Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай кемчиликтерибизге көңүл бурбайбы?

Кудай кемчиликтерибизге көңүл бурбайбы?

Ыйык Китептин көз карашы

Кудай кемчиликтерибизге көңүл бурбайбы?

«Таптакыр бузулуп кеткен деле жокмун: кемчиликтеримди жоюуга жакшы эле аракет кылып жатам. Бирок абдан алсыз экенмин!»

СИЛЕРГЕ ушу сыяктуу сезим таанышпы? Же өзү тууралуу ошондой ойдо болгон кимдир бирөөнү билеттирсиңер? Көптөр үчүн эчак көндүм болуп калган адаттарын жоюш колдон келбес иштей көрүнөт. Алардын ичинде арак, чылым же баңгизаттарга кынык алып алышкандар бар. Дагы бирлер — ачкөздүккө жетеленип жүрүшкөндөр. Жыныстык адеп-ахлаксыздыкка берилип, өзүнүн кумарынан баш тарта албасын айткандар да аз эмес.

Матай 26:41де айтылгандардан көрүнүп тургандай, Ыйса адамдардын кемчиликтерине түшүнүү менен караган *. Ыйык Китепте Жахаба Кудайдын да, Ыйсанын да адамдарга ырайымдуу мамиле кылышары ачык-айкын айтылат (Забур 102:8, 9). Анткен менен биз Кудай кемчиликтерибизге эч көңүл бурбайт деп ойлошубуз керекпи?

Муса менен Дөөт

Мисалга Мусаны алалы. Анын «жер үстүндөгү бардык адамдардын ичинен эң момун» болгону маалым. Ал ошол жакшы сапатын сактоого умтулчу (Сандар 12:3). Ысрайыл эли чөл кезип жүргөндө нечен ирет наадандык көрсөтүп, Кудайдын өзүнө жана анын өкүлдөрүнө бейсый мамиле көрсөтүшкөн. Ошолордун баарына карабастан, Муса момундук менен Кудайдын жетекчилигин издеген (Сандар 16:12—14, 28—30).

Бирок ошол узак, оор сапар аягына чыгарда, ал калың журт алдында өзүн башкара албай калып, Кудайдын көрсөтмөсүн бузуп алат. Кудай аны кечирген, бирок катасын көз жаздымда калтырганбы? Жок. Ал Муса менен Арунга: «Мага ишенбей [«ишенбегениңер үчүн», «Мукаддас»]... силер бул элди Мен берип жаткан жерге алып барбайсыңар»,— деген. Ошондуктан Муса Убадаланган жерге кирген эмес. Ооба, ал олуттуу катасынын айынан 40 жыл бою умтулуп келаткан жерине кирүү мүмкүнчүлүгүнөн кол жууп калган (Сандар 20:7—12).

Ишеними бекем адам болгону менен, Дөөт падышанын да кемчилиги жок эмес эле. Бир жолу ал кумарга алдырып, бирөөнүн аялы менен бузукулук жасайт. Анан кылганын жашырыш үчүн, ал аялдын күйөөсүн өлтүртөт (2 Шемуел 11:2—27). Кийин абдан өкүнүп, күнөөсүн мойнуна алгандыктан, Кудай аны кечирген. Бирок кылгандарынын кесепети үй-бүлөсүнө тийбей койгон эмес. Жахаба да аны күнөөсүнүн оор натыйжаларынан коргогон эмес. Баласы катуу ооруп калганда, Дөөт анын аманчылыгын тилесе да, Жахаба жагдайга кийлигишпей койгон. Андыктан бала чарчап калат. Ошондон тартып Дөөттүн үйүндө улам бир кырсык боло берген (2 Шемуел 12:13—18; 18:33). Демек, ал адептик жактан кетирген катасынын кесепетинен качып кутула алган эмес.

Ушул мисалдар адамдын өз жүрүм-туруму үчүн Кудай алдында жоопкер экенин көрсөтөт. Ага кызмат кылууну каалагандар өзүлөрүнүн рухийлигинин мүчүлүштүктөрүн — кемчиликтерин — жоюп, Ыйсанын үлгүлүү жолдоочуларынан болууга аракеттениши керек. Биринчи кылымда көптөр ошентишкен.

