Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мектептегилерге кантип кабар айтсам болот?

Мектептегилерге кантип кабар айтсам болот?

Жаштар сурайт:

Мектептегилерге кантип кабар айтсам болот?

«Кабар айтып жүрүп, бир таанышыма жолугуп калсам болобу. Каккан казыктай эле болуп туруп калдым! Жанымдагы шеригим менин ордума сөз баштоого аргасыз болду» (Альберто).

«Ушул көчөдө классташым жашаарын билчүмүн. Ошон үчүн байкемменен эшикти ачкандарга сен биринчи сүйлө деп макулдашып алгам. Акыры байкем чарчап эмки эшик ачылганда мени сүйлө деди. Каалганы черттим. Мына сага, эшик ачылып, классташым чыкты!Аны көрүп жүрөгүм оозума тыгыла түштү» (Жеймс).

ЖАШТАРДЫН көбү дин тууралуу сүйлөшүүнү орунсуз көрүшөт. Бирок Ыйсанын жаш жолдоочулары Кудай берген укугун — ишеними тууралуу башкаларга айтып берүү укугун — баалашат. Ошондуктан Жахабанын миңдеген жаш Күбөлөрү үймө-үй кабар айтуу ишине катышышат. Бирок кабар айтып жүрүп мектептегилерин жолуктуруп калуудан корккон жаштар да бар. «Мектепте бирге окугандарымды жолуктурсам, өзүмдү азыр деле оңтойсуз сезе берем»,— дейт орто мектепти бүтүп кеткенине бир нече жыл болуп калган Женнифер.

Эгерде сен чындык жолунда жүргөн жаштардын бири болсоң, ушул сыяктуу сезимдер кээде сенде деле пайда болушу мүмкүн. Албетте, кабарыбызды башкалар укпай койгондо, эч кимибиз сүйүнбөйбүз. Ошондуктан мектептегилер менен дин тууралуу сүйлөшүп жатканда сен да тынчсызданбай коё албайсың *. А бирок коркконуңан эмне дээриңди билбей калбашың да керек. Ыйык Китепте айтылган «ариматаялык Жусуп» эсиңдеби? Ал Ыйса Машайыктын окууларына ишенчү. «Ал Ыйсанын шакирти эле, бирок жүйүттөрдөн корккондуктан, ишенгенин жашырып жүрчү»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Жакан 19:38). Эгер достошуп жүргөнүңөрдү эч кимге билгизгиси келбеген досуң бар болсо, ал тууралуу кандай ойдо болор элең? (Лука 12:8, 9). Анда Кудайдын өз кызматчыларынан ишеними тууралуу «оозу менен ачык» айтышын күтүшү жүйөлүү эмеспи? (Римдиктерге 10:10). Демек, чындыкты мектептегилерге да айтыш керек.

Ариматаялык Жусуп, эң жок дегенде, Ыйсанын денесин көмүш үчүн сураганы барганда коркунучун жеңген. Ал эми андай сезимди сен кантип жеңсең болот?

Кабар айтууга дайым даяр бол

Элчи Пабыл башкаларга өз ишеними тууралуу айтып берүүдөн жалтанчу эмес. Римдиктерге 1:15те ал ыйык китептик кабар таратууга дайым даяр экенин айткан. Дайым даяр болууга ага эмне жардам берген? Аны ошол эле баптын 16-аятында өзү мындай деп түшүндүрөт: «Мен Жакшы Кабар таратуудан уялбаймын. Анткени Жакшы Кабар — бардык ишенгендерди... куткара турган Кудайдын күчү». А сен тууралуу эмне дешке болот? Ыйык китептик окуулардын чындык экенине өзүңдүн көзүң толук жетеби? (Римдиктерге 12:2). Ыйык Китептеги кабар «куткара турган Кудайдын күчү» экенине өзүң бекем ишенесиңби?

Ан үчүн жыйналыштарга ата-энең менен чогуу барып коюшуң аздык кылат. «Жыйналыштарга баруу кыйын деле эмес, себеби аны сага ата-энең үйрөткөн да. Бирөөлөр мага Ыйык Китеп тууралуу кандайдыр бир суроо берсе, ошондо эмне деп жооп беришти билбей калчумун»,— дейт Дебора. Ал эми Ми Янг аттуу кыз болсо: «Чындыктын чындык экенин биринчи кезекте өзүбүз үчүн далилдеп алышыбыз керек»,— деген.

