Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чачыңарды ойлоп тынчсызданасыңарбы?

Чачыңарды ойлоп тынчсызданасыңарбы?

Чачыңарды ойлоп тынчсызданасыңарбы?

КӨПЧҮЛҮК катары силер да күн сайын күзгүнүн жанына келип, чачыңарды бир сыйра карап коёттурсуңар. Эркектер да, аялдар да чачынын жакшынакай болушун каалашат. Бирок, тилекке каршы, чач дайым эле ойдогудай өсө бербейт.

Чачыңар жөнүндө эмнелерди билесиңер?

Башыңарда канча тал чач бар экенин билесиңерби? Орто эсеп менен 100 000. Ар бир тал чач өмүр бою эмес, 2—6 жыл гана өсөт. Бул мөөнөт аралыгында түшкөн чачтын эле ордуна башкасы өсүп чыгат. Ар бир тал чачтын өзүнчө жашоо мөөнөтү бар (29-беттеги кутучаны карагыла). Ошондуктан чач оорусу жок адамдын да күнүнө 70—100 тал чачы түшүп турат.

Эмне үчүн чачтын өңү ар кандай болот? «Анын түсү,— деп түшүндүрүлөт «Ден соолук» медициналык энциклопедиясында,— аны боёп туруучу пигмент — меланинге байланыштуу». Меланин — чачтын, теринин жана көздүн өңүн шарттоочу биологиялык боёк зат. Чачта ошол пигмент канчалык көп болсо, өңү ошончолук коңур келет. Меланиндин өлчөмүнө жараша чач кара, күрөң, сары же ак саргыл болот. Эгер ал пигмент такыр жок болсо, чач аппапак болот.

Көптөр какачтын пайда болушуна гана эмес, чачтын түшүшүнө, агарышына тынчсызданышат.

Чачыңарга ак түштүбү?

Ак чач көбүнесе улгайган адамдарда болгондуктан, башты кыроо чала башташы, адатта, жаш өтүп баратканынын белгиси катары эсептелет. Жылдар тогошкон сайын, чач буурул тарта берери чын. Бирок чач башка себептерден улам да, мисалы, арыкташ үчүн узак, өтө катуу тартипте мүнөз тамактануудан агара башташы мүмкүн. Аялдардын деле, эркектердин деле чачына, анын табигый түсү кандай болбосун, ак түшөт. Чачтын өңү коңур болсо, арасындагы ак чачтар көзгө бат урунат.

Айрымдар ак чачы көп болгондуктан, улгайыңкы көрүнөм деп кайгырышат. Бирок чачы агарбаса да, өз жашынан улуу көрүнгөнүнө тынчсыздангандар бар.

Өңү агара баштаса эле чач өлүк эмес. Чынында, кайсы түктүн болбосун теринин үстүнө чыгып турган бөлүгү — өзөгү — өлүк. Анын тери астында жайгашкан көзгө көрүнбөгөн бөлүгү да болот. Чачтын тирүү бөлүгү — ошол. Ал чачтын тамыры деп аталат. Тамыр — өзүнчө чач жаратуучу «өнөр жай». Тамыр клеткаларынын бат-баттан бөлүнүүсүнөн пайда болгон чач пигменттик клеткалар иштеп чыгаруучу меланинди сиңирип алат. Ошон үчүн пигменттик клеткалар меланин иштеп чыгарбай калганда, чач агарат.

Пигменттик клеткалардын эмне себептен күтүүсүздөн эле меланин иштеп чыгарбай каларын азырынча эч ким билбейт. Чачтын түссүздөнүшүн токтотуп калуунун натыйжалуу дабасы али табыла элек. Бирок меланин чыгарбай калган пигменттик клеткалар кайрадан өз кызматын аткара башташы мүмкүн экени белгилүү. Чач тууралуу Ыйык Китепте да бир нече ирет айтылганын белгилеп кетүүгө болот. Мисалы, Ыйса көрсөтмөлүү мисалдарынын биринде: «Бир да тал чачыңды ак же кара кыла албайсың»,— дейт (Матай 5:36). Бул сөздөр чачтын агарышын токтотуп же кайрадан калыбына келтириш адамдын колунан келбеси мурунтан эле белгилүү экенин көрсөтүп турат.

