Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сүйкүмдүүлүктүн сыры эмнеде?

Сүйкүмдүүлүктүн сыры эмнеде?

Жаштар сурайт:

Сүйкүмдүүлүктүн сыры эмнеде?

«Кыздар менен сүйлөшкөндө кысынып, кыйналып кетчүмүн: алардын эмне жөнүндө ойлоорун,өзүлөрүн кандай сезишерин, тиги же бул нерсегекандай карашарын такыр билчү эмесмин» (Тайлер).

КЫЗДАР кандай балдарды жактырышат? «Өзүн ишенимдүү сезгендерди»,— дейт Эмили аттуу өспүрүм кыз. Робин деген кыз болсо жигит, баарынан мурда, шайыр болууга тийиш деп эсептейт. Ал эми уландарга кыздардын кандайлары жагат? Бир сурамжылоонун жыйынтыгы алардын көбү, биринчи кезекте, кыздардын сырткы келбетине карап, көз караштары менен кызыгууларынын бирдейлигин алтынчы орунга гана коюшарын көрсөтөт.

Улан-кыздардын мамилеси тууралуу жаштарга арналган ар кандай журналдарда көп талкууланат. Балдар — кыздар жөнүндө, кыздар балдар жөнүндө кандай ойдо болду экен деген суроо жаштардын көбүн кызыктырат, ал түгүл тынчсыздандырат. Балким, бул сен үчүн да маанилүү суроолордун биридир. Албетте, батыраак бирөө менен баш кошо коюш үчүн деле эмес, мүмкүн, жөн гана, бардык адамдардай эле, башкалардын сен тууралуу жаман ойдо болушун же сенден оолакташын каалабайттырсың. «Дегинкиси, өспүрүмдүк куракта баарына жагууга аракеттенесиң. Курбуларыңдын — мейли, балдардын, мейли, кыздардын — сени „өз кишиси“ деп эсептешин каалайсың»,— дейт Тайлер. Анын үстүнө, келечекте үй-бүлө куруш үчүн жакшы адам жолуктурсам деген оюң бардыр. Ал маал келгенде, албетте, ал адамга жакпай калгың келбейт.

Эгер сен Ыйсаны жолдогон жаштардын бири болсоң, бөлөк жыныстагы адамдар менен сүйлөшүү жагынан анча тажрыйбасыз болушуң мүмкүн. Курбу-курдаштарың «ойдогудай» келбет жөнүндөгү өз көз караштарын таңуулайттыр. Ажарлуу фотомодельдер менен булчуңдары чыңалган актёрлор сыналгыдан байма-бай көрсөтүлүп, гезит-журналдарга сүрөттөрү чыгып турат. Андыктан кээде чүнчүп, басынып кетүү оңой. Анда эмесе, канткенде айланадагыларга, алардын ичинде бөлөк жыныстагыларга да сүйкүмдүү көрүнүүгө болот?

«Ойдогудай» келбет жөнүндөгү аткарылгыс кыялдар

Дабагер-психолог Уильям С. Поллак көңүл ачуу тармагынын таасири менен жаштардын далайы «дайыма мүнөз тамактанып, булчуңдуу болуш үчүн бир канчалаган саат бою тренажёрлордо машыгып, аэробика көнүгүүлөрүн аткарып жандарын сабашарын — ушулардын баарын өз мүчөсүн келишимдүү кылыш үчүн жасашарын» айтат. Айрымдар «ойдогудай» мүчөлүү болсом деп, аша чаап кетишет, айталы, өтө арыктоо менен ден соолугуна зыян келтирип алышат. Бирок, бир изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, «азыркы сулууларга коюлган талаптарга аялдардын 5 гана пайызы жооп бере алат. Ошондо да салмагы менен мүчөсүнүн өлчөм-көлөмдөрү боюнча гана алганда. Ал эми өңү да чырайлуу, мүчөсү да келишимдүү, кыскасы, бардык жактан сымбаттуу сулууларга алардын 1 эле пайызы кирет көрүнөт».

Андыктан Ыйык Китептин Римдиктерге 12:2деги: «Бул дүйнөгө ылайыкташпагыла»,— деген кеңеш акылман кеңеш эмеспи. Бирок муну өзүбүздү такыр карабай деле койсок болот деп түшүнбөйлү. Анткени биз дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, туура тамактанып өз денебизге акыл-эстүүлүк менен кам көрүүгө тийишпиз (Римдиктер 12:1, «Инжил»; 1 Тиметей 4:8). Өзүбүздү жакшы сезип, жакшынакай көрүнүшүбүз үчүн, уйкуну кандырып, жетиштүү эс алганыбыз абзел. Өзүбүздү таза, тыкан алып жүрүүнү да унутпашыбыз керек. «Мен бир татынакай эле кызды билем. Бирок андан жагымсыз жыт келип турат. Ошон үчүн башкалар жанына жакын баргысы келбейт»,— дейт британиялык Дейвид аттуу жигит. Демек, бат-баттан жуунуп туруу абзел. Чачың, колуң, тырмактарыңдын асты таза болсо, көргөн адам сен тууралуу жакшы ойдо болору турган иш.

