Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсанын жолдоочулары Кудай дайым сактайт деп күтүш керекпи?

Ыйсанын жолдоочулары Кудай дайым сактайт деп күтүш керекпи?

Ыйык Китептин көз карашы

Ыйсанын жолдоочулары Кудай дайым сактайт деп күтүш керекпи?

Ыйык Китепте Кудайдын өз элинкырсыктардан сактап-коргой аларыкөп айтылат. «Оо, Теңир, мени каардуу адамдардан куткар, мени кысымга алгандардансакта»,— деп суранган Дөөт падыша (Забур 139:2).Бүгүнкү күндө Кудайдын элинин ичинен зордук-зомбулук, кылмышкерлик же табигый кырсыктардан таңкалыштуу түрдө кутулуп, өлүмдөн же майыптыктан аман калгандар көп. Бирок Кудайга кызмат кылган эле адамдар ар кыл кырсыктарга дуушар болушкандыктан, ал түгүл мыкаачылык менен өлтүрүлүшкөндүктөн,айрымдар Кудайдын алиги кызматчылары «Кудайчоң сактап» аман калганбы деп билгиси келишет.

ЖАХАБА Кудай айрым адамдарды кырсыктардан сактап, башкаларын сактабайбы? Азыркы кезде Кудай бизди зордук-зомбулук жана табигый кырсыктардан кереметтүү түрдө сактап калат деп күткөн туурабы?

Керемет жолу менен аман калгандар жөнүндөгү билдирүүлөр

Ыйык Китепте Кудайдын керемет жасап өз кызматчыларын сактап калганы жөнүндө бир топ окуялар баяндалат (Ышайа 38:1—8; Элчилер 12:1—11; 16:25, 26). Бирок ошол эле китепте Кудайдын кызматчылары кырсыктан куткарылбаган учурлар да болгону жазылган (1 Падышалар 21:1—16; Элчилер 12:1, 2; Эврейлерге 11:35—38). Ушундан улам мындай тыянак чыгарууга болот: Жахаба кайсы бир адамды айрым учурларда белгилүү бир себеп боюнча же максат үчүн коргойт. Ошондуктан Ыйсанын кээ бир жолдоочулары кыйынчылык-кырсыктардан кутулушпаса, аларды Кудай колдобой койгон деп ойлоо туура эмес. Себеби биз Жахабанын ишенимдүү кызматчылары да ар кандай кырсыктарга кабылышарын билишибиз керек. Эмне үчүн?

Эмне себептен Кудайдын ишенимдүү кызматчылары кырсыктарга кабылышат?

Мунун бир себеби баарыбызга Адам менен Ободон күнөө менен жеткилеңсиздик тукум кууп өткөндүгүндө. Ошон үчүн биз ооруга, азап-кайгы менен өлүмгө кабылабыз (Римдиктерге 5:12; 6:23). Акыркы күндөрдө жашап жаткандыгыбыз да дагы бир себеп. Ыйык Китепте азыркы күндөрдө «элдешпес, ушакчы, өзүн өзү кармай албаган, кара мүртөз, жакшы нерсени жек көргөн» адамдар жашары алдын ала айтылган (2 Тиметейге 3:1—5). Бул мүнөздөмөнүн калетсиздигин адамдарды уурдоо, зордуктоо, өлтүрүү сыяктуу мыкаачылык менен жасалган кылмыштардын кеңири таралышы далилдейт.

Кудайдын көптөгөн ишенимдүү кызматчылары зулум, бузуку адамдардын арасында жашап, иштешкендиктен, кордук көрүшү мүмкүн. Кээде ылайыксыз убакта, ылайыксыз жерде болуп калганыбыз үчүн гана өмүрүбүзгө коркунуч туулат. Анын үстүнө, Сулайман айткандай, «бардыгынын өз убагы, өз учуру бар экенине» өзүбүз күбөбүз (Насаатчы 9:11).