Айрымдар чачтын агаруусуна каршы жаңы ыкмаларды колдонушууда, мисалы, меланин сайдырышат. Башкалары боёшот, бул жаңы ыкма эмес. Байыркы гректер менен римдиктер да боёк колдонушчу. Байыркы Египетте болсо чачты буканын каны менен боёшкон. Ыйса Машайактын замандашы Улуу Ирод да жашыраак көрүнүш үчүн ак чачтарын боёп жүргөнү тууралуу маалыматтар бар.

Чачты боёп жүрүү аракет менен убакытты талап кылат. Айрымдарга боёк жакпай баш терисин дүүлүктүрүп, аллергия чакырат. Чачыңарды боёп жүрүп, кайра боёбой калсаңар, албетте, бара-бара түбүндөгү боёк тийбеген ак чачтар байкалып калат. Бирок биз ага оң көз карашта болсок, ак чач жүзүбүзгө жарашып, кандайдыр бир келишимдүү көрүнөрүн байкашыбыз мүмкүн. «Даңктын таажысы — чындык жолу менен жүргөн ак чач»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Накыл сөздөр 16:31).

Чачтын суюлушу жана баштын такырданышы

Чачтын суюлушу же такыр түшүп калышы да байыртадан белгилүү көйгөй. Байыркы Египетте баштын такырданышына каршы арстандын, гиппопотамдын, крокодилдин, мышыктын, жыландын жана каздын майы кошулуп жасалган каражатты колдонушкан. Бүгүнкү күндө чачка жана баштын терисине кам көрүү үчүн чыгарылган ар түрлүү каражаттар кеңири жарнамаланып сатылат. Андай каражаттарга жылына канчалаган акча сарпталат.

Чач, өсүү цикли бузулганда, кескин суюла баштайт. Буга физиологиялык өзгөрүүлөр, айталы, туура эмес тамактануу, дене температурасынын узакка өтө жогору көтөрүлүшү же тери ооруларынын айрым түрлөрү себеп болушу мүмкүн. Кээде кош бойлуулук менен төрөт да чачтын өсүш циклин бузат. Мындай учурда чач мөөнөтүнөн мурун түшүп калат. Ал эми физиологиялык өзгөрүүлөрдү чакырган себеп жоюлганда, чачтын түшкөнү басылат да, өсүү цикли калыбына келет.

Чачтын кескин түшүшүнүн дагы бир түрү — алопеция *. Мындай учурда баштын кээ бир жерлери гана такырайып калат. Медицина тармагындагы акыркы изилдөөлөрдөн билингендей, алопеция организмдин коргонуу касиетинин бузулушунан улам пайда болот.

Чачтын түшүп калышынын көп кезигүүчү түрү — эркек кашка баштуулугу. Ал эркектерге гана таандык болот, көбүнчө маңдай же төбө чачтын такырланышынан башталып, барган сайын күчөй берет. Баштын ал жерлериндеги чачтардын өсүү цикли бузулуп, акыры, токтоп калат. «Британ энциклопедиясында» буга карата мындай түшүндүрмө берилген: «Баш теринин жабыркаган жерине мурунку узун, кайраттуу, табигый пигменттүү чачтардын ордуна чырымтал жүн сымал ичке кыска чачтар чыга баштайт». Бул чачтын кадимки өсүш циклинде суюла берерин, жашоо мөөнөтү кыскарып олтуруп, бара-бара такыр чыкпай каларын билдирет. Мындай көрүнүш тукум куума өзгөчөлүгү жана эркек гормондорунун таасири менен шартталат.

Кашка баштуулук өспүрүм куракта деле баштала бериши мүмкүн болгону менен, көбүнчө жашы 30—40тардан ашып калган эркектерде кезигет. Бирок ал эркектин расасынан жана жеке өзгөчөлүктөрүнөн да көз каранды. Өкүнүчтүүсү, азырынча баштын такырланышына каршы толук натыйжалуу каражат табыла элек. Андыктан айрымдар жасалма чач кийишет, хирургиялык жол менен чач көчүртүшөт. Бирок көп учурда чачка жакшы кам көрүү анын түшүшүн жайлатат.