Ыйык китептик билимди башкаларга даярдуулук менен айтууга эмне жардам берет? Ыйык Китепти жекече изилдөө! Шон аттуу бала мындай деген: «Ыйык Китепти жекече изилдей баштаганыңда чындык өзүң үчүн чындыкка айланат. Сен өзүң үчүн изилдөө жүргүзөсүң». Окуганды баары эле жакшы көрө бербеси чын. Мисалы, Шевон: «Мен окуганды анча жакшы көрбөйм. Ошондуктан башында „Күзөт мунарасы“ менен „Ойгонгула!“ журналдарын окуш кыйын болду. Ыйык Китепти күнүгө окуу жагынан да кыйналып жүрдүм. Бирок бара-бара көнүп кеттим»,— дейт.

Ыйык Китепти чын ыкластан изилдөө менен кандай натыйжага жетүүгө болот? «Ишеним угуу аркылуу пайда болот»,— деген элчи Пабыл (Римдиктерге 10:17). Ишенимиң тереңдеп, көз карашың калыптанган сайын, маанайың өзгөрө баштайт. Бразилиялык Элизанжела аттуу өспүрүм кыз: «Ыйсанын жолдоочусу болуу — чоң сыймык, анын уяла турган эч жери жок»,— деп эсептейт. Ооба, ишенимиң бекемделген сайын, ал тууралуу башкалар менен, алардын ичинде классташтарың менен да сүйлөшкүң келе баштайт. Пабыл: «Биз да ишенебиз, ошондуктан сүйлөп жатабыз»,— деген (2 Корунттуктарга 4:13). Анын үстүнө, күнүгө жолуктурган адамдарыңан өмүр берүүчү билимди жаап-жашырып жатсаң, башкалардын «каны үчүн жооп бербейм» деп ырастай аласыңбы? (Элчилер 20:26, 27).

Жыйналыштагы айрым жаштар өзүлөрүн башкалар менен Ыйык Китеп тууралуу сүйлөшүүгө тийиштүү түрдө даяр эместей сезишет. «Айтар сөзүңдү билбесең,— дейт Жошуа,— кабар айтуудан кубаныч албайсың». Эгерде сен Ыйык Китепти жакшыраак биле турган болсоң, аны чебер колдоно аласың (2 Тиметейге 2:15). Окутуучулук жөндөмдүүлүгүн өрчүтүш үчүн, Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарындагы аксакалдардан жекече жардам сураса болот. Германиялык Матиас аттуу жаш жигит: «Мен башкаларга адабияттарды жөн гана сунуш кылып койбостон, алар менен маектеше баштагандан бери кабар айтууну жактырып калдым»,— деген.

Тайманбай кабар айтууга Кудайдан жардам сурап тиленсең болот (Элчилер 4:29). Элчи Пабыл өзү да Кудайдан жардам алган. 1 Тесалоникалыктарга 2:2де ал мындай дейт: «Катуу каршылыктарга карабастан, Кудайдан кайраттуулук алып, силерге Кудайдын Жакшы Кабарын жарыяладык». Бир маалымдама эмгекте ошол эле ойду: «Кудай жүрөгүбүздөн коркунучту алып салды»,— деп берсе болору айтылат. Сен да Кудайдан жүрөгүңөн коркунучту алып салышын сурасаң болот.

Жахабанын Күбөсү экениңди жашырба

Тиленгенден кийин, ошого жараша, бир абдан кайраттуу кадам жасасаң болот. Британиялык Шик аттуу бала мындай кеңеш берет: «Классташтарыңа Ыйсанын жолдоочусу экениңди айт». Себеби «ишенгенин жашырып жүргөн» «шакирт» болгуң келбейт да. Ребекка аттуу кыздын айтуусу боюнча, ал мурун кабардан классташтарын жолуктуруп калуудан коркчу экен, бирок кыйынчылыгын жеңүүнүн кызыктуу жолун тааптыр. «Аларга алдын ала өзүңдүн Ыйсанын жолдоочусу экениңди, андыктан үймө-үй кабар айтарыңды айтып койсоң, кээде: „Биздин үйгө да келесиңби?“ — деп сурашат»,— дейт ал.

