Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Саясый күрөштөн Ыйсанын бейтараптуу жолдоочуларынын катарына өтүү

Саясый күрөштөн Ыйсанын бейтараптуу жолдоочуларынын катарына өтүү

Саясый күрөштөн Ыйсанын бейтараптуу жолдоочуларынын катарына өтүү

АЙТЫП БЕРГЕН — ЛАДИСЛАВ ШМЕЙКАЛ

Өкүм чыгарылган соң, мени кайра камерага алып кетишти. Келерим менен менден эки кабат өйдө жайгашкан камерада жаткан досум менен Морзе коду аркылуу байланыштым. Ал мени канча мөөнөткө камашканын билдиришимди күтүп аткан.

—Он төрт жыл,— деп такылдаттым мен.

—Он төрт ай дейсиңби? — деп, укканына ишенбей кайра сурады ал.

—Жок, он төрт жыл дейм,— деп кайталадым...

БУЛ 1953-жылы Чехословакиянын (азыр Чех Республикасы) Либерец деген шаарында болгон. Анда мен 19 жаштагы, саясый өзгөрүш үчүн күрөшүп жүргөн жаш жигит элем. Биз ошол маалда башкарып турган Коммунисттик Партияга каршы багытталган баракча таратып, өз көз караштарыбызды жайчубуз. Биздин иш-аракеттерибиз ата мекенге каршы жасалган саткынчылык катары каралып сотко тартылгандыктан, мен ошончо узак мөөнөткө кесилдим.

Ага чейин эле сот чечимин күтүп бир жылча камакта олтургам. Камакка алынгандарды өкүм чыгарылгыча бир камерага эки-экиден олтургузуп, маал-маалы менен көздөрүн таңып суракка алып барып турушчу. Камераларда сүйлөшүүгө тыюу салынчу. Ошондуктан биз бири-бирибиз менен шыбырашып же Морзе коду менен сүйлөшчүбүз.

Көп өтпөй камакка алынгандардын арасында бир топ Жахабанын Күбөлөрү бар экенин билдим. Түрмөдө бир-эки ай сайын жаныңда олтурган адамдарыңды алмаштырып турушчу. Мен Ыйык Китепке кызыкчумун, ошон үчүн, акыры, Күбөлөрдүн бири менен бир камерада олтуруп калганымда, кадимкидей сүйүндүм. Ошентип, аны менен Ыйык Китеп изилдей баштадым.

Ыйык Китебибиз деле, ага негизделген адабияттар деле жок болчу, ошентсе да биздин ошондогу сүйлөшкөндөрүбүздү изилдөө деп атап коюшка болоттур. Анда мен Ыйык Китепти көрө да элек болчумун. Бирок Күбө эсинде калган ыйык китептик темаларды түшүндүрүп берчү, мен болсо анын айткандарын жазып алчумун. Биз жакын олтуруп алып, шыбырашып сүйлөшөр элек.

Колубузда тарак менен даарат кагазынан башка эч нерсе жок болгондуктан, уккандарымды тарак менен ошол кагазга жазып алчумун. Ошентип, талкуулаган аяттарыбыздын көбүн мен жаттап алгам. Күбөлөр Падышалык ырларын да үйрөтүштү. Алардын бири мага: «Азыр сен саясый айып менен камалдың, бирок келечекте Жахабанын Күбөсү катары камалып калышың мүмкүн»,— деген эле.

Сурактын артынан сурак жүргүзүлүп жатып, өкүм чыгарылган соң, Яхимов шаарынын жанындагы түзөтүү-эмгек лагерине жөнөтүлдүм. Ал кезде келечекте Жахабанын Күбөсү болууну бек чечип алгам.

Камактагы жылдар

Мени уран казылчу лагерге алып келишти. Ал жерге келерим менен Күбөлөрдү издей баштадым. Көп өтпөй алардын башка жерге которулганын билдим. Бирок бир Күбө ашпозчу болгондуктан, биздин лагерде калтырылган экен, ал мага Ыйык Китеп берди. Китеп мурун ар кандай жерлерге катылып келгенби, айтор, эскилиги жетип бүтүптүр. Ошентип, өзүмдүн жатка билген баягы аяттарымды Жазманын өзүнөн окуй алдым. Окуп олтуруп далай жолу: «Ооба, бир туугандар так ушинтип үйрөтүшпөдү беле»,— деп ойлонгонум эсимде.

