Айырмасын билесиңерби?
Айырмасын билесиңерби?
— Фортепьяно экен! — Койчу, синтезатор го. — Жок, орган эле болуш керек. — Бириң да билген жоксуң: клавесин. Чын эле, эмне болду экен?
ЫРАСЫНДА эле, бул аспаптардын клавиатурасы, бир караганда, бири-бирине окшош. Бирок клавишаларын басса, алар добушунун чыгарылыш жолдору, угулушу жагынан айырмаланат. Келгиле, анда клавишалуу аспаптардын кандайча пайда болгонун жана алардын кылымдар бою кандайча өркүндөтүлүп келгенин карап чыгалы.
Гидравлос деген эмне?
Биринчи жөнөкөй клавиатура гидравлос же суу органы деп аталган аспапта колдонулган дешет. Бир катар булактарда аны б.з.ч. III кылымдын биринчи жарымында Ктесибий аттуу александриялык инженер-механик чыгарганы маалымдалган. Орус тилиндеги «Музыкалык энциклопедияда» мындай деп айтылат: «Гидравлосто суу көмөкчү кызмат аткарган: атырылган суунун басымы насостордун жардамы менен толтурулган абанын түтүкчөлөргө текши түртүлүшүн камсыз кылган». Андан добуш бир нече чоң клавишалар менен кыймылга келтирилүүчү түзүлүштүн жардамы менен чыгарылчу. Гидравлостун үнү ушунчалык катуу, дарылдак болгондуктан, аны цирктерде, жарманкелерде жана сыртта өткөрүлгөн ар кандай салтанаттарда колдонушчу. Рим империясынын доорунда гидравлостун атагы чыккан. Император Нерондун да бул аспапта жакшы ойногону белгилүү.
Пневматикалык органдын пайда болушу
Суу компрессорунун аспапка аба шыкаган көрүктөргө алмашылышы менен пневматикалык органдын доору башталат. Көрүктөрдү пайдалануу адамга аспапка жакын олтуруп алып, кол же буттун жардамы менен абанын агымын пайда кылууга мүмкүнчүлүк берчү. Археологиялык казындылардан б.з. III кылымы менен даталанган, бир нече жүз жыл бою кеңири колдонулган пневматикалык органдын калдыктары табылган. Андай органдын клавиатурасы өтө жөнөкөй, ар бир клавишасы көлөмү боюнча ошол органдын түтүгүнө жараша болгон. Ошон үчүн аны менен күүнү өтө жай гана ойноого мүмкүн эле. Төмөнкү
нотаны чыгарыш үчүн, анын жазы клавишасын алакан же муштум менен басууга туура келген шекилдүү.XIV кылымда Батыш Европада орган «чиркөөдө гана колдонулуучу аспапка айланган» («The Encyclopedia of Music»). Ал эми атайы өткөрүп турма механизмдин чыгарылышы менен органдын клавиатурасынын көрүнүшү жана иштөө жолу чукул өзгөргөн: түтүктөрү клавиатурадан алысыраак жайгаштырылып, клавишалары куушураак болуп калган. Бул адамга клавишаларды бир гана манжа менен басып, музыканын ылдам ойноону талап кылган татаал жерлерин, пассаждарын, оңой аткарууга мүмкүнчүлүк берген. Моцарт органды ушунчалык баалагандыктан, музыкалык «аспаптардын падышасы» деп атаган экен.
Биринчи кылдуу клавишалуу аспаптар
Ыйык Китепте кылдуу аспаптар тууралуу биринчи жолу Башталыш 4:21де (ЖД) айтылган; израиль элине да байланыштуу бир нечен ирет сөз кылынат. Акыры, б.з. XV кылымында гана барып, мурдатан манжалар менен терип же балкача менен ургулап ойнолуучу кылдуу аспаптар менен клавиатура бириктирилген. Азыркы биз билген клавиатура биринчи жолу клавикорд деп аталган аспапта колдонулган. Ал кылдары узатасынан жайгаштырылган тик бурчтуу куту сымал жөнөкөй аспап эле. Клавишаларын басканда, коло пластиналар — тангенттер — көтөрүлүп келип, кылдарды астынан урган.
