Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кан басымынын жогорулашы. Алдын алуунун жана контролдоонун жолдору

Кан басымынын жогорулашы. Алдын алуунун жана контролдоонун жолдору

Кан басымынын жогорулашы. Алдын алуунун жана контролдоонун жолдору

БРАЗИЛИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

МЭРИАН абдан коркуп кетти: ачык-айкын себеп жок болсо да, мурдунан кан ага баштаган эле. «Өлүп калам го деген ой кетти»,— деп эстейт ошондогусун ал. «Врач кан басымым жогорулап (артериялык гипертония) кеткендиктен мурдум канаганын түшүндүрдү». Мэриан врачка: «Бирок мен өзүмдү жакшы эле сезем»,— дейт. «Көптөр, эч кандай белгилерин байкашпагандыктан, кан басымы жогору экенин билишпейт»,— деп жооп берген врач.

Ал эми силердин кан басымыңар кандай? Азыркы көнгөн адаттарыңар кийин кан басымыңардын жогорулашына алып келбейби? Басымды контролдоо үчүн кандай чараларды көрүүгө болот? *

Кан басымы — бул кандын кан тамыр капталдарына жасаган басымы. Басымды өлчөөнүн ыкмаларынын бири — чыканактан өйдө, карууга, атайы аппарат менен туташтырылган аба шыкама манжета таңып өлчөө. Басымды өлчөгөндө эки сан көрсөтүлөт, мисалы, 120/80 деген. Алардын биринчиси — кандын жүрөк булчуңдарынын жыйрылган (систола) маалындагы басымын, башкача айтканда, систолалык басымын, экинчиси диастолалык басымын, башкача айтканда, кандын жүрөк булчуңу жазылган (диастола) маалдагы басымын билдирет. Кан басымы сымап мамычасы боюнча миллиметрлеп өлчөнөт. Басым 140/90дон ашса, жогору деп эсептелет.

Кан басымынын жогорулашына эмне себеп болушу мүмкүн? Мисалы, силер бакчаңарды сугарып жатасыңар дейли. Эгер шлангыңардын бир жери катуу басылып калса же кранды чоңураак ачып койсоңор, суу атырылып агат. Кан басымы да ошол сыяктуу: агып келген кандын көлөмүнүн көбөйүшүнөн же кан тамырларынын тарышынан улам кан басымы жогорулайт. Буга эмнелер себеп болушу мүмкүн? Мунун бир катар себептери бар.

Өзүбүздөн көз каранды эмес себептер

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, адамдын туугандарынын биринин кан басымы жогору болсо, оорунун ага тукум кууп өтөр ыктымалдыгы көбүрөөк. Эсептөөлөр боюнча, эки жумурткадан пайда болгон эгиздерге салыштырмалуу, бир жумурткадан пайда болгон эгиздерде кан басымы жогорулар көбүрөөк кезигет экен. Бир изилдөөдө «артериялык басымга жооп берүүчү гендер» белгиленген. Булардын баары кан басымынын жогорулашы менен тукум куума факторунун ортосунда белгилүү бир байланыш барын көрсөтөт. Кан басымынын көтөрүлүш ыктымалдыгы жаш өткөн сайын күчөйт, андай жагдай, өзгөчө, негроид расасындагы эркектердин арасында көп кездешет.

Өзүбүздөн көз каранды себептер

Жеген тамак-ашыңарга көңүл бургула! Айрымдардын, айрыкча, диабети барлардын, гипертониядан катуу кыйналып жүргөндөрдүн, улгайган адамдардын жана негроид расасындагылардын кээ бирлеринин кан басымы туз (тагыраак айтканда, натрий) колдонушканда жогорулап кетет. Андан тышкары, кандагы майлардын көбүнөн кан тамыр капталдарына холестерин жармашып, атеросклероз (жүрөк-кан тамыр оорусу) пайда болот. Натыйжада, кан тамырлар тарыйт, өтүмдүүлүгү бузулат да, кан басымы жогорулай баштайт. Салмагы тийиштүү салмактан 30 пайызга оор болгондордун да кан басымы жогорулашы мүмкүн. Бир катар изилдөөлөрдүн жыйынтыгы калий менен кальцийди көбүрөөк колдонуу басымды төмөндөтөрүн көрсөткөн.

