/DPI Photo 186410C by P.S. Sudhakaran

UN/DPI Photo 158314C by J. Isaac

UN/DPI Photo by Armineh Johannes

[6-беттеги сүрөт]

Ядролук саясат комитетинин билдирүүсү боюнча, миңдеген ядролук куралдар колдонулууга даяр турат.

[Булак]

UNITED NATIONS/PHOTO BY SYGMA

[7-беттеги сүрөт]

1995-жылы Токионун метросунда зарин ууландыргыч газы колдонулганда, эл химиялык куралдын коркунучтуулугун түшүнгөн.

[Булак]

Asahi Shimbun/Sipa Press

[5-беттеги сүрөттүн булагы]

UN/DPI Photo 158198C by J. Isaac