Анан клавесин, спинет менен вёржинел пайда болгон *. Бул клавишалуу аспаптар (өзгөчө, клавесин) XVI — XVII кылымдарда кеңири колдонулган. Клавесиндин түзүлүшү музыкалык аспаптар тармагында өзүнчө төңкөрүш жасаган. «Кылдарды уруп турган коло пластиналардын ордуна куш канаты пайдаланыла баштаган. Ал кылды иле тартып кыймылга келтирчү. Ар бир клавишанын арткы учунда кичинекей жыгач түрткүч тигинен жайгаштырылган. Ага куш канаты же булгаары плектр (атайы илмек) жармаштырылган... Клавиша басылганда, түрткүч көтөрүлүп, илмеги кылды илчү да, өзү кыл менен тийишпестен кайра артка тартылчу»,— деп маалымдалат бир китепте («The History of Musical Instruments»).
Бул жаңы түзүлүш клавесинге өзгөчө добуш чыгарууга мүмкүнчүлүк берген. Пианинодо мурдатан ойноп келген бир кишинин айтуусунда, клавесиндин добушу азыркы фортепьянонукундай эмес. «Анын добушу ичке, чыйылдак, үзүлтүктүү».
Клавесиндин түзүлүшү убакыттын өтүшү менен кыйла өзгөргөн. Адегенде ал бир эле клавиатуралуу, ар бир клавишасы бирден гана кыл менен жабдылган болсо, кийинчерээк анын эки клавиатуралуу, ар бир клавишасы бир нече кыл менен жабдылган, добушту ар кандай кылып өзгөртүүгө жол берген түзүлүштөр кошулган татаал түрлөрү чыгарыла баштаган. Ошол маалдын Иоганн Себастьян Бах (1685—1750), Доменико Скарлатти (1685—1757) өңдүү атактуу композиторлору клавесиндин чыгара алган добуштарынын жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн баарын ушундай бир чебердик менен колдонушуп, музыка дүйнөсүнө албан салым кошушкан. Алардын жараткан чыгармалары биздин күнгө чейин жашап келатат.
Он тогузунчу кылымда гармоника пайда болот, ал эми XX кылымда аккордеон-кыяктын атагы чыккан. Гармоника — ортосунда добуш чыгарууга катышкан тилчелерди кыймылга келтирүүчү көрүк сыяктанып бүкмөлөнүп, чоюла турган бөлүгү бар клавиатуралуу үйлөмө аспап. Азыркы аккордеондордун төмөнкү жана жогорку добуштар менен аккорддорду ойноого ылайыктуу жети катар жайгашкан 140ка жакын клавишасы менен топчусу бар. Алардын клавиатурасы экиден төрткө чейинки октаваны камтыйт.
Электроника доору
Жыйырманчы кылымда клавишалуу электрон аспаптар чыкты. Андай аспаптардын алгачкысы — телармониум. Аны 1906-жылы Тадеуш Кахилл ойлоп чыгарат. Ал эми XX кылымдын 30-жылдарында — электр органы, көп өтпөй электр клавесин менен электр фортепьяно пайда болот. Гидровлостон асман менен жердей айырмаланган электр органдын клавишасын басканда, электр сигнал өзгөрүлгөн, күчөтүлгөн нота жаратат.
Бүгүнкү күндө кеңири таралган клавишалуу электрон аспаптарынын бири — синтезатор. Анын үстүнөн 1940-жылдары иштей башташкан. Ал — азыркы заманбап ыр топторунун
сөзсүз колдонуучу аспаптарынын бири. Синтезатор иттин үргөнүнөн симфониялык оркестрга чейин каалаган добушуңду чыгарып бере алат.Эмки музыкаларда компьютер да маанилүү орун ээлейт. Себеби синтезаторлордун көбү компьютер менен жабдылган. Компьютер добуш чыгарууда генераторлук кызмат аткарат, андайда аны да музыкалык аспап деп атап коюшка болот. Компьютерди башкарыш үчүн көбүнчө музыкалык клавиатура колдонулганы менен, азыр музыкант компьютерине кадимки компьютер клавиатурасы же кол манипулятору аркылуу программа киргизип коё алат. Бир энциклопедияда мындай деп айтылган: «Учурда үн жаздыруу студияларынын дээрлик баарында компьютерлештирилген аспап-аппараттар көп. Музыка сандык усул менен катуу дискке маалымат катары киргизилет да, микшер деп аталган электрдик система аркылуу жаңы программалардын жардамы менен иштетилип чыгарылат. Ошондон кийин гана сандык усул менен түпнуска жаздырылат» («The Encyclopedia of Music»).
