Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Астрономия мугалимин таасирленткен

Астрономия мугалимин таасирленткен

Астрономия мугалимин таасирленткен

Эмне таасирленткен? «Камкор Жараткан барбы?» аттуу китеп. Ново-Сакмарск шаарында жашаган ал мугалим Орусиядагы филиалга кошумча маалымат сурап, мындай кат жазган:

«Бир нече күн мурун эски таанышымды жолуктуруп калып, үйүнө барган элем. Үстөлүнүн үстүндө жаткан тыкан, кооз бир китеп шак көзүмө урунду. Китептин «Камкор Жараткан барбы?» деген аталышын көрөр замат кызыга түштүм, баарынан мурда мукабасындагы сүрөтүнө кызыктым. Себеби өзүм физика менен астрономиядан сабак берем. Китепти карап чыгып, ушунчалык маалыматка бай экенине абдан таң калдым. Биздин үй-бүлөдө үч муундан бери дин дээрлик оозго алынбай келатат. Чоң энемдин энеси динчил адам экен, бирок чоң энем коммунист болчу, алар (коммунисттер) болсо Жараткандын барына ишенишчү эмес да.

Астрономиядан бергендиктен, мен балдарга Ааламдын жаралышы тууралуу түрлүү гипотезаларды айтып берүүгө тийишмин. Кыскасы, силердин китебиңерди башынан аягына чейин бат эле окуп чыктым да, андагы көрсөтүлгөн дарек боюнча кат жазууну чечтим... Китептеги көрсөтүлгөн баптарды окуюн деп, убактылуу Ыйык Китеп да сурап алдым.

Ушул китеп үчүн силерге чоң ыракмат! 1998-жылы чыккан экен, билбейм, балким, катты кеч жазып калгандырмын. Бирок силерден азыр да маалымат алууга мүмкүндүр деп абдан үмүттөнөм».

Силер да төмөндөгү купонду толтуруп, ушул журналдын 5-бетиндеги даректердин бирине салып жиберүү менен ал китепти ала аларыңарды кубаныч менен билдиребиз.