Ыйык Китеп Ыйсанын жолдоочуларын өзүлөрүн «жөнөкөй кийим менен, уят-сыйыттуулук жана акыл-эстүүлүк менен» жасалгалап, кийим-кечекке ашыкча көңүл бура бербөөгө чакырат (1 Тиметей 2:9). Жарашыктуу кийин, ошол эле учурда, элдин «оозун ачырган», уят-сыйытсыз кийим кийүүдөн кач *. Эгерде сырткы келбетиңе тийиштүү түрдө кам көрсөң, уялбай, өзүңдү эркинирээк сезишиң ыктымал. «Ашкан сулуу болуп кетпесең да, бир аз жагымдуу көрүнүш үчүн, өзүңө кам көрсөң болот»,— дейт Пол аттуу бала.

Ички дүйнөнүн сулуулугу

Ажарлуу жүз менен келишимдүү мүчө көңүл бурдураттыр, бирок «сүйкүмдүүлүк — алдамчы болот» (Накыл сөздөр 31:30, «Мукаддас»). Сырткы сулуулук өчөт, ошон үчүн аны ички дүйнөнүн сулуулугу менен теңешке болбойт (Накыл сөздөр 11:22). Анын үстүнө, «адам өңүнө карайт, ал эми Теңир жүрөгүнө карайт» дегенди унутпа (1 Шемуел 16:7). Кымча бел, чымыр булчуңду гана ойлой бербей, «Кудай алдында кымбат баалуу эсептелген, жүрөктө сакталган, өтүп кеткис, момун жана жоош рух» өрчүтүүгө аракеттенишибиз керек (1 Петир 3:3, 4; Эфестиктерге 4:24). Тилекке каршы, эмки жаштардын көбү адеп-ахлактуулукка, ал эми рухийликке андан бетер маани беришпейт *. Бирок Кудайдын көз карашын жактагандар андай сапаттарды баалашат.

Эгер рухий адамдарга сени менен сүйлөшүү, мамиле куруу жагымдуу болсун десең, өзүң да рухийликти баалоого үйрөн. Ан үчүн сага тиленүү, Ыйык Китепти жекече изилдөө жана жыйналыштарга катышуу жардам берет (Забур 1:1—3). Булардан тышкары, кулк-мүнөзүңдү жакшыртуунун үстүнөн иште. Жакшы сапаттарды өрчүтүш үчүн, бирөө менен сүйлөшө баштоо зарыл эмес: аларды күн сайын айланадагыларга жасаган мамилеңде көрсөтүп, өрчүтө аласың.

Сен башка жыныстагы адамдардын жанында турганда уялып, өзүңдү оңтойсуз сезесиңби? Пол аттуу жигит мындай дейт: «Жанымда кыздар болуп калса эле тартына баштайм. Анткени аларды балдарды түшүнгөнүмдөй түшүнбөйм. А мен уят болгум келбейт». Тартынчаактыгыңды жеңип, башкалар да өзүлөрүн сени менен пикир алышканда эркин сезиши үчүн, эмне кыла аласың? Ан үчүн, мисалы, төмөнкүдөй кадам жасоого болот. Жыйналыштан көбүрөөк адамдар менен пикир алыш. Падышалык залына келгенде бөлөк жыныстагы курбуларың гана эмес, кичине балдарга, чоң кишилерге жана улгайгандарга көңүл бөл (Филипиликтерге 2:4). Ар кандай адамдар менен пикир алыша билүү өзүңдү ишенимдүү сезүүгө жардам берет.

Бирок Ыйса Машайактын: «Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй»,— дегенин унутпа (Матай 19:19). Өзүңдү ишенимдүүрөөк сезүү башкалар менен эркин, өтө тартынбай мамилелешүүгө жардам берет *. Ырас, кандайдыр бир деңгээлде өзүн сыйлоо сезимине ээ болуу маанилүү, анткен менен ал сапат менменсинүүгө өтүп кетпөөгө тийиш. Бул тууралуу элчи Пабыл мындай деген: «Ар бириңерге айтамын: өзүңөр жөнүндө керектүүдөн артык ойлобогула» (Римдиктерге 12:3).