Бир айга жетип-жетпей Пршибрам шаарынын жанындагы Битиз лагерине которулдум. Ал жерде башка да Күбөлөр бар экен. Битизде ыйык китептик адабияттарды жашыруун болсо да, үзгүлтүксүз алып турчубуз. Лагердин чоңдору канча аракеттенишпесин, адабияттарды кандайча алып жатканыбызды биле албай коюшту. Ал жерде жигердүүлүк менен башкаларга кабар айткан 14 адам бар эле. Алардын жарымы чөмүлдүрүлгөн Күбөлөр болсо, калгандары, мен сыяктуу, түрмөдө жүрүп Күбөлөрдүн ишенимин кабыл алгандар болчу.

Көптөрүбүз Кудайга арналгандыгыбызды сууга чөмүлдүрүлүү менен көрсөткүбүз келчү. Бирок жетиштүү суу, тагыраак айтканда, суу куяр чоң идиш табылбагандыктан, чөмүлдүрүлүү оңой иштерден болгон жок. Андыктан көптөр түрмөдөн чыкканда чөмүлдүрүлөбүз деп күтүп жүрүшчү. Бирок биздин лагерде атайы мунараларда компрессорлорду муздатып туруучу резервуарлар бар эле. 1950-жылдын орто ченинде кээ бирибиз ошол резервуарлардын биринде чөмүлдүрүлдүк.

Арадан бир нече жыл өтүп, 1960-жылдын мартында мени саясый себептер менен түрмөдө олтургандардын иштери боюнча иштеген полиция офицери чакыртып калды. Ал кесилген мөөнөтүмдү азайтып берүүнү убадалап, камактагылар тууралуу маалымат жеткирип турууну сунуш кылды. Андайга макул эместигимди билдиргенимде, мени үнүнүн барынча кыйкырып тилдей баштады. «Сен жашооңду оңогуң келбейт тура,— деп бакырып жатты офицер.— Үйүңдү кайра көрбөгүдөй кылбасам сени!» Бирок эки айдан кийин мунапыс берилип, бошотулгандар менен кошо мен да, баш-аягы сегиз жыл ар кайсы жерлерде олтурганымдан кийин, эркиндикке чыктым.

Көпкө созулбаган эркиндик

Чехословакияда 1949-жылдын апрелинен тартып Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынган эле, андыктан көп өтпөй «эркиндикте» Кудайга кызмат кылуунун көп жактары ага түрмөдө жүрүп кызмат кылууга окшош экенин түшүндүм. Түрмөдөн чыкканы башка кыйынчылык менен беттешүүгө туура келди: ал кезде эркектердин баары эки жылдык аскер кызматын өтөөгө милдеттүү болушчу.

Бирок айрым жерлерде иштегендер, мисалы, шахтада иштегендер аскерден бошотулчу. Көмүр казып иштегенди анча-мына билип калгандыктан, шахтага жумушка кирдим. Ал жактан мени жакшы кабыл алышты. «Коркпо,— деп жатышты алар,— биз үчүн сени аскерден бошотуп коюштан оңой иш жок».

Ошентсе да эки айдан кийин мага чакырык келди. Шахтанын башкармалыгында иштегендер: «Капаланба, жөн эле жаңылыштык кетсе керек. Биз аскер комиссариатына кат жазып жиберсек эле баары жайында болот»,— деп ишендирип коюшту. Бирок эч кандай өзгөрүү болгон жок. Бир күнү башкармалыгыбыздын кызматчыларынын бири келип: «Биринчи жолу ушундай иш болуп жатат: аскерге барышың керек болуп калды» — деп, кечирим сурап кетти. Ал эми ишенимим боюнча аскерге баруудан баш тартканымда, мени камакка алып, жакынкы аскер бөлүмүнө алып кетишти (Ышайа 2:4).

Трибунал

Ошентип, 1961-жылы Кладно шаарындагы түрмөгө олтурдум. Ал жактан мени аскерге барууга көндүрүүгө аракеттенип көрүштү. Бир жолу менин ишимди алып барган офицер кызыктуу жолугушуу уюштурган экен. Мени чоң тегерек үстөлдү айланта жумшак булгаары креслолор турган кеңешме залына алып келишти. Анан залга офицерлер кирип келишти да, креслолорго олтура кетишти. Бул жолугушууга жоопкер адам олтургандардын ар бирин мени менен тааныштырып чыкты да, өзү олтуруп жатып мындай деди: «Эми бизге өз ишенимиң тууралуу айтып бере бер».

Ичимен кыскача тилене койдум да, кунт коюп угуп олтурган угармандарыма карап сүйлөй баштадым. Маегибиз бат эле эволюцияга өтүп, эволюция илимий далилденген факты деген ой айтылды. Лагерде жүргөн маалымда мен «Эволюция жаңы дүйнөгө каршы» деген китепчени окуган элем *. Ошондуктан, олтургандарды таң калтырып, эволюциянын далилденбеген теория гана экенин көрсөткөн далилдерди келтире алдым.

