Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бүркүттүн көзү

Бүркүттүн көзү

Бүркүттүн көзү

ИСПАНИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

ИСПАНДАРДА жакшы көргөн адамды көзү бүркүттүкүндөй курч экен (vista de águila) деп коюшат. Немистер да ошентишет (Adlerauge). Бүркүттүн көзүнүн өткүрдүгү жөн жерден алмустактан бери макал-лакаптарга кирип калган эмес. Анын «көздөрү алыстан көрөрү» үч миң жылдан ашуун убакыт мурун жазылган Аюб китебинде да айтылган (Аюб 39:27, 29).

Бүркүттүн көзү канчалык алыстыкты көрүүгө жөндөмдүү? «Жаныбарлар тууралуу Гиннес китебинде»: «Жакшы шарттарда бүркүт (Aquila chrysaetos) 2 километрден ашуун алыстыктагы коёндун кичине эле кыбыр эткенинен өйдө байкайт»,— деп маалымдалган. Башкалар ал кушту андан да ыраактагыны көрөт деп ырасташат.

Эмнеден улам бүркүттүн көзү мынчалык курч? Эң алды, башынын басымдуу бөлүгүн эки чоң көзү ээлейт. Канаттуулар жөнүндөгү бир китепте бүркүттүн көзү «болушунча чоң болгону менен, учууга тоскоолдук кылганчалык оор эмес» экени белгиленген («Book of British Birds»).

Анын үстүнө, ал куштун көзүндө жарыкты сезгич клеткалар адамдыкынан беш эсе көп: биздикинде көздүн бир квадрат миллиметринде 200 000 колбача жайгашса, алардыкында 1 000 000 жайгашкан. Бул клеткалардын ар бири нейрон менен туташкан, ошон үчүн бүркүттүн маалыматты көздөн мээге өткөрүүчү көргөзгүч нерви, адамдыкына салыштырмалуу эки эсе көп талчалардан турат. Андыктан, албетте, бул куштар өң-түстү даана айыра таанууга жөндөмдүү! Ал гана эмес, башка канаттуулардыкындай болуп эле, жырткыч канаттуулардын чечекейи бир нече сантиметр аралыкта турган нерседен заматта бир канча чакырым алыстыкта жаткан нерселерди көрүүгө ылайыкташа алат. Ушул жагынан да алардын көрүү жөндөмдүүлүгү биздикинен кыйла жогору.

Бүркүттөр күндүзү жакшы көрүшөт, ал эми түнкүсүн аларга караганда үкүлөр мыкты көрүшөт. Ал түнкү жырткычтардын көзүндө жарыкты сезгич колбачалар менен чоң чечекей жайгашкан. Ошондуктан алар караңгыда бизден 100 эсе жакшы көрүшөт. Көзгө сайса көрүнгүс караңгы түндөрдө гана, табылгасын кармаш үчүн, аларга өзүлөрүнүн курч кулагына таянууга туура келет.

Бул куштарга мындай жөндөмдүүлүктөрдү ким берген? Кудай Аюбдан: «Бүркүт сенин сөзүң менен асманга көтөрүлөбү?» — деп сураган. Албетте, андай кереметтерди жаратуу бир да адамдын колунан келбейт. Аюб ошону момундук менен мойнуна алгандыктан: «Сенин баарын жасай аларыңды мен билем»,— деген (Аюб 39:27; 42:1, 2). Бүркүттүн көзү Жараткандын акылмандыгын көрсөткөн далилдердин бири гана.

[24-беттеги сүрөт]

Бүркүт.

[24-беттеги сүрөт]

Үкү (Nyctea scandiaca).