Чылым тартуудан атеросклероздун өрчүшү, жүрөк пристубу кармашы жана мээге кан куюлушу толук ыктымал. Ошол себептүү кан басымы жогору болсо, тамеки тартуу адаты өтө коркунучтуу, анткени жүрөк-кан тамыр системасынын оорусу пайда болушу мүмкүн. Бири-бирине каршылаш кандай ой-пикирлер айтылбасын, кофеин (кофеде, чайда жана кола жаңгагынан жасалган суусундуктарда бар зат) жана ар кандай стресстер кан басымы жогору адамдарга терс таасир тийгизет деп эсептелет. Булардан тышкары, илимий билдирүүлөр боюнча, басымдын көтөрүлүшүнө спирт ичимдиктеринин ченемсиз колдонулушу, аракечтик жана кыймыл-аракеттин аздыгы алып келет.

Ден соолукка кам көрүп жашоо

Албетте, кан басымыбыз бузулгуча жүрө берип, бузулганда гана чара көрө баштоо жаңылыштык болмок. Ден соолукту жаштайдан чыңдап, туура жашаш керек. Эгерде бул боюнча азыртадан кам көрө турган болсок, пайдасын кийин көрөбүз.

Бразилиянын артериялык гипертония боюнча үчүнчү курултайы артериялык басымды төмөндөтүүгө шарт түзүш үчүн, жашоо мүнөзүнө кандай өзгөрүүлөрдү киргизиш керектигин аныктаган. Андагы берилген кеңештер кан басымынын жогорулашынан кыйналып жаткандар үчүн да, басымы калыбындагылар үчүн да пайдалуу.

Өтө семиз адамдарга адистер тамак-аштын кубаттуулугун азайтып мүнөз тамактанууну жана ченемдүү дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап машыгууну сунуш кылышат. Андан тышкары, аз эле убакыт ичинде арыктап алууга жардам берет деп ырасташкан «керемет диеталардан» сак болуу эскертилет. Ал эми тузду күнүнө 6 граммдан (бир чай кашык) ашык колдонбоо сунуш кылынат *. Ан үчүн тамак жасаганда, ага тузду болушунча аз салуу, консерваларды, туздалган тамак-аштарды, ышталган колбаса, ветчина жана ушул сыяктууларды колдонууну азайтуу зарыл. Ошондой эле тамакты жеп жаткан маалда туздай бербөө жана даяр азык-заттарды алганда, сыртындагы жазуусун карап, канча туз кошулганын текшерип жүрүү керек.

Калийдин «гипертонияга каршы касиеттери бар» болгондуктан, Бразилия курултайы аны көбүрөөк колдонууну сунуш кылат. Андыктан пайдалуу мүнөз тамакка «калийге бай жана натрийи аз азык заттар» — мисалы, чанактуулар, жашыл жашылчалар, банан, дарбыз, коон, сабиз, кызылча, помидор жана апельсин — кириши керек. Спирт ичимдиктерин колдонууну да чектөө зарыл. Айрым адистердин эсептөөсү боюнча, кан басымы жогору эркектер — күнүнө 30 миллилитрден, ал эми аялдар менен салмагы орто салмактан аз адамдар 15 миллилитрден көп спирт ичимдигин ичпөөгө тийиш *.

