Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Көп кабаттуу имараттар

Көп кабаттуу имараттар

Көп кабаттуу имараттар

Азияда дагы деле курулууда

«Учурда качандыр бир кезде менменсине асман тиреп турган 419 метрлүү Дүйнөлүк соода борборунун имараттарынан да бийик алты имарат куруу пландаштырылып жатат,— деп жазылат „Уолл-стрит жорнэлде“.— Алардын баары Азияда тургузулмакчы». Гезитте: «Бийик имараттарга болгон 20 жылдык сүйүүнүн табы кайтпаптыр»,— деп белгиленет.

Бийик имараттар Корея, Кытай, Тайвань шаарларында бой тиреп турмакчы. «Асманга жетүүгө умтулуу адамдын аң-сезимин терең уялап калган экен,— дейт Куала-Лампурдагы (Малайзия) бүгүнкү күндөгү эң бийик „Петронас-Тауэрз“ эгиз имараттарынын архитектору Сезар Пелли.— Бабыл мунарасынын маалынан бери адамдар асманга жеткенин көрсөтүүгө өжөрлүк менен аракеттенип келатышат».

Инженерлер кошумча коопсуздук чараларын ойлоп табышууда. Аларга ар бир 10—12-кабатта «коопсуздук кабатынын» болушу, имараттын негизги өзөгүнүн туруктуулугун жана ал өзөктү чет-жакаларында же периметри боюнча жайгашкан тирөөчтөрү менен бириктирген фермаларын бекемдөө, ошондой эле ылдыйлаган сайын көбүрөөк эл баткыдай кылып кеңейтилген көптөгөн өрт тепкичтерин салуу кирет.

Азыр бийиктиги 300 метрден ашкан 20 чакты турак имараттын жарымынан көбү Азияда. «Анткен менен адистер бийиктиги 60 кабаттан ашкан имараттарды куруу анча ылайыктуу эмес экенин ырасташат»,— деп белгиленген жогорудагы басылмада.

[26-беттеги сүрөт]

«Петронас-Тауэрз» — дүйнөдөгү эң бийик имарат, бийиктиги 452 метр.

[18-беттеги сүрөттөр/таблица]

Гизадагы (Египет) «Хефрен» пирамидасы, бийиктиги 143 метр, б.з.ч. 2500-жыл.

«Эйфель мунарасы», Париж (Франция), бийиктиги 300 метр, 1889-жыл.

«T & C» мунарасы, Гаосюн (Тайвань), 348 метр, 1997-жыл.

Кытай банкы, Гонконг (Кытай), бийиктиги 369 метр, 1989-жыл.

«Эмпайр Стейт Билдинг», Нью-Йорк (США), бийиктиги 381 метр, 1931-жыл.

«Сирс-билдинг» мунарасы, Чикаго (США), бийиктиги 442 метр, 1974-жыл.

«Петронас-Тауэрз» эгиз имараттары, Куала-Лампур (Малайзия), бийиктиги 452 метр, 1997-жыл.

Шанхай дүйнөлүк финансы борбору, Шанхай (Кытай), бийиктиги 460 метр (курулушу 2007-жылы аяктамакчы).

Тайбэй финансы борбору, Тайбэй (Тайвань), 508 метр (курулушу 2003-жылы аяктамакчы).

Имараттардын бийиктигине кооздук үчүн жасалган чокулары да кирет, антеналары кирбейт.

[Булак]

Эскиздердин баары: Courtesy Skyscraper Page.com