Чач суюлуп, талдары ичкерип баратса, бул адамдын сөзсүз эле кашка баш болорун көрсөтпөйт. Болгону чач талдары ичкерип, жалпы калыңдыгы жукара түшүшү мүмкүн. Бир тал чачтын жоондугу канча? Бир изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, 50дөн 100 микронго чейин болот. Жаш өткөн сайын чач ичкере берет. Бир нече микрон айырмачылык билинер-билинбестей сезилгени менен, кишинин башында 100 000 тал чач болорун эстен чыгарбоо керек. Андыктан ар бир түк бир аз ичкере түшсө, чачтын жалпы калыңдыгы кыйла жукарып калат.

Чачыңарды күтө билгиле

Чач бир айда 10 миллиметр өсөт. Ал — дененин эң эле бат өсүүчү түзүлүштөрүнүн бири. Эгер бардык чач талдарынын бир күндүк өсүш узундугун туташтырса, 20 метрден ашмак!

Азыр чачтын агарышына жана түшүшүнө каршы абдан натыйжалуу каражат табыла элек болгону менен, биз чачыбызга кам көрүш үчүн бир топ чара көрө алабыз. Организм керектүү азык заттарды жетиштүү өлчөмдө алып турууга тийиш. Баштын терисинин кан айлануусун жакшыртуу зарыл. Арыкташ үчүн узак убакыт бою, катуу тартипте мүнөз тамактануу жана туура эмес тамактануу чачтын агарып же суюлуп кетишине алып келиши мүмкүн. Адистер тарабынан чачты дайым суусамын (шампунь) менен жууп, баштын терисин укалап жүрүү, бирок терини тырмак менен тытып албаш үчүн абайлоо сунуш кылышат. Натыйжада, кан айлануу жакшырат. Чачты суусамын менен жууган соң, артынан суу менен жакшылап чайкоо керек.

Чачыңарды күч менен тарабагыла. Эгер чачыңар узун болсо, аны түбүнөн учун көздөй тараган туура эмес. Адегенде чачыңарды уучтап кармап туруп, щётка менен учунун чатышын жазып алгыла. Анан ортосунан ылдый карай тарагыла, андан соң коё берип, түбүнөн баштап тарагыла.

Көптөр чачынын агарып же суюлуп баратканын көрүп капаланышат. Бирок башкалар силердин чачыңарга өзүңөрчөлүк көп көңүл бурушпасын унутпагыла. Албетте, чачыңарды боёр-боёбосту, жасалма чач киер-кийбести же дагы башка чара колдонор-колдонбосту өзүңөр чечесиңер. Чачыңардын өңү, калыңдыгы кандай болбосун, эң негизи, анын таза, жакшы жасалгаланган болушу абзел.

[Шилтеме]

^ 17-абз. Карагыла: «Ойгонгула!» 1991-жыл, 22-апрель, 12-бет, англ.

[27-беттеги кутуча]

ЧАЧТЫН ӨСҮҮ ЦИКЛИ

Чачтын өсүшү өзүнчө цикл менен жүрөт. Ал өсүү баскычы, өткөөл баскычы жана тыныгуу баскычы деп бөлүнөт. «Тыныгуу баскычында чачтын өсүүсү токтойт. Ал баскычтагы чачтарды колба сыяктуулар деп аташат. Колба өңдүү чач тыныгып жаткан фолликулдун ичинде жаңы чач өсүп чыккыча жата берет. Анан жаңы чач колба сыяктуу чачты түртүп чыгаргандыктан, ал түшөт»,— деп түшүндүрүлөт «Уорлд бук» энциклопедиясында. Адамдын чачынын 85—90 пайызы активдүү өсүш баскычында болсо, 10—15 пайызы — тыныгуу, 1 пайызы өткөөл баскычында болот.

[Таблица]

чач талы

май бези

кан тамырлар

фолликул

Адеп өсүп чыгуусу

Активдүү өсүү

Өсүүнүн жайлашы

Тыныгуу

Жаңы өсүшү

[24-беттеги сүрөт]