Күнөө менен күрөшүү

Элчи Пабылды Ыйсанын жолдоочусуна таандык жүрүм-турумдун эң сонун үлгүсүн көрсөткөн деп эсептешет. Бирок ал да кемчиликтери менен күрөшчү экенин билесиңерби? Римдиктерге 7:18—25-аяттарда анын күнөөгө каршы жүргүзгөн күрөшү, 23-аятта айтылгандай, ага дайым каршы турары жөнүндө ачык-даана жазылган. Пабыл күнөөнүн ырайымсыз экенин билгендиктен, аны менен тынымсыз күрөшүп келген (1 Корунттуктарга 9:26, 27).

Байыркы Корунт шаарындагы жыйналыштын айрым мүчөлөрү качандыр бир убактарда күнөөгө баткан адамдардан болушкан. Ыйык Китепте алардын ойноштук кылуучулар, бутка табынуучулар, бачабаздар, уурулар, дүнүйөкорлор, аракечтер болушканы айтылган. Бирок алардын «жуулушканы» белгиленет (1 Корунттуктарга 6:9—11). Андай ыпылас иштерден алар кантип арылышкан? Так билим алуунун, ишенимдештери менен пикирлешүүнүн жана Кудайдын рухунан жардам алуунун аркасы менен. Акыр-аягы, Кудай аларды Ыйса үчүн такыбаа деп жарыялап, күнөөлөрүн кечирип, абийирлерин тазалаган (Элчилер 2:38; 3:19).

Пабыл менен Корунттагы Ыйсанын жолдоочулары күнөөгө азгырган алсыздык-кемчиликтерин капарына албай коюшкан эмес — күрөшүшкөн. Ошондуктан Кудайдын жардамы менен аларды жеңип-жоё алышкан. Айланасындагы өкүм сүргөн шарттарга, өз жеткилеңсиздиктерине карабастан, алар адеп-ахлактык тазалыкка ээ болушкан. Ал эми биз тууралуу эмне дешке болот?

Кудай кемчиликтерибиз менен күрөшүшүбүздү каалайт

Кемчиликтерибиз менен жүргүзгөн күрөшүбүз дайым эле андан толук арылуу менен аяктай бербейт. Жеткилеңсиздигибизди жок кылууга кудуретибиз жетпесе да, биз ага баш ийип бербөөгө аракеттенишибиз керек. Кемчиликтер дал ошо жеткилеңсиздигибизден улам келип чыгат. Алар менен күрөшүү көп күч-аракетти талап кылышы мүмкүн. Ошондо да моюн сунуп, багынып бергенибиз натуура (Забур 118:11). Эмнеге?

Анткени Кудай адепсиз жүрүм-турумду ар качан жеткилеңсиздик менен актай берүүгө жол бербейт (Жүйүт 4). Жахаба адамдардын тазаланып, анын адеп-ахлактык бийик нормаларына жараша жашашын каалайт. Ыйык Китеп «жамандыктан баш тартууга» үндөйт (Римдиктерге 12:9). Эмне үчүн Кудай буга мынчалык олуттуу карайт?

Мунун себептеринин бири алсыздыгына моюн сунуу менен адам өзүнө-өзү зыян келтиреринде. «Адам эмнени сепсе, ошону орот»,— делет Галаттыктарга 6:7де. Ыпылас адаттарына, ачкөздүккө жана жыныстык бузукулукка жетеленген адам көбүнчө анын кесепеттерине кабылат. Бирок мындан да орчундуу себеп бар.

Күнөө Кудайга акарат келтирет. Ал бизди Жахабадан «бөлөт» (Ышайа 59:2). Күнөөнүн айынан Анын жактыруусуна жетпей жаткандарга ал: «Жуунгула, тазалангыла... жамандык кылганыңарды токтоткула»,— деп кайрылган (Ышайа 1:16).

Биздин Жаратканыбыз ары мээримдүү, ары кайрымдуу. «Ал эч кимдин өлүшүн каалабагандыктан, бардыгы Өзүнөн кечирим алышсын» дейт (2 Петир 3:9). Алсыздык-кемчиликтерибиздин бизди бийлеп алуусуна жол бере берсек, өзүбүзгө өзүбүз Кудайдын жактыруусуна ээ болууга тоскоолдук кылабыз. Кемчиликтерибизге Кудайдын көз жумбасын билүү биздин да аларга көңүл кош мамиле кылбашыбызды талап кылат.

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Ыйса: «Рух сергек, дене алсыз»,— деген.