Бир убакта талкууга бир майор кийлигишти, ал католиктердин үй-бүлөсүндө чоңойсо керек. «Сиз кыз Мариямга кандай карайсыз? Ыйык месса боюнча оюңуз кандай?» — деп сурады ал. Мен анын берген суроолоруна жооп бердим да: «Сиз Кудайга ишенген адам көрүнөсүз: суроолоруңуз башкалардыкынан айырмаланып турат»,— дедим.

«Жо-жок! Кудайга ишенбейм!» — деп ийди ал. Коммунисттик өлкөлөрдө Кудайга ишенебиз дегендер баркталчу эмес, жооптуу орундар да берилчү эмес. Ошондон кийин майор ооз ачкан жок. Мен, шарт болуп, ал адамдарга Жахабанын Күбөлөрүнүн ишенимдери тууралуу айтып берип калганыма абдан сүйүндүм.

Кабар айтуунун башка да мүмкүнчүлүктөрү

Бир нече күндөн кийин Прагадагы аскер гарнизонуна таандык мекемелердин бирине которушту. Болгондо да жаныма сакчы коюп, кайтартып коюшту. Кайтарууга жиберилген биринчи солдат мындай өзгөчө коопсуздук чарасы көрүлгөнүнө таң калып, мага: «Биз биринчи жолу бир эле адамды кайтарып атабыз»,— деди. Мен ага өзүмдүн эмне үчүн камакка алынганымды түшүндүрүп бердим. Ал олтурду да, мылтыгын эки тизесинин ортосуна кысып алып, кызыгып уга баштады. Эки сааттан кийин анын ордуна башкасы келди, ал дагы алиги солдаттын берген суроосун берди. Ошондуктан аны менен да Ыйык Китеп тууралуу сүйлөштүк.

Кийинки күндөрү эки күзөтчү менен, алар уруксаат бергенде камактагылар менен да сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгүм болду. Күзөтчүлөр камераларды ачып, камактагыларга Ыйык Китептин негизинде сүйлөшүп олтурууга уруксат беришчү! Бирок мен күзөтчүлөрдүн мунусу билинип калып, кандайдыр бир чатак чыгып жүрбөсүн деп тынчсыздана баштадым. Бирок баары жашыруун бойдон экен.

Ал эми сот сурагына алып барыларымда, ишенимим тууралуу сүйлөшүп жүргөндөр мени кайраттандырып жатышты. Эки жылга кесишти; үстүнө мунапыска туш келип аягына чейин олтурбай калган алты жыл кошулду. Ошентип, кайрадан сегиз жыл абакта олтурушум керек болду.

Кудайдын колдоосун сезүү

Чехословакиянын лагеринен лагерине, түрмөсүнөн түрмөсүнө которулуп жүргөнүмдө мен Кудайдын колдоосун көп ирет сездим. Валдицтеги түрмөдө отурганымда түрмө көзөмөлчүсү кайсы иш боюнча кесилгенимди сурап калды. «Аскер кызматын өтөөдөн баш тарткандыгым үчүн,— деп түшүндүрдүм.— Согуш иш-аракеттерине катышуу менин ишенимиме каршы келет».

«Баары эле ушундай көз карашта болсо кана»,— деди ал. Үнүнөн меникин туура көрүп атканы байкалды. Анан бир аз ойлонуп турду да: «Бирок бүгүнкү күндө көптөр андай ойдо болбогондуктан, биз силерди жазалоого, болгондо да, аёсуз жазалоого тийишпиз!» — деди.

Ал жактан айнек кырдоочу устаканага жиберилдим. Анда жалаң камактагылар иштечү. Бул лагерде, Жахабанын Күбөсү катары аскер кызматынан баш тарткандыгым үчүн жүрсөм да, саясый иш боюнча жазаланган деп эсептелгендиктен оор жумуштарга жиберилип жүрдүм. Люстралар жана башка кымбат буюмдар үчүн айнек кырдоо айрыкча кыйын иш эле. Себеби эч кандай брак чыгарууга жол берилчү эмес. Демейде, камактагылар жасагандарын тапшырышканынын эртеси жарымдайын кайра оңдоого алышчу. Ошондуктан талап кылынган норманы аткарыш абдан оор болчу.

Устаканага келген күнү мен көзөмөлчүнү көпкө күтүп калдым. Ал кайсы бир жактан келди да, тийиштүү түрдө көңүл коюп иштебей жатат деп эсептеген жумушчуларына кыйкыра баштады. Анан камактагыларды бир сыйра айланып чыкты да, менин жаныма басып келип: «Ийи, сен эмнеге иштебей турасың?» — деп сурады.

