Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Балдар жана спорт. Зомбулуктун жаңы чөйрөгө кулач жайышы

Балдар жана спорт. Зомбулуктун жаңы чөйрөгө кулач жайышы

Балдар жана спорт. Зомбулуктун жаңы чөйрөгө кулач жайышы

▪ Жогорку класстын окуучулары футбол ойноону чечишет. Кошумча убакыт маалында командалардын биринин дарбазасына топ киргизилип оюндун жыйынтыгы чечилгенде, 100дөн ашуун адам: ата-энелер, машыктыруучулар жана оюнчулар чуу чыгарышып, акыры, баары мушташ менен аяктаган.

▪ 10—12 жашар балдар менен кыздар футбол ойноп жатышкан. Өзүнө берилген топту тосо албай калган он жашар бир баланы машыктыруучусу ачуусу менен түртүп жибергенде, баланын эки колу тең сынып кеткен.

▪ 8—12 жашар балдардан турган бейсболдук команданын машыктыруучусу бир баланы оюндан чыгарып койгондо, анын атасы машыктыруучуну коркутам деп 45 күнгө камалган.

▪ Балдары хоккей боюнча машыгып жатышкан эки атанын ортосунда оюндун эрежелери тууралуу талаш-тартыш чыгып кеткен. Алардын бири экинчисин анын үч баласынын көзүнчө сабап атып өлтүрүп таштаган.

УЧУРДА мындай үрөйдү учурган жаңылыктардын далайын угууга болот. Спорт аянттарында: баскетбол ойнолуучу, муз тебүүчү жайларда, стадиондордо зордук-зомбулук күч алып баратат шекилдүү. Ата-энелер менен машыктыруучулар жеңилүүгө макул болгуча, мушташып кетүүнү туура көрүшөт окшойт. Флоридадагы «Жупитер-Текеста» спорт бирикмесинин президенти Жеффри Лесли мындай дейт: «Мен ата-энелердин балдарын, жакшы ойношу үчүн, урушуп-тилдеп, кысымга алып жатышканын, ата-энеси ээликтирген балдардын болсо оюн маалында оройлук көрсөтүшкөнүн, топту бирөөгө ыргытып жатып ата-энелеринен коркконунан ыйлашканын дайым көрөм... Балдары спорт мелдештеринде ойноп жаткан маалда ата-энелердин мүнөзүнүн терс жактары өзгөчө ачык-айкын байкалат». Балдарды андай зордук-зомбулуктан сакташ үчүн, айрым ата-энелерге балдары катышкан спорт оюн-мелдештерге келүүгө тыюу салууга туура келген учурлар болот.

Зордук-зомбулуктун бул чөйрөдө мынчалык күч алышы кандай натыйжаларга алып келүүдө? Флоридадагы Жаш спортсмендердин мамлекеттик бирикмесинин негиздөөчү-президенти Фред Энг мындай дейт: «Барган сайын өзүлөрүн адепсиз алып барышкан чоң эле кишилердин саны көбөйүп баратат. Бул балдардын спорт оюн-мелдештеринин кунарын өчүрүп, кубанычын кетирип, миллиондогон жаштарга жаман үлгү көрсөтөт».

Жеңишке жетүүнү көксөө

Бул көйгөйгө айрым ата-энелердин өз балдарынын башкалардыкынан ашып түшүп, эмне болбосун, жеңишке ээ болушун каалашы себеп болот көрүнөт. Канададагы Балдарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө каршы күрөшүү институтунун бир кызматкери мындай дейт: «Жеңишти гана көксөп, күчтү гана пир тутканда, алсызыраактар азап тартышат. Айтылуу спорт оюндарында болсо ошол „алсыздар“ — балдар». Онтарио провинциясынын (Канада) Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо бирикмесинин өкүлү андай шартта балдар «жашынан эле психологиялык жабыркоолорго кабылып, чоңоюшканда ар бир мүчүлүштүктөрү үчүн катуу кайгырып-кыйналышы ыктымал» экенин белгилейт.