Бетме-бет кагылышкыча кабар айтпай күтүп жүрө берүүнүн кереги барбы? Мектептен кабар айтууга мүмкүнчүлүк издегин. Элчи Пабыл берген суроолорду эсиңен чыгарба: «Ал жөнүндө укпай туруп, Ага кантип ишенишет? Жакшы Кабарды таратуучулар жок болсо, кантип угушат?» (Римдиктерге 10:14). Падышалык кабарын классташтарыңа угузууга баарынан да сенин мүмкүнчүлүгүң көп. Ираида мындай дейт: «Мектеп — бул биз гана кабар айта ала турган аймак». Ошон үчүн мектепте окуган ишенимдештерибиздин көбү расмий эмес күбөлөндүрүү артыкчылыгын пайдаланышат.

Бирок кээде сабактан да Ыйык Китептеги чындык жөнүндө айтып берүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. «Биология сабагында эволюцияны өтүп жатканыбызда, мен өз көз карашымды айтып бердим. Балдардын бири Жахабанын Күбөлөрү билими тайкы, мектепте окууга татыксыз деп шылдыңдап күлдү. Класстагы башка балдар болсо муну укканда, мени коргоп киришти»,— деп айтып берет британиялык Жейми аттуу кыз. Ошентип, анын үлгүлүү жүрүм-туруму жакшы натыйжаларды алып келген. «Анан классташтарымдын бири „Камкор Жараткан барбы?“ китебин алды»,— дейт Жейми *.

Он төрттөгү Мику деген румын кыз өзү менен болгон ушул сыяктуу окуяны айтып берет. «Эжейибиз сабактардын биринде ичкилик, тамеки жана баңгизаттар тууралуу маектешебиз деди. Ошон үчүн мен „Ойгонгула!“ журналынын „Тамекини кантип таштоого болот?“ (ор.) деген тема каралган 2000-жыл, 22-марттагы санын сабакка ала бардым. Бир кыз журналды көрөр замат, ала койду да, кайра бербейм деди. Аны окуп чыгып, тамекини таштоону чечкенин айтты».

Албетте, кабарыбызды дайыма эле жакшы кабыл алышпасы мүмкүн. Бирок Насаатчы 11:6да: «Эртең менен үрөнүңдү сеп, кечинде колуңду эс алдырба»,— деген чакырык бар. «Анткени сен тигил же бул иш ийгиликтүү болорун, же тигил иш да, бул иш да жакшы болорун билбейсиң» да. Ишенимиң тууралуу айтканда мектептен жакшы кабыл алышпаса да, ошонуң менен үйдөн үйгө кабар айтып барганыңда классташтарыңдын бири чыгып калса, жагымдуу маектешүүгө негиз түзөсүң. Британиялык Жессика: «Чынында, чогуу окуган балдар-кыздарыңды тааныгандыктан, аларга кабар айтуу оңоюраак»,— дейт. Классташтарыңдын кээсинин чындыкка кызыгып калганын көргөндө таң калышың да мүмкүн.

Ырас, тараткан кабарыңды баары эле жактыра беришпейт. Ошондуктан Ыйса: «Ким силерди кабыл албаса жана сөзүңөргө кулак салбаса, ал үйдөн же ал шаардан чыгып бара жатканыңарда, бутуңардагы чаңды күбүп койгула»,— деп жакшы кеңеш берген (Матай 10:14). Башкача айтканда, алардын жактырбаганын жүрөгүңө жакын кабыл алба. Андай адамдын жанында көп кармалбай, уккусу келген адамды изде. Акыры бир күнү жүрөгү таза, чындыкты билүүнү чын ниетинен каалап, айткандарыңды уккусу келген адамдарды табарың шексиз. Алардын арасында өз классташтарың да болсо жаманбы? Ошондо коркоктукту жеңип, аларга ишенимиң тууралуу айтып бергениңе өкүнбөйсүң.

[Шилтемелер]

^ 6-абз. «Ойгонгула!» журналынын 2002-жылдын апрель— июнь санындагы «Жаштар сурайт» рубрикасындагы «Мектептегилерден кимдир бирөөнү жолуктуруп калсамчы?» аттуу макаласын кара.

^ 18-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

[12-беттеги кыстырма]

«Ыйык Китепти жекече изилдей баштаганыңда чындык өзүң үчүн чындыкка айланат» (Шон).

[10-беттеги сүрөт]

Жахабанын Күбөсү экениңди айтуудан коркпо.

[10-беттеги сүрөт]

Сабактан кабар айтууга көп мүмкүнчүлүк пайда болот.