Мен бул жакка жаңы эле келгенимди айтканымда, өз кабинетине алып барды да, адаттагы эле «эмне үчүн кесилдиң эле» деген сыяктуу суроолорду бере баштады. Кесилген себебимди түшүндүрүп бергенимде, ал: «Демек, Жахабанын Күбөсү экенсиң да» — деди. «Ооба»,— деп жооп бердим мен.

Анын мага кылган мамилеси дароо өзгөрө түштү. «Кабатыр болбо,— деди ал.— Бул жерде Жахабанын Күбөлөрү көп. Биз аларды ак ниеттүүлүгү жана жакшы иштегендиги үчүн сыйлайбыз. Сага аткара алгыдай норма берилет: мен өзүм кам көрүп коём».

Көзөмөлчүнүн мамилесинин мынчалык өзгөргөнүн көрүп абдан таң калдым. Бирок Жахабага жана ал түрмөдө жакшы үлгү көрсөтүү менен Күбөлөрдүн баркталышына шарт түзүшкөн бейтааныш рухий бир туугандарыма абдан ыраазы болдум. Чынында эле, камактагы кезимде ар дайым Жахабанын колдоосун сезип келдим.

Кандай гана татаал жагдайга туш болбоюн, мен рухий бир туугандарым менен жолугушаарыма эч күмөн саначу эмесмин. Өзүмчө алардын жылмайып, мени кайраттандырып жатышканын элестетчүмүн. Аларсыз түрмөдөгү көргөн күнүм ого бетер оор болмок да.

Камактагылардын көбү түрмөдө көргөн жаман мамиле үчүн өч алуунун мүмкүнчүлүгүн издечү. Бирок андай сезим менде болчу эмес. Себеби мен Кудайдын акыйкат принциптерине болгон берилгендигим үчүн азап тартып атканымды түшүнчүмүн. Түрмөдө өткөргөн ар бир күнүм үчүн Жахаба жаңы заманында, жерде бейиш болгондо сан жеткис күндөрдү берерин билчүмүн (Забур 36:30; 2 Петир 3:13; Аян 21:3, 4).

Азыркы баталар үчүн ыраазы болуу

Түрмөдө, жалпы жону, 15 жылча олтурган соң, акыры, 1968-жылдын майында бошонуп чыктым. Башында адамдар менен сүйлөшүү мен үчүн кыйын болду: бул — көбүнчө жашоосунун далайын түрмөдө, түрмө кийимин кийген кылмышкерлер менен аскер кийимин кийген күзөтчүлөрдүн арасында өткөргөн адамдар жолуктуруучу кыйынчылык. Күбөлөрдүн ишине мурдагыдай эле тыюу салынган болчу, бирок рухий бир туугандарым мага кабар айтуу ишине жигердүүлүк менен катышып кетүүгө чоң жардам беришти.

Түрмөдөн чыкканыман бир нече жума өткөндө Эва менен таанышып калдым. Үй-бүлөсү абдан каршы болсо да, үч жыл мурун Эва байкеси экөө чындыкты кабыл алышкан экен. Биз чогуу кабар айтып, ыйык китептик адабияттар жашыруун чыгарылган басмаканаларда иштей баштадык. Ал эми 1969-жылы ноябрда экөөбүз баш коштук.

1970-жылы Яна аттуу кыздуу болдук. Кийинчерээк мен бир туугандарды кайраттандыруу үчүн Жахабанын Күбөлөрүнүн кыдыруучу кызматчысы катары дем алыш күндөрү жыйналыштарды кыдыра баштадым. 1975-жылы ошол кызматымды аткарып жүргөнүмдө камакка алынып, кайра түрмөгө олтургузулдум. Бул жолу бир нече ай эле олтуруп чыктым. 1977-жылы болсо уулдуу болдук, аты — Штепан.

Ал эми 1993-жылдын 1-сентябрында Жахабанын Күбөлөрү Чех Республикасында расмий түрдө катталды. Андан кийинки жылы кызыбыз жыйналыштын аксакалы Далибор Дражанга турмушка чыкты. Уулубуз Штепан — кызмат жардамчысы — 1999-жылы толук убакыттагы кызматчы Бланкага үйлөндү. Азыр баарыбыз Праганын жыйналыштарында кызмат кылабыз. Ошону менен бирге, жаңы заманды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Өзгөчө, мен бир да жерде түрмө дубалдары болбос ошол маалдын келишин абдан күтөм.

[Шилтемелер]

^ 24-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан 1950-жылы чыгарылган (англ.).

[27-беттеги сүрөт]

Ыйык Китептин аяттарын тарак менен жазып алчумун.

Мен камакта жүрүп чөмүлдүрүлгөн Битиз лагери.

Үйлөнүү тоюбузда.

Эва экөөбүз, сол жагыбызда Штепан менен Бланка, оң жагыбызда Яна менен Далибор.