Жаш спортсмендерге чектен тыш теңтайлашуу руху өз ата-энелеринен, өтө дилгир машыктыруучуларынан «жугат». Мисалы, волейбол боюнча өткөн мелдеш маалында ойноп жаткан кыздар командасы жети жолу судьяларга кол көтөрүшкөн. Теннис ойногон бир жаш кыз мелдештен четтетилгендиги үчүн «өч алып», судьялар коллегиясынын мүчөсүнүн машинасын бүлдүрүп кеткен. Жогорку класста окуган бир балага эркин күрөштүн эрежесин бузгандыгы үчүн эскертүү берилгенде, ал судьяны чекеге сүзүп жиберген — судья эсинен танып калган. «Кайсы бир кездерде балдардын спорт оюн-мелдештери чынчылдык, татыктуу жүрүм-турум менен айырмаланар эле,— дейт балдар психотерапевти жана спорт тармагындагы психолог Даррел Бёрнетт.— Азыр баары өзгөрдү. Оюн жөн гана оюн бойдон калган жок».

Ата-энелер эмне кыла алышат?

Ата-энелер балдарынын спорт менен кубаныч алыш үчүн, ден соолугун чыңдаш үчүн машыгышы керек экенин унутпоого тийиш. Спортту стресстин булагына айлантып, мээрим көрсөтүүнүн ордуна балдарды басынтып, коркутканда, машыгуу тетири натыйжа берет. Ыйык Китепте: «Аталар, силер да балдарыңарды кыжырдантпагыла»,— деп айтылган (Эфестиктерге 6:4).

Ата-энелерге спорт оюндарына карата тең салмактуу көз карашта болууга эмне жардам берет? Эң алды, өз балалыгыңарды эстеп көргүлөчү. Ал кезде өзүңөр дасыккан спортсмендерче ойной алчу белеңер? Анда аны балаңардан талап кылыш туурабы? Балдар деген «назик» эмеспи (Башталыш 33:13, «Мукаддас»). Ошондой эле жеңсеңер да, жеңилсеңер да, туура көз карашта болууга аракеттенгиле. Ыйык Китепте ар дайым башкалардан жогору болууга умтулуунун «курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу» экени айтылган (Насаатчы 4:4).

Мурун баскетбол боюнча жогорку лигада ойногон киши ата-энелерди балдарынын жеңилгенине да, жеңишине да тең салмактуу кароого, башкача айтканда, начар ойноп калышса — кыжырданбоого, жеңишке жетишсе, чектен тыш эле сүйүнүп кетпөөгө чакырат. Оюндун маңызын жеңиш деп гана эсептебестен, ата-энелер балдарынын дене тарбиядан алган кубанычын, ден соолугу үчүн пайдасын ойлошу абзел.

Кээ бир ата-эне спорт ийримдерине катышуу балдарды атаандаштыкка үйрөтөт деген тыянакка келишкен. Бирок алар андай оюндарды ойноого тыюу салышпайт. Кудай жолундагы ата-энелердин көбү балдары ишенимдештери менен эшиктин алдында же сейил бактарында оюн ойноодон кубаныч алышарын билишет. Ошондо аларга балдарынын кимдер менен пикир алышып жатканын билип, көз салууга оңоюраак. Үй-бүлө менен чогуу жаратылышка чыгып эс алуу ар кандай оюндарды ойноого жакшы мүмкүнчүлүк берет. Ырас, ал оюндар спорттук мелдештерде силердин топтогулар жеңип чыккандагыдай кызуу ойнолбойттур. Бирок «денени машыктыруудан пайда [бир] аз» гана экенин, «ал эми такыбаалык бардык нерсеге пайдалуу» болорун унутпаган жакшы (1 Тиметейге 4:8). Ошентип, спорт оюндарына карата тең салмактуу көз карашта болуу менен балдарыңарды андагы зордук-зомбулуктан коргой аласыңар.

[15-беттеги сүрөт]

Спорт оюндары чыр-чатакка алып келбестен, кубаныч тартуулаш керек.