Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жалгыз бой болушса да, жалгыз эмес

Жалгыз бой болушса да, жалгыз эмес

Жалгыз бой болушса да, жалгыз эмес

«Балдарым үйгөкелгенде мени кучактап,жакшы көрүшөрүн айтышат, мен үчүн эне болуунун эң чоң таалайы — ошо» (Дорис, эки балалуу жалгыз бой эне).

ЖАЛГЫЗ бой энелер менен аталарды Ыйык Китептеги: «Балдар — бата, алар — Теңирдин белеги»,— деген сөздөр жубатат чыгар (Забур 126:3, «Азыркы англис котормосу»). Кудай үчүн толук эмес үй-бүлөлөрдө тарбияланып жаткан балдар да баалуу. Жаратканыбыз андай үй-бүлөлөрдүн бактылуу болушун каалайт. Ыйык Китепте Кудай тууралуу: «Теңир... жетим менен жесирге жардам берет»,— деп айтылган (Забур 145:9). Андыктан жалгыз бой ата-энелер Кудайдын аларга жардам берүүгө даяр экенине эч шектенишпесе болот.

Ар бир бала дене-турпаттык, эмоциялык жана рухий жактан өсүшүнө зарыл болгон сүйүү, камкордук көрүп, бейкуттук шартында өсүүгө укуктуу. Аларды Кудайдын эркине жараша тарбиялоо — ата-эненин милдети да артыкчылыгы.

Көптөгөн жалгыз бой аталар жана энелер жан-дилден тиленүүнүн, ыйык китептик принциптерди бек кармануунун, толугу менен Жахаба Кудайга таянуунун зарылдыгын түшүнүшкөн. Забур 54:23тө дал ошондой чакырык айтылат: «Өз түйшүктөрүңдү Теңирге тапшыр, ошондо ал сени колдойт».

Кыйынчылыктарга кабылган учурларда жалгыз бой эне же атага өз ата-энеси, жыйналыштагы аксакалдар, тажрыйбалуу ата-энелер жардам бере алышат. Албетте, туугандары менен ишенимдештери бир топ кол кабыш кыла алышканы менен, Кудай балдарды тарбиялоо милдетин негизинен ата-энеге тапшырган *.

Бактыга жараша, өзүнүн оңой эмес милдетин аткарып, балдарын жакшынакай, жоопкер, Кудайдан корккон кишилерден кылып тарбиялап жатышкан жалгыз бой аталар менен энелер көп. Биздин кабарчыбыз ошондой ата-энелердин айрымдары менен маектешкенде, алар карманган эреже-тартиптеринин кээсин айтып беришти.

Үйдөгү уюшулгандык. Уюшулгандык жана ар нерсени бүлөсү менен бирге пландаштыруу жакшы натыйжаларды берет. Бул, чынында эле, маанилүү. «Аракетчилдин пландаштыра билиши берекеге жеткирет»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Накыл сөздөр 21:5, БМК).

Камкордук. Жалгыз бой ата-энелер, эң алды, үй-бүлөсүн ойлошот. Алар балдарынын муктаждыктарын өзүлөрүнүн муктаждыктарынан да жогору коюшат (1 Тиметейге 5:8).

Тең салмактуу көз караш. Кыйынчылыктарга өтө маани бере берүү же такыр маани бербей коюу жарабайт. Өтө эле өзүбүздү аяп, катуу капалана берүүдөн пайда чыкпайт: кыйынчылыктардан качпай, аларды чечүүнүн жолун издеш керек.

Пикир алышуу. Жалгыз бой ата-энелер балдарын пикир алышууга көндүрүшү керек. Үй-бүлөдөгүлөрдүн баары тартынбай, ой-сезимдерин ачык-айкын билдире алышканы жакшы. Бир жалгыз бой ата балдары тууралуу мындай деп айтып берет: «Мен алар менен мүмкүнчүлүк болор замат сүйлөшүүгө аракеттенем. Айрыкча, чогуу тамак жасап жаткан маал сонун. Анткени алар ошондо көп сырын айтышат».

Өзүңөрдү унутпагыла. Убакыт дайыма тартыш болсо да, жалгыз бой аталар менен энелер өзүлөрүнүн да рухийлигине, ой-сезимдерине жана дене-турпатына көңүл буруш керек экенин унутпашы маанилүү. Күйөөсү менен ажырашып кеткен эки балалуу Этел мындай дейт: «Мен өзүмө бир аз убакыт бөлүүгө аракеттенем. Мисалы, балдарым музыкадан сабак алып жатышканда, өзүмө бир саат бөлө алам. Андайда сыналгы көрбөстөн, жөн гана олтурам».