Мындай алдыңкы технологиялардын жаралышы клавишалуу аспаптардын «көрөр күнүнүн» аз калганын билдиреби? Андай деле эместир. Бетховендин «Ай сонатасы» менен «Элизага» же Дебюссинин «Ай шооласы» аттуу чыгармаларынын делебени козгогон жөнөкөйлүгү кантип эстен кетсин. Кылымдар бою добушу менен нечендеген адамдардын жүрөгүн толкутуп, көңүлүн эргиткен бул клавишалуу аспаптардын өркүндөтүлүү жолун ойлоп көрүп, алардын дүйнөлүк музыкага кошкон салымына жана адамдарга берип келаткан кубанычына тийиштүү баа бербей коё албайбыз.
[Шилтемелер]
^ 11-абз. Вёржинел XV кылымда пайда болгон. Ал 32 зым кылдуу, формасы боюнча клавикорддой болсо, добушу клавесиндикиндей аспап эле. Ал эми спинет — клавесиндин чакан түрү.
[20, 21-беттеги кутуча]
Эмне үчүн фортепьяно деп аталып калган?
Он сегизинчи кылымдын төртүнчү чейрегинде ошол кездин эң мыкты аспабы болгон клавесиндин ордун акырындык менен фортепиано (көбүнчө пианино деп таанылып калган) ээлеген. Эмне үчүн бул аспап антип аталат? Фортепианону ким, качан жаратканы тууралуу талаш-тартыш көп болгону менен, аны, чынында, XVIII кылымдын башында итальян Бартоломео Кристофори жасаган. Кристофори өз аспабын «gravicembalo col piano e forte» (катуу жана акырын добуштуу клавесин) деп атаган. Анын бул аталышы добушунун кубаттуулугу көп өзгөрбөгөн клавесинден айырмаланарын белгилеп турган. Фортепьянонун клавишасы басылганда, балкача көтөрүлүп, зымды алдынан урган. Клавишаны канчалык катуу басса, аспаптын добушу ошончолук катуу чыккан. Андыктан бул аспапта ойногон адам сезимин эми эркинирээк, добушту бирде акырын — piano, бирде катуу — forte, кылып өзгөртүп жеткире алмак.
Андагы үч тээк (педаль) өзгөчө мааниге ээ болгон. Ал тээктер добушту созуп, бири-бирине улаштырып же басаңдатып турган.
Европада XVIII кылым бою фортепьяно өркүндөтүлүп жүрүп олтурат. 1740-жылдары чаканыраак жана арзаныраак тик бурчтуу рояль пайда болгон. Бирок концерттик рояль көбүрөөк орун ээлейт. Анын туурасынан жайгашкан зымдарынын узундугу ар кандай. Он тогузунчу кылымдын башында болсо азыр да кеңири колдонулуучу пианино чыккан.
Биздин кабарчыбыз бир пианист аялдан рояль менен пианинонун добуштары эмнеси менен айырмаланарын сураганда, ал: «Үч сөз менен айтканда, сапаты, тазалыгы жана мукамдуулугу менен»,— деп жооп берген. Анан: «Роялдын добушу диапазондуу, таза, кулакка толумдуу. Пианинонуку ага караганда пасыраак»,— деп кошумчалаган. Бул пианино көбүнчө дубалга жакын коюлгандыктан, анын резонаторунан чыккан үндүн жутулуп калышынан болот.
[Сүрөт]
Концерттик рояль, узундугу 2,7 метр.
[18-беттеги сүрөт]
Сүрөт менен кооздолгон вёржинел, 1666-жыл, Англия.
Ташбаканын чопкутунан жасалган клавишалуу клавесин, 1760-жыл, Германия.
Клавикорд, 1906-жыл, АКШ.
Аккордеон, 1960-жыл, Италия.
Азыркы синтезатор жана компьютер.
[Булак]
Үстүдөгү төрт сүрөт: Courtesy of the Yale University Collection of Musical Instruments
[19-беттеги сүрөт]
Гидравлос.
[Булак]
Courtesy Macedonian Heritage
[19-беттеги сүрөт]
Орган, Сидней опера театры, Австралия.
[Булак]
By courtesy of Australian Archives, Canberra, A.C.T.