Элчи Пабыл Ыйсанын жолдоочулары Кудайга сыйынгандыгы үчүн куугунтукталарын да эскерткен. «Деги эле, Машайак Ыйса жолунда такыбаа жашагысы келгендердин бардыгы куугунтукка алынат»,— деген ал (2 Тиметейге 3:12). Анын айткандарынын төгүнсүздүгүн акыркы жылдары бир катар өлкөлөрдө болуп өткөн окуялар да көрсөттү.

Демек, Кудайдан корккон адамдар зулумдук, кылмышкерлик, табигый кырсык, мезгилсиз өлүм сыяктуу каргашаларга кабылбай койбойт экен да. Шайтандын ырастоосунда, Жахаба өз кызматчыларын бардык жактан коргоп тургандыктан, алар кыйналбай-кысталбай жашап жатышат (Аюб 1:9, 10). Бул — жалган жалаа. Бирок Жахаба өз элин кырсыктардан кереметтүү жол менен сактабаса да, коргооруна шектенбесек болот.

Жахаба элин азыр кандайча коргойт?

Жахаба Кудай өз элин коргош үчүн, Ыйык Сөзү аркылуу жетекчилик берет. Биз рухий таалим менен ыйык китептик билим аркылуу каталык кетирбөөгө, туура чечим кабыл алууга жардам берүүчү эстүүлүккө жана туура ой жүгүртүүгө үйрөнөбүз (Забур 37:5; Накыл сөздөр 3:21; 22:3). Айталы, Ыйык Китептин жыныстык адеп-ахлаксыздыктан, ачкөздүктөн, ачуулануудан жана зордук-зомбулук көрсөтүүдөн оолак болуу боюнча берген кеңештерин колдонгондуктан, көптөгөн кыйынчылыктарга кабылбайбыз. Ошондой эле бузуку, зулум адамдар менен жакын мамиле түзбөсөк, ылайыксыз учурда, ылайыксыз жерде болбойбуз да, кырсыктан тыш болобуз (Забур 25:4, 5; Накыл сөздөр 4:14). Ыйык Китептин жол-жоболоруна карманып жашагандар өмүрлөрүн тийиштүү түрдө өткөрүп жатышкандыктан, башкаларга караганда бактылуу жана ден соолугу чың.

Бизди, өзгөчө, Кудай кызматчыларынын кандайдыр бир жагымсыз окуяга кабылышына жол берген күндө да, аны көтөрө алгыдай күч-кайрат берери жубатат. «Силер адам баласынын башына келе турган эле сыноолорго туш болдуңар. Кудай ишенимдүү, Ал силердин көтөрө алгыс сыноо менен сыналышыңарга жол бербейт. Сыноону көтөрө алышыңар үчүн, сыноо учурунда чыгуу жолун да берет»,— деп ишендирген элчи Пабыл (1 Корунттуктарга 10:13). Ыйык Китепте убадалангандай, кыйынчылыктарды басып өтүүгө бизге «кудуреттүү күч» жардам берет (2 Корунттуктарга 4:7).

Кудай өз эркине жараша чара көрөт

Ыйсанын жолдоочулары Кудай ар дайым бардык кыйынчылык-кырсыктардан керемет жолу менен куткарып алат деп үмүттөнө алышабы? Ыйык Китеп антип үмүттөнүүгө негиз бербейт.

Албетте, Жахаба Кудай өзүнүн ар бир кызматчысын коргой алат. Андыктан кимдир бирөө кайсы бир кырсыктан Кудай сактады деп ишенсе, аны сынга албоого тийишпиз. Ал эми Жахаба жагдайга кийлигишпеген болсо, биз ал адамга Кудай жардам бербептир деп ойлобошубуз керек.

Кандай оор сыноолорго, кандай татаал жагдайларга кабылышпасын, Жахаба өзүнүн ишенимдүү кызматчыларын коргойт: жагдайды өзгөртөт, сыноону көтөрүүгө кайрат-күч берет, ал түгүл өлүмгө дуушар болушса, жаңы заманда түбөлүк өмүргө тирилтет. Буга толук ишенсек болот (Забур 36:10, 11, 30; Жакан 5:28, 29).