Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өткөндүн өздөштүрүлбөгөн сансыз сабактары

Өткөндүн өздөштүрүлбөгөн сансыз сабактары

Өткөндүн өздөштүрүлбөгөн сансыз сабактары

«Илим бийик ашууларды ашканы менен, адамдар эки миң жыл мурун кандай болсо, жалпы жонунан,азыр деле ошондой; демек, өткөндөн сабакалууга дагы да аракеттене беришибиз керек»

(Кеннет Кларк, «Civilisation—A Personal View»).

КЫЛЫМДАР бою илим тармагында көп сандаган көрүнүктүү ачылыштар жасалып келатат. Андыктан, «Тайм» журналында белгиленгендей, «миллиондогон адамдардын жашоо деңгээли кыйла жогорулады». Ошондой албан ийгиликтерди жараткан тармактардын бири — медицина. Тарыхчы Зоэ Ольденбургдун айтымында, орто кылымдарда «ары түркөй, ары ырайымсыз ыкмалар менен дарылашчу... Дабагер оорулуу адамды айыктырмак турсун, жантаслим кылып койгон учурлар болгон».

Таалим алууну каалабоо

Адамдар кээде өткөндүн жаңылыштыктарынан сабак алгысы келишпейт. Айталы, XIX кылымда көптөгөн дабагерлер «дарылап» жаткан адамдарына өзүлөрү оору жугузарын, фактылар айкын көрсөтүп турса да, моюндарына алгысы келишкен эмес. Алар мурункусундай эле кооптуу ыкмаларды колдоно беришкен да, бир оорулууну карап бүтүп, экинчисине өтөрдө колдорун жуушчу эмес.

Ал ортодо илим менен техника акырындык менен өнүгө берген. Адамзат басып өткөн жолунан сабак алып, коопсузураак, бактылуураак жашоого үйрөнүшү керек эле. Тилекке каршы, анткен жок.

Мисалы, XVII кылымдагы Европаны алалы. Ал мезгил агартуу жана акыл-эс доору деп аталып калган. Бирок, Кеннет Кларк белгилегендей, ошол маалда «илим менен искусство кыйла өркүндөгөнү менен, негизсиз куугунтуктар жана ырайымсыз жаңжал-согуштар басылган эмес».

Биздин күндөрдө деле адамдар тарыхтан сабак алып, өткөндүн каталарын кайталабайлы дешпейт. Ошондуктан адамзат коому жок болуп кетүү коркунучу алдында турат. Жазуучу Иосиф Нидхэмдин ою боюнча, ал коркунуч ушунчалык олуттуу деңгээлге жеткендиктен, «жакшылыктан үмүтүбүздү үзбөй, жер үстүндөгү жандуу-жансыздардын баарын кырып жиберүүчү курал-жарактарды кимдир бирөө колдонуп жибербесе экен деп гана тиленүүдөн башка аргабыз жок».

Эмне үчүн ар тараптуу билимге, жөндөмдүүлүккө ээ адамзат зордук-зомбулук менен мерездикке белчесинен батып отурат? Жагдайдын оңолоруна үмүт барбы? Эмки эки макалада ушул суроолор каралмакчы.

[2, 3-беттердеги уруксат менен коюлган сүрөттөр]

МУКАБАСЫ: WWI cannons: U.S. National Archives photo; WWII Holocaust victims: Robert A. Schmuhl, courtesy of USHMM Photo Archives

2, 3-беттер: B-17 bomber: USAF photo; woman: Instituto Municipal de Historia, Barcelona; refugees: UN PHOTO 186797/J. Isaac; 23 kiloton explosion: U.S. Department of Energy photograph