Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Согушту жактаганбы же тынчтыкты коргогонбу?

Согушту жактаганбы же тынчтыкты коргогонбу?

Согушту жактаганбы же тынчтыкты коргогонбу?

ШВЕЦИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

Жыл сайын коомдун ар кайсы жаатында эмгек сиңирип, адамзат пайдасына баалуу салым кошкон инсандарга же ар кыл уюмдарга Нобель сыйлыгы ыйгарылат. Бул сыйлык качан бериле баштаган жана анын жер жүзүндөгү тынчтыкты чыңдоо менен кандай байланышы бар?

АНЫН атын укканда, биринчи кезекте коомдун пайдасы, жыргалчылыгы үчүн кылган иштери эске келет. Ошол эле учурда, анын согуш курал-жарактарын сатуу менен чоң казына топтогону да маалым. Сөз ким тууралуу жүрүп жатат? Швед инженер-химиги Альфред Бернхард Нобель тууралуу. Ал адамзат коомунун пайдасы үчүн жасаган иш-аракеттеринин негизинде чоң атак-даңкка жеткени менен, «ажал соодагери» деп да таанылып калган. Эмне үчүн? Себеби Нобель динамит ойлоп чыгарып, өз учурунда менчик ишканаларынан жардыргыч заттарды чыгарып, сатып абдан байыган.

Анткен менен 1896-жылы Нобель дүйнөдөн кайткандан кийин таң калыштуу жаңылык билинген. Ал өз казынасындагы 9 миллион АКШ долларынан өзүнчө фонд түзүп, ага түшкөн кирешеден жыл сайын физика, химия, медицина жана адабият жаатындагы мыкты эмгек жаратмандарына жана тынчтыкты чыңдоого эмгеги өткөндөргө сыйлык кылып берилип турушун керээздеп кеткен экен.

Адегенде көптөр буга айран-таң калышат. Алар жардыргыч заттарды ойлоп таап атагы чыккан ишкер эмне себептен адамзат жыргалчылыгы, тынчтыгы үчүн кам көргөн деп таңыркашкан. Айрымдар Нобелди өмүрүн кыргын-бүлгүнгө учуратуучу нерселерди чыгарууга арнагандыгы үчүн абийири чыдатпаган окшойт деп ой жоорушкан. Ал эми кай бирлери Нобелди башынан эле тынчтыкты чыңдоону көздөгөн деген ойдо болушкан. Ырасында эле, ал курал-жарак канчалык коркунучтуу, күчтүү болсо, согуш ошончолук аз болоруна ишенген көрүнөт. «Согушту силердин конгрессиңерден мурун менин ишканаларым жок кылары бышык,— деген ал бир жазуучуга.— Жоолошкон эки тарап бири-бирин көз ирмемде эле кырып таштай алар күн келгенде, аң-сезимдүү элдердин баары аскерлерин артка чегинтип, таратып жиберишер».

Нобелдин бул айткандары ордунан чыктыбы? Анын дүйнөдөн кайтканынан кийинки кылым эмненин бетин ачып отурат?

[3-беттеги кыстырма]

«Мен, согушту түбөлүккө жоюш үчүн, кубаты ашынган шайман же машина чыгаргым келет» (АЛЬФРЕД БЕРНХАРД НОБЕЛЬ).

[2-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

Page 2: Missile: U.S. Navy photo; building rubble: UN PHOTO 158178/J. Isaac; page 3: Nobel: © Nobelstiftelsen