Байкасаңар, табият максат менен жаратылган
Байкасаңар, табият максат менен жаратылган
КӨЗ жоосун алган гүлдөр, канат-жүнү миң кубулган кооз куштар, заңкая көк тиреген бактар, кулпуруп жаткан теребел — ушулардын баарын карап турган адам табияттын сулуулугуна таң бербей коёбу, чиркин. Көптөрдүн ою боюнча, буларды Улуу Долбоорчу, Жараткан гана жасай алмак.
Бирок кимдир бирөө табияттын канчалык акыл-жөндөмдүүлүк менен жаратылганын окумуштуулар гана баалай алышат деп ойлойт чыгар. Жаратылыштын атайы долбоорлонуп жаратылганын байкаш үчүн татаал илимий шаймандын деле зарылдыгы жок. Буга, чынында, байкагычтык, анча-мынча элестетүү жөндөмү, шайкештик менен сулуулукка баа бере билүү гана керек. Ошондой эле, балким, эчактан тааныш, көп деле маани берилбей калган нерселерге кылдат байкоо жүргүзүү керектир.
Мисалы, спираль жаратылышта көп учурайт. Ал адам жасаган буюм-теримдерде: чыйратылган жипте, көзөөчтө кездешет. Андан да көркөм спираль жолун деңиз үлүлдөрүнөн же карагай тобурчактарынан көрүүгө болот. Күн караманын ортосун жакшылап карап көргүлөчү — андан да ошол эле спираль жолун байкайсыңар. Роза гүлүнүн ортосунда жана кадимки желеде деле оңой менен көзгө илинбеген спираль жолдору бар.
Мисалы, желени алып көрөлү. Жөргөмүш желесинин жипчелерин адегенде дөңгөлөктүн чабактары сымал, ортосунан чет жактарын көздөй кере баштайт. Анан ортосунан баштап айланып жүрүп отуруп, аларды жалтырак жабышчак жип менен туташтырат да, спираль өңдүү чырмалышкан желесин тартып бүтөт.
Жаратылыштын дагы бир керемети — көзчө сымал кооз тактар. Андай тактарды эң эле күтүүсүз жерлерден, мисалы, чымчыктардын, көпөлөктөрдүн канаттарынан, балыктын кабырчыгынан кезиктирүүгө болот. Окумуштуулардын айтуусунда, ал түстүү тактар түгөй издөөдө, душмандарынан коргонууда же аларды алаксытууда абдан маанилүү роль ойношу ыктымал. Андай көзчөлөр табиятта кездешүүчү кереметтүү куштардын бири тоостун кооз куйрук жапкычында бар. Искендер Зулкарнайн тоостун кооздугуна ушунчалык суктангандыктан, өзүнө караштуу аймактардын баарында ал кушту коргоого алууну буйрук кылган.
Жаратылышта тегерек менен шар формасы да көп кездешет. Алоолонгон чоктой болуп батып бараткан тегерек күндү же күмүш нурдана толуп турган айды көрүп таңданбаган ким бар. Татаал гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүктөрдүн гүлүнүн көбүнүн ортосу сары болот да, чети күндөн нур чачыраган сымал кооз желекчелер менен курчалат. Саякатчыларды көлдүн алтын куму өзүнө тарткан өңдүү, көптөгөн жерлерде кезигүүчү ал өсүмдүктөрдүн алтын «көзчөлөрү» ширин ширеси менен көпөлөктөрдү тартып турат.
Шар — эң үнөмдүү сырт кап. Ошондуктан өңү, көлөмү ар түрдүү мөмө-жемиштердин көбү тоголок болот. Алар кызыл-тазыл өңдөрү менен канаттууларды өзүнө тартып, даамдуу азык берген соң, «ыраазы болгон» канаттуулар алардын уруктарын таратканы ала кетишет.
Албетте, спираль, кооз тактар, тегерек менен шарлар — булар жаратылыштын канчалык кереметтүү уюштурулганын далилдеген айрым гана мисалдар. Алардын кээси кандайдыр бир тиричилик үчүн зарыл болсо, башкалары коргонуш үчүн же кооздук үчүн гана керек. Бирок кандай болбосун, көңүл бөлүп, аларды байкай жүрсөк, кубаныч алабыз.