Бразилия курултайынын билдирүүсү боюнча, дене тарбия көнүгүүлөрү менен байма-бай машыгып жүрүү кан басымын төмөндөтөт, ошон үчүн гипертониянын пайда болуш ыктымалдыгы азаят. Ченемдүү машыгуулар, мисалы, жумасына 3—5 жолу 30—45 мүнөт жөө басуу, велосипед тебүү же сууда сүзүү жакшы таасир тийгизет *. Ден соолукка кам көрүп жашоо үчүн, тамекини таштоо жана кандагы майлардын (холестерин менен триглицериддердин) деңгээлин байкап жүрүү зарыл. Ошондой эле диабет өңдүү ооруларга көңүл кош кароого болбойт, жетиштүү өлчөмдө калий менен магний жеп, ар кыл себептерден улам пайда болгон стресстерден сактануу керек. Басымдын жогорулашын мурунга тамызуучу дарылар, натрийи көп антациддер, табитти басаңдатуучу заттар, баш ооруда колдонулган жана кофеини бар ооруну басаңдатуучу дарылардын айрымдары да чакырат.

Эгерде силердин кан басымыңар жогору болсо, жекече муктаждыгыңарга жараша кантип тамактануу, кандай адат күтүү керектиги боюнча эң жакшы кеңешти врачыңар бере алат. Анткен менен саламаттыкка кам көрүп жашоо үй-бүлөбүздүн ар бир мүчөсүнө, гипертониясы бар болсо да, жок болсо да пайдалуу экени калетсиз. Адам жаш кезинен саламаттыгына кам көрүп жашоого үйрөнсө жакшы. Макаланын башында айтылган Мэрианга жашоосунун айрым жактарын өзгөртүүгө туура келген. Азыр ал дары ичип, ден соолугу ойдогудай чың болбосо да, толук кандуу жашоо өткөрүп жатат. Силерчи? Эмесе, силер да «тургундардын бири да: „Мен ооруп жатам“,— деп айтпаган» маалды күтүү менен бирге кан басымыңарды контролдоп жүргүлө (Ышайа 33:24).

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Ар бир адам кандайча дарыланышты өзү чечкендиктен, «Ойгонгула!» журналы дарылануунун тигил же бул жолун сунуш кылбайт.

^ 15-абз. Эгерде силердин артериялык гипертонияңар бар болсо же жүрөгүңөр, же бооруңар, же бөйрөгүңөр ооруп, медициналык дары-дармектер менен дарыланып жатсаңар, күнүнө канча калий менен натрий колдонууга болорун врачыңар менен кеңешип алганыңар туура.

^ 16-абз. 30 миллилитр спирттин күчү 60 миллилитр күчтүү ичимдиктин (мисалы, виски, арак жана башкалар), 240 миллилитр шараптын жана 720 миллилитр пивонун күчүнө барабар.

^ 17-абз. Ден соолугуңарга жараша кандай көнүгүүлөрдү жасоо абзел экенин врачыңар менен кеңешкениңер дурус.

[22-беттеги кутуча]

КАН БАСЫМЫНЫН ЖОГОРУЛАШЫ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ

1. Басымдын жогорулашын контролдоо үчүн көрүлүүчү чаралар

• Салмакты азайтуу.

• Туз колдонууну азайтуу.

• Калийге бай азыктарды колдонуу.

• Спирт ичимдиктерине чек коюу.

• Дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо.

2. Басымды контролдоонун дагы башка жолдору

• Калий менен магнийи бар кошундуларды колдонуу.

• Клетчаткага бай вегетариандык мүнөз тамак ичүү.

• Стресске каршы терапия алуу.

3. Кошумча чаралар

• Тамекини таштоо.

• Холестериндин деңгээлин байкоо.

• Диабетке көңүл кош карабоо.

• Басымды көтөрүп жиберүүчү дарыларды колдонуудан сак болуу.

[Булак]

Маалымат Бразилиянын артериялык гипертония боюнча үчүнчү курултайынын билдирүүлөрүнөн алынды («Revista Brasileira de Clínica & Terapêutica»).

[15-беттеги сүрөт]

Байма-бай машыгуулар менен туура азыктануу кан басымын контролдоп, анын жогорулап кетишине жол бербөөгө жардам берет.