Өзүңдү калыстык менен текшерип көр: сен өзүңдү кандай алып жүрөсүң, башка адамдарга жасаган мамилең кандай? Британиялык Лидия аттуу кыз мындай дейт: «Биздин мектепте бир бала бар. Аны көп кыздар жактырат. А бирок жакын тааныша келишкенде анын орой, корс бала экенин бат эле түшүнүшөт». Адатта, адамдар ак ниет, сылык, камкор кишилер менен жакын мамиледе болууну каалашат (Эфестиктерге 4:29, 32; 5:3, 4). «Жакшы адеп эрежелерин кармануу пикир алышууга жол ачар „паспортко“ ээ болуу менен бирдей,— деп эсептейт дабагер Т. Берри Бразелтон.— Аларсыз айланадагыларга жагыш кыйын».

Өзүн алып жүрүү адеби, көндүм адаттары ар маданиятта ар башка. Ошондуктан Ыйсанын жетилген жолдоочулары — аялдар да, эркектер да — бири-бири менен кандайча пикир алышарын байкап көрсөң болот. Силер жакта эркектердин айымдарга эшик ачып бериши сыпаалык катары эсептелеби? Анда андай сый адебин сен да көрсөтө турган болсоң, башкалар сени тарбия көргөн, кичи пейил адам экен деп, жакшы ойдо калышат.

Ошондой эле ыгы менен тамашакөй болуу да жардам берерин көрөттүрсүң. «Күлө турган да убак бар»,— делген Ыйык Китепте. Чынында, тамаша-күлкүнү түшүнгөн адамдар бат дос табышат (Насаатчы 3:1, 4).

Достук маанай тийишүүнү билдирбейт

Окурманды «ийгиликке жетүүгө» үйрөткөн бир «колдонмодо» бөлөк жыныстагы адамдардын көңүлүн бурдуруунун сыры тийишүү (флирт) делген. Ал басылмада сүйкүмдүү жылмаюу, жароокерлене кароо, назик саламдашуу сыяктуу өнөрлөрүн өрчүтүү кеңеш кылынган. Мындай кеңештер Пабылдын Тиметейге эже-карындаштарга «тазалык менен» мамиле кыл деп берген кеңешине таптакыр карама-каршы келет (1 Тиметей 5:2, «Инжил»).

Албетте, бирөөнүн сезими менен ойноп өз көз алдында өз даражасын көтөргөндөр бардыр, бирок андай адамдарды ак ниет, ичинде кири жок дей алабызбы? Пикир алышуу кызыктуу болушу үчүн, бирөөгө тийишүүнүн, наздануунун эч зарылдыгы жок. Ошондой эле адамдын кандай ойдо, кандай сезимде экенин билиш үчүн, аны уялтарлык же орунсуз суроо берүү да жакшы эмес. «Эмне адилеттүү, эмне таза болсо, эмне сыпайгерчиликке жатса», ошолор тууралуу сүйлө, ошондо туура маанай өрчүтүп, рухий жактан өсүүгө умтулган адам экениң көрүнөт (Филипиликтерге 4:8). Ыйык китептик принциптерге кармануу менен сен бөлөк жыныстагы адамдардын алдында гана эмес, Жараткан Кудайдын алдында да сүйкүмдүү болосуң * (Накыл сөздөр 1:7—9).

[Шилтемелер]

^ 10-абз. «Ойгонгула!» журналынын «Жаштар сурайт» рубрикасындагы «Туура кийим тандоонун сыры эмнеде?» аттуу макаланы карасаңар болот (1989-жыл, 8-октябрь, англ.).

^ 12-абз. Бир адис белгилегендей, жүргүзүлгөн изилдөөлөр зээндүү өспүрүмдөрдү кандайдыр бир жөндөмү үчүн көп шылдыңдашарын көрсөтөт. Ошол себептүү айрымдар жөндөмдүүлүктөрүн жашырууга аракеттенишет.

^ 15-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонулуучу кеңештер» китебинин 12-бөлүмүндө өзүн өзү сыйлоо сезимин өрчүтүүгө жардам болорлук кеңештер берилет.

^ 21-абз. Эгерде сага үй-бүлө курууга али эрте болсо, бөлөк жыныстагы адамдар менен жалгыз жолугушпай, бирөөлөр менен чогуу жолугуу абзел. «Ойгонгула!» журналынын «Жаштар сурайт» рубрикасындагы «Ата-энең сүйлөшө баштоого али жашсың деп эсептешсечи?» деген макаланы кара (2001-жыл, 22-январь, ор.).

[15-беттеги сүрөт]

Сырткы келбетиңди ойлой берүүдөн көрө, рухий сапаттарды өрчүт.

Ар кандай адамдар менен тил табышууга үйрөн.