Оң маанай. Жалгыз бой аталар жана энелер балдарды тарбиялоого, деги эле жашоонун өзүнө оң маанай менен карашат. Ошондой эле оор жагдайлардан да пайдалуу нерселерге үйрөнсө болорун билишет. «Жалгыз баш эне болуунун жаман жактары гана болбосун түшүндүм»,— дейт бир эне.

Аракеттин берекети бар

Жогорудагы айтылгандар, чынында эле, натыйжалуубу? Ооба. Буга көптөгөн жалгыз бой ата-энелердин тажрыйбасы далил. Биринчи макалада айтылган жалгыз бой эне, англиялык Глория, эки уул бир кызын бутуна тургузган. Балдарынын үчөө тең бой жетип, азыр ыйык китептик билим таратууга убактысын толук арнап кызмат кылышууда. Андай ийгиликтерге кантип жеткенин сураганда Глория минтип жооп берген: «Баарынан да, Ыйык Китеп боюнча үй-бүлөлүк изилдөөнү үзгүлтүксүз, кызыктуу кылып өткөзүү кыйын болчу. Тынчсызданганым эле балдарым өзүлөрүн бактылуу сезишсе экен, эч нерседен кем болушпаса экен, көөнү тынч болсо экен, тетири жолго түшүп кетишпесе экен болчу. Атайын түнкүсүн иштегидей жумуш таптым. Балдарым менен чогуу болууга умтулчумун. Баарыбыз чогуу тиленип, аларды төшөккө жаткызып коюп өзүм жумушка жөнөөр элем. Ал эми мен жумушта жүргөндө балдардын жанында таежем калчу».

Глория жашоодо баарыдан мурда эмнелерди баалаш керектигин балдарына кантип үйрөткөн? Ал мындай дейт: «Мен үчүн эң маанилүү нерсе рухий иштер эле. Акчабыз аз болчу, балдарыман аны жашырчу эмесмин. Алардан талап кылгандарымды өзүм да аткарчумун, балдарым ошон үчүн тилимди алчу». Үй-бүлөсүнүн ынтымагын сакташ үчүн эмнелерди кылганын эстеп, мындай дейт: «Мунун сыры бардыгын чогуу жасоодо. Бирибиз да бөлүнүп, өз-өз бөлмөбүзгө кирип олтуруп алчу эмеспиз. Бирге тамак-аш жасап, үйдү да чогуу жыйнап-жасалгалачубуз. Баарын тең салмактуулук менен жасоого аракеттенчүбүз. Анан эс алууну да унутпаш үчүн кам көрчүмүн».

Жозеф аттуу уулун жалгыз тарбиялап жаткан Каролин анын кандай адам болуп өсүп келатканына ыраазы. Ал эмне дейт? «Жатарда чогуу Ыйык Китеп окуйбуз. Анан мен андан эмнелерди билгенин сурайм. Ошондой эле Ыйык Китепке негизделген адабияттардан үзүндү окуп, аны өзүбүздүн жагдайга ылайыкташтырып талдап чыгабыз. Бул Жозефке мектептен ар кандай кыйынчылыктарга кезиккенде, мисалы, аны бирөө таарынтып койгондо жардам берет»,— дейт ал. Каролин жашоосун оңой-олтоң дешке болбосун мойнуна алганы менен, өзүнүн жалгызмын деп кейибесин айтат. «Бул — дайымкы күрөш, бирок Жахабанын мага абдан жардам берип атканын сезем. Жыйналыш да мени абдан кайраттандырат»,— дейт ал.

Глория менен Каролин өңдүү миңдеген жалгыз бой аталар менен энелердин үлгүсү — натыйжалуулугун тарых өзү далилдеген ыйык китептик принциптерге таянуу менен эң сонун, рухий жактан жетилген балдарды чоңойтууга болоруна далил (Накыл сөздөр 22:6). Ооба, кажыбас мээнеттин акыбети кайтат. Жалгыз бой ата же эне канчалаган кыйынчылыктарга жолукпасын, баласынын өсүп-жетилип, март болууга үйрөнөрүнө күмөн санашпайт. Кудайдын жардам берерине бекем ишенип, ага толук таянган жалгыз бой аталар менен энелер балдарын тарбиялоодо үзүрлүү ийгиликтерге жете алышат (Забур 120:1—3).

[Шилтеме]

^ 6-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Үй-бүлөлүк бакыттын сыры» китебинин 9-бөлүмүндө жалгыз бой ата-энелердин балдарды тарбиялоодо кантип ийгиликке жете алышары көбүрөөк талкууланган.

[11-беттеги сүрөт]

Үй-бүлөлүк изилдөө Глориянын балдарына Кудайга кызмат кылган адамдардан болууга жардам берген. Бул жерде алар миссионердик кызматта жүргөн улуу уулунун катын окуп, сүрөтүн көрүп жатышат.

[12-беттеги сүрөт]

Каролин уулу Жозеф менен.